СҮРӨӨЛӨРДҮН СЫРЛАРЫ
1. «Фатиха» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, Аллах Таала аны бул дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык аруу тилектерине жеткирип, ар кандай балээлерден сактайт. Бул сүрөнү кагазга жазып, аны сууга эзип, суу менен кошо ооруп жаткан адамга ичирсе, ал Аллахтын уруксаты менен шыпаа табат.
2. «Бакара» сүрөсү: Аллах Таала бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адамды ар кандай сыйкырлардан өзү сактайт.
3. «Аль Имран» сүрөсү: Бул сүрөнү үч жолу окуган адам элге болгон карыздарынан кутулуп, күтүлбөгөн жактардан көп мал-мүлккө ээ болот.
4. «Ниса» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган жубайлар ар дайым ынтымакта жашашат.
5. «Маида» сүрөсү: Бул сүрөнү кырк (40) жолу окуган адамдын ырыскысы көбөйөт.
6. «Анаам» сүрөсү: Бул сүрөнү кырк бир (41) жолу окуган адамдын бүтпөй жаткан иштери ийгиликтүү бүтөт.
7. «Аараф» сүрөсү: Бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адам акыреттеги азаптан алыс болот.
8. «Анфал» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адам зындан-түрмөдөн оолак болот.
9. «Тообо» сүрөсү: Бул сүрөнү он жети жолу окуган адам эмнеге муктаж болсо, ошого жетет.
10. «Юнус» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жыйырма бир жолу окуса, Аллах Таала аны душмандарынын жамандыгынан алыс кылат.
11. «Худ» сүрөсү: Ким бул сүрөнү үч жолу окуса, муктаждыгы камсыздалып, деңизге же сууга чөгүп кетүү сыяктуу кырсыктардан алыс болот.
12. «Юсуф» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган адам сагынып күткөнүнө жетет. Бардык жандуу - жансыздардын көзүнө жылуу көрүнөт.
13. «Раад» сүрөсү: Аллах Таала бул сүрөнү окуган адамдын балдарын жин - перилердин (Пери - бул жиндердин бир түрү) жамандыгынан сактайт.
14. «Ибрахим» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала аны душманына үстөм кылат. Ошондой эле Ата-энесин андан ыраазы кылат.
15. «Хижр» сүрөсү: Бул сүрөнү үч жолу окуган адамдын кирешесине Аллах Таала берекесин ыроолойт.
16. «Нахл» сүрөсү: Бул сүрөнү жүз жолу окуган адам душманын жеңет.
17. «Исра» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адам кара ниет адамдардын кызганычынан, ушакчылардын жамандыктарынан алыс болот.
18. «Кахф» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жума күндүн түнү бир жолу окуса, келээрки жумага чейин боло турган кыйынчылыктары жөнгө салынат.
19. «Мариям» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кырк бир жолу окуса, Аллах Таала ага бардар турмуш ыроолойт.
20. «Тоха» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жыйырма бир жолу кызына окуса, кызынын бактысы ачылат.
21. «Анбия» сүрөсү: Бул сүрөнү жетимиш жолу окуган адам күтүүсүздөн боло турган коркунучтардан оолак болот.
22. «Хаж» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, кыямат коркунучунан алыс болот.
23. «Муминуун» сүрөсү: Ким дайыма Муминуун сүрөсүн окуп жүрсө, Аллах Таала ага чын-жүрөктөн тообо кылганды насип кылат.
24. «Нур» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, Аллах Таала анын жүрөгүндөгү ыйманын дайыма бекем кылат.
25. «Фуркан» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адамды Аллах Таала
кас-душмандын жамандыгынан өзү сактайт.
26. «Шуара» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала ага (Тагыраак айтканда Аллахка болгон) аруу сүйүү сезимин ыроолойт.
27. «Намл» сүрөсү: Аллах Таала бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адамды бардык жамандыктардан өзү сактайт.
