July 21, 2020

Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы

Камчыбек Кыдыршаевич! Суук кабарды угуп, Каныбек агаңыз мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу, сизге, маркумдун үй-бүлөсу менен туугандарына көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Сабырдуулук жана кайрат тилейбиз, сиздерге Жараткан ден-соолук берсин!

Арты кайрылуу болсун, Алла-таалам бейиштен орун берсин! Жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун! Жайы жаннаттан болсун!

Ушундай оор учурда, кайгылуу мезгилде биз сиздер менен биргебиз.

Болоткан Кумаров, Эсенгул Алиев, Тойгонбек Калматов, Бекболот Талгарбеков, Шамил Усубалиев, Нурзаада Мурзамуратова, Таалай Алибаев, Сапарали Аскаров, Кубанычбек Данышманов, Жумабек Жаилов, Калил Жумабаев, Иманберди Жумалиев, Тамара Жумашева, Качкынбай Кадыркулов, Эркин Калыбеков, Кубанычбек Кулов, Асанбек Мырзабеков, Акылбек Ракаев, Бердибек Самудинов, Жумадил Турдубеков, Ариф Халилов.