July 13, 2020

Урматтуу мекендештер!!!

Агрардык партия мамлекеттик официалдуу каттоодон 1993-ж. 26-ноябрда өтүп, 1999- жылдын 1-январында партиянын катары баардык облусттардын аймактык бөлүмдөрүн кошкондо 8107 мүчөсү менен толукталган.

Агрардык партия дыйкандардын кызыкчылыгын көздөйт жана коргойт, агрардык реформаны ишке ашырууну, рынокту арзан азык-түлүк менен толтурууну максат кылган партия. Агрардык партиянын Уставына ылайык төмөндөгүдөй милдеттери бар: – жеке чарбаларды, коллективдүү чарбалардын эмгекчилерин, фермерлерди, арендаторлорду, заводтун жумушчуларын, токойчуларды, суучуларды, айылдык мугалимдер, маданият ишмерлерин жана партиянын планын ишке ашырууну каалагандардын бардыгын өз катарына тартуу; – мамлекеттик уюмдардын кароосуна зарыл болгон сунуштарды киргизүү; – айылдын кызыкчылыгы үчүн мыйзамдын чегинде ар түрдүү коомдук-саясий иш-чараларды өткөрүү; – агрардык реформанын ишке ашырылышына көмөктөшүү жана ал процесстин иреттүүлүгүнө жетишүү.

Партия 2001- жылы 6- июлда кайрадан каттоодон өткөн, анын төрагасы болуп партия түзүлгөндөн тарта Ысык- Көл облусундагы Балыкчы районундагы “Улахол” совхозунун тургуну, 1934- жылы туулган ЭСЕНГУЛ АЛИЕВ жетектеп келген.

Э.Алиев 1956-ж. Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүткөн. Тоң районундагы «Улакол» совхозунда ветврач, андан кийин Жумгал, Кочкор райондорундагы чарбаларда жетекчи кызматтарда, 1972-жылдан баштап Кыргызстан айыл чарба министрлигинин Совхоздор боюнча Башкы башкармасынын жетекчиси болуп иштеген.

1974-жылдан баштап Кыргызстан КП Ысык-Көл райкомунун 1-катчысы, 1980— 84-ж.ж. - Ысык-Көл жана Нарын облустук Эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1988-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Элдик көзөмөлдөө комитетинин төрагасынын 1-орун басары, партиянын БК-нин партиялык текшерүү комитетинин төрагасы, 1994-1997 жылдары - Кыргыз Республикасынын Улуттук жер фондусунун башкы директору кызматын аркалаган.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975—90). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.КР-нын Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер.

Өлкөбүз кыйын кырдаалды башынан өткөрүп жаткан убакта, партияны башкарууга мага ишенчилик көрсөткөн үчүн АЛИЕВ ЭСЕНГУЛ АЛИЕВИЧке жана партиянын аткаруу комитетине өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирип, болгон күч аракетти жумшап, мага көрсөтүшкөн ишенчиликти актап, алар баштаган айыл- чарба реформаларын ишке ашырууга бүткүл аракетимди жумшайм деп ишендирем.

Эсенгул Алиевич насаатчыбыз катары,бүткүл күч аракети менен саясий партиянын кеңешчиси катары бизге акыл- кеңештерин айтып турмакчы.

Б.Кумаров