Онунчу матн
Билгин! Аллах сени Өзүнө баш ийүүгө жолдосун, Иброхимдин дини болгон ханифия-Аллахка динди Анын Өзүнө калыс-ихлас кылган абалда сыйынуу. Аллах бардык адамдарды, ушуга буюрган жана аларды мына ушул максатта жараткан Аллах Тааля айткандай: Мен жин менен инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым. Сура: Зарият: 56. Аяттагы ибадат сөзүнүн мааниси: Ибадатта Аллахты жалгыздоо. Аллах Тааля буюрган эн улуусу бул Таухид. Бул Таухид: Ибадатта Аллахты жалгыздоо. Аллах Тааля эн чон нерседен кайтарганы бул ширк. Ал ибадатта Аллахка шерик кошуп сыйынуу. Анын Сөздүн далили: Аллахтын бир Өзүнө гана сыйынгыла, ага эч бир нерсени шерик кошпогула. Сура: Ниса: 36
ШАРХ
Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
Автор رحمه الله мындай деди: “Билгин! Аллах сени Өзүнө баш ийүүгө жолдосун…” Мындайча айтканда: Туура жолго ылайыктап, ага баштасын. Баш ийүүгө жолдосун сурап дуа кылуу, эн жакшы жана толук болгон дуа болуп саналат. Пайгамбар صلى الله هليه و سلم Али ибн Абу Толибке “Оо, Али, Оо Аллах, мени Туура Жолго баштагын жана тууралыгын деп айт. Хидаят дегенде, Туура Жолго жолдоосун тууралык дегенде жаанын жебесиндей тууралоосун эсинде тут” деген--Сахихул-Муслим: № 2725
Ханифия эмне?
“Иброхимдин дини болгон ханифия-Аллахка динди Анын Өзүнө калыс-ихлас кылган абалда сыйынуу…” Жакшылыктарды колго киритүүдө, мына ушуну жакшы билип алгын, “Ханифия”- Ибадатта Аллахтын жалгыз Өзүнө сыйынуу. Бул болсо, Аллахка динди калыс кылган абалда, жалгыз Анын Өзүнө гана сыйынуу, Сыйынылуунун эч бир түрлөрүнүн бириси да Аллахтан башкасына арнап жибербөө менен болот. Ким ушундай жасаса, пайгамбарлардын издерине эрчүүчү ханифий муслим болуп саналат. Ханиф: Бурулуу маанисинде болуп, “ханаф” сөзүнөн алынган. Ханиф: -Таухидке көздөй максат кылып, ширктен жүз буруп, бурулган адам дегенди билдирет. “Ханиф”-Исламды бекем кармап, Аллахка карай жакындаган жана Андан башкасынан жүз бурган киши деп аталат. Иброхимдин алайхи салам дининде болгон ар бир киши - Ханиф. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ханиф дини-Аллахты жалгыз Өзүнө жакындоосу жана Андан башка, ар кандай сыйынылуучу заттардан жүз буруусу болот--Ал-Фатава: 9/319. Ханифия - Ханифийлер имамы болгон, Иброхим алайхи салам дини. Аллах Тааля айткандай:
إِنَّ إِبْرَاهِيمَ كَانَ أُمَّةً قَانِتًا لِلَّهِ حَنِيفًا وَلَمْ يَكُ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Чынында Иброхим Аллахка ихластуу, ханиф (Аллахка жүз бурган) жана Туура Жолго баштоочу жол башчы болгон. Ал мушриктерден болгон эмес. Сура: Нахл: 120. Ал бардык пайгамбарлардын да дини. Аллах Тааля айтты:
ثُمَّ أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ أَنِ اتَّبِعْ مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۖ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Андан сон (Оо Мухаммад) Биз сага: «Жалгыз Аллахка сыйынуучу Иброхимдин динине ээрчигин. Себеби ал мушриктерден болбоду» деп вахий жибердик». Сура: Нахл: 123. Иброхим алайхи салам кийин келген, ар бир пайгамбар, анын укум-тукумунан болот. Ошону үчүн, Аллах Тааля айтты:
مِلَّةَ أَبِيكُمْ إِبْرَاهِيمَ
Атанар Иброхимдин дини-деди. Сура: Хаж: 78. Ал киши пайгамбарлар атасы, бардык пайгамбарлар дини болсо-Ислам. Улуу Аллах Тааля айтты:
إِنَّ الدِّينَ عِنْدَ اللَّهِ الْإِسْلَامُ
Албетте Аллахтын алдында кабыл боло турган дин – Ислам. Сура: Али Имрон: 85. Исламдан башка ар кандай дин жалган. Аллах Тааля айтты:
