September 16, 2020

ДОСТУК ПРИНЦИБИНИН НЕГИЗДЕРИ

Суроо: Азирети Бедиуззаман: Биздин (кесибибиз) багытыбыз достук, болгондуктан, жолубуз да жолдоштук достук жолу – деген экен. (Лемалар 162). Багытыбыздын Халиллулах лакабка Ибрахим алейхи салаам менен кандай байланыштырабыз

Жооп: Алла таала, Нахл сүрөсүндө мындай дейт: ثُمَّ أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ أَنِ اتَّبِعْ مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ “биз андан кийин вахий түшүрдүк: Ибрахимдин ханиф жолуна түш. Ал эч качан ширк кошкон эмес. (Нахл сүрөсү , 16/120) Бул аят, Ибрахимди (алейхи салам) эрчүү өтө маанилүү экендигин көрсөтүп турат. Бир жолу Адамзаттын Асыл Таажысына (саллаллаху алейхи ва саллам) “Эй, Алланын халили (досу)” – деп айтылганда “Жок, ал – Ибрахим” – деген эле. (Бухари, Анбия 19) Дагы бир жолу “Төрөбүз” деген мааниде “Саййидуна” деп кайрылышканда Ал: “Саййидибиз – Ибрахим” – деп, бул наамды да ага ыйгарган.(Бухари, Фадаилус-сахаба 5)

Ханиф болуу

Ибрахим же анын жолу “ханиф” деп аталган. Ханиф: Ширктин эң кичинесинен да оолак болуу. Ширктен алыс болуунун да даражалары бар. Ханиф дегенде биринчи ойго келе турган маани – пенденин Алладан башка эч бир нерсеге сыйынбашы, эч бир нерсени Алланын ордуна койбошу жана бүтүндөй бардык путтардан оолак болуу. Андан да жогорку даражасы – пенденин аң-сезиминин, ой-пикиринин ширк аралашкан бардык нерседен ыраак болушу жана анын толугу менен Жалгыз Аллага жүздөнүшү. Мунун дагы бийик даражасы болсо, пенденин ханиф болуу сезимин бүтүндөй табиятына сиңирип алышы, аны табиятынын жаңырыгына айлантышы. Буга жете алган пенде, ширк болуп саналган эң кичинекей нерсеге да табигый түрдө каршылык көрсөтө баштайт. Мисалы, бирөө анын жанында, аткарылган жакшы иштерге ээ чыгууга аракет кылса, муну Улуу Жараткандын ишине орток болуу катары кабылдайт. Ошондой эле, жасалган иштерди башкаларга угузууга жана көргөзүүгө аракет кылуу анын көз карашында ширк болуп саналат; алкыш жана мактоого ээ болуунун артынан түшүү ширк; жакшы иштердин акысын бул дүйнөдө күтүү ширк. Чыныгы момундун милдети – мына ушул ширктердин баарынан оолак болууга аракет кылуу.

Кунут

Суроодо айтылган экинчи аят мындайча: إِنَّ إِبْرَاهِيمَ كَانَ أُمَّةً قَانِتًا لِلَّهِ حَنِيفًا وَلَمْ يَكُ مِنَ الْمُشْرِكِينَ “ Чындыгында Ибрахим ак динде болгон, Алла Таала баш ийген жалгыз үммөт эле. Ал эч качан мушрик болгон эмес. (Нахл сүрөсү. 16/120) Кунут – Алла тааланын алдында таазим кылып узакка туруу, Ага толук кулчулук кылуу жана Ага моюн сунуу. Бул жагынан алганда Ибрахим (алейхи салам) толук кунут кылуучу эле. Бирок, Ибрахимде (алейхи салам) урук сыяктуу катылган бул сапат, Пайгамбарыбызда (саллаллаху алейхи ва саллам) бир даракка айланган эле. Азирети Айшанын айтуусу боюнча, Ал (саллаллаху алейхи ва саллам) намазда буттары шишигенче тик турчу.

Ал өзү бир үммөт эле

Экинчи жагынан азирети Ибрахим өзү жалгыз бир үммөт экендиги айтылат. Демек, анын демилгеси баарын кучагына ала тургандай улуу эле. Максаты ушундай жогору болгон адамды жалгыз киши деп кароо туура эмес. Азирети Ибрахим, жалгыз киши болгону менен, бүтүндөй адамзатты кучагына алуу аракети бар эле. Ал ушунчалык айкөл кең пейил болгондуктан, кирип барган киши орун таппай калчу эмес.
Азирети Устат дагы: “Ким элинин жыргалчылыгын ойлосо, ал өзүнчө бир эл болуп саналат” – деген сөзү да бул акыйкатка ишарат кылат. Анткени, элинин жыргалчылыгын ойлогон адам, өзү үчүн жашабайт. Ал дүнүйөнүн бардык жыргалчылыгын четке каккан. Олуя, асфия болуу сыяктуу руханий даражаларга да маани бербейт. Анткени, анын негизги максаты – адамзаттын ыйманы жана түбөлүктүү бактысы. Мына ушундай деңгээлде адамзатты, айрыкча мусулмандарды ойлогон адам өзүнчө бир эл болуп саналат. Ал жалгыз болсо да, Алланын назары, мээри ошого түшүп турат. Алла, ааламга аны менен карайт жана кээде андай адамдын урматы үчүн бүтүндөй адамзатты кечирип жибериши мүмкүн. Мындай даражанын жанында дүнүйөлүк мартабалардын канчалык мааниси болмок эле!

