@kiriktestikg

ДОСТУК ПРИНЦИБИНИН НЕГИЗДЕРИ
Суроо: Азирети Бедиуззаман: Биздин (кесибибиз) багытыбыз достук, болгондуктан, жолубуз да жолдоштук достук жолу – деген экен. (Лемалар 162). Багытыбыздын Халиллулах лакабка Ибрахим алейхи салаам менен кандай байланыштырабыз

Жооп: Алла таала, Нахл сүрөсүндө мындай дейт: ثُمَّ أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ أَنِ اتَّبِعْ مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ “биз андан кийин вахий түшүрдүк: Ибрахимдин ханиф жолуна түш. Ал эч качан ширк кошкон эмес.  (Нахл сүрөсү , 16/120) Бул аят, Ибрахимди (алейхи салам) эрчүү өтө маанилүү экендигин көрсөтүп турат. Бир жолу Адамзаттын Асыл Таажысына (саллаллаху алейхи ва саллам) “Эй, Алланын халили (досу)” – деп айтылганда “Жок, ал – Ибрахим” – деген эле. (Бухари, Анбия 19) Дагы бир жолу “Төрөбүз” деген мааниде “Саййидуна” деп кайрылышканда Ал: “Саййидибиз – Ибрахим” – деп, бул наамды да ага ыйгарган.(Бухари, Фадаилус-сахаба 5)

Ханиф болуу

Ибрахим же анын жолу “ханиф” деп аталган. Ханиф: Ширктин эң кичинесинен да оолак болуу. Ширктен алыс болуунун да даражалары бар. Ханиф дегенде биринчи ойго келе турган маани – пенденин Алладан башка эч бир нерсеге сыйынбашы, эч бир нерсени Алланын ордуна койбошу жана бүтүндөй бардык путтардан оолак болуу. Андан да жогорку даражасы – пенденин аң-сезиминин, ой-пикиринин ширк аралашкан бардык нерседен  ыраак болушу жана анын толугу менен Жалгыз Аллага жүздөнүшү. Мунун дагы бийик даражасы болсо, пенденин ханиф болуу сезимин бүтүндөй табиятына сиңирип алышы, аны табиятынын жаңырыгына айлантышы. Буга жете алган пенде, ширк болуп саналган эң кичинекей нерсеге да табигый түрдө каршылык көрсөтө баштайт. Мисалы, бирөө анын жанында, аткарылган жакшы иштерге ээ чыгууга аракет кылса, муну Улуу Жараткандын ишине орток болуу катары кабылдайт. Ошондой эле, жасалган иштерди башкаларга угузууга жана көргөзүүгө аракет кылуу анын көз карашында ширк болуп саналат; алкыш жана мактоого ээ болуунун артынан түшүү ширк; жакшы иштердин акысын бул дүйнөдө күтүү ширк. Чыныгы момундун милдети – мына ушул ширктердин баарынан оолак болууга аракет кылуу.

Кунут

Суроодо айтылган экинчи аят мындайча: إِنَّ إِبْرَاهِيمَ كَانَ أُمَّةً قَانِتًا لِلَّهِ حَنِيفًا وَلَمْ يَكُ مِنَ الْمُشْرِكِينَ “ Чындыгында Ибрахим ак динде болгон, Алла Таала баш ийген жалгыз үммөт эле. Ал эч качан мушрик болгон эмес.  (Нахл сүрөсү. 16/120) Кунут – Алла тааланын алдында таазим кылып узакка туруу, Ага толук кулчулук кылуу жана Ага моюн сунуу. Бул жагынан алганда Ибрахим  (алейхи салам) толук кунут кылуучу эле. Бирок, Ибрахимде (алейхи салам) урук сыяктуу катылган бул сапат, Пайгамбарыбызда (саллаллаху алейхи ва саллам) бир даракка айланган эле. Азирети Айшанын айтуусу боюнча, Ал (саллаллаху алейхи ва саллам) намазда буттары шишигенче тик турчу.