28. «Касас» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала аны чоң кырсыктардан сактап, душмандардын жамандыгынан алыс кылат.
29. «Анкабут» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кагазга жазып, ошол кагазды сууга эзип суу менен кошо ичсе, Аллах Тааланын уруксаты менен ал адам унутчаактык оорусунан арылып шыпаа табат.
30. «Рум» сүрөсү: Бул сүрөнү бир жолу окуган адам бардык душмандарын жеңип чыгат.
31. «Лукман» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, бардык ооруларынан айыгып шыпаа табат.
32. «Сажда» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кагазга жазып, аны бир идиштин ичине салып, үйгө коюп койсо, ал үйдөн Аллах Тааланын кудурети менен өрт чыкпайт.
33. «Азхаб» сүрөсү: Ким бул сүрөнү күн сайын жети жолу окуса, бардык иштери оңой жөнгө салынат. Ошондой эле эгерде ал адам соода менен алектенсе, соодасы берекелүү болот.
34. «Саба» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жетимиш жолу окуса, чоңдордун алдында чечилишин күткөн иштери чечилип жөнгө салынат.
35. «Фатир» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, ага жин-шайтандар эч качан тие албайт.
36. «Ясин» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жетимиш жолу окуса, бардык муктаждыктары камсыз болот.
37. «Саффат» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала аны жин-шайтандардын жамандыгынан алыс кылат. Ошондой эле адал жолдон таап жаткан кирешесине берекесин ыроолойт.
38. «Саад» сүрөсү: Бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адамды Аллах Таала бардык душмандарынан коргойт.
39. «Зумар» сүрөсү: Ким бул сүрөнү ар дайым окуп жүрсө, ал адам Аллах Тааланын алдында кадыр-барктуу адам болот.
40. «Мумин» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала анын тилегин кабыл кылат.
41. «Фуссилат» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган адам уурулардан алыс болот.
42. «Шууро» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү отуз үч жолу окуса, Аллах Таала аны душмандардан сактайт.
43. «Зухруф» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, жин - шайтандардын азгырыктарынан алыс болот.
44. «Духан» сүрөсү: Ким бул сүрөнү ар дайым окуп жүрсө, эл аны дайыма кадырлап - сыйлап алат.
45. «Жасия» сүрөсү: Ким бул сүрөнү кырк жолу окуса, сапарга чыкканында сапары жеңил болот.
46. «Ахкаф» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жазып, аны сандыктын ичине койсо, Аллах Таала аны ар кандай апаат - балээлерден оолак кылат.
47. «Мухаммад» сүрөсү: Согуш учурунда бул сүрөнү кырк бир жолу окуган кол башчы жеңишке жетет.
48. «Фатх» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кырк бир жолу окуса, Аллах Таала анын ишин жөнгө салат.
49. «Хужурат» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала ага чың ден-соолук берет.
50. «Кааф» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жума күндүн түнү үч жолу окуса, (жубайы боюнда болсо) аман - эсен көз жарат.
51. «Зарият» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү ачарчылык мезгилде жетимиш жолу окуса, Аллах Таала ачарчылыктан аман алып чыгып, бардар турмуш ыроолойт.
52. «Туур» сүрөсү: Ким бул сүрөнү ооруп жаткан адамга окуса, ал Аллахтын уруксаты менен шыпаа табат.
53. «Нажм» сүрөсү: Бул сүрөнү Кимде-ким жыйырма бир жолу окуса, көптөн бери тилеп жүргөн тилеги орундалат.
54. «Камар» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган адам коркуп жүргөн нерселеринен аман болот.
55. «Рахман» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган адам жин - шайтандардын жамандыгынан алыс болот.
56. «Вакиа» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү окуса, көп мал-мүлккө ээ болуп, бай болот.
57. «Хадид» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жетимиш жолу окуса, ар бир иши жеңил болот.