وَمَنْ يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَا فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِيامِ دِينً الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ
Жана ким Исламдан башка динди тандаса, анын ибадаттары кабыл алынбайт жана ал ахиретте зыян тартуучулардан болуп калат. Сура: Али Имрон: 85. Ханифтер дини: жалгыз Аллахтын Өзүнө сыйынуу, жана Аны жалгыз деп билүү, динди, ибадатты Аллахка калыс кылуу, Аллахтан башка ар кандай сыйынылып жаткан нерселерге сыйынуудан тазаланып, жүз буруу менен аларды жалган деп ишенүү болот. Пайгамбар صلى الله هليه و سلم мына ушуга буюрган. Аллах Тааля Пайгамбарыбызга صلى الله هليه و سلم айткан:
قُلْ إِنِّي أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ اللَّهَ مُخْلِصًا لَهُ الدِّينَ
Айт (Оо Мухаммад) Мен Аллахтын Өзүнө динди калыс кылган абалда ибадат кылууга буюрулдум. Сура: Зумар: 11. Бардык адамдар мына ушуга буюрулушту. Аллах Тааля айтты:
وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ حُنَفَاءَ وَيُقِيمُوا الصَّلَاةَ وَيُؤْتُوا الزَّكَاةَ ۚ وَذَٰلِكَ دِينُ الْقَيِّمَةِ
Алар бардык ибадаттарды Туура жолдон бурулбаган абалда, калыс Аллах үчүн гана кылууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура дин! Сура: Байина: 5. Дүйнө, ахиретте да кишинин солихтиги-жакшылыгы Таухид жана ихляс менен болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: «Жүрөккө Таухидтен жана динди Аллахка калыс – ихлас кылуудан көрө пайдалуураак нерсе жок жана ага ширктен көрө зыяндуураак нерсе эч теке жок—Ал-Фатава: 10/652
Бардык адамдарга важиб болгон иш.
«Аллах бардык адамдарды ушуга буюрган…» Мындайча айтканда эркек, аялды калыс-ихляс абалда Өзүнө гана ибадат кылууга буюрган. «Жана аларды мына ушул максатта жараткан…» Иброхимдин болгон диним ханифияда жаратылган. Бул болсо, сыйынууну жалгыз Аллахка арноо менен болот. Аллах Тааля айткандай:
وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنْسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ
Мен жин менен инсанды, бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым. Сура: Зарият:56.
Мен аларды жалгыз Өзүмө сыйынуулары үчүн жараттым, аларга муктаждыгым үчүн эмес. «Аяттагы ибадат сөзүнүн мааниси: ибадатта бир гана Аллахтын Өзүнө сыйынуу…» Бул болсо Аллахты жалгыз деп билип, жана жүрөктүн бардык амалдардагы максатын, Аллахка карай багыттоо менен болот. Кала берсе, бардык махлуктар лазаттана турган нерселер кемчилдиксиз болсо да, жүрөк бир гана Аллахка калыс – ихляс ибадат кылуу менен ондолот, кутулат, тынчтык табат. Качан пендеде, Аллахка болгон дининде ихласы күчтүү болсо, ошондо анын пенделиги жана махлуктардан муктажсыздыгы толук бойдон болот. Аллахка болгон ибадаты болсо, Ага гана жана Анын пайгамбарына баш ийүү менен орундалат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: «Ким ааламдын ал-абалы тууралуу ой-жүгүртсө, жер жүзүндөгү бардык жакшылыктар себеби, бир гана жалгыз Аллахтан экенин деп билип, анан Ага ибадат кылуу экенин жана Анын элчисине баш ийүү экенин түшүнүп алат. Ааламдагы бардык жамандык, фитна, балээ, кургакчылык, душмандарга женилүү себептеринин келип чыгуусу, Аллахтын элчисине صلى الله هليه و سلم каршы чыгуу менен Аллахтан башкасын чакырууда (ширк келтирүүдө) экендигин билет. Ким бул нерсеге чыныгы ой- жүгүртө алса, ал нерсени өзүндө жана өзгөлөрдө жалпы жана жеке абалда ушундай болорун табат—Ал-Фатава: 1/25. Жүрөк качан Аллахты жалгыз «Кожоюн» деп билип, бир гана Аллахка сыйынганда, Андан гана жардамды сурап, Ага гана тобокел кылса, махлуктардан муктажсыз болот.