Ал өзү бир үммөт эле

Экинчи жагынан азирети Ибрахим өзү жалгыз бир үммөт экендиги айтылат. Демек, анын демилгеси баарын кучагына ала тургандай улуу эле. Максаты ушундай жогору болгон адамды жалгыз киши деп кароо туура эмес. Азирети Ибрахим, жалгыз киши болгону менен, бүтүндөй адамзатты кучагына алуу аракети бар эле. Ал ушунчалык айкөл кең пейил  болгондуктан, кирип барган киши орун таппай калчу эмес.
Азирети Устат дагы: “Ким элинин жыргалчылыгын ойлосо, ал өзүнчө бир эл болуп саналат” – деген сөзү да бул акыйкатка ишарат кылат. Анткени, элинин жыргалчылыгын ойлогон адам, өзү үчүн жашабайт. Ал дүнүйөнүн бардык жыргалчылыгын четке каккан. Олуя, асфия болуу сыяктуу руханий даражаларга да маани бербейт. Анткени, анын негизги максаты – адамзаттын ыйманы жана түбөлүктүү бактысы. Мына ушундай деңгээлде адамзатты, айрыкча мусулмандарды ойлогон адам өзүнчө бир эл болуп саналат. Ал жалгыз болсо да, Алланын назары, мээри ошого түшүп турат. Алла, ааламга аны менен карайт жана кээде андай адамдын урматы үчүн бүтүндөй адамзатты кечирип жибериши мүмкүн. Мындай даражанын жанында дүнүйөлүк мартабалардын канчалык мааниси болмок эле!

Хилм-жумшактык, сылыктык
Худ сүрөсүндөгү, إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَحَلِيمٌ أَوَّاهٌ مُنِيبٌ (Худ сүрөсү, 11/75) аятында “каанит жана “ханийф” сыпаттары менен катар Ибрахимдин (алейхи салам) “халийм, аввах жана мунийб” экендиги айтылган. Алла таала бул аяттарда Ибрахимдин  (алейхи салам) жакшы сапаттарын баса белгилөө менен бирге, Алла элчисине жана аны менен кошо бүтүндөй момундарга эмне үчүн Ибрахимдин (алейхи салам) жолун эрчүү керектигин баяндайт.

Аятта сылыктык, ачуу жана кызуу кандуулукка түрткөн абалдарда дароо көбүрүп-жабырып кетпей, айкөлдүк менен кабыл алып, дуушар болгон жаман абалды жеңе билүү тууралуу айтылат. Анткени, адамды убактылуу буркан-шаркан түшүргөн ачуулануу жана кызуу кандуулук, сылыктык менен жумшартылбаса, баш мыкчытып, бармак тиштеткен өкүнүчкө салып коюшу мүмкүн. Ачууга алдырган адам, оңдой алгыс катачылыктарды кетирип коюшу ыктымал. Мындай кыйынчылыктарга дуушар болгусу келбеген адам сылык болууга тийиш.

Адам баласы кээде кабыл алуу кыйын болгон көйгөйлөргө кабылышы мүмкүн. Мисалы, катуу айтылган акаарат сөздөргө, жалаа жана каралоолорго, кордук, зордук-зомбулуктарга дуушар болушу мүмкүн. Дос деп жүргөндөрүнүн кайрымсыздыгына, жадагалса кордугуна да кабылышы ыктымал. Адамдын мындай нерселерге чыдашы өтө кыйын. Мына ушундай кыйынчылыктарга туруштук бериши үчүн жан дүйнөсүндө жумшактык, сабырдуулук, чыдамдуулук жана кечиримдүүлүк сыяктуу сапаттары болушу зарыл. Халийм, Алла тааланын ысымдарынын бири экендиги да маалым. Каапырлардын жана мушриктердин чектен чыккан кыймыл-аракеттери үчүн дароо жазаландырбай, мөөнөт артынан мөөнөт берилгенин көргөн азирети Абу Бакир, مَا أَحْلَمَكَ يَا رَبَّنَا “Кандай гана кечиримдүү жумшаксың оо, Аллахым!” – деген эле.  (Ибн Хишам, ас-Сийратун-набавиййа 2/218) Мына ошондуктан жумшактыктын маанилүү көрүнүшү, чектен чыккан залим, зордукчулдарга каршы дароо каршы чыкпоо, катачылыктарын билип, кайтып келиши үчүн аларга мөөнөт берүү болуп саналат. Балким, ошончолук орой жана катаал чабуулдарына карата кечиримдүүлүк жана жумшактык менен мамиле жасалган көргөн ал адамдар бир күнү бушайман болуп, көңүлүн ооруткан адамдарга келип кечирип сурап, мурда таш ыргыткандарына гүл бере баштаар, ким билет.

