July 8, 2020

Жыйырма жетинчи матн

Истиьазанын (коргонуу суроонун) далили болсо, Анын Сөзүнөн: Айт: (Оо, Мухаммад) “Тан Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: Фалак: 1. Жана Айткын (Оо, Мухаммад) “Мен инсандардын Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: ан-Наас: 1

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Истиьаза (коргонуу суроо) ибадат

Истиьаза - Коргонуу, сактануу, байланыштуу маанилерин билдирет. Анын акыйкаты болсо, өзүн корккон нерседен, сени коргой турган Затка карай качып, баш паанектө болот. Аллахтан коргонуу суроо - Ага жалынып - жалбарган абалда байланышып, бардык жамандыктарда Анын Өзүн жетиштүү Коргоочу, Сактоочу деп ишенүү болушу керек. Бул дагы башка ибадаттар сыяктуу эле, Аллах Тааля пенделерине буюрган ибадаттардын бири болот. Аллах Тааля айткандай:

وَإِمَّا يَنْزَغَنَّكَ مِنَ الشَّيْطَانِ نَزْغٌ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ ۚ إِنَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү! Сура ал-Араф: 200

Аллах Тааля жана да айтты:

فَإِذَا قَرَأْتَ الْقُرْآنَ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ

Качан сен Куран окусан (Аллахтын ырайымынан) куулган шайтандан коргоо тилеп, Аллахка сыйын. Сура ан-Нахл: 98

“Фатхул - Мажид”те айтылат: “Аллахтан башкасынан коргоо суроо дурус эместигине улямалар ижма - иттифокка (бир пикирдеги чечимге) келишкен”--Фатхул-Мажид шарх китабит-Таухид: 188-бет. Башка түшкөн мусибаттардан арылууда жана кайгы - капаларды көтөрүүдө, улямалар Роббисинен башка жалынып - жалбарыла турган Зат жок. Жашоо апат - балээлер жана көргүлүктөр, көнүлсүздүктөр менен толо болуп жатат. Ар бир пенденин душманы - инсандардан жана жиндерден болот. Алардын эн алдынкы катарында, Иблис (ага Аллахтын каргышы болсун) турат. Субхану ва Тааля айтты:

إِنَّ الشَّيْطَانَ لَكُمْ عَدُوٌّ فَاتَّخِذُوهُ عَدُوًّا

Шайтан силерге (түбөлүк) душман! Аны дайым душман туткула! Сура Фатыр: 6

Аллах Тааля ар бир пайгамбарга инсандардан жана жиндерден душмандар болуусун кабарын берип айтты:

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوًّا شَيَاطِينَ الْإِنْسِ وَالْجِنِّ يُوحِي بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ زُخْرُفَ الْقَوْلِ غُرُورًا

Ошондой эле, биз ар бир Пайгамбарга адам - шайтан жана жин-шайтандардан душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бири-бирине (жалган жуурулган) бал сөздөрдү шыбырашат. Сура: Аньам: 112.

Пайгамбарлардын ээрчүүчүлөрү да, кудум ушундай сыноолорго жолугары анык. Эч бир пенде инсандар, жиндер жамандыгынан жана жашоодогу балээ - апаттардан, Аллах сактоосун тилеп, Аллахка коргонууга муктаж болот. Ким Аллахтан коргонуу сураса, Аллах Өзүнүн Китебинде бир нече орунда буюрган улуу ибадатты аткарган болот.

Истиьазанын ибадат экенине далил

“Истиьазанын далили болсо…”, Аллахтан коргоо суроонун ибадат түрлөрүнөн бири экендигине далил..  Анын Сөзүнөн: Айт: (Оо, Мухаммад) “Тан Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: Фалак: 1. Жана Айткын (Оо, Мухаммад) “Мен инсандардын Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: ан-Наас: 1. Ушул эки сүрө - “муаввизатайн” тууралуу Аллахтын элчиси ﷺ Укба ибн Амирге андан Аллах ыраазы болсун мындай деген: “Бул түнү эч бир окшоштугу көрүнбөгөн аяттар түшүрүлдү.

 قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ الْفَلَقِ

Айт: (Оо, Мухаммад) “Тан Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: Фалак: 1.

жана

قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ النَّاسِ

Айткын (Оо, Мухаммад) “Мен инсандардын Роббисинен коргоо тилеймин” Сура: ан-Наас: 1

