DORDOI

Отуз экинчи матн
Анда үч даражасы бар: Ислам, ыйман жана ихсан.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Дин даражалары

“Анда үч даражасы бар…”, Дин үч даражадан турат. “Ислам, ыйман жана ихсан…”, Ислам дининдеги элдердин абалы, мына ушул үч даражадан сырткары болбойт. Мусулман киши баш ийүүсүнө карай, кээде бул даражалардын биринен экинчисине, төмөнкүсүнөн жогоруга карай же тескерисинче, жогорудан ылдый тарабына карай көчүп туруусу мүмкүн.

Ислам, ыйман жана ихсан ортосундагы байланыш

Ушул даражалардын биринчиси Ислам, ортомчусу ыйман, эн жогоркусу Ихсан. Ким жогорку ихсан даражасына жетишкен болсо,чындыгында төмөнкү даражаны да, колго кириткен болот. Мухсин (ихсан даражасындагы) момун болуп, момун болсо муслим да болот. Бирок, муслимдин момун болуусу лаазымдалбайт. Абу Сулайман ал-Хаттобий رحمه الله айтты: “Адамдардын эн көп бөлүгү ушул маселеде адашты”--Шархун-Нававий ала муслим: 1/144. Биринчи даража - Ислам даражасы болуп, анын камтуусу кенирээк жана диндеги даражалар ичинде эн баш-коюусу. Бул кафир алгачкы жолу Ислам сөзүн айтып жана ага моюн сунуп кире турган эн биринчи даража. Аллах Тааля айтты:

قَالَتِ الْأَعْرَابُ آمَنَّا ۖ قُلْ لَمْ تُؤْمِنُوا وَلَٰكِنْ قُولُوا أَسْلَمْنَا وَلَمَّا يَدْخُلِ الْإِيمَانُ فِي قُلُوبِكُمْ ۖ وَإِنْ تُطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ لَا يَلِتْكُمْ مِنْ أَعْمَالِكُمْ شَيْئًا ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Бедуиндер: “Биз ыймандуубуз”-дешет. Айткын: “Ыймандуу эмессинер, бирок” ”Исламга кирдик”-дегиле. Ыйман силердин жүрөгүнөргө толук жете элек”. Жана эгер  Аллахка жана Анын элчисине моюн сунсанар, Ал силердин амалынардан эч нерсени кемитпейт. Чынында, Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу. Сура ал-Хужурат: 14

Пендени Ислам даражасынан, бир гана кафир болуу же динден чыгара турган ширк чыгарып жибериши мүмкүн. Экинчи даража-ыйман даражасы болуп, ал Исламдан кийинки орундагы, жогорку даража. Анын майданы Исламга караганда тарыраак. Ыйман өзгөчөлүктөрүнүн ар бири Исламга да кирет. Ибн Аби Шайба رحمه الله айтты: “”Ыймансыз Ислам, Исламсыз ыйман болбойт”--Таьзийму кодрис-солат лил-марвазий: 2/528, №583. Ички көмүскө амалдарда ыйман сыпаты, Ислам сыпатынан үстөмүрөөк. Эки күбөлүк келме сөзү, намаз жана ушул сыяктуу көзгө көрүнгөн жана адамдар кабардар боло турган ар түрдүү диний ачык-ашкере амалдарда болсо, Ислам сыпаты ыйман сыпатынан үстөмүрөөк болот. Кыскасы, Ислам чөйрөсү ыйман чөйрөсүнөн кенирээк, ыйман чөйрөсү болсо, ихсан чөйрөсүнөн кенирээк чөйрөдө. Үчүнчү даража: Ихсан даражасы болуп, ал ыйман даражасынан жогорку даража болуп, ал даражалар ичинде аларга салыштырмалуу тар чөйрө болот. Анын ээлери ыйман жана Ислам даражасынын ээлерине караганда анча аздык кылат. Ага Аллахтын мухсин пенделери гана жетишкен эн улуу даража болот. Дин даражалары тууралуу Аллахтын элчиси ﷺ Жибрийилдин алайхи салам атактуу хадисинде кабар берген. Куранда ушул үммөттү үч сыпат менен сыпаттаган аят түшкөн. Аллах Тааля айтты:

ثُمَّ أَوْرَثْنَا الْكِتَابَ الَّذِينَ اصْطَفَيْنَا مِنْ عِبَادِنَا ۖ فَمِنْهُمْ ظَالِمٌ لِنَفْسِهِ وَمِنْهُمْ مُقْتَصِدٌ وَمِنْهُمْ سَابِقٌ بِالْخَيْرَاتِ بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْفَضْلُ الْكَبِيرُ

Кийин Биз Китепти тандап алган пенделерибизге (Мухамадтын үммөтүнө) мурас кылып бердик. Алардын арасында өзүнө зулум (күнөө) кылгандары, (жалан важибти аткарып, харамдан сактануу менен гана чектелген) орточолору да бар. Бул-(аларга Аллах берген) эн чон пазилет. Сура Фатыр: 32

Ыйман важибин аткарбаган муслим, өз жанына зулум кылуучу болот. Бир гана важибти аткарып харамды таштаган момун муктасид (орточо амал кылуучу) болот. Жакшылыктарга шашылган, Аллахка кудум Аны көрүп тургандай ибадат кылган же эч болбосо Роббим мени көрүп турат деген ишенимде ибадат кыла турган-мухсин болот. Адамдар өз ара Таухидте айырмаланышат. Алар мында бир нече айырмалуу даражада болушат. Алардан кээ бирлери бейишке эсеп-кысапсыз, азапсыз кирет. Кээ бирлери болсо тозоко түшөт, Аллах аларды кечирүүнү каалабаган жана аларга Өз адилети менен мамиле кылган күнөөкөр адамдар болуп, тозокто күнөөлөргө жараша азап тарткан абалда калышып, кийин жүрөктөрүндө Таухид жана ыйман болгону себептүү андан кутулуп чыгышат.

Отуз биринчи матн
Экинчи негиз

Ислам динин далилдер менен таанып билүү, Ал болсо: Ислам дегени Аллахка Таухид менен моюн сунуп, таат-ибадат менен баш ийүү жана ширктен жана анын ээлеринен кол үзүүчүлүк болот.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Ислам динин далилдер менен таанып билүү

Инсан үч негизди таанып билүүсү важиб болот. Биринчи негиз - пенде өз Роббисин таанып билүү болчу. Автор رحمه الله бул тууралуу баяндап өттү, Роббибиз Аллах, Ал биз үчүн жалгыз сыйынылуучу Зат, биз Аны аят-белгилери жана махлуктары аркылуу таанып билдик. Андан сон автор ибадат түрлөрүн кээ бирлерин баяндап, аларды Аллахтан башкага арнап болбой тургандыгын, башкаларга арнаса ширк болуп калуусун далилдер негизинде баяндады. Мындан ары автор  رحمه الله  бул орунда айтты:  “Экинчи негиз...” Динибиз анын үстүнө курулган негиздердин экинчиси - Аллах бизди бир гана ушул динди, дин тутуубуз жана ага амал кылуу менен Өзүнө ибадат кылуубуз үчүн жараткан дин, “Ислам динин далилдер менен таанып билүү...” Ушул динди, өзүнүн негизини түзгөн, негиздери менен биргеликте, Куран жана суннадан болгон далилдери менен таанып билүүсү важиб. Мындан сон инсан, өз динине ылайык нур жана анык далилдер менен илим үстүндө болот. Анткени инсан өз дини туурасында илимдин үстүндө болбосо, дүйнө жашоосунда да, өлүмүнөн кийин коркунучка кабылып эки периште сурака туткан убакта, анда шек-күмөн пайда болот. Мындайча айтканда, суроонун жообуна тутулуп, адашып ах, ах, ах билбеймин, адамдар бир нерсе дегенин угуп, мен да ошону айтканмын”--Ахмад: №18557 Бароь ибн Азиб андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Өз динин, Куранда жана суннада келген далилдер негизин, жакшы билген киши болсо, мындай абалга жолукпайт. Ал мына ушул дүйнөдө өз динине амал кылып, бекем турса, ахиретте мүрзө-кабырда эки периште суроосуна адашпай, жооп берүүдө, “Роббим Аллах”, диним Ислам, пайгамбарым Мухаммад ﷺ деп жооп берүүгө ылайык болгон инсан болот. Динди Куран жана суннадан болгон далилдер менен билүү жана ага амал кылуу суроодо бекем туруунун себептеринен болот.