Алла таала, وَاِنْ عَاقَبْتُمْ فَعَاقِبُوا بِمِثْلِ مَا عُوقِبْتُمْ بِهِ “ жазалай турган болсоңор силерге кылган мамиленин дал өзүндөй гана кылгыла. (андан аша чаап кетпегиле).” (Нахл сүрөсү, 16/126) деген аяттын уландысында, وَلَئِنْ صَبَرْتُمْ لَهُوَ خَيْرٌ لِلصَّابِرِينَ  “бирок сабыр кыла турган болсоңор билгиле, сабырдуу болуу эң жакшысы. ” – деп айтуу менен дагы дурусураак жолду көрсөткөн. Ал, орунсуз, ылайыксыз мамилелерге каршы дал өзүндөй мамиле кылбоо, сабыр кылуу жана жамандыктарга чыдоого аракет болуп саналат. Дагы артыгыраагы турганда эмнеге беркинисине ыраазы бололу! Жамандыкка жакшылык эр кишинин кылганы же “Таш менен урганды аш менен ур” демекчи, эр жигитче айкөлдүк турганда эмнеге жөнөкөй бир киши болмок элек!

Аввах болуу

Аятта Ибрахимдин (алейхи салам) дагы бир жакшы сапаты катары анын “аввах” экендиги айтылат. Аввах: ыйлап-сыздаган адам. Ибрахим (алейхи салам) эмне үчүн ыйлап-сыздачу эле? Албетте анын ыйлап-сыздашы, бул дүйнө кыйынчылыктары, балээ-кырсыктарына дуушар болгону үчүн эмес эле. Тескерисинче, ал, Алладан коркуп сыздап, кордук көргөн байкуштардын, муктаж жана жардылардын, каапырдыктын агымына кулач уруп, кайра кайта албаган күнөөкөрлөрдүн, ыймансыздык жана адашуу туңгуюгуна кулаган адамдардын абалына ыйлап-сыздачу. Ыйлап-сыздап, аларды дуушар болгон кыйынчылыктарынан куткарууга жана аларга бейиштин жолун көрсөтүүгө аракет кылчу.

Тозокту көздөй кеткен адам үчүн кантип кайгырып ыйлабай коё аласың! Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам), миражга чыгып, көп нерселерге күбө болгон. Өмүрү чектелүү дүйнөнүн чегине жеткен. Бирок, булардын баары анын көзүн бозортуп, башын айландырбастан, тескерисинче, дагы көбүрөөк пенделерди бул бийиктикке жеткирүү ышкысын козгогон. Мына ошол себептен, ал, жеткен чегинен артка кайтып келген. Анткени ал, башкалардын бактысы үчүн жашачу.

Коомунун адашуу жана ыймансыздык жолунда жүргөнүн көргөн Ибрахимдин абалы кандай болду экен. Анын жанына келген периштелер, Лут коомун кыйратуу менен милдеттендирилгенин айтышканда, күйүп-жанып, периштелер менен таймашкандай болгон. (Худ сүрөсү, 11/74) Куранда, периштелер менен анын ортосунда болгон сөз тууралуу маалымат бербейт. Ал, жазанын токтотулушу, кечиктирилиши же жеңилдетишин суранышы ыктымал. Эмне үчүн? Анткени, кыйроого учуратыла турган коомдун, Алланын каарына ылайык болуп, тозокко түшөөрүн билип, бараткан жолунан кайтышы үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берилишин сурагандыр.

