April 6, 2020

Биринчи матн кыргызча котормо

شيخ صالح الفوزان

Шейх Солих аль-Фаузан хафизахуЛлоху:

Шарх

Китептин автору رحمه الله айткан: «БИЛГИН АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ САГА БОЛСУН…».

Шейхтин сөзү: «БИЛГИН…», дегени өзгөчө көңүл буруу ээрчишин көрсөтүп жатат. Эгерде автор айтса: ″БИЛГИН…″, деп, анда бул маанилүү иш болуп жаткандыгын кабарлап жатат. Ошондуктан бул сөз өзгөчө көңүл буруп ээрчүүнү көрсөтүп жатат.

Шейхтин сөзү: «…АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ САГА БОЛСУН» - дегени бул илим алуучу үчүн болгон дуа. Илим алуучулар Аллахтын ырайымына болушу үчүн шейх дуа кылып жатат. Бул жердеги мугалимдин сөзү окуучусуна болгон сылыктыгы көрүнүп турат. Окуучу таасир алышы үчүн жана мугалимге жакын болушу үчүн, мугалим жакшы сөздөрдөн жана туура дуа менен баштап жаткандыгы анык болуп турат. Эгерде мугалимдин сөздөрү орой жана анык-так эмес болсо, анда окуучуну коркуу абалына салып коёт.

Мугалим, жана кимде-ким Аллахка чакырык кылса жана ошондой эле жакшылыкка чакырып жана жаманчылыктан кайтарып жаткан болсо, алардын кылган кайрылуусу сылыкчылыгы менен алар үчүн Аллахтан сурап калуу, аларды мактап жана жумшак мамиле кылуулары алардын үстүнөн милдеттендирүү болот. Буга эн чон даават-чакырыгы кабылдоосу себеп болот.

Эми көк жана текебер адамдарды алып көрсөк, аларга болгон кайрылуу мамилелери башкачараак болот. Аллах Тааля айтты: «Алардын заалымдарынан башка китеп ээлери менен жакшы абалда гана талашып -тартышкыла. Жана:"Биз өзүбүзгө түшүрүлгөнгө да, силерге түшүрүлгөнгө да ишенебиз биздин Кудай да, силердин да Кудай бир. Биз Ага мойун сунгандарданбыз"». Сура аль-’Анкабут, аят 46.

Китеп ээлери заалымдарынан болгон өзүнүн көктүгүн жана текебердигин көрсөтүп жаткандыгы айынан аларга жакшы абалда кайрылуу мамиле кылынбайт, аларга болгон мамилен ушундай болушу керек дейсин сенин кайрылуу мамилен катуу кол болушу керек. Аллах Тааля айтты: «Эй Пайгамбар! Каапырлар жана мунафыктар менен курөш Аларга катаал мамиле кыл. Алардын кайтып келээр жайы тозок. Ал кандай жаман орун!». Сура атТауба, аят 73.

Мунафыктарга каршы курал менен согуш кылынбайт. Аларды токтотуу жана элден сактап кайтаруу үчүн аларга каршы жеткизүү жана жокко чыгаруу далили менен согуш кылынат.

Аллах Тааля мунафыктар тууралуу айтты: «Насаат кылып, таасирдүү далилдүү сөз айт». Сура ан-Ниса, аят 63.

Ошондуктан, көк жана текебер адамдарга өзгөчө кайрылуу кылынат. Алар акыйкатты каалашпайт, алар элди адаштурууну каалашат. Ошол себептен, аларга катуу кол кайрылуу мамиле татыктуулукта болот.

Эми акыйкатты издеген студентти алып көрсөк, ага жумшактык, ырайымдык, сылыктык менен кайрылуу мамиле кылынат, анткени ал илим алууга жана пайда алууга акыйкатты каалап жатат.

Шейх Аллахтан сага ырайым болушуна сурады. Эгерде Аллах Таалянын сага ырайымдуулугу болсо, анда сен бул дүйнө турмушта жана ахиретте бактылуу болосун. Бул эн чон аалымдын жана солих пенденин дуасы, ошондуктан бул үмүт-тилек кабыл болот.

Китептин автор айтты, رحمه الله : «(БИЛГИН, АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ САГА БОЛСУН), БИЗГЕ 4-МАСЕЛЕНИ ОКУП ҮЙРӨНҮҮ ВАЖИБ БОЛУП ЖАТАТ...».

Шейхтин «…важиб…» деген сөзү сунуш-макталуу амал эместигин айтып турат. Ал болгону ар бирине эч кимге карабастан сөссүз амал болуш керектигин айтып турат.

Эгерде маселелерди окуп үйрөнүүнү таштап койсок, анда биз күнөөгө батабыз, ошону үчүн аларды окуп үйрөнүү сөссүз амал болуш керек. Акыры, шейх: ″…сунуш-мактама деп, же окуп-үйрөнүш керек эле…″, же: ″…эгерде биз жакшы үйрөнө алсак, жакшы болот эле…″ деген жокта. Жок, ал: ″…бизге окуп үйрөнүү важиб болуп жатат…″деди. Кимде-ким важибти таштаса, анда ал күнөөгө батат. Илимди алууга окуп үйрөнүүсүз - мүмкүн эмес, эми окуп үйрөнүүсү болсо, аракетке, убакытка жана камкордукка муктаж болот. Окуп үйрөнүп алыш (илимди) үчүн түшүнүккө жана жүрөктүн катышуучулугунда муктаж болот.