Сабырдын акыбети
Сабыр- дегени илимине амал жана даават кылган үчүн эн маанилүү иштердин бири болот. Эгерде сабырдуу болбосо, куффарлар аны, сабырсыз чыдамсыз экенин сезип бүлгүнгө салып койот. Аллах Тааля айтты:
فَاصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ ۖ وَلَا يَسْتَخِفَّنَّكَ الَّذِينَ لَا يُوقِنُونَ
Оо, Мухаммад! Сен эми бул дооматчыларга сабыр кыл. Шексиз Аллахтын (сени жана үммөтүндү кафир коомдордун үстүнө үстөм кылуусу тууралуу) убадасы чындык. Ахиретке ишенбегендер сени бүлгүнгө салып, сабырсыз кылбасын. Сура Рум:60
Аллах Тааля пайгамбарларын сабыр менен зыянаттанууга буюрган. Аллах Тааля айтты:
فَاصْبِرْ كَمَا صَبَرَ أُولُو الْعَزْمِ مِنَ الرُّسُلِ وَلَا تَسْتَعْجِلْ لَهُمْ
Оо, Мухаммад мушриктердин зыян-запкыларына, мурунку пайгамбарлардын чыдам - кайгылыгы, сабыр кылганы сыяктуу сабыр кыл, сен аларга-мушриктерге азапты шаштырба. Сура Ахкаф:35
Зыяндарды көтөрүү, ачууну ичке жутуу жана адамдарды кечирүүнү да, сабыр өз ичине камтыйт. Башка бирөөлөргө илим үйрөтүүдө сабырдуу болуу, аларга пайда жеткирүү үчүн жан күйдүрүп аракет кылуу, сабырдагы ийгиликтүү себептердин бири болот. Зыян канчалык күчөсө, жениш да, ошончолук жакындашат. Пайгамбар صلى الله هليه و سلم айткан: "Чындыгында жениш сабыр менен бирге болот—Имам Ахмад "Муснад: 1/307, № 2804" Ибн Аббас андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Али ибн Аби Толиб андан Аллах ыраазы болсун : "Сабыр кагылбай турган унаа болсо, канаттуулук каталанбас кылыч" деп айткан--Абул-Касим ал-Асбаханий: Мухазаратул-уьдабаь: 2/524. Тириктик убагында инсан женишке жана дааватынын таасиринин натыйжасы жетише турганы, өз көзү менен көрө турган женишке чектелбейт. Балким жениш анын өлүмүнөн кийин да келиши мүмкүн. Бул болсо, Аллах Тааля анын дааватына пенделердин жүрөгүнө кабыл алууну пайда кылып коюуусу жана ал чакырган нерсени пенделер үйрөнүп, ага амал кылуулары себеп болот. Сабыр кылуучу инсан, дүйнө, ахирет урматына жетишет. Анткени ал, Аллахтын сабырдуулар менен биргелигин колго кириткен болот. Аллах тааля айтты:
إِنَّ اللَّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ
Аллах сабырдуулар менен бирге болот. Сура Бакара:153
Ибн Кайим رحمه الله : "Таразанын оорлошуусу (жакшы амалдар тарабы) акыйкатка ээрчүү жана анын үстүндө сабыр кылуу менен болот деп айткан"--Ижтимаьул-жайшил-Исламия: 78-бет. Кутулуу да сабыр жана такавага байланыштуу болот. Аллах Тааля айтты:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اصْبِرُوا وَصَابِرُوا وَرَابِطُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
Эй ыйман келтиргендер! Сабырдуу болгула, ар дайым сабырдуу болгула жана чек араларды коргоп, дайым даяр тургула! Аллахтан корккула! Ошондо женишке жетишесинер ажеп эмес! Сура Аали Имрон: 200
Аллах Тааля сабырдууларга үч нерсени убада кылды. Үчөөсү тен дүйнө эли мелдеше турган жакшылыктар. Аллах Тааля айтты:
الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ
أُولَٰئِكَ عَلَيْهِمْ صَلَوَاتٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَرَحْمَةٌ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُهْتَدُونَ
Аллах Тааля тарабынан Бир кырсык бактысыздык келгенде: "Албетте биз бардыгыбыз Аллахтын мүлкү болобуз, Анын Өзүнө кайра кайтабыз деген адамдарга... Дал ошолорго Роббиси тарабынан мактоо, ырайым бар, Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр. Сура Бакара: 156-157
Бейшке кирүү бактына да, бир гана сабыр менен жетишет. Аллах Тааля айтты:
إِنِّي جَزَيْتُهُمُ الْيَوْمَ بِمَا صَبَرُوا أَنَّهُمْ هُمُ الْفَائِزُونَ
Бүгүн, Мен аларга зыяндарга сабыр кылганы себептүү сыйлык беремин. Чынында алар чыныгы женишке жеткендер. Сура Муьминун: 111
Ушул 4-маселе: илим, ага амал кылуу, ага чакыруу жана сабырды иш жүзүнө ашыруу нафси-каалоону ондоодо жана башка нерселерди түзөтүүдө, ага каршы эн улуу жихад күрөшү көрүнүштөрүнүн бири болуп саналат. Ибн Кайим رحمه الله айтты: "Нафси-каалоого каршы күрөшүүнүн төрт даражасы бар.
- Дүйнө ахирет бактылуулугунун жалгыз себепчиси болгон, бул Хидаят жана динди үйрөнүү менен нафсиге каршы күрөшүү болот. Динди үйрөнүүнү колдон кетирген киши, эки дүйнөдө бактысыз болот.
- Окуп үйрөнгөн кийин, ага амал кылууда нафси-каалоосуна каршы күрөшүү болот. Кала берсе амалсыз илимдин өзү зыяны бербесе да, пайда ага келтирбейт.
- Ага даават кылуу жана аны билбегендерге үйрөтүү үстүндө нафси-каалоого каршы күрөшүү болот. Андай кылбаса, Аллах түшүргөн хидаят жана ачык далилдерди жашырган кишилерден болуп калуусу мүмкүн. Илими ага пайда бербей, Аллахтын азабынан кутула албайт.
- Аллах үчүн Аллахка даават кылуу машакаттарга жана мушриктердин зыяндарына сабыр кылууда, ал нафси-каалоого каршы күрөшүү жана мусибаттардын баарысын көтөрүп сабыр кылат.
Мына ушул 4 даражадагы сыпат менен толугу менен сыпатталган киши, роббаний заттар катарынан орун алат.