Жолунан адашкандар үчүн күйүп-жанып, алардын туура жолго түшүшү үчүн жан үрөп аракет кылуу, бүгүнкү күнүбүздүн кызмат жолундагы азаматтары үчүн өтө маанилүү сапат болуп саналат. Анткени, алардын ишинин негизи – башкаларды бактылуулукка жеткирүү. Кайрадан жанданган каармандардын милдети, жеке сезимдеринен башкалардын бактысын жогору коюу болуп саналат. Алар, материалдык жана руханий ырахатка батып, башкаларды унутуп койбошу керек. Бейиштин эшиктери аягына чейин ачылып, кирүү сунушталса да, ал жерге дагы көбүрөөк адамдардын кириши үчүн бул дүйнөдө калууну тандап алышы абзел.

Инаба
Аятта, Ибрахимдин “мунийб” экендиги да айтылат. Мунийб, көп тооба кылган деген маанини берет. Истигфар, тообанын башталышы болсо, инаба анын туу чокусу. Пенде истигфар менен күнөөдөн арылууну талап кылышы керек. Анан тооба менен Ага жүздөнүп, колдон чыгарган кулчулугуна кайрадан ээ болууга аракет кылууга тийиш. Б.а. бузулгандан кийин кайрадан калыбына келүүгө аракет кылышы абзел. Ошондуктан инаба, Алла менен байланышты дагы бекемдөө болуп саналат. Улул азм пайгамбарлардан Ибрахим (алейхи салам), ээ болгон бул айырмачылыктары менен башка пайгамбарлардын арасында өзгөчө орунга ээ болсо да, бул улуу сыпаттар, чыныгы мыкты инсан болгон Пайгамбарыбызда туу чокуга жеткен. Ибрахимде (алейхи салам) урук абалында бар болгон кээ бир сапаттар, Пайгамбарыбызда даракка айланган.

Бүтүндөй ушул сыпаттарга достук принцибинин негиздери катары карасак болот. Ошондуктан, бул жолдогу адамдар, башкалар менен мамилелешүүдө халим жана аввах болгондой эле, Алланын алдында мунийб болууга тийиш. Алланын ыраазылыгын гана көздөп, Аны менен ар дайым бекем байланышта болушу керек. Ар дайым Аллага жүздөнүп, Ага “хаблул матийн” (бышык жип) менен байланышса, бир аз сыноодо алыстап кетпейт.

Эгер ал киши башкаларга сылык жана жумшак мамиле жасап, колдон келишинче кемчиликтерди көрмөксөн болуп, кечире билсе, адамзат үчүн тынымсыз ыйлап-сыздап, баарына кучак жайып, ар дайым Аллага таянып, Андан кубат алып, ширктин эң кичинесине да каршы бекем турса, ал да Ибрахим (алейхи салам) сыяктуу жалгыз өзү бир үммөт болуп саналат. Бул, өзүн адамзаттын кызматына арнаган азаматтардын максаты болушу керек. Алла таала, Ибрахимди ушул сапаттары менен баалап, ошол эле учурда, кийинки келе тургандарга үлгү катары баяндагандыктан, анын сапатына ээ болууга аракет кылуу, момундардын мойнундагы милдети болушу керек.

Herkul | 22/12/2019. | KIRIK TESTI

Бал кумара телеграм каналынан алынды.