Хилм-жумшактык, сылыктык
Худ сүрөсүндөгү, إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَحَلِيمٌ أَوَّاهٌ مُنِيبٌ (Худ сүрөсү, 11/75) аятында “каанит жана “ханийф” сыпаттары менен катар Ибрахимдин (алейхи салам) “халийм, аввах жана мунийб” экендиги айтылган. Алла таала бул аяттарда Ибрахимдин (алейхи салам) жакшы сапаттарын баса белгилөө менен бирге, Алла элчисине жана аны менен кошо бүтүндөй момундарга эмне үчүн Ибрахимдин (алейхи салам) жолун эрчүү керектигин баяндайт.

Аятта сылыктык, ачуу жана кызуу кандуулукка түрткөн абалдарда дароо көбүрүп-жабырып кетпей, айкөлдүк менен кабыл алып, дуушар болгон жаман абалды жеңе билүү тууралуу айтылат. Анткени, адамды убактылуу буркан-шаркан түшүргөн ачуулануу жана кызуу кандуулук, сылыктык менен жумшартылбаса, баш мыкчытып, бармак тиштеткен өкүнүчкө салып коюшу мүмкүн. Ачууга алдырган адам, оңдой алгыс катачылыктарды кетирип коюшу ыктымал. Мындай кыйынчылыктарга дуушар болгусу келбеген адам сылык болууга тийиш.

Адам баласы кээде кабыл алуу кыйын болгон көйгөйлөргө кабылышы мүмкүн. Мисалы, катуу айтылган акаарат сөздөргө, жалаа жана каралоолорго, кордук, зордук-зомбулуктарга дуушар болушу мүмкүн. Дос деп жүргөндөрүнүн кайрымсыздыгына, жадагалса кордугуна да кабылышы ыктымал. Адамдын мындай нерселерге чыдашы өтө кыйын. Мына ушундай кыйынчылыктарга туруштук бериши үчүн жан дүйнөсүндө жумшактык, сабырдуулук, чыдамдуулук жана кечиримдүүлүк сыяктуу сапаттары болушу зарыл. Халийм, Алла тааланын ысымдарынын бири экендиги да маалым. Каапырлардын жана мушриктердин чектен чыккан кыймыл-аракеттери үчүн дароо жазаландырбай, мөөнөт артынан мөөнөт берилгенин көргөн азирети Абу Бакир, مَا أَحْلَمَكَ يَا رَبَّنَا “Кандай гана кечиримдүү жумшаксың оо, Аллахым!” – деген эле. (Ибн Хишам, ас-Сийратун-набавиййа 2/218) Мына ошондуктан жумшактыктын маанилүү көрүнүшү, чектен чыккан залим, зордукчулдарга каршы дароо каршы чыкпоо, катачылыктарын билип, кайтып келиши үчүн аларга мөөнөт берүү болуп саналат. Балким, ошончолук орой жана катаал чабуулдарына карата кечиримдүүлүк жана жумшактык менен мамиле жасалган көргөн ал адамдар бир күнү бушайман болуп, көңүлүн ооруткан адамдарга келип кечирип сурап, мурда таш ыргыткандарына гүл бере баштаар, ким билет.

Алла таала, وَاِنْ عَاقَبْتُمْ فَعَاقِبُوا بِمِثْلِ مَا عُوقِبْتُمْ بِهِ “ жазалай турган болсоңор силерге кылган мамиленин дал өзүндөй гана кылгыла. (андан аша чаап кетпегиле).” (Нахл сүрөсү, 16/126) деген аяттын уландысында, وَلَئِنْ صَبَرْتُمْ لَهُوَ خَيْرٌ لِلصَّابِرِينَ  “бирок сабыр кыла турган болсоңор билгиле, сабырдуу болуу эң жакшысы. ” – деп айтуу менен дагы дурусураак жолду көрсөткөн. Ал, орунсуз, ылайыксыз мамилелерге каршы дал өзүндөй мамиле кылбоо, сабыр кылуу жана жамандыктарга чыдоого аракет болуп саналат. Дагы артыгыраагы турганда эмнеге беркинисине ыраазы бололу! Жамандыкка жакшылык эр кишинин кылганы же “Таш менен урганды аш менен ур” демекчи, эр жигитче айкөлдүк турганда эмнеге жөнөкөй бир киши болмок элек!

