Кыргызстандын жарандары үчүн KYC верификациялоо
Жеке кабинетке киргенден кийин жогору жакта “KYC өтүү” сары талаасы пайда болот
Верификациялоо жол-жобосу кабинеттин бардык функцияларына жетүү мүмкүндүгүн алуу үчүн керек. “KYC өтүү” талаасына баскандан кийин төмөндөгү терезе ачылат
Көңүл буруңуз! Веб-виджеттин жардамы менен верификациялоодон өтүү ыкмасын тандоо керек
Веб-виджеттин жардамы менен KYC өтүү тандалгандан кийин Сизде төмөндө берилген терезе ачылат, анда нускама менен таанышып, андан ары «верификацияны баштоо» («начать верификацию») дегенди басыш керек
Кийинки кадамда өз өлкөңүздү, сиздин учурда Кыргызстанды жана өздүгүн ырастаган документтин түрүн тандайбыз
Сиз үчүн ыңгайлуу документти тандагандан кийин улантуу үчүн экрандын оң бөлүгүндөгү жебени басуу керек (Сиз тандаган документтин каршысында)
Кыргызстандын жараны үчүн негизги документ:
1-сүрөт. Кыргызстан жаранынын паспорту (рис.1)
2-сүрөт. Кыргызстан жаранынын айдоочулук күбөлүгү (рис.2)
Андан ары «сүрөткө тартуу» талаасын басуу керек, же Сиздин галереядан даяр сүрөттү тандасаңыз болот. Ушундан кийин «кийинки кадамды» басабыз
Жарактуу документтин даана, түстүү фотосүрөтүн жүктөө керек. Документтин бардык бурчтары кадрга кириши керек. Редакторлорду пайдаланууга, көчүрмөнүн өлчөмүн өзгөртүүгө жана экрандан сүрөткө тартууга (Скрин) – тыюу салынган. Эгерде Сиз документтин сүрөтүн тартып, аны мессенджерлердин жардамы менен башка түзүлүшкө жөнөтсөңүз, анда сүрөттү файл катары жөнөтүүнү тандаңыз
Бул терезеде ФАА, туулган күнү, жарандыгы жана ал боюнча верификациялоо өтүп жаткан документтин мөөнөтүнүн аяктоо күнү деген стандарттуу талааларын толтуруу керек. Ушундан кийин «кийинки кадамды» басабыз
Кийинки этапта кеңири нускама менен терезе пайда болот, аны менен жакшылап таанышыңыз. Андан ары «кийинки кадамды» басуу керек
Кийинки этапта өзүн видеого тартуу үчүн терезе пайда болот. «Видеожазууну баштоо» баскычынын жардамы менен видео жазууга киришиңиз
Андан ары Сиз жашаган жериңизди ырасташыңыз керек. Бул талаада катталган даректи киргизебиз, ал документ менен ырасталат, аны Сиз төмөн жакта «Документти жүктөө» талаасында тиркейсиз. Бардык этаптарды толтургандан кийин «кийинки кадамды» басабыз
Андан ары катталган жерин же жашаган жерин ырастоочу документтин түстүү фотосун тиркөө керек. Бул документте сиздин ФАА жана дарегиңиз көрсөтүлөт
Даректи ырастоо үчүн ылайыктуу:
- Паспорт
- Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн квитанция (электрге, телефонго, газга, сууга же интернетке эсеп), төлөө жөнүндө чектер эмес, эсептер гана
- Банк көчүрмөсү (жеткиликтүү калдык жөнүндө)
- Мамлекеттик реестрден көчүрмө
Банк көчүрмөсү, квитанция фото түрүндө же pdf-документ форматында жүктөлүшү мүмкүн
Бардык документтерде толук ФАА, ошондой эле толук дарек дал келиши керек! Квитанцияларды, маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү берүү күнү 3 айдан ашык эмес. Экрандын сүрөтү, мобилдик телефон үчүн эсеп, камсыздандыруу көчүрмөлөрү кабыл алынбайт
1-сүрөт. Кыргызстан жаранынын паспорту (рис.1)
2-сүрөт. Мамлекеттик реестрден көчүрмө (рис.2)
Төмөндөгү талаада Сиз бардык этаптарды текшерип, сүрөттөр ак тактарсыз жана даана тартылганын текшерүү зарыл, эгерде бир нерсени алмаштыруу зарыл болсо, анда сол тараптагы төмөнкү бурчта «Башкасын жүктөө» баскычы бар, эгерде сүрөт жайында болсо, анда «Акыркы ырастоого жөнөтүү» дегенди басабыз
Сиздин билдирмеңиз иштелип чыгууда, сураныч, күтө туруңуз. Эгерде Сизде суроолор же кыйынчылыктар жаралса, Сиз дайыма сайтта же жеке кабинетте Кардарлар сервисине кайрылсаңыз болот
Эгерде жеке кабинеттин жогору жагында сары тилке түрүндө KYC өтүүгө суроо-талап жоголуп кетсе, верификация ийгиликтүү өттү. Куттуктайбыз. Кабинеттин бардык функциялары жеткиликтүү!