September 16, 2020

КӨРКӨМ АДЕП-АХЛАКТЫН ТАЯНА ТУРГАН НЕГИЗДЕРИ

   Каталарды жоюунун жолу

Буга чейин адамдарды айыптабоо, басынтпоо жана кемчиликтерди кечирүүгө токтолдук. Жогоруда айтылгандардан катачылык жана жаңылыштыктарга көз жумуу жана эч кандай кийлигишүү болбошу керек дегендей жыйынтык чыгарбоо керек. Анткени, Куран Карим көптөгөн аяттарында момундарга жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу милдетин маанилүү жоопкерчилик катары жүктөгөн. Жадагалса, كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللهِ “Силер , жакшылыкка үндөгөн, жамандыктан тыйган, Аллага ыйман келтирген (жалпы) адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар!” (Аал-у Имраан, 3/110) аятына карай турган болсок, эң жакшы үммөт болуу ушуга көз каранды экендигин көрүүгө болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) да, колдон келсе жамандыктарды күч менен токтотуу, ага мүмкүнчүлүк жок болгон учурда тил менен эскертүү, ага да болбогондо эң эле жок дегенде ошол ишти чын көңүлдөн жек көрүүгө буйруган. (Муслим, Иман 78; Тирмизи, Фитан 11)

Адамдарды жамандыктан тыюуга аракет кылуу жана аларды жакшылыкка чакыруу момундун негизги сапаттарынын бири. Бирок, бул жердеги усул, система өтө маанилүү. Мындай иш-аракет, адамдардын абийирин ачып, жер каратуу менен болбойт. Айрыкча, жалган, жалаа жана каралоо сыяктуу Ислам дини четке каккан иштер болгон жерде көйгөйлөрдү жоюуну мындай кой, ансайын ырбап кетет. Бул жерде жакшы иштердин пайдалуу жана жагымдуулугун, жаман деп саналган иштердин жамандыгын адамдарга сездирүү керек. Б.а. адамдарды иштердин жакшы же жаман жагы тууралуу ынандырып, аларды ошого жараша жөнгө салуу болуп саналат. Жакшылыкка ыйманга чакырып аткан адамга карай анын түшүнүгүн абалын эске албастан, түшүндүрүүнүн ылайыктуу туура жолун издебестен, “Мен айтып коё берейин, калганы менен ишим жок” – деген түшүнүктүн “жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюу” менен эч кандай байланышы жок.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) өмүр таржымалына көз чаптыра турган болсок, айтылган нерселердин көбүнө мисал жолуктура алабыз. Мисалы Ал, акыретке калтырбай, бул дүйнөдө тазалангысы келген күнөөсүн мойнуна алып келген Маизге “Бар, тобо кыл. Анткени, Алла кечирбеген күнөө жок” – деп айткан. Төрт жолу кайтарганына карабастан, жазанын аткарылышын суранып туруп алган Маизди жазалоого мажбур болуп, бирок, “Маиз үчүн кечирим тилегиле, ал ушундай чын дилден тобо кылгандыктан тобосу эгер жер жүзүнө таратылса баарына жетмек” (Муслим, худууд 22; Абу Дауд , Худууд 24, 25) деген сөздөрү менен элдин ал тууралуу жаман ойдо калышынын алдын алган. Анын бир күнөөкөр абалда эмес, күнөөсүнөн арылып, таптаза абалда Алланын алдына көчкөн пенде катары эскерилишин каалаган.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) өмүр боюнча эч кимди айыптаган эмес жана эч кимдин кемчилигин да бетке айтпаган. Анын жашоосунда, адамдардын кемчиликтерин ашкерелөө, жыгылганды тээп, жамандыкка жамандык менен жооп берүү сыяктуу иштердин кезигиши мүмкүн эмес. Тескерисинче, момундарды бирөөнүн кемчиликтерин издеп аңдуудан тыйып, ар кандай абалда катачылыктарды жашырууну сунуштап, өмүр бою кечиримдүүлүк жана айкөлдүгүн көрсөткөн. Меккенин ачылышынан кийин, бир канча жылдар бою ага ар түрдүү кордуктарды көрсөтүп келген мушриктерге айткан сөздөрүнүн жанында эч кандай сөздүн кереги жок: “Бүгүн силерди айытап күнөөлөбөйбүз. Баргыла, эми бошсуңар кете бергиле!” Негизинен, жүрөктөрдүн төрүнөн түнөк тапкан, адамдардын топ-тобу менен Исламга киришине шарт түзгөн эң негизги себептердин бири – Анын жумшактыгы жана кечиримдүүлүгү.

