July 19, 2020

Отуз биринчи матн

Экинчи негиз

Ислам динин далилдер менен таанып билүү, Ал болсо: Ислам дегени Аллахка Таухид менен моюн сунуп, таат-ибадат менен баш ийүү жана ширктен жана анын ээлеринен кол үзүүчүлүк болот.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Ислам динин далилдер менен таанып билүү

Инсан үч негизди таанып билүүсү важиб болот. Биринчи негиз - пенде өз Роббисин таанып билүү болчу. Автор رحمه الله бул тууралуу баяндап өттү, Роббибиз Аллах, Ал биз үчүн жалгыз сыйынылуучу Зат, биз Аны аят-белгилери жана махлуктары аркылуу таанып билдик. Андан сон автор ибадат түрлөрүн кээ бирлерин баяндап, аларды Аллахтан башкага арнап болбой тургандыгын, башкаларга арнаса ширк болуп калуусун далилдер негизинде баяндады. Мындан ары автор  رحمه الله  бул орунда айтты:  “Экинчи негиз...” Динибиз анын үстүнө курулган негиздердин экинчиси - Аллах бизди бир гана ушул динди, дин тутуубуз жана ага амал кылуу менен Өзүнө ибадат кылуубуз үчүн жараткан дин, “Ислам динин далилдер менен таанып билүү...” Ушул динди, өзүнүн негизини түзгөн, негиздери менен биргеликте, Куран жана суннадан болгон далилдери менен таанып билүүсү важиб. Мындан сон инсан, өз динине ылайык нур жана анык далилдер менен илим үстүндө болот. Анткени инсан өз дини туурасында илимдин үстүндө болбосо, дүйнө жашоосунда да, өлүмүнөн кийин коркунучка кабылып эки периште сурака туткан убакта, анда шек-күмөн пайда болот. Мындайча айтканда, суроонун жообуна тутулуп, адашып ах, ах, ах билбеймин, адамдар бир нерсе дегенин угуп, мен да ошону айтканмын”--Ахмад: №18557 Бароь ибн Азиб андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Өз динин, Куранда жана суннада келген далилдер негизин, жакшы билген киши болсо, мындай абалга жолукпайт. Ал мына ушул дүйнөдө өз динине амал кылып, бекем турса, ахиретте мүрзө-кабырда эки периште суроосуна адашпай, жооп берүүдө, “Роббим Аллах”, диним Ислам, пайгамбарым Мухаммад ﷺ деп жооп берүүгө ылайык болгон инсан болот. Динди Куран жана суннадан болгон далилдер менен билүү жана ага амал кылуу суроодо бекем туруунун себептеринен болот.

Исламдын аныктамасы

“Ал болсо: Ислам дегени Аллахка Таухид менен моюн сунуп… Биз Аллахка динин негизинде пенделик, кичи пейилдүүлүк кылган Ислам дини - Рубубияда, жаратууда жана башкарууда Аллахты жалгыз деп билүү менен, ошону менен бирге Ага Таухид негизинде бардык ибадат түрлөрүндө Аны жалгыз санап, Аллахка толук моюн сунуу болот. Ислам динин акыйкаты - пенде бардык иш-аракеттери менен башкаларга эмес, бир гана Аллахтын Өзүнө моюн сунуусу болушу керек. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ислам динин акыйкаты-бир гана Аллахтын Өзүнө моюн сунуу башкаларга эмес. “Лаа илаха иллаЛлооху” мааниси ушул болот--Ал-Фатава: 4/245. Муслим деп аталуусуна себеп, бардык мүчөлөрү Роббисинин таат-ибадатына моюн сунуп, кичи пейил болуп ийилгендиги үчүн деп аталат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ислам-моюн сунуу, бул жалгыз Аллахка моюн сунуу жана кичи пейил болууну, бир Аллахка пенделик кылууну өз ичине камтыйт”--Ал-Фатава: 4/245. Аллахка да, башкага да, моюн сунган киши мушрик болот. Аллахка моюн сунуудан баш тарткан киши текебер. Ким текеберлик менен акыйкаттан жүз бурса, Аллах аны жалганга эрчүүгө дуушар кылат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Акыйкатка текеберлик кылган инсан, жалганга моюн сунат. Жана текеберлик кылган инсан Аллах Тааля айткандай, мушрик болот--Ал-Фатава: 7/629.

Исламдын башаты жана анын эки карама-каршысы

Исламдын башка-башаты эки күбөлүк сөзү. Анын каршысы болгон эки нерсе бар, алар текебердик жана ширк.  Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Аллах аны менен китептерин түшүргөн, пйгамбарларын жиберген дини болгон Ислам бул-пенде ааламдар Роббиси болгон жалгыз Аллахка моюн сунуп, Аны өзү үчүн илах-сыйынылуучу зат деп билип, Андан башканы илах деп кабыл албоосу керек. Эн абзел сөз, Исламдын башкы-башаты болгон Лаа илаха иллаЛлооху жана СубханАллах сөздөрүнө буюруп, аларды текеберликтен жана ширктен кайтарган. Анткени, Аллахтан сыйынуудан текебердик менен жүз бурган инсан, Ага ибадат кылбайт, Ага моюн сунуучу болбойт. Аллахка да, башкасына да ибадат кылган киши мушрик болот. Ислам сөзү “Истислям” (моюн сунуу) жана ихлас маанисин түшүндүрүүчү “саламаттыкты” өз ичине камтыйт--Ал-Фатава: 7/623.