Аллах Тааля буюрган эн улуу нерсе Таухид. Таухид бул: Ибадатта Аллахты жалгыздоо. Асмандан келген эн улуу буюрук.
«Аллах Тааля буюрган эн улуу нерсе Таухид…» Аллах Өзүнүн Китебинде буюрган жана Аллахтын пайгамбарлары өз үммөтүнө буюрган нерсе, динди Аллахтын Өзүнө калыс – ыклас кылуу менен Анын Таухидин орундоосу болот. Аллах пенделерине билүү жана амал кылууну важиб кылган эн улуусу нерсе Таухид. Мына ушул себептүү, пайгамбарлар жиберилип, китептер түшүп, күнөөлөр кечирилип, бейишке татыктуу болуп, тозоктон кутулат. Ким бул улуу буюрукка баш ийбесе, анын эч бир амалы Аллахтын алдында кабыл болбойт. Аллах Тааля айтты:
وَقَدِمْنَا إِلَىٰ مَا عَمِلُوا مِنْ عَمَلٍ فَجَعَلْنَاهُ هَبَاءً مَنْثُورًا
Жана Биз алар сооп деп ойлоп жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны чан тозон кылып сапырып таштадык. Сура: Фуркан: 23
Таухидтин маанилүүлүгү
Таухидтин өтө маанилүүлүгү себептүү, Курандын баарысы аны өз ичине камтыйт. Ибн Кайим رحمه الله айтты: «Курандын өтө көп суралары, балким Курандагы ар бир сура, Таухидтин эки түрүн өз ичине алган. Биз жалпы сүрөттө айта алабыз, Курандагы ар бир аят, Таухидти өз ичине камтыган, Таухидке кубө болуп ага чакыруучу болот. Куран – Аллах Тааля тууралуу жана Анын Ысымдары, Сифаттары, Иштери туурасында кабар берет. Бул болсо илимий кабардагы Таухид. Же болбосо (ал Куран) жалгыз Аллахтын Өзүнө гана ибадат кылууга чакыруу жана Андан башка ар кандай нерсеге сыйынуудан кайтаруусу болот. Бул болсо, иродий талаптагы Таухид. Же болбосо, буюрук жана тыйуу, Анын буюрук, тыйууларына моюн сунууну лаазым кылат. Бул болсо, Таухидтин акы-укуктары. Же Аллах Таалянын Таухид элине жана Өзүнө баш ийүүчүлөргө болгон керемети, аларга дүйнөдө жана ахиретте бере турган сый – урматынан кабар берүү болуп жатат. Бул болсо Таухидтин сыйлыгы. Же мушриктер жана аларга дүйнөдө жана ахиретте боло турган жазалары тууралуу кабар берүүсү да бар. Бул болсо, Таухидтен жүз бурган адамдардын жазасы, тууралуу кабар. Кыскасы Курандын бардыгы Таухид, анын акы-укуктарын жана ага бериле турган жазаларды, өз ичине камтыган. «Алхамду лиЛлах» бул Таухид, «Роббил аламиийн» бул да Таухид, «АрРохманирРохийм» бул да Таухид, «Маалики явмиддийн» бул да Таухид. Ийаака наьбуду ва ийаака настаьиийн бул да Таухид»--Таухид—Мадарижус_Саликиин: 3/449.