Сахихул - Муслим: №814

Истиьаза (коргонуу суроо) дем алуу жана жеп - ичүүдөн да маанилүүрөөк

Мусулман киши эртели - кеч дайыма, мына ушул эки сура менен коргонуу сурап жүрүүсү милдет болот. Коргонуу суроо бул дегени - пендени күндүзгү, түнкү апат-балээлерден жана жамандыктардан коргойт. Пайгамбар ﷺ Укба ибн Амирге  андан Аллах ыраазы болсун бул эки сура менен коргоо суроого буюруп; “Сен ушул эки сура менен коргоо сура. Эч бир коргоо тилөөчү, ушул экөөсү менен корголгондой корголуп, сакталган эмес”, - деген--Сунану Аби Давуд: №1464. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Пенденин мына ушул эки сура менен коргонуу суроого болгон муктаждыгы, анын дем алуу, жеп-ичүү жана кийим-кийүү муктаждыгынан да күчтүүрөөк болот”--Бадаьиул-Фаваид: 2/199. Субхану Робби күч-кудурет жана үстөмдүк сыпаттары менен сыпатталган Зат. Ким Аны менен коргонсо, эч кимдин зыяны ага жетпейт. Анткени себептери бар болуп турган абалда да, ага тийбей өтөт. Пайгамбар ﷺ айтты: “Ким бир жерге консо: “Аьуузу бикалиматиЛлахит-тааммаати мин шарри маа холак” (жаратылган нерселердин жамандыгынан, Аллахтын толук сөздөрү менен коргономун) деп айткан болсо, качан ал инсан, ошол конуп турган жеринен кеткенге чейин, эч бир нерсе ага зыян бербейт”--Сахихул-Муслим: №2708 Хавла бинт Хаким андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Куртубий رحمه الله айтты: “Бул туура кабар жана чын сөз, биз анын тууралыгын далилдүү тажрыйба менен билдик. Мен ушул кабарды укканымдан бери, ага амал кылып келдим. Жана мага эч бир нерсе зыян жеткирген жок. Бир күнү түндө, Махдияны-таштап кеткенимде, мени чаян чагып алды. Ойлоп көрсөм жанагы сөздөр менен коргонуу суроону унутуп калган экенмин”--Фатхул-Мажид: 190-бет. Инсан зыяндарга жолуга турган алсыз пенде. Анын жашоосу Аллахка байлануу жана Андан коргонуу сурануу менен гана болот. Пенде пайда, зыян, Аллахтын колунда экенин билип, ага зыян жеткирүү үчүн, тырышып, аракеттенип жаткан махлук, Аллах каалабаса, ага анын зыяны жетпей калуусуна ишенүүсү лаазым. Пайгамбар ﷺ “Билгин” сага жер жүзүндөгү бардык адам чогулуп, сага пайда берүүчү болушса, Аллах сенин тагдырына жазган нерседен артык, пайда бере алышпайт. Эгер жер жүзүндөгү бардык адам чогулуп, сага зыян берүүнү каалашса, Аллах сенин тагдырына жазган нерседен артык, зыян бере албайт. Тагдыр калемдери көтөрүлүп, кагаздар кургаган болду.--Сунанут-Тирмизий: №2516, 2/385, Абдуллах ибн Аббас андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Аллах Тааля зыяны ачык жана пенденин көзүнө анык көрүнүп турган нерсе - сыйкыр тууралуу айтты. Ушундай болсо да, кээде зыян пендеден бурулуп кетет. 

 وَمَا هُمْ بِضَارِّينَ بِهِ مِنْ أَحَدٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ

Аллахтын уруксаты болмоюнча, аны (сыйкыр) менен эч кимге зыян жеткире алышпайт. Сура ал-Бакара: 102.

Истиьаза - Аллахтан коргоо суроо эн улуу ибадаттардын бири. Аллах Тааля Өз пайгамбарын ﷺ карангылыктар койнунан, танды жарытуучу заттан, бардык махлуктардан, түн карангылыгынан, сыйкырчылардын сыйкырынан, көрө албастардын жамандыгынан коргоо тилөөгө буюрду. Ааламдан карангылык кетип, жарык келтирүүгө Кудуреттүү Зат, коргоону суроочунун корко турган нерселерин кетирүүгө Кудуреттүү Аллах.

Пендеден коргоо суроо

Тирик жана кадыр болуп турган пендеден, ал кадыр болгон иште коргонуу суроонун зыяны жок. Жабир ибн Абдулладан андан Аллах ыраазы болсун келген хадисте, бану Махзум уруусунан бир аял уурулук кылат, аны Пайгамбарыбыздын ﷺ алдына алып келишет. Ал аял, Аллахтын элчисинин ﷺ аялы, Умму Салямадан андан Аллах ыраазы болсун баш паанек тилеп, коргоо сурады. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ “Аллахка ант, эгер кызым Фатима уурулук кылганда, колун кескен болор элем” - деди. Андан сон, ал аялдын колу кесилди--Сахихул-Муслим: №1689, 3/1316. “Тайсирул-азизил-хамид”те айтылат: “Махлуктан (пендеден) ал кадыр болгон ишти талап кылуусу жана ошондо гана коргоо суроосу мүмкүн. Аллахтан башкалар кадыр болбогон иштерде мындай эмес. Мында бир гана Аллахтан гана коргонуу суралат”--Тайсирул-азизил-хамид: 211-бет. Бирок өлүктөрдөн же тирүү болгон кайыптагалардан же даяр турган тирүүлөрдөн, алар кадыр болбогон, колдорунан келбеген иштерде, коргоо суроо чон ширк болот. Аллах Тааля айткандай:

وَأَنَّهُ كَانَ رِجَالٌ مِنَ الْإِنْسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٍ مِنَ الْجِنِّ فَزَادُوهُمْ رَهَقًا

Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар, кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат. Сура ал-Жинн: 6

Ушундай экен, тилегинди жана коргоо суроону бир гана Аллахка карай арна, Андан өзгө эч ким балээ - апаттардан сактап кала албайт. Андан башкасы пайда бере албайт.