АВТОБИОГРАФИЯ К.Г. МИФТАХОВА И ЕГО ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ ПО СБОРУ И ИЗУЧЕНИЮ КЫРГЫЗСКОГО ФОЛЬКЛОРА (на кыргызском языке)
Оригинал архивного документа был первоначально опубликован в книге "Прошлое татар Кыргызстана в архивных документах (конец XIX – начало XX в.) / сост., текст, комп. подгот.: А.Р. Бикбулатова, А.М. Ахунов, И.Г. Гумеров. Казань: ИЯЛИ, 2022".
1947-жыл.
Жазып тапшырган К. Мифтахов.
Жолдош Бектенов Зыяштын суроосу боюнча жазылды
Эту автобиографию записал по просьбе товарища Бектенова Зияша.
Мифтаховдун өмүр баяны
Мифтаховдун бул автобиографиясы кыргыз фольклоруна
байланыштырып жазылган (1916–1947 жылдар)
Фрунзе 1-Май көчөсү 47-үйдө , 23-бөлмөдө жазылды.
Сөз башы
Мен Кыргызстандын илим уюмдарына (организацияларына) бир нече мертебе өмүр баянымды жазып берген элем. Алардын ичинде толуктап жазылган орусча нускамалары да бар эле.
Алар ИЯЛИ коомундагы кол жазма фальклорлорду тизмеге алганда табылып калууга мүмкүн. Ошол себептен мен бул өмүр баянымда ал өмүр баянымда жазылбаган жана ушул күндө илим кызматчыларга керектүү орундарына гана токтоп кетемин.
Мифтаховдун өмүр баяны
1. Башкыртстанда
Мен 1892-жыл 28-июнда (Мурункуча 15/VI) Уфа губерниясы, Златауст уйөзүндө, Нисибаш айылында туулганмын. (Бул күндө Башкыртстандын Салават району, Нисибаш айылы.)
Менин атам Гаинан, энем Гулбадиян болуп мен алардын 16 баласынын биримин. Ушу күндө алардын он төртү (14) тирүү. Бирок мен ошондой чоң үй бүлөнү 5–6 жашымдан баштап жактырбай баштадым.
Ата-энем дыйкан болуп, бала-чакасы менен күнү-түнү иштөөчү эле. Мисалы мага 6 жашымдан баштап орок ордурду, 7 жашымдан баштап чөп чаптырды. Ошентип бир баланы бекер койбой керели кечке чейин иштетүүчү эле.
Ошону менен бирге алардын баардык кийимдери өз колдору менен иштетилчү эле (мата, кендир токуу, бут кийиминен байпак байлоо, чабата токуу (лапти), жана башка).
Бул үй-бүлөнү 8 жашымда таштап, атамдын бир тууган эжеси Мирафа Жалалидинова бизден 15 чакырым жерде Чаклы кыштагында туруучу эле. Мен ошого ата-энемден качып бардым. Барсам алар үй ичи менен барлыгы балыкчы экен. Мени бала кылып алып, кайра ата-энеме беришпеди. Мен да кайра кайтпадым. Менин абдан тентектигимден азап көргөн атаэнемда, туугандарымда кайра кайтарууну каалашпады. Карасам, булардын бир аты, бир уйу гана болуп төрт баласы болсо да, балыкчылык аркасында абдан жыргап турушат. Баруу менен кичүү уулу Галаитдин менен мени мектепке беришти. Мага ата болгон киши (бабай) Тажитдин Камалитдинов абдан жакшы болуп, өз баласындай кылып тарбия кылды. Мен ушул үй-бүлөдө 14 жашыма чейин тарбияландым. Сабатым жакшы болуп, башкырттардын татарлардын эки чоң дептерге башкырт, татар эл ырларын аралаш жаздым (700–800 бет чамалуу). Ал дептеримдин бирин туугандарым 1942-жылга чейин сактап жүрүшкөн эле (Чоң эжем Биби Сафа Гаинанова).
Ата-энем менин окуп адам боло турганыма көзү жетет. Менин эки дептерим той болгондо тойчулар менен бирге жүрө баштайт. Аны окуутуга бала болсомда ата-энем болгон Мирафа менен Тажитдин тойго өзү менен жүртө баштадым. Ал убакытта башкырттардын Акмулла деген акындын ырлары, анын уурулар тарабынан өлтүрүлүшү абдан кызганычтуу кылып көрсөтүлгөн ырлар бар эле. Аны окуп бергенде башкырт, татарлар ыйлоочу эле. Бул иш менин атама чоң корлук болду. Анын колундагы 15 баласы да сабатсыз, эжеси багып алган уулу мен –сабаттуу жана эл оозуна түшүп кадырым өстү. Ошол себептен ата-энем бир нече мертебе чоң чатак менен тартып алышса да, кайра өзүм сүйгөн Мирафа эби Тажитдин бабайга качып бара бердим. Абдан алардын тынчытпаганына көз жеткенден кийин мен өз кыштагыбыздан 300 км Троицк шаарына көчүп кеттим.
2. Казакстанда
Троицкиге келгенден кийин ал убакытта бүткүл татар, башкырт, казактарга атактуу болгон «Расулия» мектебине келип 4 -класска окууга кирдим. Бул мен үчүн революция болду. Башкыртстанда эски молдолор мектеби- кадим мектеп эле. Бул усул жадид мектеби. 800 окуучу 16 класска бөлүнгөн. 16 жыл окуган адам бул мектепти бүтүрүп чыкмак. (Медресе)
Бирок мага абдан кыйын болду. Мен кадим мектептен аран-паран сабаттуу болуп гана келгенмин. Мында эсеп, тарых, география, татар тили, дин сабактары жана башкалар окулат. Мен бай балдарына адам башына айга 20 тыйын алып 10 окуучуга (шакирт) чай кайнатып беремин.Тан атпастан туруп кечки 11–12 ге чейин чай кайнатып чай ичирем. Алган 2 сом акчам нанга да жетпейт. Казак окуучулары 20 тыйындан башка, тамакка да коротушат. Башкалар эчтеме карашпайт. Алмаш көйнөк жок, китеп, дептер жок абдан кыйналдым.