Исламдын аныктамасы

“Ал болсо: Ислам дегени Аллахка Таухид менен моюн сунуп… Биз Аллахка динин негизинде пенделик, кичи пейилдүүлүк кылган Ислам дини - Рубубияда, жаратууда жана башкарууда Аллахты жалгыз деп билүү менен, ошону менен бирге Ага Таухид негизинде бардык ибадат түрлөрүндө Аны жалгыз санап, Аллахка толук моюн сунуу болот. Ислам динин акыйкаты - пенде бардык иш-аракеттери менен башкаларга эмес, бир гана Аллахтын Өзүнө моюн сунуусу болушу керек. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ислам динин акыйкаты-бир гана Аллахтын Өзүнө моюн сунуу башкаларга эмес. “Лаа илаха иллаЛлооху” мааниси ушул болот--Ал-Фатава: 4/245. Муслим деп аталуусуна себеп, бардык мүчөлөрү Роббисинин таат-ибадатына моюн сунуп, кичи пейил болуп ийилгендиги үчүн деп аталат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ислам-моюн сунуу, бул жалгыз Аллахка моюн сунуу жана кичи пейил болууну, бир Аллахка пенделик кылууну өз ичине камтыйт”--Ал-Фатава: 4/245. Аллахка да, башкага да, моюн сунган киши мушрик болот. Аллахка моюн сунуудан баш тарткан киши текебер. Ким текеберлик менен акыйкаттан жүз бурса, Аллах аны жалганга эрчүүгө дуушар кылат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Акыйкатка текеберлик кылган инсан, жалганга моюн сунат. Жана текеберлик кылган инсан Аллах Тааля айткандай, мушрик болот--Ал-Фатава: 7/629.

Исламдын башаты жана анын эки карама-каршысы

Исламдын башка-башаты эки күбөлүк сөзү. Анын каршысы болгон эки нерсе бар, алар текебердик жана ширк.  Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Аллах аны менен китептерин түшүргөн, пйгамбарларын жиберген дини болгон Ислам бул-пенде ааламдар Роббиси болгон жалгыз Аллахка моюн сунуп, Аны өзү үчүн илах-сыйынылуучу зат деп билип, Андан башканы илах деп кабыл албоосу керек. Эн абзел сөз, Исламдын башкы-башаты болгон Лаа илаха иллаЛлооху жана СубханАллах сөздөрүнө буюруп, аларды текеберликтен жана ширктен кайтарган. Анткени, Аллахтан сыйынуудан текебердик менен жүз бурган инсан, Ага ибадат кылбайт, Ага моюн сунуучу болбойт. Аллахка да, башкасына да ибадат кылган киши мушрик болот. Ислам сөзү “Истислям” (моюн сунуу) жана ихлас маанисин түшүндүрүүчү “саламаттыкты” өз ичине камтыйт--Ал-Фатава: 7/623.

Таат- ибадат менен (буюрган, кайтарган иштерде) баш ийүү Исламдан болот

Пенде толук кичи пейилдүүлүк менен Аллахка моюн сунуп, таат-ибадат менен Ага ийилүүсү важиб болот. Таат - буюрулган иштерди жасоо жана кайтарган иштерден тыйылуу менен келип чыгат. Ошону менен бирге пенде, Аллах Тааланын төмөнкү буюругуна моюн сунган болот:

قُلْ أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ

(Оо, пайгамбар, адамдарга) айткын: “Аллахка жана пайгамбарга моюн сунгула!” Сура ан-Нур: 54

Жана пайгамбарыбыздын ﷺ ушул айткан сөзүн ырастап, аны иш жүзүнө ашырган болот. “Силерди эмнеден кайтарган болсом, андан кайткыла. Эмнеге буюрган болсом колунардан келишинче аны аткаргыла! Силерден мурдагы өткөндөр көп суроо берүүлөрү жана пайгамбарларга каршылык кылуулары себептүү балээге дуушар болушту”--Муттафакун алайхи: Сахихул-Бухарий: №6858; Сахихул-Муслим: №1337 Абу Хурайрадан андан Аллах ыраазы болсун кабар берилген. Даражалардын эн улуусу, эн толук көрүнүштө моюн сунуу болот. Ким бул динге баш ийбесе, Аллах аны кордукка дуушар кылат. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Ким Аллах үчүн кичи пейил болсо, Аллах аны даражасын жогорулатып койот. Кудум ушуга окшош, ким акыйкатка баш ийүүдөн текебердик кылса, Аллах аны кордук жана төмөн даражага түшүрөт, кор болгон арзыбас инсанга айландырат--Мадарижус-Саликиин: 2/333. Текебердик бул динде моюн сунуудан тосо турган эн чон себептердин бири болот. Ибн Кайим رحمه الله динге баш ийүүдөн тоскон, тосуктарды баяндап, ушундай деди: “Үчүнчү динден тоскон, тосколдуктун себеби: ал көрө албастык же текебердик. Иблисти буюрукка баш ийүүдөн тоскон, тосколдук себеби ушул болгон эле. Бул алгачкылардын жана акыркылардын оорусу болот. Аллах сактаган кишилер гана мындан кутулат. Аллахтын элчиси  ﷺ өз көздөрү менен көргөн пайгамбарлыгынын акыйкатын билген яхудийлер жана алардын жолун туткан инсандар, ыймандан мына ушул тосколдук себептүү жүз буруп кетишти--Мифтаху дарис-саьада: 1/99.

Ислам ширктен жана ширк ээлеринен кол үзүүчүлүгү

“Ширктен жана анын ээлеринен кол үзүүчүлүк болот..”, Мусулман кишинин ишенүүсү, түшүнүүсү, амал кылуусу лаазым болгон, Ислам - Аллахты Таухид менен жалгыздоо, Ага таат-ибадат менен баш ийип, ширктен жана ширк ээлеринен жүз буруудан турат. Бул дегени, ишенимде, амалда, жүрүм-турумда мусулман киши ширк жасаган адамдардан кол үзүп, өзүнү аларга таандык болгон ар бир өзгөчөлүктөн, ар кандай көрүнүштөрдөн өзүн таза кармап, сөзүндө, иш - аркетинде аларга окшошпой, аларды душман тутуусу менен тастыкталат.

Ислам динини үч негизги пайдубалы

Демек, Ислам дини үч негизги пайдубалдын негизинде курулган. Мусулман киши, ушул үч негизди тегиз бирдей аткаруусу важиб болот:Аллахка Таухид менен моюн сунуу.Аллахка таат-ибадат менен баш ийүүШирк жана ширк ээлеринен кол үзүү жактан болуу.Ширктен жана ширк ээлеринен өзүн таза тутуу, кол үзүү Таухидтин негизги эки түркүктөрүнүн бири. Таухидтин орноп курулуусу, ушул эки түркүктүн негизинде курулган болуп, ансыз Таухид, Таухид жараксыз болот. Пенде ушул эки түркүктү бирдей, тегиз аткарбаса, Муваххид катарынан орун албайт. Алардан бири “нафий”-жокко чыгаруу экинчиси “исбат”-ырастоо. Ким алардын бирини жоготсо, Таухидин жоготкон болот. “Нафий” жана “исбаттан” максат-Аллахтан башканын кул пендеси болбой, кулдук пенделикти бир гана Аллахка арнап ырастоо болот. Субхану ва Тааля Иброхим алайхи салам тууралуу кабар берип жана андан үлгү алууга үндөп, мындай деди:

وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِ إِنَّنِي بَرَاءٌ مِمَّا تَعْبُدُونَ

Жана (эстегин): Бир кезде Иброхим атасына жана мушрик коомуна “Мен силердин жана силер сыйынган кудайынардан” кол үздүм! Сура аз-Зухруф: 26

Бул Таухидтин биринчи түркүгү, “Нафий”-ширк жана ширк ээлеринен кол үзүү. Аяттын уландысы:

إِلَّا الَّذِي فَطَرَنِي فَإِنَّهُ سَيَهْدِينِ

Мени жараткан Аллахтын Өзүнө гана сыйынамын. Ал мени Туура Жолго баштайт деди. Сура аз-Зухруф: 27

Бул болсо,Таухидтин экинчи түркүгү саналган, исбат-ибадатты Аллах үчүн арнап ырастоо болот. Же дагы башка бир аят бар:

لَا إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ ۖ قَدْ تَبَيَّنَ الرُّشْدُ مِنَ الْغَيِّ ۚ فَمَنْ يَكْفُرْ بِالطَّاغُوتِ وَيُؤْمِنْ بِاللَّهِ فَقَدِ اسْتَمْسَكَ بِالْعُرْوَةِ الْوُثْقَىٰ لَا انْفِصَامَ لَهَا ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Динде мажбурлоо жок. Туура Жол адашуучулуктан ажырап бүткөн. Ал эми ким тогутка кафир болуп, Аллахка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, бекем тутканы карманганы чын! Аллах Угуучу, Билүүчү. Сура ал-Бакара: 256.

Ушул аяттагы “тогуттан жүз буруп” деген бөлүгү, исбат-ырастоо. Таухид сөзүнүн мааниси-Аллахтан башка сыйынылуучу зат жок дегени. Ким намаз окуса, орозо тутса, зекет берсе, ажылык кылса бирок Аллахка ширк кошсо жана мушриктердин ишенимдерин туура санаса, ал мусулман эмес. Анткени ал ширктен жана ширк ээлеринен кол үзүп тазаланбады. Мушриктердин ишенимдеринен кол үзүп тазаланып, Аллахка ыйман келтирип, жалгыз Ага гана ибадат кылуу ортосун бириктирүүсү важиб болот. Намаз окуп туруп, Аллахка ширк кошкон адамга намазы пайда бербейт. Анткени ал ширктен кол үзүп тазаланбады.

