June 11, 2020

Он төртүнчү матн

Анын махлуктарынан боло турганы: Жети кабат асман жана жети кабат жер, алардын ичиндегилер жана ортосундагы нерселер камтыйт. Анын Сөздүн далили: Күн, ай, күндүз жана түн Аллахтын кудуретинин белгилеринен болот. Күнгө да айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан  Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсонор! Сура: Фуссилат: 37. Анын Сөздүн далили: Силердин Роббинер - Аллах. Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштын үстүнөн бийик болду. Ал түндү күндүзгө оройт жана ал карангылык күндүздү кууп жүрөт. Күн Ай жана (башка) жылдыздар Анын буюругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Роббиси - Аллах Улук, Бийик! Сура: Аьраф: 54.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Роббинди таанып биле турган далилдер

Жети кабат асман - өзүнүн бийиктиги, кендиги менен - жана жети кабат жер - өзүнүн ар тараптан кенендиги менен, көлөмүнүн чондугу, - Анын чон махлуктарынан болот. Алардын ичиндегилер... жети асманда жанып жаркырап туруучу жылдыздар, жети кабат жер үстүндөгү тоо - таштар, дениз - дарыялар, ар түркүн айбанаттар, өсүмдүктөр ааламы жана башка акылдарды тан калтыра турган махлуктар болот. Жана ортосундагы нерселер… Асман жана жер ортолугундагы аба жана башка нерселер, ошондой эле асман койнунда учуп, бир мекенден башка бир жердеги мекенге баруулары, бир мекенде таралуусу сыяктуу болот. “Анын аяттарынан…”, Улуу Арш ээси болгон Аллахты аруулаймын. Ар бир мусулман Аллахтын аяттары тууралуу ой-жүгүртүүсү лаазым. Ибн Жаузий ал - Маликий رحمه الله айтты: “Ой-жүгүртүү ар бир абал жана орундун булагы болот. Ким Аллахтын улуулугу тууралуу ой-жүгүртсө, өзүндө улуулукту табат. Ким анын кудурети тууралуу ой-жүгүртсө, таваккулду (тобокелди) пайда кылат. Ким Анын азабы тууралуу ой-жүгүртсө, коркууну пайда кылат. Ким Анын ырайымы тууралуу ой-жүгүртсө, үмүттү өздөштүрөт. Ким өлүм жана андан кийинки абалдар тууралуу ой-жүгүртсө, ой-кыялдарын азайтырат. Ким күнөөлөрү тууралуу ой-жүгүртсө, коркуусу күчөп, анын напсиси кичирейет - Ал  - Каванийнул - фикхия: 284-бет.

Аллахтын кудуретинин белгилерине, Анын кээ бир аяттары буга далил

“Анын Сөздүн далили...:” Күндүз жана түн жана Күн Ай Аллахтын кудуретинин белгилеринен, экендигине далил… Аллах Таалянын төмөнкү сөзү: “Түн - өз карангылыгынын пайдаларынан анын койнунда махлуктар эс алып ырахаттанат. “Жана Күндүз” - өз  жарыктыгынын пайдаларынан, анда махлуктар өз иштери менен алектенишет. “Күн Ай” - Пенделердин жашоо тиричилиги ушул экөөсү менен гана уланат. Анын кудуретинин толуктугуна, каалоосунун сөссүз түрдө аткарылуусуна, падышалык мүлкүнүн чексиздигине, пенделерине ырайымдуу экендигине далаалат кылган белгилерден болот. Күнгө да айга да сажда кылбагыла! Ал экөөсү Аллахка баш ийген, сыйнууга татыксыз махлук. Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсонор!  Күн менен Ай канчалык чон болбосун, баарыбир алар ибадатка татыксыз махлуктар, силер Аллахты ибадатта жалгыздап, динде Ага ихластуу сыйынгыла. Сура: Фуссилат: 37.

Жети кабат асман жана жети кабат жер Аллахтын жалгыздыгына далаалат кылуучу белгилерден экендигине далил, Аллахтын сөзү: “Силердин Роббинер - Аллах. Ал асмандар менен жерди”-Алардын ортосундагы махлуктары - алты күндө, - жекшемби күнүнөн жума күнүнө чейин - жаратты, - аларда Өзү каалаган иштерди жасагандан “Кийин” - жети асмандан, жети кабат жерден, кен болгон - “Арштын үстүнөн” - өзүнүн улуулугуна ылайык абалда, - “бийик болду”. Бул Аршка көтөрүлүү, бийик болуу Аллахтын Өзүнүн улуулугуна таандык. Ал түндү - карангылыкты “күндүзгө оройт” - ошондо жер жүзүнү карангылык каптап, “жана ал карангылык күндүздү кууп жүрөт…” түн келгенде күндүз кетет, күндүз келсе түн кетип, Кыяматка чейин ушул абалда бири-бирин бир сүрөттө кууп жүрө берет. Түн киргенде адамдар, айбандар жана башка махлуктар өз жашоо орундарында эс алышат. “Күн Ай жана (башка) жылдыздар Анын буюругуна моюн сундурулган…”  Буларды илимине, даанышмандыгына моюн сунган абалда, бир калыпта тартипке салган. “Уккула: жаратуу” ааламды тагдырлап, бардык махлуктарды жаратып, өкүм кылган. Жана буюруу Өзүнө гана таандык! Албетте буюруу Шарият өкүмдөрүн, пайгамбарлыкты өз ичине камтыйт. Ааламдардын Роббиси - Аллах Улук, Бийик! Ал чексиз берекелүү Ыйык Зат. Аллах Тааля Өз Сифаттарынын толуктугу, улуулугу менен Өзүндө Улуу, Ыйык болду. Муну менен бирге башкаларга да көптөгөн чексиз жакшылыктар, мал-мүлк, берекелер берүүсү менен Улуу Ыйык болот. Субхану ва Тааля ааламдар Роббиси мол, көптөгөн жакшылыктар жана пазилет, ырайымын көрсөтүүчү Зат болот.