Ошентип жүргөндө татардын мурунку атактуу казакчыл тилчиси Хасан Галиев анда мугалим эле. Алар төрт мугалим бирге турушат экен. Тамак алардан аларга чай кайнатууга кирдим. Китеп беришти. Беш айдан бери карай мончого кирбеген мени мончого жиберишти, алмаш көйнөк, дамбал беришти. Эми бир талай жыргалдуу турмушка кирип, аякта сүйрөлүп баруу ордуна алдыңкы катар окуучу болдум. Аны менен калбады, март айында алар мени Омскиге Гарифбайга приказчик кылып жиберишсе да ал кабыл кылбады андан, Көкчө тоого барып анан кайра Петровага келип, эт көрбөгөн азапты көрүп Челеби (Сарыкамыш) алтын прискасына кызматка келип киремин. Ошентип жүргөндө 18 сом акча менен кайра мектебиме күзүндө кайтып келдим. Дагы азыраак кызмат кылып окуй баштаймын. Бешинчи класска кирсемда 1907/8-жылда да окууну аягына чейин барып жетише албай февралда бир тыйын акчасыз каламын. Казак окуучулары мени февраль айында бир Ибрай Турдугулов деген казакка койчу кылып берип жиберишти. Ал бай казак болуп баруу менен мейманкана үйүнө, кызматка жана койлорго чөп салуууга кошот. Алардын кошкон жумуштарын жакшы иштөө менен бирге иштен бошогондо, анын Кокон деген кызына, Эрдан деген уулуна грамота үйрөттүм. Ал балдарынын сабаты чыкканын билгенден кийин мени аларды окутуудан башка иш бербеди. Ага-ини туугандары да балдарын берип мага окуттура баштады. Менин айлыгым азыр койчунун айлыгы сыяктуу 3 сом эмес, 10 сомго чыкты. Эртен үч, кечке үч саат окутам. Ошентип мен 1908-ж жайында жайлоодо койчулуктан мугалим болдум Ошол эле убакытта Ибрай Турдугулов мени бала кылып алмак болду. Кышында окууга жиберүү шарты менен мен ага бала болдум. Ата болгон киши Ибрай Уфада Медресе Галияны бүтүрүп кайткан жээни Зайнитдин Фейзовду алдырып, күзгө чейин бешинчи класстын программасын толуктоо үчүн окутту да октябрь башында Медресеге алып барып таштады. Мына ошондон кийин мен ачарчылык жылаңачтыкты көрбөдум. Ал менин өзүмдү кийиндирип, тамак берүү гана эмес окуутучу мугалимдерге бир талай акча берип тапшырып кетти. Мына бул ата болгон Ибрайдын аркасында 6–7 класста барлык сабактан беш алып бардым. Мына өзүмдү казак уулу кылып сезе баштагандан кийин эң жактырган нерсем казактын макалдары болду. Эки жылдын ичинде казактын миңден ашык макалын жыйнап аларды жаттап алдым. 1908/9-жылдарда казакта басылган кыссаларынан башка басма адабияттары жок эле. Үч жылдан кийин Ибрай атам мени үйлөндүрмөк болуп үй бүлө турмушуна бекем байламак болду. Ошол себептен 1911-жылы ага кайтпай өзүмчө казактын тирүү жерлерине, тирүү Областарына (Костонай, Семипалат, Торгай, Жети-Суу областарына жана башка орундарына 1919-жылга чейин мугалим болуп келдим. Бирок Кыргызстанда 1916-жылда козголоң болгондон кийин көп кыргыздар казак областарына, кытайга чейин таралып кетишти.
3. Кыргызстанда
Менин биринчи байланышканым качкын кыргыздар менен. 1916-жыл ноябрь айынан баштап качкын кыргыздар менен тааныштым. Биринчи таанышкан кыргыздар төмөндөгүлөр:
- Кыдык Бердалы уулу. Көлдүк (Арык тукуму). Андан «Карга балапандары менен» деген тамсилди 28/XI 1916-ж. жазып алдым.
- Көлдүк Сарыбагыш уруусунан Сарбуз ажы менен тааныштым. Андан кыргыз макалдарын 1917-ж. жана бир нече тамсилдерди жазып алдым.
Кыскасын айтканда, Казакстанда мугалим болуп турганда биринчи таанышкан кыргыздарым Ысык-Көлдүк Арык тукуму, Сарыбагыш уруулары болуп, алар мени кыргыздын бай адабияты менен ошол катарда Манас, Семетей менен жакшы тааныштырып, Казакстандан Кыргызстанга көчүп кетишиме себеп болушту. Мен Манас Таластан чыкты дегенден кийин, эң башта 1920-жылда Таласка (Аулия-Ата үйөзү Горный районго) мектеп инструктору болуп Жамбылдан белгилендим. 1-баштап Таласка 19 мектеп ачтык, бирок мугалимдерден ошол убакытта жети жылдык маалыматы бар жалгыз Уммет Тугелбаев (көпүрөдө) гана бар эле. Башкалардын бардыгы да башталгыч мектепти бүтүрө элек адамдар эле. 20 мугалимдин бир класстык кана маалыматтары бар эле. Белгилүү ал мугалимдер менен иш алып баруу үчүн ар бир жарым жылда 2–3 мектепти бириктирип, 3 күндүк методик курс өткөзчү элем.