Мусулман киши динин сүйүүсүнүн важибтиги

Пенде ушул динди таанып эле калбастан, балким аны сүйүүсү важиб. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Жүрөктөрдө негизинен Аллахтын динин ырастап, аны дин деп моюнга алуу табияты жайгашкан. Бирок, кээде аны буза турган кээ бир нерселер ага көндөлөн болот. Акыйкатты таануу, аны сүйүүнү талап кылса, жалганды таанып билүү, аны жек көрүүнү талап кылат. Анткени анын табиятында акыйкатты сүйүү жана жалганды жаман көрүү бар. Бирок кээде аны бузуп койо турган нерселер, ага көндөлөн болот. Алар акыйкатты ырастоодон тосо турган күмөндөр көрүнүшүндө, же болбосо ээрчүүдөн тосо турган шахват-нафси каалоолор  көрүнүшүндө болот”--Ал-Фатава: 7/528. Ар бир мусулман өз дини менен урмат талап кылуусу важиб. Анын дини гана акыйкат, андан башкасы жалган. Аллах Тааля айтты:

إِنَّ الدِّينَ عِنْدَ اللَّهِ الْإِسْلَامُ

Албетте Аллахтын алдында (кабыл боло турган) дин бул-Ислам.Сура Али Имран: 19

Аллах Тааля Өз пайгамбарына  ﷺ мына ушул акыйкатты адамдарга жарыялоону буюрду.

قُلْ إِنَّنِي هَدَانِي رَبِّي إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ دِينًا قِيَمًا مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۚ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ

Айткын: “Чындыгында, Роббим мени туура Жолго, Түз динге-акыйкатка бурулган Иброхимдин динине багыттады. Ал Иброхим мушриктерден эмес.” Сура ал-Анам: 161

Кимди Аллах ушул динге хидаяттап багыттаган болсо, Аллахтын ага сунган хидаят нээматы менен кубансын, бул динди бекем кармансын. Пенденин күч-кубаты, урматы дини менен болот. Пенделерди бейишке алып баруучу жол ушул гана болот. Адамдарды ага даават кылсын. Субхану ва Тааля айтты:

فَاسْتَمْسِكْ بِالَّذِي أُوحِيَ إِلَيْكَ ۖ إِنَّكَ عَلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

Сен Өзүнө вахий кылынган Куранды бекем  карма! Сен Туура Жолдун үстүндөсүн. Сура аз-Зухруф: 43

Отузунчу матн
Назрдин далили болсо, Анын Сөзүнөн: Алар (дүйнө жашоосунда) назрлерин аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллахтын азабынан) коркушкан. Сура Инсан: 7

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Назр ибадат

Назр - бул, бир пенденин “Мен паландай ниетиме жеткеним үчүн Аллах Тааляга арнап түкүндөй ибадат кылып беремин” деп өзүнө - өзү милдет жүктөшүнө айтылат. Иши онунан келген кээ бир мусулмандар өзү каалашынча орозо кармап же намаз окуп берүүнү же болбосо булардан башка ибадаттарды назр кылышат. Кайсы пенде Аллах Тааляга арнап кандайдыр бир назр кылса, аны албетте аткаруусу - важиб болот. Назр мукалляф Шарияттын негизинде өзүнө важиб-милдет болбогон нерсени өзүнө важиб кылып алуусу түшүндүрөт. Бул да Аллахка калыс-ихлас менен аткарылуусу важиб болгон ибадат. “Назрдин далили болсо…”, назрдын Аллахтан башкага арноо мүмкүн болбогон ибадат экенине далил. “Анын - өз назрлерин аткаргандарды мактап айткан - Сөзүнөн: “Алар дүйнө жашоосунда өз милдеттемелерин моюндарына алган, “назирлерин аткарышкан..” Аларга негизинен важиб болбогон, бирок алар өздөрүнө важиб кылып алган ишти - назрды толук аткарышкан экен, демек негизинде Шарият тарабынан важиб болгон амалдарды аткарууга алар ылайыктуу мүмкүн болот. Субхану ва Тааля ибадатты аткарган кишиге мактоо айткан. Жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллахтын азабынан) коркушкан”. Мусулман кишинин жүрөгү Аллахка байланып, ибадат түрлөрүнөн эч бирин, Аллахтан башкага арнабайт. Балким бардык түрдөгү ибадаттарды Аллахка гана арнайт. Эгер Шарият ээси важиб кылынбаган бир ишти өзүнө “назр” сыпатында важиб кылса, аны бир гана Аллах үчүн арнап назр кылат. Пайгамбар ﷺ айткандай: “Ким Аллахка баш ийүү назр кылса, баш ийсин. Ким ага күнөөкөр болууну назр кылган болсо, Ага күнөөкөр болбосун”--Сахихул-Бухарий: №6318 Айша андан Аллах ыраазы болсун кабар берген.

Назр анттан бийигирээк

Ким назрды Аллахтан башкага арнаса, ибадаттардын бирин, Аллахтан башкага арнап, ширк кудугуна түшөт. Бул күнөө Аллахтан башкасы менен анттоодон да чонурак болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Мазарларга же мүрзө-кабыр ээлеринен бирөөсүнө арнап назр кылуу, Иброхим Халилге же баланчыга же баланчы үй-бүлөгө назр кылуусу сыяктуу күнөөлүү болот назр ибадат боюнча. Дин имамдарынын бир пикирдеги келишимине көрө, мындай назрды аткаруу важиб болбойт. Балким аны аткаруу дурус эмес. Анткени, “Сахих”де Пайгамбардын ﷺ хадисинде ырасталган: “Ким Аллахка баш ийүү назр кылса, баш ийсин. Ким ага күнөөкөр болууну назр кылган болсо, Ага күнөөкөр болбосун”--Сахихул-Бухарий: №6318 Айша андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Анан кантип ибадатты пайда келтирип, зыянды арылтууга кадыр болбогон махлукка арнайт?! Бул өтө чон, жалгандын бир жалганы болот! Назр Аллахтан башкага арналбайт. Эгер баш ийүү боло турган бир иште, Аллахка назр кылса, аны аткаруу важиб. Негизи Аллахка назр кылуу макрух. Пайгамбар ﷺ айткандай назр “Эч нерсени алдына да, артка да сүрө албайт. Бир да жакшылык алып келбейт, ошону менен бирге сарандан гана бир нерсени чыгарып алат.”--Муттафакун алайхи: Сахихул-Бухарий: №6234; Сахихул-Муслим: №1639 Ибн Умар андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Бирок назр кылган болсо, аны Аллахтан башкага арноо халал болбойт. Бир гана Аллахка гана арналат. Анткени назр ибадат болот.

Жыйырма тогузунчу матн
“Жандык союуунун далили болсо, Анын Сөзүнөн: Айткын: “Менин намазым курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Роббиси - Аллах үчүн болот! Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эн алдынкысымын”. Сура: Аньам: 162-163. Суннадан далили болсо: Аллахтан башкага атап жандык сойгон кишини, Аллах каргыштады!”

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Жандык союуу ибадат

Аллах үчүн жандык союуу эн улуу ибадаттардан жана мал - мүлккө байланышкан ибадаттардын эн абзелдеринен болот. Ал чыныгы ыймандын жана нафсинин жогорку денгээлдеги Аллах үчүн багытталгандыгынын анык белгиси болот. Анткени, союула турган жаныбар, ээси үчүн сүйүктүү болот. Эгер аны Аллах үчүн атап, Аллахка жакындоо максаты менен, нафси ошол айбандын союлуусуна ыраазы болсо, ошол инсан мал - мүлккө байланыштуу, жалпы ибадаттардын эн абзелин аткарган болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ыйман жана ихлас менен бириккен күчтүү чыныгы ишеним жана ага жакшы күмөндө болуу өтө тан каларлык иш--Ал-Фатава: 16/532. Жандык союуунун - Аллах үчүн өтө чон ибадат экенине - далили болсо, Анын Сөзүнөн: Айткын: (Оо Мухаммад) “Менин намазым курмандыгым (кан чыгарууга байланыштуу ибадаттарым…), намазым жана союуу менен аткарыла турган ибадаттарым болот.. Нафси жакшы көргөн малды, нафсиме андан да сүйүмдүүрөөк болгон Затка - Аллахка курбан кылуум болушу керек. Мына ушул эки ибадатты өзгөчөлөп айтты. Анткени алар өтө шарапаттуу, абзел ибадаттардан болот. Кала берсе, бул эки ибадат, Аллахка болгон сүйүүнү жана динди Ага калыс арноого далил болот. Намаз дене ибадаттарынын эн улуусу болуп саналса, жандык союуу мал -  мүлккө байланыштуу ибадаттардын эн улуусу болот. Ким намазда жана жандык союуу ибадатында ихластуу болсо, бул анын башка сөз жана амалдарында Аллахка ихластуу болуусун лаазым туттурат. “Жашоом жана өлүмүм...” жашоомдо жасаган иш аракеттерим жана өлүмүмдөн кийин, Аллах алдына алып баруу үчүн камдаган нерселерим даярдыгым болот… “Ааламдардын (жалгыз) Роббиси - Аллах үчүн болот! Анын эч бир шериги жок! Анын мүлккө ээлик кылууда, башкарууда шериги болбогону сыяктуу, ибадатта да шериги жок. “Мен ушуга - Жалгыз Аллах ихлас менен ибадат кылууга - буюрулдум. “Жана мен мусулмандардын эн алдынкысымын”. Ким өз дене - мүчөсүн Аллахка ибадат кылууга моюн сундуруп, жандыгын союп, Роббисине жакындоо максаты менен арнаса, бул киши чыныгы мусулман. Аллах Тааля мына ушул эки ибадат эн абзел ибадаттардан болгондугу үчүн, Өз элчисин ﷺ жана ал кишинин үммөтүн ихлас менен аткарууга буюруп мындай деди:

فَصَلِّ لِرَبِّكَ وَانْحَرْ

Сен эми ушул жакшылыктар үчүн намаз оку жана курбандык чал. Сура: Каусар: 2

Башкалар үчүн эмес, бир гана Аллах үчүн намаз окуп, курбандык кыл. Намазды Аллахтан башкасы үчүн арнап болбогондой, курбандыкты да, жалгыз Аллахтан башка арноо дурус болбойт.

