Бисмил-Ляхинин түшүндүрмөсү:
شيخ صالح الفوزان
Шейх Солих аль-Фаузан хафизахуЛлоху:
Автор, Аллахтын ырайымы ага болсун, ″بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ″, деген аятты карап Аллах Тааля Китебинен ээрчип баштады. Сен албетте Куранды ачып барактап жатканда ар бир сүрөөдө эн биринчи аятты ″بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ″ көрөсүн [ № 9 «ат-Тауба» сүрөөсүнөн тышкарысынан].
Эн баштапкы жибермеси жана бул китептегинин аяты – бул Аллахтын Китебине ээрчүү дегени жана пайгамбар صلى الله هليه و سلم, өзүнүн жиберме каттарында падышаларга жана уруу башчы-жетекчилерине ушул аяты менен аларды Исламга даават-чакырык-үгүт менен ишке ашыртып жолдогон. Тагыраак айтканда, ал ″بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ″ деген аяттан баштаган.
Пайгамбар صلى الله هليه و سلم, ушул аяттан өзүнүн кеп-маэктеринде баштаган. Бул ″بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ″ деген аяттан баштоо - пайгамбар صلى الله هليه و سلم, сунна - экендигин көрсөтүп турат. Так эле ошондой пайгамбар Сулейман, ага тынчтык болсун Билкис падышага Савага, бул аятты ″بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ″ менен кат-жиберме жолдогон. Аллах Тааля айтты: «Ал (Падыша аял Сава): "Эй төбөлдөрүм! Мага ардактуу кат келди. Ал - Сулеймандан экен, анда: ″بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ! деп жазылган экен. Силер менин алдымда бой көтөрбөшүнөр үчүн, баш ийген абалда мага келгиле"» деп айтылган. Сура ан-Намль, аяттар 29-31.
Ар бир амалда, ар бир маанилүү китепте ″بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ″ менен башталышы керек. Ошондуктан кимде-ким өзүнүн жазган-эмгек китептеринде жана жиберме-каттарында ″بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ″ менен баштабаса, анда алар болсо пайгамбардын суннасын жана Аллахтын Китебине ээрчүүүсүн таштап койюшту. Балким, алардын китептеринде жана кат-жибермелеринде эч кандай пайда жана баракат жок болуп жаткандыгы себеп болуп жатат. Качан бул китептерде ″بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ″ жок болгон кэзде, аларда эч кандай пайда жоктугу анык болуп калды. ″بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ″ деген аяттын мааниси: ″Аллахтын Ысымдары аркылуу жардам сураймын″. Тагыраак айтканда, инсан, өзүнүн баштоо иштеринде Аллахтан жардам сурап жана Аллахтын Ысымдары аркылуу баракат издеши керек.