Таласта эл адабият жыйноо учун 1920-жыл ноябрда Таластын башы Көпурө деген жерде кыргыздын эл адабиятын жыйноо кружогу уюштурулган эле. Бирок ал убакыттагы мугалимдердин билими, сезими ал даражага жете элек эле. Ондогон кружоктун члендеринен Уммет Тугелбаев кана Талас уруктарынын санжырасын жыйнаган эле (Саруу санжырасы). Аныда 1923-жылда гана анын дептеринен көчүрүп алдым. Ал сизде бар. Таласка барган соң биринчи иш Манастын күмбөзүн текшерүү болду. Хатты Куфи менен жазылган анын жазуусун кол менен көчүрүп аны татарга кайтаруу болду. Анын көчүрмөсүн көп адамдар Ташкентте, Алматада көчүрүп алышты. Эң аягында 1926-жыл сентябрь айында ученый Совет члендерине көчүрүп бердим. Ал Рабигатрраман деген аялдын күмбөзү болуп чыкты. Фотографты Аулия-Атадан алып келип сүрөтүн да тарттырып алдым. Ал фотограф Аулия-Атада 1920–1924-жылга чейин күмбөздүн сүрөтү менен спекуляция кылды. Анын сүрөтүн 1926-жыл күзүндө Таластан жыйналган материалдар менен бирге берилди. 1933-жылы музейге берилди.
Манастын күмбөзүн текшергенде ошол маалым болду: Балык (Бекмурат) 1825–1837-жылдарда Таластын төмөнкү жагында Капка деген жерде туруучу Ажыбек датканын ырчысы болуп турган. Бекмурат келгенче Ажыбек, Балык даткада Таластык жана Кетмен-Төбөлүк Жаныбай Кожоковдун чон аталары манасчылык кылышкан. Бирок алар Бежинге Манасты кырк чоросу менен гана чабуул жасаткан. Бул акындардын бул иши Ажыбек даткага (Кыргызстандын губернатору дагы Кокон хандыгынын четки иштер вазири, министри болгон. Акындарды он айга гана Бежинге чабуул жасатканын) эч бир жактырбаган. Кумурскадай көп кытайга кантип Манас кырк чоросу менен гана барган? Бул туура эмес деген. Балыкооз Кытайга көп таярдык көрсөтүп бүткүл армиясы менен уруштургандыктан Таластык, Кетмен-Төбөлүк акындарды айдап өлгөнчө өз жанында акын кылып жүрүткөн. Ажыбек датка Балыкка Найман бий акындын энесин алып берген. Жана ал Ажыбек датка менен бирдикте Коконго, Самаркандга, Алты шаарга, Алтайга жана Орто Жүздүн казактарына барган. Чет элдер вазири болгондуктан Ажыбек даткага көп жерлерге барууга туура келген. Ар бир областын жаратылышын Манаста туура сүрөттөө Балыктын кызматы дейт.(Азиз Берди деген 90го чыккан чалдан Жети Айдаралы комузчудан –Жазаракындын небереси). Азиз Бердинин жана Айдаралынын чоң аталары Ажыбек датканын жакын туугандары болушкан. Алардан 1923-ж. жазып алган элем. Алардын айтуунда Балык келгенче башка акындар Манасты 7 күн гана айтышкан. Балык аны 40 күнгө чейин узартып айткан. Манастын Таласта көмүлүүнө каратып ырдоочулар:Таластык Жазаракын, Сокуркалча, Эсен Аман акын жана Балык акындар. Анын ошондой болушун Таласта көп акындардан угууга туура келди. Текшерүүлөргө караганда, Манасты айтууга биринчилик үчүн бир канча жүз жыл Саруу акындары менен Саяк акындары жарышкан. Эң аягында бул күрөш Балыктын жеңиши менен бүтөт.
2. Тоңдо (Каракол уйөзү)
Мен Таласта 1920–21 окуу жылында инструктор болуп турганда Талас эли 6 дан баштап он бөлмөгө чейин 15 мектеп салууга эл таяр болуп мектеп үчүн 200 дөн баштап 500 гө чейин кой беришмек болгон эле. Анын артынан жүрүүгө комиссияларды шайлашкан эле. Мына бул ишти ал убактагы уездный ОНО жана уездный ревком түшүнбөдү. Маселени созуп жүрүп жокко чыгарышты. Коммисияларда жүрүп чарчады. Бир чоң мектеп салгысы келген Үммөт Түгөлбаевдун комиссарлары 160 км ыраак турган шаарга, 10–15 мертебе барып чарчады. Ошону да айтыш керек. 1920–21 окуу жылында тартиптүү түрдө ай сайын «Кызыл-Степ» деген кол жазма методический журнал чыгып турду. Аны ар бир мектеп көчүрүп алуучу эле. Бул журналдын асыл нускасы ОНОдо сакталуучу эле. Бул журналдын редактору мен болуп казакча жазуучу элем. (Ал убакытта кыргыздын адеби тили да казак тили деп эсептелүүчү эле.) Мугалимдердин да бир талайы казак эле. Мен аны 1921-жылда жарым кыргызча кылып жаза баштадым. Ага уездный ОНО баштыгы Ханафия Давудов каршы келди. Кийин текшергенден кийин маалым болду. Ал методич. кол жазма журналды казак мектебинин инструктору Эсенбетов (татар) колдонуп жүргөндүгү маалым болду. Мен бул иштердин баарына таарынып Аулия-Атадан Караколго көчүп кеттим. Каракол уездинин ОНОсу мени биринчи ачыла турган 2-баскыч (7 летка) Тоңдогу мектепке директор кылып жиберди. Мугалимдерди тандоону өз тилегиме койду. Зав. УОНО (Жумадил Түлөөгабылов).
Менин Караколго келгенде көбүрөөк Сарыбагыш уруусунан Канаатовдорго көп ишенич менен келген элем (Канаат ажынын уулдары). Алар менен мен Уфада Галия мектебинде 1912–13 окуу жылында бир бөлмөдө турган элем. Алар экөө да пассивный болсода студент забастовкасына катышты. Забастовкага тилектеш болушту. Забастовканын түп максаты араб, түрк тилдерине жана дин сабактарынын көптүгүнө каршы. Рус тилин мектепке киргизүү эле. Забастовкага 55 казак окуучусунан жана кыргызда Эшенаалы Арабаевден башка бүткүл улуттардын студенттери катышты. Аягында маселе текшерилип 35 студентке бүткүл айыпты коюшту. Алардын бардыгы полиция карамагына берилди. Ошолордун ичинде татар акыны Ибрагим Башмаков менен мен да бар элем. Полиция текшерип артыкча саясий бир нерсе таппаган сын Башмаков менен мени он эки күн полицияда камап анан бошотушту. Башкалардын иши допрос менен гана бүттү. Кийин маалим болду. Башмаков менен мени Челеби алтын прескасынын забастовкасы убактысында, биз бала болсокда ошол пресканын забастовкасын көргөн, бул забастовкада да жумушчулар мүнөзү бар деп кармаган экен. Бирок биздин түрк тили менен араб тилин кемитип орус тилин киргизүү маселебизди бир аз бошотту.