Ширкий түрдөгү жандык союунун көрүнүштөрү

Кимге өз жаны арзыбаган, кадырсыз нерсе болуп, ибадатты Аллахтан башкага арнаса, бут-санамдарга же кабырлардан коркуп же аларды улуулап же алардын ээлеринен шапаат (колдоо) тилеп, аларга арнап жандык сойсо, же болбосо падыша жүргөн жолу үстүнө же ушул сыяктуу жерлерде жандык муздаса, кала берсе сойгон айбаны төө, мал, кой, тоок же мындан дагы кичинерээк нерсе болсо да ширкке түшкөн болот. “Суннадан далили болсо: Аллахтан башкага атап жандык сойгон кишини, Аллах каргыштады!”--Сахихул-Муслим: №1978 Али ибн Аби Толибтен андан Аллах ыраазы болсун кабар берилген. Каргыш - Аллахтын ырайымынан куулуп алыстоо. Ким шайтандын жолуна түшүп, Жаратуучудан башкага курбандык кылса, өзүнө каафирликти нээмат кылган болот. Аллахтын Рубубиясын сындырган жана Улухиясын кемсинтип, Өзүнүн Жаратуучусунан башканы улуулап, ага атап жандык союп, ибадатын кайсы бир ибадат түрүнө татыктуу болбогон махлукка арнап, муну менен оор кылмыш ишин жасап, жасаган ширк кылмышы себептүү, Аллахтын каргышына дуушар болот.

Жыйырма сегизинчи матн
Истигосанын (кыйын жагдайда жалынып-жалбарып жардам суроонун) далили болсо, Анын Сөзүнөн: Силер Роббинерге жалбарып, дуа кылган кезде, Ал силерге жооп берди. Сура Анфал: 9

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Истигоса (кыйын жагдайда жалынып-жалбарып жардам суроо) ибадат

Истигоса - игоса жана гоус жардам тилөө маанисинде болуп, оор машакаттуу кыйынчылыктардан куткаруусун сурануу болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Истигоса, бир гана кыйынчылыктан кийин болот”--Бадаиул-Фаваид: 1/60.

Истигоса, дуа жана истиьаза ортосундагы айырма

Дуа менен истигосанын ортосундагы айырма: Истигоса бир гана мусибат жана машакат, кыйынчылыктар себебинен жасалат. Дуа болсо, мусибат, машакаттар түшкөндө да, башка убакта да жасала берет. Истигоса дуа түрлөрүнүн ичиндеги эн өзгөчөсү болуп, башына оор иш түшкөн кишинин дуасын истигоса деп аталат. “Истигоса” жана “истиьаза” ортосундагы айырма: “Истиьаза” Аллахтан сени сактоосун, коргоосун жана сенден жамандыкты кайтаруусун сурануу болсо, “Истигоса” Аллахтан башына түшкөн, машакат жана балээни кетирүүнү сурануу болот. Истигоса, Аллахка толук муктаждыкты жана Анын жетиштүү Зат экендигине болгон ишенимди өз ичине камтыйт. Ал эн абзел жана толук амалдардын бири болот. Инсан бул жашоодо ар түрдүү машакаттарга дуушар болот. Ошондо кимде-ким башка түшкөн кыйынчылыктардан арылуусун сурап, Роббисине истигоса кылса, (жалынып, жардам сураса) пайгамбарлар жана солих-жакшы заттардын башына түшкөн машакаттарды, Аллах ушул ибадат себебинен арылткан, улуу ибадатты аткарган болушат. “Истигосанын ибадат экенине далили, Аллах Таалянын Сөзү:

إِذْ تَسْتَغِيثُونَ رَبَّكُمْ فَاسْتَجَابَ لَكُمْ

Силер Роббинерге жалбарып, дуа кылган кезде, Ал силерге жооп берди. Сура Анфал: 9

Аллахтын силерге берген нээматын эстегиле, ошондо душманынарга жолугуу убагы жакындашканда, Роббинерден жардам, жениш жана үстөмдүк талап кылдынар. Ошондо Аллах силерге жооп берди. Бул окуя “Бадр” согушу күнү болгон. Аллахтын элчиси ﷺ мушриктердин саны көптүгүн көрүп, Роббисин чакырып, жалынып жалбарып дуа кылуу менен жардам сураган эле.

أَمَّنْ يُجِيبُ الْمُضْطَرَّ إِذَا دَعَاهُ

Же болбосо, зарыккан - муктаждын дуасына ким жооп берип, балээни ким кайтарат? Сура ан-Намл: 62

Ошондо Аллах Тааля Өз пайгамбарына душмандары үстүнөн жениш берди. Мусулмандар душмандарды кээ бирлерин өлтүрүштү, кээ бирин туткундашты. Ислам үстөм болду жана бул күн “Фуркан” күнү деп аталды. Акыйкат менен жалган ажыраган күн болду.

Ширкке тиешелүү истигоса

Бул маселеге далил болгон аяттын далаалатына көрө, истигоса, эн улуу ибадаттардын бири болот. Аны Аллахтан башкага арноо - бут-санамдардан, өлүктөрдөн, кайыптардан жана ушул сыяктуулардан жардам суроо - Аллах Тааляга ширк келтирүү болуп саналат. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Өз муктаждыктарын өлүктөрдөн сурап, жардам тилеп, аларга карай дуа кылып, жалынып-жалбарып жүздөнүү-ширктин дагы бир түрү болот. Бул ааламдагы ширктин негизги тамыры болот. Негизи ал өлгөн, өлүктүн амалы токтоду, эми ал өлүк, өзүнөн жардам сурагандарга, муктаждыктары орундалуусун, тилегендерге жана Аллах алдында колдоочу болуусун каалагандарга жардам берүүсү, тиякта турсун, ал өзү үчүн да пайда келтирип, зыяндан арыла албайт”--Мадарижус-Саликиин: 1/346. Бул ширкий истигосанын өкүнүүдөн, жана зыян тартуудан башка натыйжасы жок. Анын ээси эч качан орундалбаган, алыстан көзүнө аккан суунун элеси көрүнгөн, суунун элесинин артынан ага жетпей кетип жаткан инсан сыяктуу. Бул ширк себебинен, дүйнөдө жана ахиретте болсо, балекетке жолугуучу пендеге айланат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Абу Язид رحمه الله айткандай, махлуктун, махлуктан жардам суроосу, кудум сууга чөгүп бараткан инсан, чөгүп кетип бараткан инсандан жардам сураганына окшойт”--Ал-Фатава: 14/29. Ким Аллахтан башка -  өлүктөргө же кайыптагы тириктерге - дуа кылса, бул истигосанын үстүндө жылдап отурса да, эч качан каалоосу орундалбайт. Мисалы: өлүктөргө, периштелерге, пайгамбарларга, тоо-таштарга, булактарга, көлдөргө мазарларга дуа кылып, алардан жалынып жалбарып тиленсе, ушул тиленүүсүндө жылдап отурса да, бул жасап жаткан ширкти себептүү, эч качан максаты ишке ашпайт. Аллах Тааля айтты:

إِنْ تَدْعُوهُمْ لَا يَسْمَعُوا دُعَاءَكُمْ وَلَوْ سَمِعُوا مَا اسْتَجَابُوا لَكُمْ

Эгер аларга дуа кылсанар, дуанарды укпайт. Эгер кыялдарында укса да, силерге жооп бере алмак эмес. Сура Фатыр: 14

Дурус болбогон истигоса

Даяр турган жана жардам берүүгө кадыр болгон тириктерден, алар кадыр болгон иштерде жардам суроо дурус. Аллах Тааля Муса алайхи салам тууралуу айтты:

فَاسْتَغَاثَهُ الَّذِي مِنْ شِيعَتِهِ

Өз жамаатынан болгон адам, душман жамааттан болгон адамга каршы жардам сурады эле. Сура ал-Касас:15

Бирок алардын өздөрү жана өлүктөр, тирүү кайыптагылар кадыр болбогон иштерде, өлүктөрөн же кайыптардан жардам сурап, муктаждыктардан арылуу, Аллахка ширк кошуу болот. Башынарга бир машакат иш түшсө, балээ - кыйынчылык көбөйсө, кайыптарды Билүүчү Аллахтан гана жардам сурагыла, асмандар жана жердин ачкычы Анын колунда. Аллах Тааля мындай деди:

إِنَّمَا أَمْرُهُ إِذَا أَرَادَ شَيْئًا أَنْ يَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ

Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши “Бол!” деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат. Сура Йа Син: 82

Жыйырма жетинчи матн
Истиьазанын (коргонуу суроонун) далили болсо, Анын Сөзүнөн: Айт: (Оо, Мухаммад) “Тан Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: Фалак: 1. Жана Айткын (Оо, Мухаммад) “Мен инсандардын Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: ан-Наас: 1

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Истиьаза (коргонуу суроо) ибадат

Истиьаза - Коргонуу, сактануу, байланыштуу маанилерин билдирет. Анын акыйкаты болсо, өзүн корккон нерседен, сени коргой турган Затка карай качып, баш паанектө болот. Аллахтан коргонуу суроо - Ага жалынып - жалбарган абалда байланышып, бардык жамандыктарда Анын Өзүн жетиштүү Коргоочу, Сактоочу деп ишенүү болушу керек. Бул дагы башка ибадаттар сыяктуу эле, Аллах Тааля пенделерине буюрган ибадаттардын бири болот. Аллах Тааля айткандай:

وَإِمَّا يَنْزَغَنَّكَ مِنَ الشَّيْطَانِ نَزْغٌ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ ۚ إِنَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү! Сура ал-Араф: 200

Аллах Тааля жана да айтты:

فَإِذَا قَرَأْتَ الْقُرْآنَ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ

Качан сен Куран окусан (Аллахтын ырайымынан) куулган шайтандан коргоо тилеп, Аллахка сыйын. Сура ан-Нахл: 98

“Фатхул - Мажид”те айтылат: “Аллахтан башкасынан коргоо суроо дурус эместигине улямалар ижма - иттифокка (бир пикирдеги чечимге) келишкен”--Фатхул-Мажид шарх китабит-Таухид: 188-бет. Башка түшкөн мусибаттардан арылууда жана кайгы - капаларды көтөрүүдө, улямалар Роббисинен башка жалынып - жалбарыла турган Зат жок. Жашоо апат - балээлер жана көргүлүктөр, көнүлсүздүктөр менен толо болуп жатат. Ар бир пенденин душманы - инсандардан жана жиндерден болот. Алардын эн алдынкы катарында, Иблис (ага Аллахтын каргышы болсун) турат. Субхану ва Тааля айтты:

إِنَّ الشَّيْطَانَ لَكُمْ عَدُوٌّ فَاتَّخِذُوهُ عَدُوًّا

Шайтан силерге (түбөлүк) душман! Аны дайым душман туткула! Сура Фатыр: 6

Аллах Тааля ар бир пайгамбарга инсандардан жана жиндерден душмандар болуусун кабарын берип айтты:

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوًّا شَيَاطِينَ الْإِنْسِ وَالْجِنِّ يُوحِي بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ زُخْرُفَ الْقَوْلِ غُرُورًا

Ошондой эле, биз ар бир Пайгамбарга адам - шайтан жана жин-шайтандардан душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бири-бирине (жалган жуурулган) бал сөздөрдү шыбырашат. Сура: Аньам: 112.

Пайгамбарлардын ээрчүүчүлөрү да, кудум ушундай сыноолорго жолугары анык. Эч бир пенде инсандар, жиндер жамандыгынан жана жашоодогу балээ - апаттардан, Аллах сактоосун тилеп, Аллахка коргонууга муктаж болот. Ким Аллахтан коргонуу сураса, Аллах Өзүнүн Китебинде бир нече орунда буюрган улуу ибадатты аткарган болот.

Истиьазанын ибадат экенине далил

“Истиьазанын далили болсо…”, Аллахтан коргоо суроонун ибадат түрлөрүнөн бири экендигине далил..  Анын Сөзүнөн: Айт: (Оо, Мухаммад) “Тан Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: Фалак: 1. Жана Айткын (Оо, Мухаммад) “Мен инсандардын Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: ан-Наас: 1. Ушул эки сүрө - “муаввизатайн” тууралуу Аллахтын элчиси ﷺ Укба ибн Амирге андан Аллах ыраазы болсун мындай деген: “Бул түнү эч бир окшоштугу көрүнбөгөн аяттар түшүрүлдү.

قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ الْفَلَقِ

Айт: (Оо, Мухаммад) “Тан Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: Фалак: 1.

жана

قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ النَّاسِ

Айткын (Оо, Мухаммад) “Мен инсандардын Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: ан-Наас: 1

Сахихул - Муслим: №814

Истиьаза (коргонуу суроо) дем алуу жана жеп - ичүүдөн да маанилүүрөөк

Мусулман киши эртели - кеч дайыма, мына ушул эки сура менен коргонуу сурап жүрүүсү милдет болот. Коргонуу суроо бул дегени - пендени күндүзгү, түнкү апат-балээлерден жана жамандыктардан коргойт. Пайгамбар ﷺ Укба ибн Амирге  андан Аллах ыраазы болсун бул эки сура менен коргоо суроого буюруп; “Сен ушул эки сура менен коргоо сура. Эч бир коргоо тилөөчү, ушул экөөсү менен корголгондой корголуп, сакталган эмес”, - деген--Сунану Аби Давуд: №1464. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Пенденин мына ушул эки сура менен коргонуу суроого болгон муктаждыгы, анын дем алуу, жеп-ичүү жана кийим-кийүү муктаждыгынан да күчтүүрөөк болот”--Бадаьиул-Фаваид: 2/199. Субхану Робби күч-кудурет жана үстөмдүк сыпаттары менен сыпатталган Зат. Ким Аны менен коргонсо, эч кимдин зыяны ага жетпейт. Анткени себептери бар болуп турган абалда да, ага тийбей өтөт. Пайгамбар ﷺ айтты: “Ким бир жерге консо: “Аьуузу бикалиматиЛлахит-тааммаати мин шарри маа холак” (жаратылган нерселердин жамандыгынан, Аллахтын толук сөздөрү менен коргономун) деп айткан болсо, качан ал инсан, ошол конуп турган жеринен кеткенге чейин, эч бир нерсе ага зыян бербейт”--Сахихул-Муслим: №2708 Хавла бинт Хаким андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Куртубий رحمه الله айтты: “Бул туура кабар жана чын сөз, биз анын тууралыгын далилдүү тажрыйба менен билдик. Мен ушул кабарды укканымдан бери, ага амал кылып келдим. Жана мага эч бир нерсе зыян жеткирген жок. Бир күнү түндө, Махдияны-таштап кеткенимде, мени чаян чагып алды. Ойлоп көрсөм жанагы сөздөр менен коргонуу суроону унутуп калган экенмин”--Фатхул-Мажид: 190-бет. Инсан зыяндарга жолуга турган алсыз пенде. Анын жашоосу Аллахка байлануу жана Андан коргонуу сурануу менен гана болот. Пенде пайда, зыян, Аллахтын колунда экенин билип, ага зыян жеткирүү үчүн, тырышып, аракеттенип жаткан махлук, Аллах каалабаса, ага анын зыяны жетпей калуусуна ишенүүсү лаазым. Пайгамбар ﷺ “Билгин” сага жер жүзүндөгү бардык адам чогулуп, сага пайда берүүчү болушса, Аллах сенин тагдырына жазган нерседен артык, пайда бере алышпайт. Эгер жер жүзүндөгү бардык адам чогулуп, сага зыян берүүнү каалашса, Аллах сенин тагдырына жазган нерседен артык, зыян бере албайт. Тагдыр калемдери көтөрүлүп, кагаздар кургаган болду.--Сунанут-Тирмизий: №2516, 2/385, Абдуллах ибн Аббас андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Аллах Тааля зыяны ачык жана пенденин көзүнө анык көрүнүп турган нерсе - сыйкыр тууралуу айтты. Ушундай болсо да, кээде зыян пендеден бурулуп кетет.

وَمَا هُمْ بِضَارِّينَ بِهِ مِنْ أَحَدٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ

Аллахтын уруксаты болмоюнча, аны (сыйкыр) менен эч кимге зыян жеткире алышпайт. Сура ал-Бакара: 102.

Истиьаза - Аллахтан коргоо суроо эн улуу ибадаттардын бири. Аллах Тааля Өз пайгамбарын ﷺ карангылыктар койнунан, танды жарытуучу заттан, бардык махлуктардан, түн карангылыгынан, сыйкырчылардын сыйкырынан, көрө албастардын жамандыгынан коргоо тилөөгө буюрду. Ааламдан карангылык кетип, жарык келтирүүгө Кудуреттүү Зат, коргоону суроочунун корко турган нерселерин кетирүүгө Кудуреттүү Аллах.

