Хошиянын далили болсо, Анын Сөзүнөн: Алардан коркпогула, Менден гана корккула!
Рогбат, Рохбат жана хушуьнун далили болсо, Анын Сөзүнөн: Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. Жакшылыктардан үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуа кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичи пейил пенделер болгон.
Тобокелдин далили болсо, Анын Сөздүн далили: Жана эгер момун болсонор, Аллахка гана тобокел кылгыла. Сура Маида:23. Ким Аллахка тобокел кылса, Анын Өзү жетиштүү болот. Сура: Таляк: 3
Үмүттүн далили, Анын сөздүн далилинде болсо: Ким Роббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын Шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Роббисине ибадат кылганда (Ага) эч нерсени шерик кошпосун! Сура Кахф: 110.
Коркууга далил, анын сөздүн далили болсо: Албетте, ошол (силер жолуккан жана силерди коркуткан) - шайтан. Ал силерди, өзүнүн досторунан мушриктерден коркутууда. Алардан коркпогула. Эгер момун болсонор, Менден гана корккула! Сура: Аали Имрон: 175
Хадисте: “Дуа ибадаттын өзөгү”. Анын сөздүн далили болсо:Силердин Роббинер: “Мага дуа кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)” деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет. Сура: Гаафир: 60
Анын Сөздүн далили: Бардык мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка кудайларга дуа кылбагыла! Сура: Жин: 18
Аллах Тааля буюрган Ислам, ыйман, ихсан, сыяктуу ибадат түрлөрүн жана дагы дуа, коркуу, үмүт, тобокелдик кылуу, рогбат (соопторго умтулуу), рохбат (Аллахтын азабынан коркуу), инаба (тооба кылып кайтуу), истиьана (жардам суроо), истиьаза (коргонуу суроо), истигосо (кыйын жагдайда жалынып-жалбарып жардам суроо) жандык сойуу, назр кылуу жана башка ушул сыяктуу Аллах буюрган, ибадат түрлөрүнүн бардыгы Аллахка таандык.
Ибн Касир رحمه الله айтты: “Бул нерселерди жараткан Зат гана, сыйынууга татыктуу болот.
Анын махлуктарынан боло турганы: Жети кабат асман жана жети кабат жер, алардын ичиндегилер жана ортосундагы нерселер камтыйт. Анын Сөздүн далили: Күн, ай, күндүз жана түн Аллахтын кудуретинин белгилеринен болот. Күнгө да айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсонор! Сура: Фуссилат: 37. Анын Сөздүн далили: Силердин Роббинер - Аллах. Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштын үстүнөн бийик болду. Ал түндү күндүзгө оройт жана ал карангылык күндүздү кууп жүрөт. Күн Ай жана (башка) жылдыздар Анын буюругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Роббиси - Аллах Улук, Бийик! Сура: Аьраф: 54.