Аввах болуу

Аятта Ибрахимдин (алейхи салам) дагы бир жакшы сапаты катары анын “аввах” экендиги айтылат. Аввах: ыйлап-сыздаган адам. Ибрахим (алейхи салам) эмне үчүн ыйлап-сыздачу эле? Албетте анын ыйлап-сыздашы, бул дүйнө кыйынчылыктары, балээ-кырсыктарына дуушар болгону үчүн эмес эле. Тескерисинче, ал, Алладан коркуп сыздап, кордук көргөн байкуштардын, муктаж жана жардылардын, каапырдыктын агымына кулач уруп, кайра кайта албаган күнөөкөрлөрдүн, ыймансыздык жана адашуу туңгуюгуна кулаган адамдардын абалына ыйлап-сыздачу. Ыйлап-сыздап, аларды дуушар болгон кыйынчылыктарынан куткарууга жана аларга бейиштин жолун көрсөтүүгө аракет кылчу.

Тозокту көздөй кеткен адам үчүн кантип кайгырып ыйлабай коё аласың! Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам), миражга чыгып, көп нерселерге күбө болгон. Өмүрү чектелүү дүйнөнүн чегине жеткен. Бирок, булардын баары анын көзүн бозортуп, башын айландырбастан, тескерисинче, дагы көбүрөөк пенделерди бул бийиктикке жеткирүү ышкысын козгогон. Мына ошол себептен, ал, жеткен чегинен артка кайтып келген. Анткени ал, башкалардын бактысы үчүн жашачу.

Коомунун адашуу жана ыймансыздык жолунда жүргөнүн көргөн Ибрахимдин абалы кандай болду экен. Анын жанына келген периштелер, Лут коомун кыйратуу менен милдеттендирилгенин айтышканда, күйүп-жанып, периштелер менен таймашкандай болгон. (Худ сүрөсү, 11/74) Куранда, периштелер менен анын ортосунда болгон сөз тууралуу маалымат бербейт. Ал, жазанын токтотулушу, кечиктирилиши же жеңилдетишин суранышы ыктымал. Эмне үчүн? Анткени, кыйроого учуратыла турган коомдун, Алланын каарына ылайык болуп, тозокко түшөөрүн билип, бараткан жолунан кайтышы үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берилишин сурагандыр.

Жолунан адашкандар үчүн күйүп-жанып, алардын туура жолго түшүшү үчүн жан үрөп аракет кылуу, бүгүнкү күнүбүздүн кызмат жолундагы азаматтары үчүн өтө маанилүү сапат болуп саналат. Анткени, алардын ишинин негизи – башкаларды бактылуулукка жеткирүү. Кайрадан жанданган каармандардын милдети, жеке сезимдеринен башкалардын бактысын жогору коюу болуп саналат. Алар, материалдык жана руханий ырахатка батып, башкаларды унутуп койбошу керек. Бейиштин эшиктери аягына чейин ачылып, кирүү сунушталса да, ал жерге дагы көбүрөөк адамдардын кириши үчүн бул дүйнөдө калууну тандап алышы абзел.

Инаба
Аятта, Ибрахимдин “мунийб” экендиги да айтылат. Мунийб, көп тооба кылган деген маанини берет. Истигфар, тообанын башталышы болсо, инаба анын туу чокусу. Пенде истигфар менен күнөөдөн арылууну талап кылышы керек. Анан тооба менен Ага жүздөнүп, колдон чыгарган кулчулугуна кайрадан ээ болууга аракет кылууга тийиш. Б.а. бузулгандан кийин кайрадан калыбына келүүгө аракет кылышы абзел. Ошондуктан инаба, Алла менен байланышты дагы бекемдөө болуп саналат. Улул азм пайгамбарлардан Ибрахим (алейхи салам), ээ болгон бул айырмачылыктары менен башка пайгамбарлардын арасында өзгөчө орунга ээ болсо да, бул улуу сыпаттар, чыныгы мыкты инсан болгон Пайгамбарыбызда туу чокуга жеткен. Ибрахимде (алейхи салам) урук абалында бар болгон кээ бир сапаттар, Пайгамбарыбызда даракка айланган.

Бүтүндөй ушул сыпаттарга достук принцибинин негиздери катары карасак болот. Ошондуктан, бул жолдогу адамдар, башкалар менен мамилелешүүдө халим жана аввах болгондой эле, Алланын алдында мунийб болууга тийиш. Алланын ыраазылыгын гана көздөп, Аны менен ар дайым бекем байланышта болушу керек. Ар дайым Аллага жүздөнүп, Ага “хаблул матийн” (бышык жип) менен байланышса, бир аз сыноодо алыстап кетпейт.

Эгер ал киши башкаларга сылык жана жумшак мамиле жасап, колдон келишинче кемчиликтерди көрмөксөн болуп, кечире билсе, адамзат үчүн тынымсыз ыйлап-сыздап, баарына кучак жайып, ар дайым Аллага таянып, Андан кубат алып, ширктин эң кичинесине да каршы бекем турса, ал да Ибрахим (алейхи салам) сыяктуу жалгыз өзү бир үммөт болуп саналат. Бул, өзүн адамзаттын кызматына арнаган азаматтардын максаты болушу керек. Алла таала, Ибрахимди ушул сапаттары менен баалап, ошол эле учурда, кийинки келе тургандарга үлгү катары баяндагандыктан, анын сапатына ээ болууга аракет кылуу, момундардын мойнундагы милдети болушу керек.

Herkul | 22/12/2019. | KIRIK TESTI

Бал кумара телеграм каналынан алынды.