Пендеден коргоо суроо

Тирик жана кадыр болуп турган пендеден, ал кадыр болгон иште коргонуу суроонун зыяны жок. Жабир ибн Абдулладан андан Аллах ыраазы болсун келген хадисте, бану Махзум уруусунан бир аял уурулук кылат, аны Пайгамбарыбыздын ﷺ алдына алып келишет. Ал аял, Аллахтын элчисинин ﷺ аялы, Умму Салямадан андан Аллах ыраазы болсун баш паанек тилеп, коргоо сурады. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ “Аллахка ант, эгер кызым Фатима уурулук кылганда, колун кескен болор элем” - деди. Андан сон, ал аялдын колу кесилди--Сахихул-Муслим: №1689, 3/1316. “Тайсирул-азизил-хамид”те айтылат: “Махлуктан (пендеден) ал кадыр болгон ишти талап кылуусу жана ошондо гана коргоо суроосу мүмкүн. Аллахтан башкалар кадыр болбогон иштерде мындай эмес. Мында бир гана Аллахтан гана коргонуу суралат”--Тайсирул-азизил-хамид: 211-бет. Бирок өлүктөрдөн же тирүү болгон кайыптагалардан же даяр турган тирүүлөрдөн, алар кадыр болбогон, колдорунан келбеген иштерде, коргоо суроо чон ширк болот. Аллах Тааля айткандай:

وَأَنَّهُ كَانَ رِجَالٌ مِنَ الْإِنْسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٍ مِنَ الْجِنِّ فَزَادُوهُمْ رَهَقًا

Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар, кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат. Сура ал-Жинн: 6

Ушундай экен, тилегинди жана коргоо суроону бир гана Аллахка карай арна, Андан өзгө эч ким балээ - апаттардан сактап кала албайт. Андан башкасы пайда бере албайт.

Жыйырма алтынчы матн
Истиьананын далили болсо, Анын Сөзүнөн: жалгыз Сага сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз. Хадисте: Аллахтан гана жардам сура.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Истиьана (жардам суроо) ибадат

Истиьана - жардам суроо дегенди билдирет. Мунун мааниси Аллахка болгон ыйман - ишеним жана Ага толук кичи пейилдүүлүк менен таянууну өзүнө камтыйт. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Истиьана - Аллахтан жардам суроо, үч ишти; Ага толук кичи пейил болуу, Ага чыныгы ишеним менен ишенүүнү жана Ага таянууну өз ичине камтыйт. Ким ушул үч нерсени өзүндө ырастаган абалда, Аллахтан башкадан жардам сураса, башканы Аллахка ширк кылган болот”--Мадарижус-Саликиин: 1/74. Жардам суроо ибадат түрлөрүнөн экендигине далил…“Анын Сөзүнөн: жалгыз Сага сыйынабыз - ибадатта Сени гана жалгыздайбыз - жана Сенден гана жардам сурайбыз - махлуктардан эмес, бир гана жалгыз Өзүндөн гана жардам сурайбыз”.  ибадаттан сон, “жардам суроо” айттылды. Негизинен бул да, ибадатка кирет. Мунун себеби, пенде бардык ибадаттарда Аллахтан жардам суроого муктаж. Анткени Аллах Өзү жардам бербесе, пенде өзү каалаган Аллахтын буюруктарын аткарууну, кайтарганынан тыйылууну орундай албайт. Демек, биринчиси ширктен, экинчиси өзүнүн күч-кубатынан кол үзү. Диндин максаты болсо, ибадат жана истиананын үстүнө курулгандыгы айтып турат. Аллахтын ибадаттын ишке ашыруу жана Андан жардам суроо түбөлүк бактылуулукка жетишүүнүн жана бардык жамандыктардан кутулуунун негизги себептеринен болот. Кутулуу жолунун негизги себеби, бир гана ушул экөөсүн ишке ашырып орундоо аркылуу болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Дин-бир гана жалгыз Аллахка ибадат кылуу жана бир гана Андан жардам суроо дегенди түшүндүрөт--Ал-Фатава: 11/524. Ибадат болсо, Анын Улухиянын талаптарынан болот, истиьана болсо, Анын Рубубиясынан талаптарынан болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Сага гана ибадат кылабыз”. Аллахтын Улухиясы талап кылган сүйүү, коркуу, үмүт, буюрук жана тыйыуулар менен ибадат кылуунун белгиси. “Сенден гана жардам сурайбыз” болсо Анын Рубубиясы талап кылган тобокел кылуу, таянуу жана моюн сунуунун ишара-белгиси болот”--Ал-Фатава: 1/89. Жардам суроо, келечектеги иштерге байланыштуу болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Истиьана жана тобокел бир гана келечектеги иштерге байланыштуу болот. Бирок, болуп өткөн иштерге бир гана сабр, моюн сунуу жана ыраазылык менен ылайык болуп калат”--Ал-Фатава: 13/321.

Ага жетишүүнүн жолу

Жардам суроо улуу ибадат. Ушул ибадатта жардам боло турган нерсе - “Лаа хавла ва ла куввата илла биЛлях” деген сөзү. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Лаа хавла ва ла куввата илла биЛлях” деп айтуу, жардам алып келет. Ошондуктан Пайгамбар ﷺ азанчы, “Хайя алас-солах” деген убакта аны уккан киши “Лаа хавла ва ла куввата илла биЛлях”-деп айтууну сунна кылган--Муттафакун алайхи, Бухарий:588, Муслим: №385 Умар ибн Хаттоб андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Жана айтты: “Ушул сөз - “Лаа хавла ва ла куввата илла биЛлях” истиьана (жардам суроо) сөзү. Мусибат баштарына түшкөндө айтыла турган истиржаь (маани бербей көп кайталап айта турган) сөз эмес. Көпчүлүк адамдар аны мусибат башка түшкөндө истиржаь ордунда айтышып, бул сөздөрдү сабыр менен эмес, жазаь (ох, вох) менен айтышат”--Ал-Фатава: 10/686. Дуалар арасында эн көп пайдалуу болгону, ибадатта жардам суроо. Ибн Кайим رحمه الله айтты: Шейхул-Ислам رحمه الله айткан эле - “Эн пайдалуу дуаны ойлоп көрсөм, ал Аллахтан, Анын ыраазылыгына жеткире турган иштерде жардам суроо экен, кийин ушул дуаны “Фатиха” сурасында “жалгыз Сага сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз” аятында экенин көрдүм”--Мадарижус-Саликиин: 1/78. Аллахтан жардам суроо менен калайык - калктардан жардам суроодон муктажсыз болосун. Пенденин муктаждыгынын толук туу чокусу, Роббисине байланышып, Андан жардам суроосу болот. Ким Аллахтан жардам суроону таштаса, жана башкалардан жардам суроого өтсө, Аллах аны жардам сураган адамдарына таштап койот жана ошону менен бирге, ошол пенде кордукка дуушар болот. Пайгамбарлар ﷺ өз коомдорун жалгыз Аллахтан жардам суроого буюрган. Аллах Тааля айтты:

قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ اسْتَعِينُوا بِاللَّهِ وَاصْبِرُوا

Муса коомуна (насаат айтып, мындай) деди: “Аллахтан жардам сурагыла жана сабыр кылгыла. Сура аль-Араф: 128.

“Хадисте...” имам Тирмизий кабар берген ушул хадисте, Аллахтын элчиси ﷺ Аллахтын Өзүнөн гана жардам суроого буюруп айткан: “Аллахтан гана жардам сура”--Сунанут-Тирмизий: №2516. Ибн Дакик ал - Ийд  رحمه الله айтты “Башка бирөөдөн жардам талап кылуу менен жүрөгү, кыял - үмүтү Аллах Таалядан башкага таянуусунун өлчөмүнө карай, Роббисинен жүзүн буруп, өзүнө пайда, зыян бере албаган пендеге карап бурат. Аллахтан башкадан коркуу да, кудум дал ушундай болот”--Шархул-арбаьийн ан-нававия: 122-бет.

Махлуктан жардам суроо

Тирүү махлуктардан (пендеден) ал кадыр боло турган иштерде жардам суроонун эч кандай зыяны жок. Эгер жакшылык иштерде болсо, ихсан (жакшылык) болот. Аллах Тааля айтты:

وَتَعَاوَنُوا عَلَى الْبِرِّ وَالتَّقْوَىٰ ۖ وَلَا تَعَاوَنُوا عَلَى الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ

Жакшылык жана такыба иштерде бири-биринерге жардам бергиле. Душманчылык жана күнөө иштерде бири-биринерге жардам бербегиле. Сура ал-Маида: 2

Бирок өлүктөрдөн жардам суроо же тирүүлөрдөн алар кадыр болбой турган (колдорунан келбей турган) иштерде жардам суроо ширк болот. Пенде алсыз, ал Роббисинин жардамына муктажсыз боло албайт. Ким талапты ишке ашырууда аракет кылса, албетте Аллахтан жардам суроосу, Ага тобокел кылуусу жана Ага муктаждыгын көрсөтүүсү лаазым. Аллахтын пенделерине өтө чон пазилет ырайымы, кайсы бир пенде Ага байланса, Аллах ага жардам берет. Истиьана улуу ибадат, пенде аны орундоодо алсыздыкка жол бербөөсү лаазым.