КӨРКӨМ АДЕП-АХЛАКТЫН ТАЯНА ТУРГАН НЕГИЗДЕРИ
Каталарды жоюунун жолу

Буга чейин адамдарды айыптабоо, басынтпоо жана кемчиликтерди кечирүүгө токтолдук. Жогоруда айтылгандардан катачылык жана жаңылыштыктарга көз жумуу жана эч кандай кийлигишүү болбошу керек дегендей жыйынтык чыгарбоо керек. Анткени, Куран Карим көптөгөн аяттарында момундарга жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу милдетин маанилүү жоопкерчилик катары жүктөгөн. Жадагалса, كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللهِ “Силер ,  жакшылыкка үндөгөн, жамандыктан тыйган, Аллага ыйман келтирген (жалпы) адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар!” (Аал-у Имраан, 3/110) аятына карай турган болсок, эң жакшы үммөт болуу ушуга көз каранды экендигин көрүүгө болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) да, колдон келсе жамандыктарды күч менен токтотуу, ага мүмкүнчүлүк жок болгон учурда тил менен эскертүү, ага да болбогондо эң эле жок дегенде ошол ишти чын көңүлдөн жек көрүүгө буйруган. (Муслим, Иман 78; Тирмизи, Фитан 11)

Адамдарды жамандыктан тыюуга аракет кылуу жана аларды жакшылыкка чакыруу момундун негизги сапаттарынын бири. Бирок, бул жердеги усул, система өтө маанилүү. Мындай иш-аракет, адамдардын абийирин ачып, жер каратуу менен болбойт. Айрыкча, жалган, жалаа жана каралоо сыяктуу Ислам дини четке каккан иштер болгон жерде көйгөйлөрдү жоюуну мындай кой, ансайын ырбап кетет. Бул жерде жакшы иштердин пайдалуу жана жагымдуулугун, жаман деп саналган иштердин жамандыгын адамдарга сездирүү керек. Б.а. адамдарды иштердин жакшы же жаман жагы тууралуу ынандырып, аларды ошого жараша жөнгө салуу болуп саналат. Жакшылыкка ыйманга чакырып аткан адамга карай анын түшүнүгүн абалын эске албастан, түшүндүрүүнүн ылайыктуу туура жолун издебестен, “Мен айтып коё берейин, калганы менен ишим жок” – деген түшүнүктүн “жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюу” менен эч кандай байланышы жок.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) өмүр таржымалына көз чаптыра турган болсок, айтылган нерселердин көбүнө мисал жолуктура алабыз. Мисалы Ал, акыретке калтырбай, бул дүйнөдө тазалангысы келген күнөөсүн мойнуна алып келген Маизге “Бар, тобо кыл. Анткени, Алла кечирбеген күнөө жок” – деп айткан. Төрт жолу кайтарганына карабастан, жазанын аткарылышын суранып туруп алган Маизди жазалоого мажбур болуп, бирок, “Маиз үчүн кечирим тилегиле, ал ушундай чын дилден тобо кылгандыктан тобосу эгер жер жүзүнө таратылса баарына жетмек” (Муслим, худууд 22; Абу Дауд , Худууд 24, 25) деген сөздөрү менен элдин ал тууралуу жаман ойдо калышынын алдын алган. Анын бир күнөөкөр абалда эмес, күнөөсүнөн арылып, таптаза абалда Алланын алдына көчкөн пенде катары эскерилишин каалаган.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) өмүр боюнча эч кимди айыптаган эмес жана эч кимдин кемчилигин да бетке айтпаган. Анын жашоосунда, адамдардын кемчиликтерин ашкерелөө, жыгылганды тээп, жамандыкка жамандык менен жооп берүү сыяктуу иштердин кезигиши мүмкүн эмес. Тескерисинче, момундарды бирөөнүн кемчиликтерин издеп аңдуудан тыйып, ар кандай абалда катачылыктарды жашырууну сунуштап, өмүр бою кечиримдүүлүк жана айкөлдүгүн көрсөткөн. Меккенин ачылышынан кийин, бир канча жылдар бою ага ар түрдүү кордуктарды көрсөтүп келген мушриктерге айткан сөздөрүнүн жанында эч кандай сөздүн кереги жок: “Бүгүн силерди айытап күнөөлөбөйбүз. Баргыла, эми бошсуңар кете бергиле!” Негизинен, жүрөктөрдүн төрүнөн түнөк тапкан, адамдардын топ-тобу менен Исламга киришине шарт түзгөн эң негизги себептердин бири – Анын жумшактыгы жана кечиримдүүлүгү.