Таухидтин бөлүктөрү
Таухид – дин тармагынын баарысы, анын үстүнө курула турган түркүктөр бар, ал-эн негизги пайдубал болот. Ал жүрөктүн ачылуусунун себеби, ал талап кылуучулардын умтула турган жайы, баш паанек издөөчүлөрдүн качып бара турган орду, түйшүккө баткандар үчүн кутулуу, кайгыга чөккөндөр үчүн жардамчы болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: «Дуйно машакаттарынан арылта турган, Таухидке тен келе турган эч нерсе жок. Мына ошондуктан кайгы-капага баткан киши окуй турган дуа да, Таухид менен болот. Зуннунду кайгы капага баткан киши окуса, албетте аны Таухид дуасы себептүү, кайгы-кападан арылтатат. Эн чон кайгы-капага батыра турган нерсе ширк болуп саналып, андан бир гана Таухид куткарат. Ал махлуктардын коргоно турган чеби, жана таянчы, жардамчысы болот--Ал-Фаваид: 95. Пайгамбарлар менен коомдору ортосунда өз ара келишпестик, Таухид Улухия айынан болгон. Анын аныктамасы ушул: “ Ибадатта Аллахты жалгыздоо…” Курбандык чалуу, назир, дуа кылуу жана башка бардык түрдөгү ибадаттардын түрлөрүн, Аллахтан башкага арноо мүмкүн эмес.
Таухид үч бөлүккө бөлүнөт:
- Таухид Рубубия. Аллахты Өз иштеринде жалгыз деп билиш керек.
- Таухид Улухия. Пенделер өз иштери менен Аллахты жалгыздоо кылышы керек.
- Таухид Асма вал Сифаат. Аллахты Өз Китебинде Өзүн Сыпаттаган жана пайгамбар صلى الله هليه و سلم сыпаттаган Сифаттар менен эч кандай өзгөртпөй, маанисин бузбай, бир нерсеге окшоштурбай, сыпаттоо болушу керек.
Таухидтин мына ушул үч бөлүгүн өзүндө ырастап, калыптандырган киши чыныгы муввахид-Таухид калк-элинен болуп саналат.
Аллах Тааля эн чон нерседен кайтарганы бул ширк. Ал ибадатта Аллахка шерик кошуп сыйынуу. Анын Сөздүн далили:Аллахтын бир Өзүнө гана сыйынгыла, ага эч бир нерсени шерик кошпогула. Сура: Ниса: 36
Жер жүзүндөгү эн чон күнөө
Пенденин билүүсү лаазым болгон, Аллах Тааля жана пайгамбарлар кайтарган эн чон нерсе бул ширк. Ширк ибадат түрлөрүнүн бирин, Аллахтан башкага арноо ширк болот. Аллахка ширк келтирүү, адам өлтүрүүдөн, каракчылык, уурулук кылуудан чон оор болгон күнөө болот. Ал жер жүзүндөгү эн чон бузукулук. Пенделердин кутулуусу, бир гана Аллахтын Таухиди жана Аны ибадатта жалгыздоо менен гана болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: «Жалпысынан ширк жана Аллахтан башкага дуа кылуу, Андан башканы “сыйынылуучу зат” кылып алуу, Пайгамбардан صلى الله هليه و سلم башкасын өзүнө өкүмдар деп кабыл алуу жер жүзүндөгү эн чон бузукулук болот. Бир гана Аллахты “сыйынылуучу зат” деп билип, бир гана Анын Өзүнө гана дуа - ибадат кылуу, бир гана Аллахтын элчисин صلى الله هليه و سلم ээрчүү, баш ийүү жер жүзүндөгү ондоочулук болот--Ал-Фатава: 15/24. Ал эми Аллахка кыянаттык менен жасалган, эн чон кылмыштуу чон күнөө - Аллахка ширк келтирүү. Аллах Тааля мындай айтты:
وَإِذْ قَالَ لُقْمَانُ لِابْنِهِ وَهُوَ يَعِظُهُ يَا بُنَيَّ لَا تُشْرِكْ بِاللَّهِ ۖ إِنَّ الشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ
Бир кезде Улукман баласына насаат кылып, мындай деди: Оо, балам (ибадатта) Аллахка шерик кошпогун. Ширк-деген - бул чон зулум! Сура: Лукман: 13
Пайгамбар صلى الله هليه و سلم айтты: “Эн чон күнөө кайсы? - деп суралганда, ал киши: Аллахка башка бирөөнү тендештирип ибадат кылууда болот. Кала берсе Ал сени жараткан”,-деп айткан--Бухарий: №4207, Муслим: №87, Абдуллах ибн Масьудтан андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Аллахтын элчиси صلى الله هليه و سلم айтты: Силерге эн чон күнөөлөр тууралуу айтып берейинби?” деп үч жолу кайталады. Биз: “Ооба”, Оо, Аллахтын элчиси”, дедик. Аллахка ширк келтирүү, ата-энеге ак болуу эместиги”, деди--Бухарий: №5631, Муслим: №87 Абу Бакра Нуфайь ибн Харистен андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Ширк Рубубияны талкалап кыйратуу, Улухияны кемчилдикке жолуктуруу, ааламдар Роббиси тууралуу жаман күмөндө болуу. Ал эн жаман болгон күнөө. Анткени ал кемчилдиктүү махлукту, бардык сыпаттарда толук болгон, кемчилдиксиз Жаратуучу менен тендештирүү болот. Таухид Улухияда шерик кошкон киши, Таухид Рубубияны ырастап, Рубубияда шерик кошпосо да, баарыбир мушрик болуп саналат. Бир киши Таухид Рубубия толук ырастаган абалда кабырга барып, мүрзө-кабыр ээсине дуа кылып жалынып - жалбарса же ага арнап курбандык чалса, ад адам чон ширкке жол берген болот.