58. «Мужадала» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү бир ууч топуракка окуп, аны душманын көздөй чачып жиберсе, жеңишке жетет.
59. «Хашр» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кандайдыр бир муктаждыгы үчүн окуса, ошол муктаждыгы камсыз болот.
60. «Мумтахина» сүрөсү: Бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адам жүрөгүндөгү жашыруун мунафыктыктын кирлеринен (эки жүздүүлүктөн) арылат.
61. «Сафф» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү үч жолу окуса, душмандарын жеңип чыгат.
62. «Жума» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жубайлардын ортосундагы ынтымагы үчүн окуса, Аллахтын уруксаты менен бул аруу тилек орундалат.
63. «Мунафикуун» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жүз жолу окуса, Аллах Таала анын жашыруун сактап жүргөн нерсесин Өзү сактайт.
64. «Тагаабун» сүрөсү: Бул сүрөнү ким жети жолу окуса, аял кишинин ар кандай жамандыктарынан алыс болот. Ошондой эле ал адамдын ар бир ишин ийгилик коштоп жүрөт.
65. «Талак» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, көрө албаган адамдардын уу тилинен, ушакчылардын өйдө-төмөн сөздөрүнөн алыс болот.
66. «Тахрим» сүрөсү: Бул сүрөнү жубайлардын ынтымагы үчүн окуган адам максатына жетет.
67. «Мүлк» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адам бардык балээлерден аман болот. Ал эми бул сүрөнү күн сайын окуган адам кабыр азабынан алыс болот.
68. «Калам» сүрөсү: Ким бул сүрөнү он жолу окуса, муктаждыгы камсыздалат. Ошондой эле ал адам ар кандай жаман көздөрдөн оолак болот.
69. «Хаккат» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган адам душмандардын жамандыгынан алыс болот.
70. «Маариж» сүрөсү: Ким бул сүрөнү он жолу окуса, Кыямат коркунучунан аман болот.
71. «Нух» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү бир жолу окуса, кас-душманы жок болот.
72. «Жин» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, жиндердин ар кандай жамандыгынан алыс болот.
73. «Муззаммил» сүрөсү: Бул сүрөнү коркуп калган балага окуса, жүрөгү өз калыбына келип, эч нерседен коркпой калат.
74. «Муддассир» сүрөсү: Бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адам шайтандын жамандыктарынан алыс болот.
75. «Кыямат» сүрөсү: Бул сүрөнү ким ар дайым окуп жүрсө, кыямат коркунучунан оолак болот.
76. «Дахр (Инсан)» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, жамандыктардын баарынан алыс болот.
77. «Мурсалат» сүрөсү: Бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адам жалган жалаалардан аман болот.
78. «Наба» сүрөсү: Ким бул сүрөнү асыр намазынан кийин окуса, кабыры нурлуу болот.
79. «Назият» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, көз жумаарда жаны оңой алынат.
80. «Абаса» сүрөсү: Ким бул сүрөнү кандайдыр бир муктаждыгы үчүн окуса, Аллах Тааланын уруксаты менен ошол муктаждыгы орундалат.
81. «Таквир» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган адам бүтүндөй жандуу - жансыздын алдында сүрдүү көрүнүп, сөзү өтүмдүү болот.
82. «Инфитар» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, Аллах Таала ага чын жүрөктөн тообо кылганды насип кылат.
83. «Мутаффифин» сүрөсү: Бул сүрөнү ким жети жолу окуса, соодасы берекелүү болуп, кирешеси көбөйөт.
84. «Иншикак» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кагазга жазып, аны сууга эзип, төрөй турган жубайына ичирсе, толгоосу жеңил болот. Ошондой эле төрөй турган наристеси ыймандуу, жакшы адамдардан болот.
85. «Буруж» сүрөсү: Бул сүрөнү ким жыйырма бир жолу окуса, душмандардын жамандыгынан алыс болот.