Сахабалардан бирөөнүн катачылыгын көрсө аны бетке айтып айыптабастан, жалпыга кайрылуу менен, катачылык кетирген кишинин да сөздөн өз сабагын алышына шарт түзгөн. Жадагалса, өтө катуу каршылыктар болгондо да катачылык кетирген адамдарга унчукпастан, сахабаларын жыйып, жалпыга кайрылган. Ушундай жол менен, эч кимдин көңүлүн оорутпастан, жан дүйнөсүн жаралабастан, капачылыктарга жол бербестен, өч, жек көрүү сезимдерин пайда кылбастан көйгөйлөрдү чечип койгон.

Мына ошондуктан, айрыкча, алдыда болуп, кээ бир жоопкерчиликтерди аркалаган адамдардын, жанындагыларды жакшы таанып, алардын катачылыктарын жөндүү жол менен чечиши өтө маанилүү. Мектептеги мугалимдин, өзүнүн классындагы окуучулардын жалпы абалын билип, аларды жакшы тааный билиши керек. Бул – милдет жана жоопкерчиликтин маанилүү тарабы. Анын экеничи жагы болсо – жалпыга адамча мамиле жасоо, эч кимдин көңүлүн оорутпоо жана жамандыктарды эң ылайыктуу көрүнүштө жоюуга аракет. Б.а. мусулмандын жамандыгын жоюуда да Пайгамбар жолун тутунуу керек.

Эч кимдин көңүлүн оорутпоо жана көйгөйдү ырбатпаш үчүн ар бир адамдын жеке абалына жараша мамиле жасоо зарыл. Пайда болгон көйгөйлөргө каршы шашылыш аракет жасоо жана аны ар жерде айта берүүнүн ордуна, ал маселени чечүүнүн жолдорун издеп, ылайыктуу чара табууга аракет кылуу керек. Эгер маселелерди одоно жана кайдыгерлик менен карап, жаңылыш чечим чыгарсаңар адамдардын көңүлүн оорутуп, өзүңөрдөн суутасыңар. Насаат жана жакшылыкка чакыруу жолу адистикти, кылдаттыкты талап кылат. Бул жагынан алганда маданияттуу мамиле негизги роль ойнойт.

Көйгөйдүн баарын эле сөз менен чечүүгө болбостугун да эске алуу керек. Кээ бир көйгөйлөр тууралуу сөз козгоо абалды курчутуп жибериши мүмкүн. Момундун сөзү даанышмандык, үнсүздүгү ой жүгүртүү болушу шарт. Айта турган сөзүбүз акылман сөз болсо сүйлөйлү. Болбосо унчукпастан ылайыктуу учурун күтүү керек. Анткени, даанышмандык, терең ойдон туулат. Сүйлөгөнүң жөндүү болсо сүйлө. Ар кимдин оюна келгенин ар жерде айта бериши ызы-чууну гана пайда кылат. Адам, орундуу сүйлөгөндү билиши керек болгондой эле, сабыр кылып, күткөндү да билиши керек.

   Өзүн өзү суракка алуу

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир хадисинде, كُلُّ ابْنِ آدَمَ خَطَّاءٌ، وَخَيْرُ الخَطَّائِينَ التَّوَّابُونَ “Пенденин баары ката кетирет. Ката кетиргендердин эң жакшысы – тобо кылуучулар” (Тирмизий, кыяма 49; Ибн Мажа, зухд 30) деген сөздөрү менен адам баласынын ката кетирип, күнөө кылышы мүмкүн экендигин белгилеп айтат. Демек, адамдын табиятынын ката кетире турган жагы бар. Кээ бир адам эркин бекемдеп, бул жагын тарытат же толугу менен жоюп, жок кылат, кээ бири бул жаатта ийгиликке жете албайт. Эң негизгиси, адам баласы жаза тайып, мүдүрүлгөндөн кийин, кайра бутуна туруп, керектүү жакка багыт алышы жана катачылыктан арылышы болуп саналат.