Жыйырма бешинчи матн
Инабаттын далили болсо, Анын Сөзүнөн: Роббинерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообанар кабыл болбой) калганына чейин Өзүнө гана (ихлас менен) моюн сунуп калгыла! Сура аз-Зумар: 54

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Инабат ибадат Инаба (чыныгы тооба кылып кайтуу)

Инаба - Жүрөктүн Аллахка тооба менен кайтуусу, Ага карай багытталуусу аркылуу, пенде ал себептүү ажр - соопко жетише турган эн улуу ибадат болуп саналат. Инабат - Аллахка кайтуу, Анын түпкү негизи жүрөктүн жакшы көргөнүнө болгон сүйүүсү жана Ага моюн сунуп, кичи пейил болуусу керек. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Инабат - жүрөктүн улуу Аллах Тааля менен болгон алек болуусу керек. Бул кудум пенденин мечитте эьтикаф менен алек болуп, андан чыкпоосуна окшош. Мунун акыйкаты - жүрөк Анын сүйүүсүнө байланып, Аны улуулоо жана эстөө менен алек болуусу, мүчөлөр болсо, Ага ихластын негизинде баш ийип, Пайгамбарын ﷺ ээрчүү  менен алек болуусун түшүндүрөт”--Ал-Фаваид: 341

Инабат менен тооба ортосундагы айырма

Инабат өзү негизи тооба маанисинде, бирок айырмасы ал тообадан бийигирээк. Анткени тооба күнөөдөн тыйылып, ага кайтпоого чечкиндүү болуп, өткөн күнөөлөргө өкүнүү болот. Эгер пенде өзү жасап жаткан ибадаттарды улантса, ал тооба кылуучу болот. Эгер тооба кылгандан кийин, Куран окуу, садака берүү сыяктуу амалдарда алдыга чыкса, Аллахка кылган инабат болот. Мисалы бир киши уурулугу себептүү тооба кылса, ошол жасаган күнөөсүнө тооба кылган болот. Эгер ушул тообасынан кийин истигфор, зикр жана ушул сыяктуу иштерде алдыга чыкса, инабат (чыныгы тооба) кылган болуп эсептелет. Демек, инабат тооба жана ибадаттар менен Аллахка жүздөнүүгө далаалат кылат. Автор инабатты баяндоо менен чектелип, тообаны ибадат түрлөрүнүн ичинде баяндабады. Анткени ибадаттын инабаттагы сүрөтү, тообадагы сүрөтүнөн көрө ачык-айкыныраак. Анткени пенденин ибадаты көбөйүп, даражасы көтөрүлүп, алдыга чыккандыгы себептүү болот. Жана ибадат тообадан көрө жалпыраак. Аллахка инабат кылуучу, Анын ыраазылыгына шашылуучу жана бардык убакытта Аллахка кайтуучу, Ал жакшы көргөн иштерге шашылчу киши болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Аллахтын олуяларынын инабаты, Анын илахиятына пенделик жана сүйүү менен инабат кылуулары себеп болот. Ал 4-ишти өз ичине камтыйт: Анын сүйүүсүнү, Ага баш ийип, амалдар менен алдыга чыгууну, Андан башкадан жүз бурууну кылат. Демек, Аллахка инабат кылуучу, Анын ыраазылыгына шашылуучу, бардык убакытта Ага кайтуучу, Ал жакшы көргөн иштерде шашылчу киши болот. Анткени инабат сөзү шашылуу, кайтуу жана умтулуу маанилерин өз ичине камтыган болот.

Инабат пайгамбарлар адатынан

Аллахка инабат кылуу пайгамбарлардын жана элчилердин алайхим салам адаттары. Субхану ва Тааля Давуд алайхи салам тууралуу айтты:

وَظَنَّ دَاوُودُ أَنَّمَا فَتَنَّاهُ فَاسْتَغْفَرَ رَبَّهُ وَخَرَّ رَاكِعًا وَأَنَابَ

Жана ошондо Давуд Биз аны сынап жатканыбызды билип калды дагы, Роббисинен кечирим сурап, рукуь, тооба кылган абалда (сажда кылып) боюн жерге таштады.  Сура Сад: 24

Сулайман алайхи салам тууралуу айтты:

وَلَقَدْ فَتَنَّا سُلَيْمَانَ وَأَلْقَيْنَا عَلَىٰ كُرْسِيِّهِ جَسَدًا ثُمَّ أَنَابَ

Биз Сулайманга сыноо түшүрдүк жана тактысына бир денени таштап койдук. Кийин ал тооба кылды.  Сура Сад: 34

Шуйьб алайхи салам тууралуу айтты:

وَمَا تَوْفِيقِي إِلَّا بِاللَّهِ ۚ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَإِلَيْهِ أُنِيبُ

Максатка жетүүмө Аллах гана жардам берет. Ошондуктан Өзүнө моюн сунуп, Өзүнө гана тобокел кыламын. Сура Худ: 88

Аллах Тааля пайгамбары Иброхим алайхи салам Өзүнө инабаткөй болгондугун жана бардык иштерде, Ага гана кайтуучу болгонун айтып мактады:

إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَحَلِيمٌ أَوَّاهٌ مُنِيبٌ

Чынында Иброхим пейили жумшак, Аллахка өтө берилген ибадаткөй киши эле. Сура Худ:75Бейиш сүйүнчүсү инабат ээлерине. Аллах Тааля айтты:

وَالَّذِينَ اجْتَنَبُوا الطَّاغُوتَ أَنْ يَعْبُدُوهَا وَأَنَابُوا إِلَى اللَّهِ لَهُمُ الْبُشْرَىٰ ۚ فَبَشِّرْ عِبَادِ

Ал эми ким тогутка ибадат кылбай, Аллахтын  Өзүнө (ибадат кылуу менен) кайткан адамдарга сүйүнчүлөр бар! Эми Менин (ошол) пенделериме кубанычтуу кабар бер! Сура аз-Зумар: 17

Роббисине инабат кылуучу киши гана, аяттардан ибрат алат, насааттан таасирленет. Аллах Тааля айтты:

تَبْصِرَةً وَذِكْرَىٰ لِكُلِّ عَبْدٍ مُنِيبٍ

(Аллахка) кайтуучу ар бир пенде үчүн, эскерме жана сабак болсун. Сура Каф: 8Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Эгер пенде Роббисине инабат кылса. (чыныгы тооба менен кайтса) аят (белги) жана ибрат орундарын көрө билет жана аларды эмнеге белги болсо, ошого далил кылат--Мадарижус-Саликиин: 1/442. Аллахка кайтуу анын азабынан тосот. Аллах Тааля айтты:

وَأَنِيبُوا إِلَىٰ رَبِّكُمْ وَأَسْلِمُوا لَهُ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ

Роббинерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообанар кабыл болбой) калганына чейин, Өзүнө гана (ихлас менен) моюн сунуп калгыла! Сура аз-Зумар:54Бейиш Аллахтан коркуучу жана Ага инабат кылуучу жүрөк ээлерине даярдалган. Аллах Тааля айтты:

وَأُزْلِفَتِ الْجَنَّةُ لِلْمُتَّقِينَ غَيْرَ بَعِيدٍهَٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِكُلِّ أَوَّابٍ حَفِيظٍمَنْ خَشِيَ الرَّحْمَٰنَ بِالْغَيْبِ وَجَاءَ بِقَلْبٍ مُنِيبٍ

Жана бейиш такыба кишилерге алыс эмес (жерге) алып келинет (жана айтылат): “Ушул силерге-ар бир (Аллахка) берилген жана (Анын өкүмдөрүн) сактап жүрүүчүлөргө, (жана) кайыптагы Рахмандан корккон, (Роббисине) тооба кылуучу жүрөк менен келген адамдарга убада кылынган нерсе” Сура Каф: 31-33.

Аллах Тааля бардык калайык - калктарды Өзүнө инабат кылуу жана кайтууга буюрду. Аллах Тааля айтты:

مُنِيبِينَ إِلَيْهِ وَاتَّقُوهُ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَلَا تَكُونُوا مِنَ الْمُشْرِكِينَ

Ага (тооба менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула! Сура ар-Рум:31

Тобокелдин орду инабат ордунан алдын ордун ээлейт. Анткени пенде ага жетишүүдө тобокел кылат. Демек, тобокел себеп, инабат болсо максат. Инабат пенденин эки дүйнө бактылуулугуна жетишүү себептеринен саналат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Пенде бир гана Роббисинин ибадаты үчүн жаратылган. Анын ондоолуусу, толуктугу жана кубанычы Роббисине ибадат кылуу жана Ага инабат (чыныгы тооба менен кайтуусунда болот--Ал-Фатава: 14/32. Инабат (тообага кайтуу) Аллахтын алдында жогорку орунда болгону себебинен, мындан шайтан пендени тосууга аракеттенет. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Пенде Роббисине чыныгы тооба менен кайтууну, Ага жакын болууну көздөп, Ага байланышса, шайтан анын жолуна көп көндөлөн болот--Ал-Фатава: 7/281.