Бирок биз 35 студент кара тизмеге алындык. Эч бир татар мектептеринде бизге кирүүгө мүмкүндүк калбады. Мына ошол убакыттагы мени ачкалык өлүмүнөн куткаруучулар Канаатовдор эле. Белгилүү алар 1916-жылкы Кыргыз козголоңуна жол башчылык кылгандыктары үчүн бадыша өкмөтү тарабынан муунтуп (асылып) өлтүрүлгөн экен. Бул мага абдан каттуу таасир жасады. Менин тоңдо Төрткүлдөгү жети жылдык мектепке директор болуп белгиленип калганда маалим болду. 1912–13-жылкы «Галия» медресесиндеги забастовщиктерге каршы казак студенттерине жол башчыларынын бири болгон Ишенаалы Арабаевдин кыштагына келиптирмин. Ал Туркстан Республикасында чоң адамдын бири болуп саналат экен. Эмне болсо ал болсун 10/X 1921-жылда Кыргызстандын 1-жети жылдык мектебин ачып уюштурдум. Окуучулар совети мектеп советин түздүм. Анын үстүнө Каракол уездный ОНОсу мени Тоң болушундагы 29 мектепке инструктор кылып белгиледи. 29 мектепти 7 жылдык мектепке келтирип байлап, методич жол башчылык кылдым. Кийин бара-бара мага маалим болду, бул Тоң болушу Кыргызстандагы, ал убакыттагы эң культурный району болуп чыкты. Кыргызстанда биринчи мектеп аларда 1913-ж. ачылгын экен. Ал башталгыч маалыматты 50 чамалуу адамга бериптир. Ошол себептен 1919-жылы чоң манаптардан Сагалы Малиев, Сагынбай Малиев деген чоң манаптар өлүп, анын ашын эл бермек болуп таярланат. Исмаил Малиев (лакабы Жөө туман) элден ашка бере турган жардамын чогултуп, алты бөлмөлүү чоң мектеп салдырган. Ошол мектеп биздин мектеп экен.
Тоңдо эл адабиятын жыйноо кружогу
Тоңдо жети жылдык мектеп жакында 1921-ж. ноябрь аягында Кара кыргыз эл адабиятын жыйноо кружогун уюштурдум.
Анын Тон мугалимдеринен 30 члени жети жылдык мектеп окуучуларынан 40 члени бар эле. Кыскача иш планы ошондой эле:
- Кыргыздын бүткүл эл адабиятын (халк адабиятын) жыйнап, аларды басмага таярлап берүү.
- Кружокко тилесе кайсы улут член боло алат.
- Түрдүү докладдар лекциялар коюлуп, эл адабияты эмне экендигин мүчөлөргө түшүндүрүү.
Эскертүү: Ошондогу эл адабиятын жыйноонун инструкциясын 1946-жылы ИЯЛИге бердим. (калк адабиятын жыйноо жолдору). 1927-жылда Кыр. педтехникумда (Пединститут) ошол тууралуу кылынган докладым боюнча Кубанычбек Маликовдун «Эркин тоо» го бастыргандары бар. № 50 (1927-ж.) жана башка номерлерде.
2. 1927-ж. «Эркин Тоо» нун № 57, 59, 61 номерларында менин «Эл адабиятын жыйноочуларга карата» (Эл адабиятынын түрлөрү).
4. Жыйноочуларга эл адабиятын жыйноо инструкциясын берүү.
Канчалык эл адабиятынын керектүүлүгүн түшүндүрүп тырышкан менен члендерди бул ишке тартуу абдан кыйын болду. Бул кружок коп члендери болсо да кийиниреек иш көрсөткөндөрү төмөндөгү менин окуучуларым:
- Боотаев Насиридин (Исмагил Малиевдин бир батракка асроого берген уулу) Менин окуучум.
- Омуралы Манаев VII-ж мектептин окуучусу менин окуучум.
- Исмат Кемпиров (менин окуучум).
- Жума Жамгырчыев (менин окуучум).
- Сооронбаев Сапарбай (менин окуучум, VII-жылдык мектеп жанындакы окуучулардын эл адабият кружогунун жолбашчысы (председатель) жана менин Нарын сапарымдакы жан жолдошум).
- Жумадыл Тилөөгабылов (Каракол уездинде ОНОнун баштыгы жана мугалимдер кружогунун бир мүчөсү).
Ошол күндөгү көп члендер (70 член) 6 сы иш көрсөттү. ИЯЛИнын колунда алардын кол жазмалары сакталат.
Бул кружоктун чоң бир иши экенин билип мени (окуучулар кружогунун председатели) жана окуучулар кружогунун баштыгы (жолбашчысы) Каранбаевды, алты айлык срок менен адабият жыйноого Нарын уездине (Тянь-Шань) кыргыздын эл адабиятын жыйноого командировка беришти.
Биз Нарынга баргандан кийин Ибрай Тойчиновдун жардамы астында өзүбүзгө дагы 2 адамды кошуп алдык.
Ибрай Абдрахманов (Сиздин илим кызматчыңыз) Буга көбүнчө Манасты жазууга үйрөттүк. Аны өзүбүздөн кийин ошол Манасты жазып бүтүргөндөй кылып таярладык. Ибрай башында бир нече ай бизге келбей качып жүрдү. Бирок Тойчинов аны бизге милиция менен айдатып келип кошуп берди. Түшүнгөндөн кийин өзү да ага коңүл койду.
