July 15, 2020

Отузунчу матн

Назрдин далили болсо, Анын Сөзүнөн: Алар (дүйнө жашоосунда) назрлерин аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллахтын азабынан) коркушкан. Сура Инсан: 7

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Назр ибадат

Назр - бул, бир пенденин “Мен паландай ниетиме жеткеним үчүн Аллах Тааляга арнап түкүндөй ибадат кылып беремин” деп өзүнө - өзү милдет жүктөшүнө айтылат. Иши онунан келген кээ бир мусулмандар өзү каалашынча орозо кармап же намаз окуп берүүнү же болбосо булардан башка ибадаттарды назр кылышат. Кайсы пенде Аллах Тааляга арнап кандайдыр бир назр кылса, аны албетте аткаруусу - важиб болот. Назр мукалляф Шарияттын негизинде өзүнө важиб-милдет болбогон нерсени өзүнө важиб кылып алуусу түшүндүрөт. Бул да Аллахка калыс-ихлас менен аткарылуусу важиб болгон ибадат. “Назрдин далили болсо…”, назрдын Аллахтан башкага арноо мүмкүн болбогон ибадат экенине далил. “Анын - өз назрлерин аткаргандарды мактап айткан - Сөзүнөн: “Алар дүйнө жашоосунда өз милдеттемелерин моюндарына алган, “назирлерин аткарышкан..” Аларга негизинен важиб болбогон, бирок алар өздөрүнө важиб кылып алган ишти - назрды толук аткарышкан экен, демек негизинде Шарият тарабынан важиб болгон амалдарды аткарууга алар ылайыктуу мүмкүн болот. Субхану ва Тааля ибадатты аткарган кишиге мактоо айткан. Жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллахтын азабынан) коркушкан”. Мусулман кишинин жүрөгү Аллахка байланып, ибадат түрлөрүнөн эч бирин, Аллахтан башкага арнабайт. Балким бардык түрдөгү ибадаттарды Аллахка гана арнайт. Эгер Шарият ээси важиб кылынбаган бир ишти өзүнө “назр” сыпатында важиб кылса, аны бир гана Аллах үчүн арнап назр кылат. Пайгамбар ﷺ айткандай: “Ким Аллахка баш ийүү назр кылса, баш ийсин. Ким ага күнөөкөр болууну назр кылган болсо, Ага күнөөкөр болбосун”--Сахихул-Бухарий: №6318 Айша андан Аллах ыраазы болсун кабар берген.

Назр анттан бийигирээк

Ким назрды Аллахтан башкага арнаса, ибадаттардын бирин, Аллахтан башкага арнап, ширк кудугуна түшөт. Бул күнөө Аллахтан башкасы менен анттоодон да чонурак болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Мазарларга же мүрзө-кабыр ээлеринен бирөөсүнө арнап назр кылуу, Иброхим Халилге же баланчыга же баланчы үй-бүлөгө назр кылуусу сыяктуу күнөөлүү болот назр ибадат боюнча. Дин имамдарынын бир пикирдеги келишимине көрө, мындай назрды аткаруу важиб болбойт. Балким аны аткаруу дурус эмес. Анткени, “Сахих”де Пайгамбардын ﷺ хадисинде ырасталган: “Ким Аллахка баш ийүү назр кылса, баш ийсин. Ким ага күнөөкөр болууну назр кылган болсо, Ага күнөөкөр болбосун”--Сахихул-Бухарий: №6318 Айша андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Анан кантип ибадатты пайда келтирип, зыянды арылтууга кадыр болбогон махлукка арнайт?! Бул өтө чон, жалгандын бир жалганы болот! Назр Аллахтан башкага арналбайт. Эгер баш ийүү боло турган бир иште, Аллахка назр кылса, аны аткаруу важиб. Негизи Аллахка назр кылуу макрух. Пайгамбар ﷺ айткандай назр “Эч нерсени алдына да, артка да сүрө албайт. Бир да жакшылык алып келбейт, ошону менен бирге сарандан гана бир нерсени чыгарып алат.”--Муттафакун алайхи: Сахихул-Бухарий: №6234; Сахихул-Муслим: №1639 Ибн Умар андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Бирок назр кылган болсо, аны Аллахтан башкага арноо халал болбойт. Бир гана Аллахка гана арналат. Анткени назр ибадат болот.