Ырас, пенденин баары жаза басып алышы мүмкүн. Бирок, жыгылган адамга дароо чабуул коюп, ар жерде анын артынан сүйлөө жана аны жер каратуу Алланын мүнөзүнө да, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жолуна да туура келбейт. Биздин милдетибиз – башкалардын айып, кемчиликтери менен алек болуу эмес, кайрылып, өз кемчиликтерибизди карап, ошону менен алек болуу. Анткени, өз кемчиликтерин көрө албаган, өмүр бою башкалардын кемчилигин издей берет. Ал эми, өз кемчиликтерин жоюуга аракет кылган адам башкалардын кемчиликтерин көрбөйт деп ойлойм.

Бирөөгө таш ыргытуудан мурда өзүбүздү карашыбыз керек. Эгер ошондой кемчиликтерди биз да кетирип жаткан болсок, ал ташты өз башыбызга ургандан коркпойлу. Масийх (алейхиссалам), күнөөкөр кишини ташбараңга алмакчы болуп турган адамдарга мындай дегени айтылат: “Биринчи ташты эч күнөөсү жок адам ыргытсын”. Албетте, баары акырын колдорундагы таштарды жерге ташташат.

Акырында айта кетчү нерсе, бүгүнкү күнүбүздө мындай маселелерге эч көңүл бурулбашы жана башкалардын айып-кемчиликтеринин эл арасында айтылып жүргөнү биз үчүн бир шылтоо болуп эсептелбейт. Жадагалса, бүтүндөй дүйнө жүзү ушундай күнөө жолуна түшсө да, биздин аларга кошулушубузга жөндүү себеп жок. Бир накыл сөздө айтылгандай, “Ар бир кой өз шыйрагынан асылат. Акыретте, “Баары айтып жатты эле, мен да айтып койдум” дегендей сөздөр өтпөйт. وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ اُخْرٰى “Бирөө, башка бирөөнүн күнөөсүн тартпайт.” (Фаатыр сүрөсү, 35/18) аятында айтылгандай, акыретте ар ким өз күнөөсүнүн жазасын тартат. Жадагалса, эгер бир адам башкалар тууралуу сөз же жазгандары менен бузукулукка себеп болгон болсо, өз күнөөсү менен кошо, себеп болгон күнөөлөрүнүн да жазасын тартат.

Акыретте бул оор жүктөрдүн астында эзилгенден көрө, бул дүйнөдө мүмкүнчүлүк барда тилибизди тыйып, оор көйгөйлөрдүн башкы себеби болуп калуудан сактанган оң. Жадагалса, тил эле эмес, оюнда да момун бир тууганы тууралуу жамандык болбошу керек. Анткени, ойго келген нерселер ооздо айтылат. Эгер ой бузук болсо, ооздон да ириген сөздөр чыгат.

Ар дайым башкалардын кемчиликтери менен алек болуп, аны сүйлөгөн адамдын бирөөнү аңдуу, бирөө тууралуу жаман ойдо болуу, ушак жана басынтуу сыяктуу күнөөлөрүнүн жазасын акыретте тартаары анык. Бирок, андай адамдын бул дүйнөдө да жаны жай алышы мүмкүн эмес. Оюнда башкалардын кемчилигин издөө менен алек болгон адам, өзүнүн бул дүйнөдөгү жашоосун да тозокко айлантат. Баланча-түкүнчөнүн кылганын ойлоп, аң-сезимин кирдеткен, басса-турса ошондой балит нерселерди сүйлөгөн адам үчүн булардын баары азапка айланат.

Herkul | 01/12/2019. | KIRIK TESTI

Бал кумара телеграм каналынан алынган.