July 20, 2020

Отуз экинчи матн

Анда үч даражасы бар: Ислам, ыйман жана ихсан.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Дин даражалары

“Анда үч даражасы бар…”, Дин үч даражадан турат. “Ислам, ыйман жана ихсан…”, Ислам дининдеги элдердин абалы, мына ушул үч даражадан сырткары болбойт. Мусулман киши баш ийүүсүнө карай, кээде бул даражалардын биринен экинчисине, төмөнкүсүнөн жогоруга карай же тескерисинче, жогорудан ылдый тарабына карай көчүп туруусу мүмкүн.

Ислам, ыйман жана ихсан ортосундагы байланыш

Ушул даражалардын биринчиси Ислам, ортомчусу ыйман, эн жогоркусу Ихсан. Ким жогорку ихсан даражасына жетишкен болсо,чындыгында төмөнкү даражаны да, колго кириткен болот. Мухсин (ихсан даражасындагы) момун болуп, момун болсо муслим да болот. Бирок, муслимдин момун болуусу лаазымдалбайт. Абу Сулайман ал-Хаттобий رحمه الله айтты: “Адамдардын эн көп бөлүгү ушул маселеде адашты”--Шархун-Нававий ала муслим: 1/144. Биринчи даража - Ислам даражасы болуп, анын камтуусу кенирээк жана диндеги даражалар ичинде эн баш-коюусу. Бул кафир алгачкы жолу Ислам сөзүн айтып жана ага моюн сунуп кире турган эн биринчи даража. Аллах Тааля айтты:

قَالَتِ الْأَعْرَابُ آمَنَّا ۖ قُلْ لَمْ تُؤْمِنُوا وَلَٰكِنْ قُولُوا أَسْلَمْنَا وَلَمَّا يَدْخُلِ الْإِيمَانُ فِي قُلُوبِكُمْ ۖ وَإِنْ تُطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ لَا يَلِتْكُمْ مِنْ أَعْمَالِكُمْ شَيْئًا ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Бедуиндер: “Биз ыймандуубуз”-дешет. Айткын: “Ыймандуу эмессинер, бирок” ”Исламга кирдик”-дегиле. Ыйман силердин жүрөгүнөргө толук жете элек”. Жана эгер  Аллахка жана Анын элчисине моюн сунсанар, Ал силердин амалынардан эч нерсени кемитпейт. Чынында, Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу. Сура ал-Хужурат: 14

Пендени Ислам даражасынан, бир гана кафир болуу же динден чыгара турган ширк чыгарып жибериши мүмкүн. Экинчи даража-ыйман даражасы болуп, ал Исламдан кийинки орундагы, жогорку даража. Анын майданы Исламга караганда тарыраак. Ыйман өзгөчөлүктөрүнүн ар бири Исламга да кирет. Ибн Аби Шайба رحمه الله айтты: “”Ыймансыз Ислам, Исламсыз ыйман болбойт”--Таьзийму кодрис-солат лил-марвазий: 2/528, №583. Ички көмүскө амалдарда ыйман сыпаты, Ислам сыпатынан үстөмүрөөк. Эки күбөлүк келме сөзү, намаз жана ушул сыяктуу көзгө көрүнгөн жана адамдар кабардар боло турган ар түрдүү диний ачык-ашкере амалдарда болсо, Ислам сыпаты ыйман сыпатынан үстөмүрөөк болот. Кыскасы, Ислам чөйрөсү ыйман чөйрөсүнөн кенирээк, ыйман чөйрөсү болсо, ихсан чөйрөсүнөн кенирээк чөйрөдө. Үчүнчү даража: Ихсан даражасы болуп, ал ыйман даражасынан жогорку даража болуп, ал даражалар ичинде аларга салыштырмалуу тар чөйрө болот. Анын ээлери ыйман жана Ислам даражасынын ээлерине караганда анча аздык кылат. Ага Аллахтын мухсин пенделери гана жетишкен эн улуу даража болот. Дин даражалары тууралуу Аллахтын элчиси ﷺ Жибрийилдин алайхи салам атактуу хадисинде кабар берген. Куранда ушул үммөттү үч сыпат менен сыпаттаган аят түшкөн. Аллах Тааля айтты: 

ثُمَّ أَوْرَثْنَا الْكِتَابَ الَّذِينَ اصْطَفَيْنَا مِنْ عِبَادِنَا ۖ فَمِنْهُمْ ظَالِمٌ لِنَفْسِهِ وَمِنْهُمْ مُقْتَصِدٌ وَمِنْهُمْ سَابِقٌ بِالْخَيْرَاتِ بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْفَضْلُ الْكَبِيرُ

Кийин Биз Китепти тандап алган пенделерибизге (Мухамадтын үммөтүнө) мурас кылып бердик. Алардын арасында өзүнө зулум (күнөө) кылгандары, (жалан важибти аткарып, харамдан сактануу менен гана чектелген) орточолору да бар. Бул-(аларга Аллах берген) эн чон пазилет. Сура Фатыр: 32

Ыйман важибин аткарбаган муслим, өз жанына зулум кылуучу болот. Бир гана важибти аткарып харамды таштаган момун муктасид (орточо амал кылуучу) болот. Жакшылыктарга шашылган, Аллахка кудум Аны көрүп тургандай ибадат кылган же эч болбосо Роббим мени көрүп турат деген ишенимде ибадат кыла турган-мухсин болот. Адамдар өз ара Таухидте айырмаланышат. Алар мында бир нече айырмалуу даражада болушат. Алардан кээ бирлери бейишке эсеп-кысапсыз, азапсыз кирет. Кээ бирлери болсо тозоко түшөт, Аллах аларды кечирүүнү каалабаган жана аларга Өз адилети менен мамиле кылган күнөөкөр адамдар болуп, тозокто күнөөлөргө жараша азап тарткан абалда калышып, кийин жүрөктөрүндө Таухид жана ыйман болгону себептүү андан кутулуп чыгышат.