July 15, 2020

Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясынын билдирүүсү

Урматтуу мекендештер!

Жалпыга маалым болгондой, 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтмөй болду. Бирок, айрым саясатчылар ал шайлоону белгисиз мөөнөткө, келээрки жаз же жай айларына жылдырууну талап кылышууда. Алар кимдер? Алар – негизинен учурдагы Жогорку Кеңештин депутаттары. Биз, аграрчылар, эл өкулдөрунүн шайлоону жылдырууга эмне үчүн аракет кылып жаткан себептерин талдап чыктык. Ал себептер боюнча өз позициябызды билдирүүнү чечтик.

Биринчиден, өлкөнү соңку беш жылда туңгуюкка кептеп, ал эми башыбыздан өткөрүп жаткан апаатка биринчи кезекте өздөрү күнөөлүү экенин туюшуп, эгер шайлоо күзүндө өтө турган болсо толук жеңилүүгө дуушар болоорун таамай тушунушкөн эл өкулдөрү убакытты созууга жандалбас уруп киришти. Алардын алысты көздөгөн ойлорунда, «балким, келээрки жылы башкача кырдаал жаралып, шайлоодо ат салышууга кандайдыр бир жаңы мумкүнчүлүктөр ачылаар?» - деген кыял-үмүттөр бар экенин баамдоого болот.

Экинчиден, эгер шайлоо жылдырылса, анда депутаттардын мыйзамды бурмалап, дагы жарым-бир жыл азыркы Жогорку Кеңештин мөөнөтүн узартып, өз укуктарын сактап, эч нерсеге жооп бербеген көнүмүш «жыргалбай» жашоосун уланта берүүнү көздөп жатышканы белгилүү болуп турат.

Үчүнчүдөн, эгер депутаттар мыйзамды бурмалай алышпаса, анда президент Сооронбай Жээнбековго кошомат жасашып, «мына, Жогорку Кеңештин бардык укугун жарым-бир жыл сизге бердик, каалашыңызча колдонуңуз!» - дешип, ал эми акысына өздөрүнө кызмат, наам ж.б. дайыма самап келген сый-ургалдарды сурап алууга далалат жасашаары айдан-ачык. Биз, аграрчылар, жарым-бир жыл болсо да президенттин бийликти узурпациялап алышына каршыбыз.

Урматтуу мекендештер! Эл өкүлдөрүнөн айырмаланып, кыргыз коомчулугу куздөгү парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча конструктивдүү сунуштарды айтып келуудө. Алар – шайлоого кете турган чыгымдарды азайтуу, партиялардын агитациялык ишинде карантиндин эрежелерин бекем сактоо, учурдагы дараметсиз, өз элине көптөгөн кастык иш жасаган парламенттен мөөнөтүндө кутулуп, ордуна таза, кесипкөй, мекенчил адамдардан турган Жогорку Кеңештин жаңы курамын шайлоо жана азыркы чабал өкмөттү кетирип, күчтүү өкмөттү учурунда түзүү.

Урматтуу мекендештер! Биз, аграрчылар, эл өкүлдөрүнүн парламенттик шайлоону жылдыруу талаптарына каршыбыз! Ошондой эле, ал шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүүнү жактап жатышкан коомчулукту колдойбуз!

Аткаруу комитетинин мучөлөрү:

Болоткан Кумаров, Эсенкул Алиев, Бекболот Талгарбеков, Шамил Усубалиев, Нурзаада Мурзамуратова, Сапарали Аскаров, Кубанычбек Данышманов, Жумабек Жаилов, Калил Жумабаев, Иманберди Жумалиев, Тамара Жумашева, Зарылбек Итибаев, Качкынбай Кадыркулов, Эркин Калыбеков, Кубанычбек Кулов, Асанбек Мырзабеков, Акылбек Ракаев, Бердибек Самудинов, Жумадил Турдубеков, Ариф Халилов.

Бишкек ш.

15 июль 2020 ж.