Сагынбай Орозбаков ал убакытта алты баласы болгону менен балдары жипжыланач, боз үйдүн кийизи уугунда гана бар эле. Анын ичинде ичтеме жок: бир казан, эки аяк, бир кийиз, бир эле кабы бар. (Кийизине балачакалары менен оронуп жатышат экен). Сагынбайга келүү менен жаза баштабадык. Бир жумача андан «Чон казат» менен «Көкөтөйдун ашын» айттырдык. Анан кийин эл адатынча Манастын арбагына бир койду арнап сойгондон кийин жыйналган көп элдин алдында тегерегиме Ибрайды, Сапарбайды, Чакы Каптагаевды олтуртуп, бутка жасдык анын үстүнө батнос коюп жаза баштадым. Бир нече бет жазгандан кийин калем сапты, жастык, батносту Ибрайга берип өзүм Ибрайдын бир нече бет жазганын карап олтурдум. Анын кол каты мага абдан жакты.
Антип отурганда Сагынбайдын астына төрт бүктөп жууркан салып, жантайып жатууга үч жастыкты үстү-үстүнө койгон элек. Сагынбайга ошондой жакшы урмат, андагы элге абдан каттуу таасир кылды. Эл мени адабиятты Сагынбайды жазуу үчүн Ташкенттен келген уполпомочен деп таанычуу эле. (Тойчинов элге ошондой чоң адам кылып көрсөткөн). Манасты бир убакытта эки нуска кылып жазып бардык. Түп нускасын мен жана Ибрай экөөбүз жазып бардык. Экинчи нускасын Сапарбай Сооронбаев жазып барды. Бирди гана жазсак жоголушунан корктук. Сооронбаев жазганды Тойчиновго берип, түп нускасы менде калды. Азыр ошол эки нускасы, экиси да сиздин колдо. Тойчинов ал нусканы Арабаевге берип, Арабаевдын аялы 1937-жылда Илим изилдөө институтуна алып келсе, Ибрай аны таанып эч бир төлөөсүз институтка алып калат.
Белгилүү биз Нарын уездинин барысын да алты айда (10/V–29/XI–1922) Атбашы, Тогуз-Торо, Кочкор, Эки Нарындын арасын барында кыдырып жүрдүк. Сагынбайда биз менен бирге жүрдү. Сагынбайга Тыным Сейит (ОН арча болушу) элинен эриктүү жардам түрүндө 60 кой чогултуп бердик. Ошентип башталып, кепти Сагынбайдан Манастын балалык убактысын 1922-ж. жаздык.
Эскертүү: Ошол сапардагы жолдошум Сооронбаев С. ТяньШань обласында Нарындан 30 км. бери Оттук деген жерде турат. (Аскерге барып аман-эсен кайтып келген.)
Чаки Каптагаев. Каптагаевдин каты жакшы эмес, жана өзү жалкоо эле. Аны майда эл адабиятын жазууга пайдаландык. Менин Нарын дептерлери ичинен бир аз кол жазмалары кезигет.
1922-жыл ноябрь аягында Сооронбаевды Тоңго кайтарып жиберип, өзүм Кочкордо андан бөлүнүп жалгыз өзүм өз атым менен Алматыга жөнөдүм. Бирок Алматага барганда бир аз жазуулар бактысыздыкка учурады. (Ысык-Көлдун батыш жагында) Минген аттын жакшылыгы аркасында эки куржундун негизги колжазмаларды салганым өз колумда калып, үстүндөгү куржун кийимдер менен бирге бир нече тоноочулар колунда кетти. (№ 12, №13 дептерлер) Ошентип Нарын сапары аяктады. Ошону менен бирге абдан ийгиликтуу сапар болду.
(1922-жылы жазылган менин жана Сооронбаев, Абдрахманов, Каптагаевдердин жазгандарын карагыла!)
3. Алматада
Алматага баргандан кийин, Эшеналы Арабаев бүткүл кол жазма фольклорлорды өзүнө берүүгө мага чоңдугу менен өкүм кылат. Жардам кылуу ордуна мага чоң тоскоолдук кылды. Ошондой болсода мен андан жалгыз жыйноочулук укугум сакталууну сурадым. Ал жыйноочулук укугу мендеболууга тийиш. Кыргыздын менден башка чоңу жок деген түрлүү сөздөр менен менин колдогу кол жазмаларды зордук кылып тартып алат.
Бирок Арабаев кол жазмаларды зордук кылып тартып алат. Мына ошол жерде Арабаев менен менин арада чоң чатак башталып, менин өз колумда бир бет кол жазмада калбайт. Анын үстүнө мени Кыргызстандан кубат (айдайт). Мени ал ошончолук катуу кармайт. Караколдо, Тоңдогу кол жазмаларым менен башка буюмдарды алууга да эрик бербейт. Алардын бардыгы да Арабаевдин колуна келип кирет. Казактарга тиешелүү кол жазмаларды казактарга таркатып берип (Сары Молдоев, М. Жумабаевге) мени ошондой оор абалда калтырат. Алматада Абай интернатына мугалим болуп кирген элем. Андан да айдатып чыгарат. Белгилүү Арабаев абдан чоң деп, мен да бекер жатпадым. Баштап арызданып, Жети-Суу обкомунун сектретары Насировго кирдим. (Польшалык татар, бирок бир ооз татарча билбейт. Мен русчаны абдан начар билет элем.) Насиров ал кол жазмаларды 10–15 минутада обкомго келтиртты. Арабаевдин мага жаппаган жаласы калбады. Бирок колжазмалардын ичинде «Каракол холлери» ж. бир канча колжазмаларды обкомго бербеди. «Нарын хэллери» деген саякаттамамды орусчага Куршанов деген казак которгондон кийин, анын жапкан жаласы бекерге чыкты. (Андан мен чын совет адамы, жазуучусу болуп корундум) Ошондой болсо да, Насиров менин кол жазмаларымды кайтарып берүүдөн коркту. (Ташкентте Арабаев абдан авторитеттүү адам деп). Мен Ленинге кат жаздым. Ленин менин өзүмө жооп бербеди. ЖетиСуу обкомуна «Тездик менен кол жазмаларды өзүнө –Мифтаковго кайтарып бериңиз»деп жазган эле. Ошондо да Насиров кайтарып берүүдөн коркту. Ал Лениндин катын алуу менен мени обкомдун иждивениесине көчүрдү. Мага расход берип кол жазмалардын копиясын алууга кошту. Мен төрт ай олтуруп маныздуулардын көчүрмөсүн алып сегиз чоң дептерге «Кыргыз Бакчасы»н жаздым. Подлинник обкомдо калды. Азыр алар сиздин колуңузда менин номерлерим боюнча № 2, № 3, № 4, № 7, № 9, № 14 деп жүрөт. Калгандарын жоготушкан. Бул дептерлер ичинде эң кымбаттусу № 2 жана № 9 (Манастын балалык чагы) ж.б. эле.
