July 14, 2020

Жыйырма тогузунчу матн

“Жандык союуунун далили болсо, Анын Сөзүнөн: Айткын: “Менин намазым курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Роббиси - Аллах үчүн болот! Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эн алдынкысымын”. Сура: Аньам: 162-163. Суннадан далили болсо: Аллахтан башкага атап жандык сойгон кишини, Аллах каргыштады!”

ШАРХ


Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Жандык союуу ибадат

Аллах үчүн жандык союуу эн улуу ибадаттардан жана мал - мүлккө байланышкан ибадаттардын эн абзелдеринен болот. Ал чыныгы ыймандын жана нафсинин жогорку денгээлдеги Аллах үчүн багытталгандыгынын анык белгиси болот. Анткени, союула турган жаныбар, ээси үчүн сүйүктүү болот. Эгер аны Аллах үчүн атап, Аллахка жакындоо максаты менен, нафси ошол айбандын союлуусуна ыраазы болсо, ошол инсан мал - мүлккө байланыштуу, жалпы ибадаттардын эн абзелин аткарган болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ыйман жана ихлас менен бириккен күчтүү чыныгы ишеним жана ага жакшы күмөндө болуу өтө тан каларлык иш--Ал-Фатава: 16/532. Жандык союуунун - Аллах үчүн өтө чон ибадат экенине - далили болсо, Анын Сөзүнөн: Айткын: (Оо Мухаммад) “Менин намазым курмандыгым (кан чыгарууга байланыштуу ибадаттарым…), намазым жана союуу менен аткарыла турган ибадаттарым болот.. Нафси жакшы көргөн малды, нафсиме андан да сүйүмдүүрөөк болгон Затка - Аллахка курбан кылуум болушу керек. Мына ушул эки ибадатты өзгөчөлөп айтты. Анткени алар өтө шарапаттуу, абзел ибадаттардан болот. Кала берсе, бул эки ибадат, Аллахка болгон сүйүүнү жана динди Ага калыс арноого далил болот. Намаз дене ибадаттарынын эн улуусу болуп саналса, жандык союуу мал -  мүлккө байланыштуу ибадаттардын эн улуусу болот. Ким намазда жана жандык союуу ибадатында ихластуу болсо, бул анын башка сөз жана амалдарында Аллахка ихластуу болуусун лаазым туттурат. “Жашоом жана өлүмүм...” жашоомдо жасаган иш аракеттерим жана өлүмүмдөн кийин, Аллах алдына алып баруу үчүн камдаган нерселерим даярдыгым болот… “Ааламдардын (жалгыз) Роббиси - Аллах үчүн болот! Анын эч бир шериги жок! Анын мүлккө ээлик кылууда, башкарууда шериги болбогону сыяктуу, ибадатта да шериги жок. “Мен ушуга - Жалгыз Аллах ихлас менен ибадат кылууга - буюрулдум. “Жана мен мусулмандардын эн алдынкысымын”. Ким өз дене - мүчөсүн Аллахка ибадат кылууга моюн сундуруп, жандыгын союп, Роббисине жакындоо максаты менен арнаса, бул киши чыныгы мусулман. Аллах Тааля мына ушул эки ибадат эн абзел ибадаттардан болгондугу үчүн, Өз элчисин ﷺ жана ал кишинин үммөтүн ихлас менен аткарууга буюруп мындай деди:

فَصَلِّ لِرَبِّكَ وَانْحَرْ

Сен эми ушул жакшылыктар үчүн намаз оку жана курбандык чал. Сура: Каусар: 2

Башкалар үчүн эмес, бир гана Аллах үчүн намаз окуп, курбандык кыл. Намазды Аллахтан башкасы үчүн арнап болбогондой, курбандыкты да, жалгыз Аллахтан башка арноо дурус болбойт.

Ширкий түрдөгү жандык союунун көрүнүштөрү

Кимге өз жаны арзыбаган, кадырсыз нерсе болуп, ибадатты Аллахтан башкага арнаса, бут-санамдарга же кабырлардан коркуп же аларды улуулап же алардын ээлеринен шапаат (колдоо) тилеп, аларга арнап жандык сойсо, же болбосо падыша жүргөн жолу үстүнө же ушул сыяктуу жерлерде жандык муздаса, кала берсе сойгон айбаны төө, мал, кой, тоок же мындан дагы кичинерээк нерсе болсо да ширкке түшкөн болот. “Суннадан далили болсо: Аллахтан башкага атап жандык сойгон кишини, Аллах каргыштады!”--Сахихул-Муслим: №1978 Али ибн Аби Толибтен андан Аллах ыраазы болсун кабар берилген. Каргыш - Аллахтын ырайымынан куулуп алыстоо. Ким шайтандын жолуна түшүп, Жаратуучудан башкага курбандык кылса, өзүнө каафирликти нээмат кылган болот. Аллахтын Рубубиясын сындырган жана Улухиясын кемсинтип, Өзүнүн Жаратуучусунан башканы улуулап, ага атап жандык союп, ибадатын кайсы бир ибадат түрүнө татыктуу болбогон махлукка арнап, муну менен оор кылмыш ишин жасап, жасаган ширк кылмышы себептүү, Аллахтын каргышына дуушар болот.