86. «Таарик» сүрөсү: Ким бул сүрөнү үч жолу окуса, жиндердин жамандыгынан алыс болот.
87. «Аа лаа» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кагазга жазып, аны бакчасына илип койсо, ал бакчага эч качан зыян келбейт.
88. «Гаашия» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү бел же тиш оорусу үчүн окуса, Аллахтын уруксаты менен бул оорулардан айыгып кетет.
89. «Фажр» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган адам улуулардын каарынан алыс болот.
90. «Балад» сүрөсү: Бул сүрөнү ким окуса, бардык оорулардан алыс болот.
91. «Шамс» сүрөсү: Бул сүрөнү ким жыйырма бир жолу окуса, ар кандай коркунучтардан оолак болот.
92. «Лайл» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адамды эч ким талап - тоной албайт.
93. «Духа» сүрөсү: Ким бул сүрөнү кырк бир жолу окуса, уурдалган буюму кайтарылат.
94. «Инширах» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, буюм - тайымдары берекелүү болот.
95. «Тиин» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жетимиш бир жолу окуса, улуулардын көңүлүнөн түнөк табат.
96. «Алак» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү чоңдордун алдына бараарда окуса, бардык иштери жөнгө салынат.
97. «Кадыр» сүрөсү: Бул сүрөнү Рамазан айында дал ошол «Кадыр түнү» окуган адам түшүндө Азирети Мухаммад Пайгамбарыбызды (ﷺ) көрөт.
98. «Баййина» сүрөсү: Бул сүрөнү ким окуса, душмандардын жамандыктарынан оолак болот.
99. «Зилзала» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган адамдын душманы эмне кылаар айласын таппай калат.
100. «Адият» сүрөсү: Бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адам көз тийүүдөн алыс болот.
101. «Кория» сүрөсү: Ким бул сүрөнү эки адамды жараштыруу үчүн окуса, Аллахтын уруксаты менен алар ынтымакка келишет.
102. «Такаасур» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуса, кабыр азабынан алыс болот.
103. «Аср» сүрөсү: Бул сүрөнү ким жетимиш жолу окуса, көйгөйүнүн баары чечилет.
104. «Хумаза» сүрөсү: Бул сүрөнү ким жыйырма бир жолу окуса, ниети жаман адамдардын жамандыгынан алыс болот.
105. «Фил» сүрөсү: Бул сүрөнү ким шам намазынан кийин эки жүз элүү жолу окуса, кас-душмандары жок болот.
106. «Курайш» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жети жолу окуса, корккон адамынын ар кандай жамандыктарынан алыс болот.
107. «Маауун» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жаш балага кырк бир жолу окуса, Аллах Таала ал баланы ар кандай кырсык - апааттардан сактайт.
108. «Кавсар» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү миң жолу окуса, Аллах Таала ага акыретке барганда кавсар суусунан даам сызган адам экинчи сууга чаңкабайт.
109. «Каафируун» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү күн сайын үч жолу окуса, Аллах Таала (өмүр бою анын жүрөгүндөгү) ыйманын бекем сактайт.
110. «Наср» сүрөсү: Бул сүрөнү ким үч жолу окуса, Аллах Таала анын ыйманын шайтандын ар кандай азгырыктарынан аман сактайт.
111. «Таббат» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү миң жолу окуса, кас-душмандары жок болот.
112. «Ихлас» сүрөсү: Жөн жерден камалып кеткен адам үчүн күн сайын миң жолу окуса, Аллахтын уруксаты менен көптөн күткөн тилек жүзөгө ашат.
113. «Фалак» сүрөсү: Кимде-ким намаздан кийин үч жолу окуса, Аллах Таала аны асман-жерден келе турган ар кандай кырсык-балээлерден алыс кылат.
114. «Наас» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү парз намаздардан кийин окуса, бардык жамандыктардан алыс болот.
«Жараткан Аллах Таала баарыбызды амал кылуучулардан кылсын! 🤲