Пенделердин инабаттагы айырмачылыктары

Инабат - пенделер үчүн түрдүүчө боло турган денгээл ибадат. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Адамдар инабатта (тообада) бир нече даражаларда айырмаланат. Айрымдары күнөөлөрдөн кайтуу менен Аллахка инабат кылуучулары болот. Кээ бирлери ар түрдүү ибадаттары менен Аллахка чыныгы тооба кылгандар. Кээ бирлер Аллахка баш ийип, дуа кылып, Ага муктаждыгын билдирип, умтулуп, бардык муктаждыктарды Андан сурануу менен инабат кылгандар болот--Тарикул-Хижратайн: 292-бет. Фитрат (таза, тубаса табиат) инабатка багыттайт. Фитрат Аллахка моюн сунуу жана Ага инабат кылууну өз ичине камтыйт”--Ал-Фатава: 2/6.Инабаттын далили болсо, Анын Сөзүнөн: Роббинерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообанар кабыл болбой) калганына чейин Өзүнө гана (ихлас менен) моюн сунуп калгыла! Сура аз-Зумар: 54“Инабаттын далили болсо…”, Инабат Аллах Тааля пенделерге буюрган улуу ибадат экенине далил...Анын Сөзүнөн: Роббинерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообанар кабыл болбой) калганына чейин Өзүнө гана (ихлас менен) моюн сунуп калгыла! Сура аз-Зумар: 54. Инабаттын ибадат экени жана Аллах аны Шарият жана диний тараптан жакшы көрүүсү ачык-айкын болуп турат. Аны Аллахтан башкага арноо ширк болуп саналат.

Биринчи матн кыргызча котормо
شيخ صالح الفوزان

Шейх Солих аль-Фаузан хафизахуЛлоху:

Шарх

Китептин автору رحمه الله айткан: «БИЛГИН АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ САГА БОЛСУН…».

Шейхтин сөзү: «БИЛГИН…», дегени өзгөчө көңүл буруу ээрчишин көрсөтүп жатат. Эгерде автор айтса: ″БИЛГИН…″, деп, анда бул маанилүү иш болуп жаткандыгын  кабарлап жатат. Ошондуктан бул сөз өзгөчө көңүл буруп ээрчүүнү көрсөтүп жатат.

Шейхтин сөзү: «…АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ САГА БОЛСУН» -  дегени бул илим алуучу үчүн болгон дуа. Илим алуучулар Аллахтын ырайымына болушу үчүн шейх дуа кылып жатат. Бул жердеги мугалимдин сөзү окуучусуна болгон сылыктыгы көрүнүп турат. Окуучу таасир алышы үчүн жана мугалимге жакын болушу үчүн, мугалим  жакшы сөздөрдөн жана туура дуа менен баштап жаткандыгы анык болуп турат. Эгерде мугалимдин сөздөрү орой жана анык-так эмес болсо, анда окуучуну коркуу абалына салып коёт.

Мугалим, жана кимде-ким Аллахка чакырык кылса жана ошондой эле жакшылыкка чакырып жана жаманчылыктан кайтарып жаткан болсо, алардын кылган кайрылуусу сылыкчылыгы менен алар үчүн Аллахтан сурап калуу, аларды мактап жана жумшак мамиле кылуулары алардын үстүнөн милдеттендирүү болот. Буга эн чон даават-чакырыгы кабылдоосу себеп болот.

Эми көк жана текебер адамдарды алып көрсөк, аларга болгон кайрылуу мамилелери башкачараак болот. Аллах Тааля айтты: «Алардын заалымдарынан башка китеп ээлери менен жакшы абалда гана талашып -тартышкыла. Жана:"Биз өзүбүзгө түшүрүлгөнгө да, силерге түшүрүлгөнгө да ишенебиз биздин Кудай да, силердин да Кудай бир. Биз Ага мойун сунгандарданбыз"». Сура аль-’Анкабут, аят 46.

Китеп ээлери заалымдарынан болгон өзүнүн көктүгүн жана текебердигин көрсөтүп         жаткандыгы айынан аларга жакшы абалда кайрылуу мамиле кылынбайт, аларга болгон мамилен ушундай болушу керек дейсин сенин кайрылуу мамилен катуу кол болушу керек. Аллах Тааля айтты: «Эй Пайгамбар! Каапырлар жана мунафыктар менен курөш Аларга катаал мамиле кыл. Алардын кайтып келээр жайы тозок. Ал кандай жаман орун!». Сура атТауба, аят 73.

Мунафыктарга каршы курал менен согуш кылынбайт. Аларды токтотуу жана элден сактап кайтаруу үчүн аларга каршы жеткизүү жана жокко чыгаруу далили менен согуш кылынат.

Аллах Тааля мунафыктар тууралуу айтты: «Насаат кылып, таасирдүү  далилдүү сөз айт». Сура ан-Ниса, аят 63.

Ошондуктан, көк жана текебер адамдарга өзгөчө кайрылуу кылынат. Алар акыйкатты каалашпайт, алар элди адаштурууну каалашат. Ошол себептен, аларга катуу кол кайрылуу мамиле татыктуулукта болот.

Эми акыйкатты издеген студентти алып көрсөк, ага жумшактык, ырайымдык, сылыктык менен кайрылуу мамиле кылынат, анткени ал илим алууга жана пайда алууга акыйкатты каалап жатат.

Шейх Аллахтан сага ырайым болушуна сурады. Эгерде Аллах Таалянын сага ырайымдуулугу болсо, анда сен бул дүйнө турмушта жана ахиретте бактылуу болосун. Бул эн чон аалымдын жана солих пенденин дуасы, ошондуктан бул үмүт-тилек кабыл болот.

Китептин автор айтты, رحمه الله : «(БИЛГИН, АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ САГА БОЛСУН), БИЗГЕ 4-МАСЕЛЕНИ ОКУП ҮЙРӨНҮҮ ВАЖИБ БОЛУП ЖАТАТ...».

Шейхтин «…важиб…» деген сөзү сунуш-макталуу амал эместигин айтып турат. Ал болгону ар бирине эч кимге карабастан сөссүз амал болуш керектигин айтып турат.

Эгерде маселелерди окуп үйрөнүүнү  таштап койсок, анда биз күнөөгө батабыз, ошону үчүн аларды окуп үйрөнүү сөссүз амал болуш керек. Акыры, шейх: ″…сунуш-мактама деп, же окуп-үйрөнүш керек эле…″, же: ″…эгерде биз жакшы үйрөнө алсак, жакшы болот эле…″ деген жокта. Жок, ал: ″…бизге окуп үйрөнүү важиб болуп жатат…″деди. Кимде-ким важибти таштаса, анда ал күнөөгө батат. Илимди алууга окуп үйрөнүүсүз - мүмкүн эмес, эми окуп үйрөнүүсү болсо, аракетке, убакытка жана камкордукка муктаж болот. Окуп үйрөнүп алыш (илимди) үчүн түшүнүккө жана жүрөктүн катышуучулугунда муктаж болот.

Биринчи матн
الشيخ محمد بن صالح العثيمين رحمه الله

шейх Мухаммад Бин Солих ал-Усеймин رحمه الله :

Илим жана аныктоо-түшүндүрмө даражалары

(БИЛГИН) Илим дегени бир нерсенин үстүнөн акыйкат түшүнүктө болууда жана ошонун үстүнөн шек күмөн орун жоктугунда маанисин камтыйт.

6 аныктоо-түшүндүрмө даражалары бар:

Илим же бир нерсенин үстүнөн акыйкат түшүнүктө болуусунда жана ошонун үстүнөн шек күмөн орундугу жок.

жөнөкөй сабатсыздык же чийки толук эмес түшүнүк.

такыр сабатсыздык, бир нерсенин үстүнөн түшүнүгү реалдуулукка жооп бербейт.

баамдоо, бир нерсенин үстүнөн болгон түшүнүк денгээли, ашык болгон ыктымалга жооп бербей карама-каршы анык болот.

шек күмөн, бир нерсенин үстүнөн жооп бере тургандай түшүнүк денгээл, ашык болгон ыктымалга такыр карама-каршы болот.

божомол, бир нерсенин үстүнөн ушундай түшүнүк денгээл, ал бираз ыктымалга карама каршы болот.

Илим 2-түргө бөлүнөт: зарыл-керектүү жана назариялык-теория.

Арабчасы

Зарыл-керектүү илими бул бир несенин үстүнөн түшүнүүчүлүк мажбур болот жана анын үстүнөн карап чыгуу, ойлоо эч талап кылбайт буга мисал от-жалын ысык болуп жаткандыгы илим айтып турат.

Назариялык теория илими болсо, карап чыгуу терен ойлоо талапты мажбур кылат буга мисал даарат аларда анык ниэт сөссүз кармануу илим айтып турат.

(АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ САГА БОЛСУН) тагыраак айтканда: Ал Ырайымын сага жайсын ошол аркылуу сен койгон максатына жетише алгандай жана балээден сак болгондой тилек. Бул дегени: Аллах сенин мурунку күнөөлөрүндү кечирсин жана сага жакшылык-жардам болсун жана ошолордон сактасын. Бул бүт баары ырайымдуулука боюнча кеп эми кечирүү менен бирге болсо, анда мурунку күнөөлөрүндү кечирсин    боюнча кеп болот. Ырайым ал жакшылык менен бирге күнөөлөрдөн сак болууну куткарат.

Бул автордун сөзү, رحمه الله анын болгон кам көрүшү жана кимге кайрылып жаткандыгынын мамилесинин кайрымдуулугу жана жакшылыкка жетишүүсүнүн  умтулуусу (бизди) күбө кылат.

(4-МАСЕЛЕ)

Автор, رحمه الله  маселелерди динге тиэшеси бар экендиги жана аларга катуу кунт коюп көнүл буруу себеби дегенде ал чон пайданы берет.