Кыргыз эл адабиятын тартипке келтирүү жөнүндө
Мен Алматада, «Кыргыз Бакчасы»нын 8 дептерин тартипке алып бүткөндөн кийин басмада төмөндөгү заметкалар болду:
1) Музей жанындагы Жети-Сууну үйрөнүү коомунда менин лекцияларым тууралуу. (Кыргыз фонетикасы, орфографиясы жана эл адабиятынын түрлөрү тууралуу). «Джетисуйская Правда»нын № 28–29 (1923-ж.).
2) Узун макалалар. «Тилчи»нын № 23, 27, 35.
Бул үч макалалар «Кыргыз бакчасы»нын тартипке келтирилгендеги негизги жолдор тууралуу жазылат. Жана ага каршы жазылган Магжан Жумабаевдын сынына каршы жооп. Ал көбүрөөк каршы келет. Кыргыздын эл адабиятында класстар бар дегениме каршы. Бул тууралуу сизде кичинекейдин чапкытына жооп» деп жазылган макаламдын казакчасы да, русчасы да бар.
Кыргыз эл адабиятынын жыйналышы туралуу
Бул тууралуу көп газета журналдарда жазылды. Алардан төмөндөгүлөрдү көрсөтүп өтөм:
- Ташкентте «Ак жол»дун № 318 – 1923-жылда «Кыргыз бакчасы»нын Казак-Кыргыз билим комиссиясына алынуына карата жазылат. Абдан узун макала. «Кыргыздын сөз адабияты».
- «Түрк правда»нын № 296, 300 – 1923-жылда басылат. Кыргыздын эл адабияты жана Таластык кыргыздардын этнографиясы жөнүндө Мифтахов тарабынан көп жыйналуу тууралуу эки узун макала.
- 1934-жылда «Литература Средней Азии» газетасынын 15–16 номерларында, язуучулар союзунун председатели М. Алексеев менин кызматка чоң баа берип өтөт. Бул тууралуу Токомбаев ж.б. чоң баа беришет.
- 1927-ж. «Эркин Тоо»нун 92 (306) номеринде менин тарабымдан кылычты өз кол язмасы табылуу тууралуу (Малтабаровдон таап келүүм тууралуу).
- «Сов. Киргизия» 1928-ж. 87 номеринде «Сокровище под спудом»деп Манастын толук варианты менин тарабымдан жыйналуу тууралуу.
- «Сов. Киргизия»нын 239 номурунда 1929-жылда «Манас должен увидеть свет» деп , дагы ошол мазмунда басылат.
- «Кызыл Кыргызстан»дын 1929-ж. номерларында бир нече мертебе «Казна басылып жатат» деп, менин тарабымдан жыйналган Сагынбай Орозбаковдун Манасы басылгандыгы тууралуу жазылат.
Ошондой толуп жаткан башка газета журнал отзывдары да бар. Мына ошондой факттарга, жана илим организациялар менен кылынган договорлорго карабастан менин жыйнагандарым башка адамдар атынан басылып чыкты.
4. Тыныбектин Семетейи (Арабаев) 1925-ж.
5. Кылыч акындын ырлары 1946-ж.
6. Манастын ар турдуу жылдарда орус тилинде басылгандары ж.б.
Жаныбай Кожаковдун Семетейи
1936-жылда көп чоңдор Жаныбай Кожаковдун Семетейин жараксыз деп табышат. Мен аны үйүмдө багып бир нече мартебе айттырып көрүп, аны өз эсебимден жаза баштап, 100 б/табагын 1936-ж. жаздым. Аны, жогордогу чоңдор жоголгондон кийин 1938-жылда гана аны Тил жана жазуу илим изилдөө институтуна берилет. Аягында дагы ага коңул беришпейт. Ошентип мен анын соңуна түшүп, 1941-жылга чейин 200 басма табактан ашык жаздым. Уруш убактында, ал өлүп, Семетей жазылбай калат. Ошентип эң керектүү-кымбаттуу түштүк вариант жазылып бүтпөй калат. Анын чоң аталары 8-атасына чейин чоң Манасчы болушкан. Анын өмүр баянына чейин жоготуп койуптур. Сагынбайдыкында ошентип жоготуптур. (Өмүр баянын).
Кыргыз адабиятын системага келтирүү
- I-схема боюнча «Кыргыз бакчасы»нын 8-нчи дептерлери 1923-жылда жазылат. Бул схемада чоң жанрлардан кичине жанрларга көчүү тартиби менен түзүлөт. Бул системага карата сиздин колуңузда 1923-ж. Алматада жазылган халк адабиятынын түрлөргө бөлүнүшү, 184 беттик кол жазма бар.
- II-схема тартиби менен «Кыргыз бакчасы»нын 9-дептеринен баштап, 20 дептерге чейин жазылат. Мында схеманы бастырып мейданга чыгаруу тартиби менен түзүлөт. Макалдан баштап «Манас» менен бүтөт. Бул тууралуу «Кыргыз халык адабиятынын түрлөргө бөлүнүшү» деген, экинчи очергим сиздин колуңузда. (33 беттик).