Сахабалардан бирөөнүн катачылыгын көрсө аны бетке айтып айыптабастан, жалпыга кайрылуу менен, катачылык кетирген кишинин да сөздөн өз сабагын алышына шарт түзгөн. Жадагалса, өтө катуу каршылыктар болгондо да катачылык кетирген адамдарга унчукпастан, сахабаларын жыйып, жалпыга кайрылган. Ушундай жол менен, эч кимдин көңүлүн оорутпастан, жан дүйнөсүн жаралабастан, капачылыктарга жол бербестен, өч, жек көрүү сезимдерин пайда кылбастан көйгөйлөрдү чечип койгон.

Мына ошондуктан, айрыкча, алдыда болуп, кээ бир жоопкерчиликтерди аркалаган адамдардын, жанындагыларды жакшы таанып, алардын катачылыктарын жөндүү жол менен чечиши өтө маанилүү. Мектептеги мугалимдин, өзүнүн классындагы окуучулардын жалпы абалын билип, аларды жакшы тааный билиши керек. Бул – милдет жана жоопкерчиликтин маанилүү тарабы. Анын экеничи жагы болсо – жалпыга адамча мамиле жасоо, эч кимдин көңүлүн оорутпоо жана жамандыктарды эң ылайыктуу көрүнүштө жоюуга аракет. Б.а. мусулмандын жамандыгын жоюуда да Пайгамбар жолун тутунуу керек.

Эч кимдин көңүлүн оорутпоо жана көйгөйдү ырбатпаш үчүн ар бир адамдын жеке абалына жараша мамиле жасоо зарыл. Пайда болгон көйгөйлөргө каршы шашылыш аракет жасоо жана аны ар жерде айта берүүнүн ордуна, ал маселени чечүүнүн жолдорун издеп, ылайыктуу чара табууга аракет кылуу керек. Эгер маселелерди одоно жана кайдыгерлик менен карап, жаңылыш чечим чыгарсаңар адамдардын көңүлүн оорутуп, өзүңөрдөн суутасыңар. Насаат жана жакшылыкка чакыруу жолу адистикти, кылдаттыкты талап кылат. Бул жагынан алганда маданияттуу мамиле негизги роль ойнойт.

Көйгөйдүн баарын эле сөз менен чечүүгө болбостугун да эске алуу керек. Кээ бир көйгөйлөр тууралуу сөз козгоо абалды курчутуп жибериши мүмкүн. Момундун сөзү даанышмандык, үнсүздүгү ой жүгүртүү болушу шарт. Айта турган сөзүбүз акылман сөз болсо сүйлөйлү. Болбосо унчукпастан ылайыктуу учурун күтүү керек. Анткени, даанышмандык, терең ойдон туулат. Сүйлөгөнүң жөндүү болсо сүйлө. Ар кимдин оюна келгенин ар жерде айта бериши ызы-чууну гана пайда кылат. Адам, орундуу сүйлөгөндү билиши керек болгондой эле, сабыр кылып, күткөндү да билиши керек.

Өзүн өзү суракка алуу

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир хадисинде, كُلُّ ابْنِ آدَمَ خَطَّاءٌ، وَخَيْرُ الخَطَّائِينَ التَّوَّابُونَ “Пенденин баары ката кетирет. Ката кетиргендердин эң жакшысы – тобо кылуучулар” (Тирмизий, кыяма 49; Ибн Мажа, зухд 30) деген сөздөрү менен адам баласынын ката кетирип, күнөө кылышы мүмкүн экендигин белгилеп айтат. Демек, адамдын табиятынын ката кетире турган жагы бар. Кээ бир адам эркин бекемдеп, бул жагын тарытат же толугу менен жоюп, жок кылат, кээ бири бул жаатта ийгиликке жете албайт. Эң негизгиси, адам баласы жаза тайып, мүдүрүлгөндөн кийин, кайра бутуна туруп, керектүү жакка багыт алышы жана катачылыктан арылышы болуп саналат.

