July 6, 2020

Жыйырма бешинчи матн

Инабаттын далили болсо, Анын Сөзүнөн: Роббинерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообанар кабыл болбой) калганына чейин Өзүнө гана (ихлас менен) моюн сунуп калгыла! Сура аз-Зумар: 54

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Инабат ибадат Инаба (чыныгы тооба кылып кайтуу)

Инаба - Жүрөктүн Аллахка тооба менен кайтуусу, Ага карай багытталуусу аркылуу, пенде ал себептүү ажр - соопко жетише турган эн улуу ибадат болуп саналат. Инабат - Аллахка кайтуу, Анын түпкү негизи жүрөктүн жакшы көргөнүнө болгон сүйүүсү жана Ага моюн сунуп, кичи пейил болуусу керек. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Инабат - жүрөктүн улуу Аллах Тааля менен болгон алек болуусу керек. Бул кудум пенденин мечитте эьтикаф менен алек болуп, андан чыкпоосуна окшош. Мунун акыйкаты - жүрөк Анын сүйүүсүнө байланып, Аны улуулоо жана эстөө менен алек болуусу, мүчөлөр болсо, Ага ихластын негизинде баш ийип, Пайгамбарын ﷺ ээрчүү  менен алек болуусун түшүндүрөт”--Ал-Фаваид: 341

Инабат менен тооба ортосундагы айырма

Инабат өзү негизи тооба маанисинде, бирок айырмасы ал тообадан бийигирээк. Анткени тооба күнөөдөн тыйылып, ага кайтпоого чечкиндүү болуп, өткөн күнөөлөргө өкүнүү болот. Эгер пенде өзү жасап жаткан ибадаттарды улантса, ал тооба кылуучу болот. Эгер тооба кылгандан кийин, Куран окуу, садака берүү сыяктуу амалдарда алдыга чыкса, Аллахка кылган инабат болот. Мисалы бир киши уурулугу себептүү тооба кылса, ошол жасаган күнөөсүнө тооба кылган болот. Эгер ушул тообасынан кийин истигфор, зикр жана ушул сыяктуу иштерде алдыга чыкса, инабат (чыныгы тооба) кылган болуп эсептелет. Демек, инабат тооба жана ибадаттар менен Аллахка жүздөнүүгө далаалат кылат. Автор инабатты баяндоо менен чектелип, тообаны ибадат түрлөрүнүн ичинде баяндабады. Анткени ибадаттын инабаттагы сүрөтү, тообадагы сүрөтүнөн көрө ачык-айкыныраак. Анткени пенденин ибадаты көбөйүп, даражасы көтөрүлүп, алдыга чыккандыгы себептүү болот. Жана ибадат тообадан көрө жалпыраак. Аллахка инабат кылуучу, Анын ыраазылыгына шашылуучу жана бардык убакытта Аллахка кайтуучу, Ал жакшы көргөн иштерге шашылчу киши болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Аллахтын олуяларынын инабаты, Анын илахиятына пенделик жана сүйүү менен инабат кылуулары себеп болот. Ал 4-ишти өз ичине камтыйт: Анын сүйүүсүнү, Ага баш ийип, амалдар менен алдыга чыгууну, Андан башкадан жүз бурууну кылат. Демек, Аллахка инабат кылуучу, Анын ыраазылыгына шашылуучу, бардык убакытта Ага кайтуучу, Ал жакшы көргөн иштерде шашылчу киши болот. Анткени инабат сөзү шашылуу, кайтуу жана умтулуу маанилерин өз ичине камтыган болот.

Инабат пайгамбарлар адатынан

 Аллахка инабат кылуу пайгамбарлардын жана элчилердин алайхим салам адаттары. Субхану ва Тааля Давуд алайхи салам тууралуу айтты:

وَظَنَّ دَاوُودُ أَنَّمَا فَتَنَّاهُ فَاسْتَغْفَرَ رَبَّهُ وَخَرَّ رَاكِعًا وَأَنَابَ 

Жана ошондо Давуд Биз аны сынап жатканыбызды билип калды дагы, Роббисинен кечирим сурап, рукуь, тооба кылган абалда (сажда кылып) боюн жерге таштады.  Сура Сад: 24

Сулайман алайхи салам тууралуу айтты:

وَلَقَدْ فَتَنَّا سُلَيْمَانَ وَأَلْقَيْنَا عَلَىٰ كُرْسِيِّهِ جَسَدًا ثُمَّ أَنَابَ

Биз Сулайманга сыноо түшүрдүк жана тактысына бир денени таштап койдук. Кийин ал тооба кылды.  Сура Сад: 34

Шуйьб алайхи салам тууралуу айтты:

وَمَا تَوْفِيقِي إِلَّا بِاللَّهِ ۚ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَإِلَيْهِ أُنِيبُ

Максатка жетүүмө Аллах гана жардам берет. Ошондуктан Өзүнө моюн сунуп, Өзүнө гана тобокел кыламын. Сура Худ: 88

Аллах Тааля пайгамбары Иброхим алайхи салам Өзүнө инабаткөй болгондугун жана бардык иштерде, Ага гана кайтуучу болгонун айтып мактады:

إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَحَلِيمٌ أَوَّاهٌ مُنِيبٌ

Чынында Иброхим пейили жумшак, Аллахка өтө берилген ибадаткөй киши эле. Сура Худ:75Бейиш сүйүнчүсү инабат ээлерине. Аллах Тааля айтты:

وَالَّذِينَ اجْتَنَبُوا الطَّاغُوتَ أَنْ يَعْبُدُوهَا وَأَنَابُوا إِلَى اللَّهِ لَهُمُ الْبُشْرَىٰ ۚ فَبَشِّرْ عِبَادِ

Ал эми ким тогутка ибадат кылбай, Аллахтын  Өзүнө (ибадат кылуу менен) кайткан адамдарга сүйүнчүлөр бар! Эми Менин (ошол) пенделериме кубанычтуу кабар бер! Сура аз-Зумар: 17

Роббисине инабат кылуучу киши гана, аяттардан ибрат алат, насааттан таасирленет. Аллах Тааля айтты:

 تَبْصِرَةً وَذِكْرَىٰ لِكُلِّ عَبْدٍ مُنِيبٍ

(Аллахка) кайтуучу ар бир пенде үчүн, эскерме жана сабак болсун. Сура Каф: 8Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Эгер пенде Роббисине инабат кылса. (чыныгы тооба менен кайтса) аят (белги) жана ибрат орундарын көрө билет жана аларды эмнеге белги болсо, ошого далил кылат--Мадарижус-Саликиин: 1/442. Аллахка кайтуу анын азабынан тосот. Аллах Тааля айтты:

وَأَنِيبُوا إِلَىٰ رَبِّكُمْ وَأَسْلِمُوا لَهُ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ

Роббинерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообанар кабыл болбой) калганына чейин, Өзүнө гана (ихлас менен) моюн сунуп калгыла! Сура аз-Зумар:54Бейиш Аллахтан коркуучу жана Ага инабат кылуучу жүрөк ээлерине даярдалган. Аллах Тааля айтты:

وَأُزْلِفَتِ الْجَنَّةُ لِلْمُتَّقِينَ غَيْرَ بَعِيدٍهَٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِكُلِّ أَوَّابٍ حَفِيظٍمَنْ خَشِيَ الرَّحْمَٰنَ بِالْغَيْبِ وَجَاءَ بِقَلْبٍ مُنِيبٍ

Жана бейиш такыба кишилерге алыс эмес (жерге) алып келинет (жана айтылат): “Ушул силерге-ар бир (Аллахка) берилген жана (Анын өкүмдөрүн) сактап жүрүүчүлөргө, (жана) кайыптагы Рахмандан корккон, (Роббисине) тооба кылуучу жүрөк менен келген адамдарга убада кылынган нерсе” Сура Каф: 31-33.

Аллах Тааля бардык калайык - калктарды Өзүнө инабат кылуу жана кайтууга буюрду. Аллах Тааля айтты:

مُنِيبِينَ إِلَيْهِ وَاتَّقُوهُ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَلَا تَكُونُوا مِنَ الْمُشْرِكِينَ

Ага (тооба менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула! Сура ар-Рум:31

Тобокелдин орду инабат ордунан алдын ордун ээлейт. Анткени пенде ага жетишүүдө тобокел кылат. Демек, тобокел себеп, инабат болсо максат. Инабат пенденин эки дүйнө бактылуулугуна жетишүү себептеринен саналат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Пенде бир гана Роббисинин ибадаты үчүн жаратылган. Анын ондоолуусу, толуктугу жана кубанычы Роббисине ибадат кылуу жана Ага инабат (чыныгы тооба менен кайтуусунда болот--Ал-Фатава: 14/32. Инабат (тообага кайтуу) Аллахтын алдында жогорку орунда болгону себебинен, мындан шайтан пендени тосууга аракеттенет. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Пенде Роббисине чыныгы тооба менен кайтууну, Ага жакын болууну көздөп, Ага байланышса, шайтан анын жолуна көп көндөлөн болот--Ал-Фатава: 7/281.

Пенделердин инабаттагы айырмачылыктары

Инабат - пенделер үчүн түрдүүчө боло турган денгээл ибадат. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Адамдар инабатта (тообада) бир нече даражаларда айырмаланат. Айрымдары күнөөлөрдөн кайтуу менен Аллахка инабат кылуучулары болот. Кээ бирлери ар түрдүү ибадаттары менен Аллахка чыныгы тооба кылгандар. Кээ бирлер Аллахка баш ийип, дуа кылып, Ага муктаждыгын билдирип, умтулуп, бардык муктаждыктарды Андан сурануу менен инабат кылгандар болот--Тарикул-Хижратайн: 292-бет. Фитрат (таза, тубаса табиат) инабатка багыттайт. Фитрат Аллахка моюн сунуу жана Ага инабат кылууну өз ичине камтыйт”--Ал-Фатава: 2/6.Инабаттын далили болсо, Анын Сөзүнөн: Роббинерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообанар кабыл болбой) калганына чейин Өзүнө гана (ихлас менен) моюн сунуп калгыла! Сура аз-Зумар: 54“Инабаттын далили болсо…”, Инабат Аллах Тааля пенделерге буюрган улуу ибадат экенине далил...Анын Сөзүнөн: Роббинерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообанар кабыл болбой) калганына чейин Өзүнө гана (ихлас менен) моюн сунуп калгыла! Сура аз-Зумар: 54. Инабаттын ибадат экени жана Аллах аны Шарият жана диний тараптан жакшы көрүүсү ачык-айкын болуп турат. Аны Аллахтан башкага арноо ширк болуп саналат.