July 20, 2020

Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы

Бүгүн 20-июлда 57 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясынын аткаруу комитетинин мүчөсу Итибаев Зарылбек Сагындыкович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Зарылбек Сагындыкович 1963-жылдын 20-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында туулган.
1983-1989-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунун “Автомобиль транспорттун эксплуатациялоо” адистигин аяктаган, 1993-1996-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин “Юриспруденция” адистигин аяктаган.
2009-жылдан 2019-жылдын 18-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин жетектеп келген.
Зарылбек Сагындыкович ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
Зарылбек Сагындыкович өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Кечээ эле партиялаштар менен чогуу жүрүп, көп пландар түзүлүп жатты эле, ошол үчүн бүгүн жоктоп калышыбыз баарыбыздын жүрөктү оорутту. Мыкты замандашыбыз эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат.
Артында калган туугандарына, жубайына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун, кудай бейишинен орун берсин. Абдан жакшы инсан эле, кош бол эми Зарылбек Сагындыкович.

Болоткан Кумаров, Эсенкул Алиев, Бекболот Талгарбеков, Сапарали Аскаров, Кубанычбек Данышманов, Жумабек Жаилов, Калил Жумабаев, Тамара Жумашева, Качкынбай Кадыркулов, Эркин Калыбеков, Кубанычбек Кулов, Асанбек Мырзабеков, Акылбек Ракаев, Бердибек Самудинов, Жумадил Турдубеков, Шамил Усубалиев, Ариф Халилов.