Ырас, пенденин баары жаза басып алышы мүмкүн. Бирок, жыгылган адамга дароо чабуул коюп, ар жерде анын артынан сүйлөө жана аны жер каратуу Алланын мүнөзүнө да, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жолуна да туура келбейт. Биздин милдетибиз – башкалардын айып, кемчиликтери менен алек болуу эмес, кайрылып, өз кемчиликтерибизди карап, ошону менен алек болуу. Анткени, өз кемчиликтерин көрө албаган, өмүр бою башкалардын кемчилигин издей берет. Ал эми, өз кемчиликтерин жоюуга аракет кылган адам башкалардын кемчиликтерин көрбөйт деп ойлойм.

Бирөөгө таш ыргытуудан мурда өзүбүздү карашыбыз керек. Эгер ошондой кемчиликтерди биз да кетирип жаткан болсок, ал ташты өз башыбызга ургандан коркпойлу. Масийх (алейхиссалам), күнөөкөр кишини ташбараңга алмакчы болуп турган адамдарга мындай дегени айтылат: “Биринчи ташты эч күнөөсү жок адам ыргытсын”. Албетте, баары акырын колдорундагы таштарды жерге ташташат.

Акырында айта кетчү нерсе, бүгүнкү күнүбүздө мындай маселелерге эч көңүл бурулбашы жана башкалардын айып-кемчиликтеринин эл арасында айтылып жүргөнү биз үчүн бир шылтоо болуп эсептелбейт. Жадагалса, бүтүндөй дүйнө жүзү ушундай күнөө жолуна түшсө да, биздин аларга кошулушубузга жөндүү себеп жок. Бир накыл сөздө айтылгандай, “Ар бир кой өз шыйрагынан асылат. Акыретте, “Баары айтып жатты эле, мен да айтып койдум” дегендей сөздөр өтпөйт. وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ اُخْرٰى “Бирөө, башка бирөөнүн күнөөсүн тартпайт.” (Фаатыр сүрөсү, 35/18) аятында айтылгандай, акыретте ар ким өз күнөөсүнүн жазасын тартат. Жадагалса, эгер бир адам башкалар тууралуу сөз же жазгандары менен бузукулукка себеп болгон болсо, өз күнөөсү менен кошо, себеп болгон күнөөлөрүнүн да жазасын тартат.

Акыретте бул оор жүктөрдүн астында эзилгенден көрө, бул дүйнөдө мүмкүнчүлүк барда тилибизди тыйып, оор көйгөйлөрдүн башкы себеби болуп калуудан сактанган оң. Жадагалса, тил эле эмес, оюнда да момун бир тууганы тууралуу жамандык болбошу керек. Анткени, ойго келген нерселер ооздо айтылат. Эгер ой бузук болсо, ооздон да ириген сөздөр чыгат.

Ар дайым башкалардын кемчиликтери менен алек болуп, аны сүйлөгөн адамдын бирөөнү аңдуу, бирөө тууралуу жаман ойдо болуу, ушак жана басынтуу сыяктуу күнөөлөрүнүн жазасын акыретте тартаары анык. Бирок, андай адамдын бул дүйнөдө да жаны жай алышы мүмкүн эмес. Оюнда башкалардын кемчилигин издөө менен алек болгон адам, өзүнүн бул дүйнөдөгү жашоосун да тозокко айлантат. Баланча-түкүнчөнүн кылганын ойлоп, аң-сезимин кирдеткен, басса-турса ошондой балит нерселерди сүйлөгөн адам үчүн булардын баары азапка айланат.

Herkul | 01/12/2019. | KIRIK TESTI

Бал кумара телеграм каналынан алынган.