Бул эки схема тууралу менин 1926-жылда, «Гилим саясы мэс эле» деп татар тилинде жазылган бир очергим бар, аны 1936-жылда силерге бердим эле, анын тышы калыптыр, башкасы жок. (Менде анын көчүрмөсү бар, ал очерктин ичинде эки түрлүү схема бар.)
3. III-схема. 1927-жылда түзүлөт. Сиздин колуңузда бул тууралуу калың кагазга жазган үчүнчү (№ 2) схема бар. Сизде ал № 2 схема деп жазылган. Калың жана бир жарым чарчы метр чоңдугундагы чоң кагазга түрлүү карандаш менен жазылган. (Бул схеманын кыскачасы тартипке келтирилген материалдар ичинде да жүрөт. (1926/27-ж.).
Кыргыз фонетикасы жана орфографиясы
Кыргыз фонетикасы жөнүндө мен 1920-жыл Таласта изилдей баштадым. 1923-жылда мага кыргыз орфографиясын кыскача фонетикасын жана «Алиппе» китебин жазууга тапшырышты. Алиппени да «Кыргыз имласы» (кыргыз тилинин фонетикасы менен бирге). 1923-ж 54 беттик кылып мугалимдер үчүн жазылган эле. Алиппени да «Кыргыз имласы»нда Э. Арабаевдын чатагы менен бастырылбады. Ал кыргыз имласы сиздин колуңузда. Кыргыз орфографиясы туралуу 1923-ж. Алматада Киримпрос (казак-кыргыз техникум)та бир, жети сууну үйрөнүү коомунда бир, Ташкентте 1923/24-ж. онго жакын доклад кылдым. (Сакуда, Восточный факультетте жана каз-кир импроста. Кыскасы бул текшертүү кыргыз орфографиясына негиз болду. Кыргыз бакчасы менен ал убакыттагы басма адабияттын орфографиясын карагыла! (Экөө бир).
Кыргыз адабиятына менин кумар болгонум
Мен кыргыздын эл адабиятынын байлыгына өтө кумар болуп, катуу берилдим. Бирок ал үчүн мага абдан көп азап чегүүгө туура келди. Мен ошол жыйнагымдын «Кыргыз Бакчасы»нын биринчи 8 дептери үчүн 180 сом эле задатка берип, калганын Арабаевдын чатагы менен Токбаев ж.б беришпеди. Тетирисинче 1924-ж. мени башка адамдыкын уурдаган деп, сутка беришти. (Карагыла Ташкент обл. суд. 1924-ж. 141-делосун). Суд Хасангалиев менен Исхаков (казак) эксперт комиссия түздү. Алар маселени менин пайдама чечкенден кийин судду бир жылдан ашык кечиктирип жүрүп, 1924-ж. күзүндө Кыргызстан бөлүнүп Фрунзеге көчтү. Ал жетпегенсип жалган күбөлөр менен мени научный комиссияга уурулукка кирди деп айыптап, уголов. судка беришти. 1924-ж. түрмөдө 10 күн олтуруп чыктым.
Манасты жазганым үчүн 1936-жылда Сталинге кат жазгандан кийин гана 7 миң сом төлөштү. (1936-ж.). Жаныбайдын Семетейин жазгандыкка 1938-жылда гана төлөштү. Сиздин колуңуздагы подлинниктердин бардыгы анан «Кыргыз Бакчасы»-нын 1, 2, 3, 4, 5, 6 дептерлери дагы ошол сыяктуу бир канча кол жазмага бир тыйын төлөшпөдү. Кыскасы илим изилдөө институтунда Ж.Шукуров иштей баштагандан кийин гана бир аз эс алдым. (баа бере баштады).
Кол жазмалардын жоголгондору
Кол жазмаларымдын канчасынын жоголгонун азыр кесип айтуу кыйын. Инвентарь описи бүткөн жок. Опись бүткөнчө кайсы бир жоголду деп айтканыбызда чыгып калууга мүмкүн. Мен бул жерде ошону гана айтам:
Арабаевдын чатагы менин бүткүл кол жазмаларымды тартып алуу аркасында татарча, казакча жазылган дневниктер жана саякатнамалар, башкурттун казактын эл адабияттары такыр жоголуп бүттү. 1916–20 жылга чейин жазылган кыргыздын эл адабиятынын 95% Арабаевдын колунда жок болду. Нарын сапарындагы 18 дептерден № 2, 3, 4, 7, 9, 14 дептерлерден башкасы жок болду. Алардын ичинде макал дептеринин подлиннигин мен бирөөгө берип калдырган элем. Кайра алууга мүмкүнчүлүк болбоду. (Сапарбаев, Абдрахмановдор ал дептерди табууга мүмкүн). Аларга белгилүү, ал домовой книгага окшогон бир дептер болуп, ичинде 1500 макал бар, ар бир макалдын кимден кайда жазылгандыгы жазылган эле.
1936-жылда илим изилдөө институтунун директору Жигаловский менин өз рукопистеримды текшертип, опись жасоого кошту. Бирок менин кол жазмаларымдын 90% жок эле. Шектүү адамдардан издей баштадык. Токчоро Жолдошовдун үйүнөн 24 чоң дептер алып келдим, анын 18 дептери менин кол жазмам эле (распискасыз берилген экен) Идрисов дегендин үйүнөн 6 дептер алып келдим (сурагандан кийин). К. Тыныстанов төрт дептерди келтирип берди үйүнөн дагы үйүнөн 4 дептер алып келдим. Ошондо абдан каттуу чарасына кирбесек, менин кол жазмаларымдын бардыгы жоголуп бүткөн болор эле. Анан кийин бул жагында ойлогула! Бул кол жазмалар шаардан шаарга көчүп жүрдү. 1922–23-ж. Алматада Арабаев, андан обкомдун колунда турду. Ташкентте казак-кыргыз билим комиссиясынын колунда турду (1923/24-ж.). 1924/30-ж. Обл. ОНО жана Кырнаркомунун колунда болуп, анан илим изилдөө организацияларынын колунда турду. Мифтахов 1930/III 47/ Бүткүл илим изилдөө организациялардын колунда турду.
