July 14, 2020

Жыйырма сегизинчи матн

Истигосанын (кыйын жагдайда жалынып-жалбарып жардам суроонун) далили болсо, Анын Сөзүнөн: Силер Роббинерге жалбарып, дуа кылган кезде, Ал силерге жооп берди. Сура Анфал: 9

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Истигоса (кыйын жагдайда жалынып-жалбарып жардам суроо) ибадат

Истигоса - игоса жана гоус жардам тилөө маанисинде болуп, оор машакаттуу кыйынчылыктардан куткаруусун сурануу болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Истигоса, бир гана кыйынчылыктан кийин болот”--Бадаиул-Фаваид: 1/60.

Истигоса, дуа жана истиьаза ортосундагы айырма

Дуа менен истигосанын ортосундагы айырма: Истигоса бир гана мусибат жана машакат, кыйынчылыктар себебинен жасалат. Дуа болсо, мусибат, машакаттар түшкөндө да, башка убакта да жасала берет. Истигоса дуа түрлөрүнүн ичиндеги эн өзгөчөсү болуп, башына оор иш түшкөн кишинин дуасын истигоса деп аталат. “Истигоса” жана “истиьаза” ортосундагы айырма: “Истиьаза” Аллахтан сени сактоосун, коргоосун жана сенден жамандыкты кайтаруусун сурануу болсо, “Истигоса” Аллахтан башына түшкөн, машакат жана балээни кетирүүнү сурануу болот. Истигоса, Аллахка толук муктаждыкты жана Анын жетиштүү Зат экендигине болгон ишенимди өз ичине камтыйт. Ал эн абзел жана толук амалдардын бири болот. Инсан бул жашоодо ар түрдүү машакаттарга дуушар болот. Ошондо кимде-ким башка түшкөн кыйынчылыктардан арылуусун сурап, Роббисине истигоса кылса, (жалынып, жардам сураса) пайгамбарлар жана солих-жакшы заттардын башына түшкөн машакаттарды, Аллах ушул ибадат себебинен арылткан, улуу ибадатты аткарган болушат. “Истигосанын ибадат экенине далили, Аллах Таалянын Сөзү:

إِذْ تَسْتَغِيثُونَ رَبَّكُمْ فَاسْتَجَابَ لَكُمْ

Силер Роббинерге жалбарып, дуа кылган кезде, Ал силерге жооп берди. Сура Анфал: 9

Аллахтын силерге берген нээматын эстегиле, ошондо душманынарга жолугуу убагы жакындашканда, Роббинерден жардам, жениш жана үстөмдүк талап кылдынар. Ошондо Аллах силерге жооп берди. Бул окуя “Бадр” согушу күнү болгон. Аллахтын элчиси ﷺ мушриктердин саны көптүгүн көрүп, Роббисин чакырып, жалынып жалбарып дуа кылуу менен жардам сураган эле.

 أَمَّنْ يُجِيبُ الْمُضْطَرَّ إِذَا دَعَاهُ

Же болбосо, зарыккан - муктаждын дуасына ким жооп берип, балээни ким кайтарат? Сура ан-Намл: 62

Ошондо Аллах Тааля Өз пайгамбарына душмандары үстүнөн жениш берди. Мусулмандар душмандарды кээ бирлерин өлтүрүштү, кээ бирин туткундашты. Ислам үстөм болду жана бул күн “Фуркан” күнү деп аталды. Акыйкат менен жалган ажыраган күн болду.

Ширкке тиешелүү истигоса

Бул маселеге далил болгон аяттын далаалатына көрө, истигоса, эн улуу ибадаттардын бири болот. Аны Аллахтан башкага арноо - бут-санамдардан, өлүктөрдөн, кайыптардан жана ушул сыяктуулардан жардам суроо - Аллах Тааляга ширк келтирүү болуп саналат. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Өз муктаждыктарын өлүктөрдөн сурап, жардам тилеп, аларга карай дуа кылып, жалынып-жалбарып жүздөнүү-ширктин дагы бир түрү болот. Бул ааламдагы ширктин негизги тамыры болот. Негизи ал өлгөн, өлүктүн амалы токтоду, эми ал өлүк, өзүнөн жардам сурагандарга, муктаждыктары орундалуусун, тилегендерге жана Аллах алдында колдоочу болуусун каалагандарга жардам берүүсү, тиякта турсун, ал өзү үчүн да пайда келтирип, зыяндан арыла албайт”--Мадарижус-Саликиин: 1/346. Бул ширкий истигосанын өкүнүүдөн, жана зыян тартуудан башка натыйжасы жок. Анын ээси эч качан орундалбаган, алыстан көзүнө аккан суунун элеси көрүнгөн, суунун элесинин артынан ага жетпей кетип жаткан инсан сыяктуу. Бул ширк себебинен, дүйнөдө жана ахиретте болсо, балекетке жолугуучу пендеге айланат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Абу Язид رحمه الله айткандай, махлуктун, махлуктан жардам суроосу, кудум сууга чөгүп бараткан инсан, чөгүп кетип бараткан инсандан жардам сураганына окшойт”--Ал-Фатава: 14/29. Ким Аллахтан башка -  өлүктөргө же кайыптагы тириктерге - дуа кылса, бул истигосанын үстүндө жылдап отурса да, эч качан каалоосу орундалбайт. Мисалы: өлүктөргө, периштелерге, пайгамбарларга, тоо-таштарга, булактарга, көлдөргө мазарларга дуа кылып, алардан жалынып жалбарып тиленсе, ушул тиленүүсүндө жылдап отурса да, бул жасап жаткан ширкти себептүү, эч качан максаты ишке ашпайт. Аллах Тааля айтты:

إِنْ تَدْعُوهُمْ لَا يَسْمَعُوا دُعَاءَكُمْ وَلَوْ سَمِعُوا مَا اسْتَجَابُوا لَكُمْ

Эгер аларга дуа кылсанар, дуанарды укпайт. Эгер кыялдарында укса да, силерге жооп бере алмак эмес. Сура Фатыр: 14

Дурус болбогон истигоса

Даяр турган жана жардам берүүгө кадыр болгон тириктерден, алар кадыр болгон иштерде жардам суроо дурус. Аллах Тааля Муса алайхи салам тууралуу айтты:

فَاسْتَغَاثَهُ الَّذِي مِنْ شِيعَتِهِ

Өз жамаатынан болгон адам, душман жамааттан болгон адамга каршы жардам сурады эле. Сура ал-Касас:15

Бирок алардын өздөрү жана өлүктөр, тирүү кайыптагылар кадыр болбогон иштерде, өлүктөрөн же кайыптардан жардам сурап, муктаждыктардан арылуу, Аллахка ширк кошуу болот. Башынарга бир машакат иш түшсө, балээ - кыйынчылык көбөйсө, кайыптарды Билүүчү Аллахтан гана жардам сурагыла, асмандар жана жердин ачкычы Анын колунда. Аллах Тааля мындай деди:

إِنَّمَا أَمْرُهُ إِذَا أَرَادَ شَيْئًا أَنْ يَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ

Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши “Бол!” деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат. Сура Йа Син: 82