Ширктин аныктамасы
Ширктин аныктамасы мындай: “Ал ибадатта, Аллахка шерик кошуп сыйынуу…” Субханаху ва Тааля менен бирге башка бирөөдөн өз муктаждыгын талап кылуу, өзү менен Аллах ортосунда олуя болсун, мүрзө-кабыр болсун, кимдир бирөөнү ортомчу кылуу, ага дуа кылуу, жүздөнүп андан жардам тилөө, жана башка ибадат түрлөрүн Аллахтан башкага арноо ширк болот. Башкача айтканда, ширк - Аллахка таандык болгон өзгөчөлүктөрдө, Аллахтан башкасына да Ага өзгөчөлүктөрдү тендөө болот. Ширк менен өлгөн киши, тозоко түшүүгө татыктуу болуп, бейиштен куруу калат. Азза ва Жалла айтты:
إِنَّهُ مَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ وَمَأْوَاهُ النَّارُ ۖ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ
Албетте кимде-ким Аллахка ширк келтирсе, Аллах ага Бейишти арам кылат жана барар жери тозок болот. Өзүнө зулум кылуучуларга эч бир жардамчы болбойт. Сура: Маида: 72
Пайгамбар صلى الله هليه و سلم айтты: “Кимде-ким Аллахка бир нерсени шерик кошкон абалда өлсө, тозоко кирет”-деген--Бухарий: №4227, Абдуллах ибн Масьудтан андан Аллах ыраазы болсун кабар берилген. Аллах Тааля буюрган эн улуу нерсе Таухид жана Аллах Тааля кайтарган эн чон нерсе ширк экендигине далил, Аллахтын Сөзү:
وَاعْبُدُوا اللَّهَ
"Аллахтын бир Өзүнө сыйынгыла” - ибадатта Улуу Аллахты жалгыз Өзүнө сыйынуу болот.
وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا
"Жана Ага эч бир нерсени шерик кошпогула!”, Аллахка ширктин азы, көбү менен шериктерди, окшошторду кылбагыла жана ширкке алып баруучу себептерден этият болгула. Пенде Субханаху ва Тааляга болгон ыйманын ырастоодо, ага каршы шериктерди окшошторду жокко чыгаруусу лаазым болот. Пендеге эн биринчи буюрулган иш, Аллахка ибадат кылуу жана шерик кошпоо буюругу болсо, пенделер кайтарылган эн биринчи иш, анын каршысынан “ширктен кайтаруу буюругу” болду. Кийин Аллах Тааля башка важибааттарды мунун артынан баяндады.
وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا ۖ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَبِذِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينِ وَالْجَارِ ذِي الْقُرْبَىٰ وَالْجَارِ الْجُنُبِ وَالصَّاحِبِ بِالْجَنْبِ وَابْنِ السَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ مُخْتَالًا فَخُورًا
Жана Аллахка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата - эненерге, тууган-уругунарга, жетимдерге, мискин-жакырларга, тууганчылыгы бар кошунанарга, бөлөк кошунанарга жанынардагы жолдошунарга, мусапыр - карыптарга жана кол астынардагы адамдарга (жана айбандарга да) жакшылык кылгыла. Сура: Ниса: 36.
Бул аят: Таухидке буюруу менен башталып, ширктен кайтаруусу, Таухидтин өтө улуулугуна жана ширктин өтө жамандыгына далил болот.