Таат- ибадат менен (буюрган, кайтарган иштерде) баш ийүү Исламдан болот

Пенде толук кичи пейилдүүлүк менен Аллахка моюн сунуп, таат-ибадат менен Ага ийилүүсү важиб болот. Таат - буюрулган иштерди жасоо жана кайтарган иштерден тыйылуу менен келип чыгат. Ошону менен бирге пенде, Аллах Тааланын төмөнкү буюругуна моюн сунган болот:

قُلْ أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ

(Оо, пайгамбар, адамдарга) айткын: “Аллахка жана пайгамбарга моюн сунгула!” Сура ан-Нур: 54

Жана пайгамбарыбыздын ﷺ ушул айткан сөзүн ырастап, аны иш жүзүнө ашырган болот. “Силерди эмнеден кайтарган болсом, андан кайткыла. Эмнеге буюрган болсом колунардан келишинче аны аткаргыла! Силерден мурдагы өткөндөр көп суроо берүүлөрү жана пайгамбарларга каршылык кылуулары себептүү балээге дуушар болушту”--Муттафакун алайхи: Сахихул-Бухарий: №6858; Сахихул-Муслим: №1337 Абу Хурайрадан андан Аллах ыраазы болсун кабар берилген. Даражалардын эн улуусу, эн толук көрүнүштө моюн сунуу болот. Ким бул динге баш ийбесе, Аллах аны кордукка дуушар кылат. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Ким Аллах үчүн кичи пейил болсо, Аллах аны даражасын жогорулатып койот. Кудум ушуга окшош, ким акыйкатка баш ийүүдөн текебердик кылса, Аллах аны кордук жана төмөн даражага түшүрөт, кор болгон арзыбас инсанга айландырат--Мадарижус-Саликиин: 2/333. Текебердик бул динде моюн сунуудан тосо турган эн чон себептердин бири болот. Ибн Кайим رحمه الله динге баш ийүүдөн тоскон, тосуктарды баяндап, ушундай деди: “Үчүнчү динден тоскон, тосколдуктун себеби: ал көрө албастык же текебердик. Иблисти буюрукка баш ийүүдөн тоскон, тосколдук себеби ушул болгон эле. Бул алгачкылардын жана акыркылардын оорусу болот. Аллах сактаган кишилер гана мындан кутулат. Аллахтын элчиси  ﷺ өз көздөрү менен көргөн пайгамбарлыгынын акыйкатын билген яхудийлер жана алардын жолун туткан инсандар, ыймандан мына ушул тосколдук себептүү жүз буруп кетишти--Мифтаху дарис-саьада: 1/99.

Ислам ширктен жана ширк ээлеринен кол үзүүчүлүгү

“Ширктен жана анын ээлеринен кол үзүүчүлүк болот..”, Мусулман кишинин ишенүүсү, түшүнүүсү, амал кылуусу лаазым болгон, Ислам - Аллахты Таухид менен жалгыздоо, Ага таат-ибадат менен баш ийип, ширктен жана ширк ээлеринен жүз буруудан турат. Бул дегени, ишенимде, амалда, жүрүм-турумда мусулман киши ширк жасаган адамдардан кол үзүп, өзүнү аларга таандык болгон ар бир өзгөчөлүктөн, ар кандай көрүнүштөрдөн өзүн таза кармап, сөзүндө, иш - аркетинде аларга окшошпой, аларды душман тутуусу менен тастыкталат.

Ислам динини үч негизги пайдубалы

Демек, Ислам дини үч негизги пайдубалдын негизинде курулган. Мусулман киши, ушул үч негизди тегиз бирдей аткаруусу важиб болот:Аллахка Таухид менен моюн сунуу.Аллахка таат-ибадат менен баш ийүүШирк жана ширк ээлеринен кол үзүү жактан болуу.Ширктен жана ширк ээлеринен өзүн таза тутуу, кол үзүү Таухидтин негизги эки түркүктөрүнүн бири. Таухидтин орноп курулуусу, ушул эки түркүктүн негизинде курулган болуп, ансыз Таухид, Таухид жараксыз болот. Пенде ушул эки түркүктү бирдей, тегиз аткарбаса, Муваххид катарынан орун албайт. Алардан бири “нафий”-жокко чыгаруу экинчиси “исбат”-ырастоо. Ким алардын бирини жоготсо, Таухидин жоготкон болот. “Нафий” жана “исбаттан” максат-Аллахтан башканын кул пендеси болбой, кулдук пенделикти бир гана Аллахка арнап ырастоо болот. Субхану ва Тааля Иброхим алайхи салам тууралуу кабар берип жана андан үлгү алууга үндөп, мындай деди:

وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِ إِنَّنِي بَرَاءٌ مِمَّا تَعْبُدُونَ

Жана (эстегин): Бир кезде Иброхим атасына жана мушрик коомуна “Мен силердин жана силер сыйынган кудайынардан” кол үздүм! Сура аз-Зухруф: 26

Бул Таухидтин биринчи түркүгү, “Нафий”-ширк жана ширк ээлеринен кол үзүү. Аяттын уландысы:

إِلَّا الَّذِي فَطَرَنِي فَإِنَّهُ سَيَهْدِينِ

Мени жараткан Аллахтын Өзүнө гана сыйынамын. Ал мени Туура Жолго баштайт деди. Сура аз-Зухруф: 27

Бул болсо,Таухидтин экинчи түркүгү саналган, исбат-ибадатты Аллах үчүн арнап ырастоо болот. Же дагы башка бир аят бар:

لَا إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ ۖ قَدْ تَبَيَّنَ الرُّشْدُ مِنَ الْغَيِّ ۚ فَمَنْ يَكْفُرْ بِالطَّاغُوتِ وَيُؤْمِنْ بِاللَّهِ فَقَدِ اسْتَمْسَكَ بِالْعُرْوَةِ الْوُثْقَىٰ لَا انْفِصَامَ لَهَا ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Динде мажбурлоо жок. Туура Жол адашуучулуктан ажырап бүткөн. Ал эми ким тогутка кафир болуп, Аллахка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, бекем тутканы карманганы чын! Аллах Угуучу, Билүүчү. Сура ал-Бакара: 256.

Ушул аяттагы “тогуттан жүз буруп” деген бөлүгү, исбат-ырастоо. Таухид сөзүнүн мааниси-Аллахтан башка сыйынылуучу зат жок дегени. Ким намаз окуса, орозо тутса, зекет берсе, ажылык кылса бирок Аллахка ширк кошсо жана мушриктердин ишенимдерин туура санаса, ал мусулман эмес. Анткени ал ширктен жана ширк ээлеринен кол үзүп тазаланбады. Мушриктердин ишенимдеринен кол үзүп тазаланып, Аллахка ыйман келтирип, жалгыз Ага гана ибадат кылуу ортосун бириктирүүсү важиб болот. Намаз окуп туруп, Аллахка ширк кошкон адамга намазы пайда бербейт. Анткени ал ширктен кол үзүп тазаланбады.

Мусулман киши динин сүйүүсүнүн важибтиги

Пенде ушул динди таанып эле калбастан, балким аны сүйүүсү важиб. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Жүрөктөрдө негизинен Аллахтын динин ырастап, аны дин деп моюнга алуу табияты жайгашкан. Бирок, кээде аны буза турган кээ бир нерселер ага көндөлөн болот. Акыйкатты таануу, аны сүйүүнү талап кылса, жалганды таанып билүү, аны жек көрүүнү талап кылат. Анткени анын табиятында акыйкатты сүйүү жана жалганды жаман көрүү бар. Бирок кээде аны бузуп койо турган нерселер, ага көндөлөн болот. Алар акыйкатты ырастоодон тосо турган күмөндөр көрүнүшүндө, же болбосо ээрчүүдөн тосо турган шахват-нафси каалоолор  көрүнүшүндө болот”--Ал-Фатава: 7/528. Ар бир мусулман өз дини менен урмат талап кылуусу важиб. Анын дини гана акыйкат, андан башкасы жалган. Аллах Тааля айтты: 

إِنَّ الدِّينَ عِنْدَ اللَّهِ الْإِسْلَامُ

Албетте Аллахтын алдында (кабыл боло турган) дин бул-Ислам.Сура Али Имран: 19

Аллах Тааля Өз пайгамбарына  ﷺ мына ушул акыйкатты адамдарга жарыялоону буюрду.

قُلْ إِنَّنِي هَدَانِي رَبِّي إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ دِينًا قِيَمًا مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۚ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ

Айткын: “Чындыгында, Роббим мени туура Жолго, Түз динге-акыйкатка бурулган Иброхимдин динине багыттады. Ал Иброхим мушриктерден эмес.” Сура ал-Анам: 161

Кимди Аллах ушул динге хидаяттап багыттаган болсо, Аллахтын ага сунган хидаят нээматы менен кубансын, бул динди бекем кармансын. Пенденин күч-кубаты, урматы дини менен болот. Пенделерди бейишке алып баруучу жол ушул гана болот. Адамдарды ага даават кылсын. Субхану ва Тааля айтты:

فَاسْتَمْسِكْ بِالَّذِي أُوحِيَ إِلَيْكَ ۖ إِنَّكَ عَلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

Сен Өзүнө вахий кылынган Куранды бекем  карма! Сен Туура Жолдун үстүндөсүн. Сура аз-Зухруф: 43