Ата мекендик урушта
Улуу Ата мекендик урушта доброволец болуп, 1942–44-жылдарда Ленинградда Красный Балтик флотунда краснофлотец болуп кызмат кылдым. Ата мекендик урушка катышкандыгым үчүн алган «За оборону Ленинграда» менен «За победу над Германией» медалдарым бар. Жана блокада убактысында немецке каршы катуу урушка чакырып жазган бир нече ырларым «Красно Балтийский флот» газетасында басылып чыкты. Мисалы: «О бестрашном краснофлотце Кочеткове» 6/X–1942 (6365) Газета «Красный Балтийский флот» и т.д.
Ленинграддын блокадасы убактысында мен жазуучулар союзуна байланыштуу болуп турдум. Бирок анын мурунку члендери кетип бүтүшкөн. Алардан экөө эле калган эле. Калгандары краснофлотецтер, красноармеецтер эле. Бардык члендер кызыл флотчулар эле. Ошондой болсода алар мага абдан көп жардам беришти. Өзүмдүн частыме командирлерге алар айтып мага чоң условия беришти. Кайда кызмат кылсам ошол командный состав мага кабинет беришти. Сыя, кагаз бардыгы даяр эле. Алар анан үстүнө, мага суткасына 6 саат гана кызмат беришти. Ошондой условиянын бир минутасын да бытка жибербедим. Ленинградды сактоого атамекендик катуу урушка чакырып жазган төмөндөгү чыгармаларды жаздым.
Катуу урушка чакырып жазган төмөндөгү чыгармалар жазылды:
1) « Сталиндин заданиясы» 168 бет татар тилинде ыр поэма.
2) «Богатырьлер давлэте» 75 бет татар тилинде жөө жомок.
3) «Шоферьлер» 542 бет, кыргыз тилинде повесть. (Ленинград блокадасында шоферьлердин роли сүрөттөлөт.)
4) Жана башка ар түрдүү майда ырлар. /Алардын бир азы газетада «Кр.Балт. флот»та орусча которулуп басылды. Ошентип мен армияда убакытта условия түзүлгөндүктөн бомба, снаряд астында болсом да бүткүл өмүрүмө караганда көп чыгарма бердим. Эскертүү: «Заем» деген кыргыз тилинде жазылган 70 беттик повестим 1941-жылда Талас Ленинполдо ударник «колхозунун турмушунан жазылган эле. Союзписатель жоготуптур. Колумда черновиги бар.
Ж.З. Бектеневге
Менин кол жазмаларымдын көрүнүктүүлөрү:
1) Кыргыз эл адабияттары. 1–2 б.
2) Эл классиктеринин ырлары. 2 б.
3) Этнографиялык материалдар. 3 б.
4) Кыргыз эл адабиятин тартипке келтирүү тууралуу. 3 б.
5) Кыргыз орфографиясы жана фонетикасы 4 б.
6) Эл ырларынын өлчөөлөрү. (Күү ырларынын өлчөөлөрү).
7) Эл адабиятын тартипке алуу (макалдар). 5 б.
8) Гилим саяси маселе. 5 б. (Научный и политический вопрос)
Мифтахов
Мен жыйнаган эл адабиятынын көрүнүктүүлөрү төмөндөгүлөр:
1) Манастын балалык чагы. Сагынбайдан 40–50 барак.
2) Семетей. Жаныбай Кожоковдон 200 барак. 1936–41-жылда.
3) Семетей. Тоголок Молдо 2 б/т. 1922-ж.
4) Баатыр ырлары: «Жаныш-Байыш» (Молдобасан), «Курманбек» (Молдобасан), «Эр Табылды» 1923-ж. «Сарынжы Бөкөй» (Алымкулдан) 1923-ж. 20 б/т.
5) Ангеме жомоктор. «Кедейкан» (Алымкулдан) 1923-ж. 20 б/т. «Көбөк кан» 1923-ж. ж.б. 8 б/т.
6) Ангемелер: «Жеренче», «Самансур кан» ж.б
7) Эл драмасы «Мөөркан»,
8) Макалдар: 1400 – 1916–1923-ж.
9) Табышмактар 200 – 1922/23.
10) Тамсилдер 30 – 1916–1923 ж.
11) Эл адабиятынын майда жанрларынын бардыгынан зекетбай, күйгөн, шырылдан, Бекбекей ж.б., бардыгы 44 жанр.
Классиктерден
1) Калыгул Арстанбектин ырлары,
2) Кылыч акындын ырлары,
4) Балыктын ырлары,
5) Сагынбайдын Манастан башка ырлары,
6) Тоголок Молдонун ар түрдүү ырлары ж.б.
Этнографиядан
1) Кыргыз этнографиясы (Талас).
2) Казак этнографиясы, Кызай казактарынын этнографиясы.
3) Уйгур этнографиясы.
4) Дунган этнографиясы.
Кыргыз эладабиятын тартипке келтирүү тууралуу
1) кыргыз эл адабиятынын 1-схемасы, 1923-ж.
2) кыргыз эл адабиятынын 2-схемасы, 1924-ж.
3) кыргыз эл адабиятынын 3-схемасы, 1928-ж.
4) кыргыз халк (эл) эл адабиятынын түрлөрү. 1923-ж.
5) кыргыз халк адабиятынын түрлөрү. 1924-ж.
Тилден
1) Кыргыз эмласы 1924-ж.
Баардык менин жыйнагым:
1. Манас-Семетейден 250 б/т.
2) Майда адабияттары 520 б/т.
Зияш Бектеновдун сураганы боюнча жазылды. К. Мифтахов 13/VI-47/
Эскертүү: Менин кийинки эл адабиятына байланыштуу кылып жазылган Өмүр баянымда жогоркулар дагы толук көрсөтүлгөн.