Биринчи матн кыргызча котормо
شيخ صالح آل الشيخ
Шейх Салих ибн Абдуль-Азиз Али Шейх хафизахуЛлоху:
Шарх
Бүт мактоо бир гана Аллахка таандык, шейх رحمه الله өзүнүн башкы кайрылуу жибермесинде айтып жатат: «БИЛГИН АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ САГА БОЛСУН!» (- ُاللهَ رحمكْ - اعلم (же «БИЛГИН АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ МАГА ЖАНА САГА БОЛСУН!» ( ایاك و الله رحمنى اعلم )
Бул сөздөрдө сылыктык камтыйт жана кимде-ким илим алып окуп үйрөнүп жаткан болсо, аларга жумшактыкта, боорукердикте жана ырайымдуулукта болуп жаткандыгы анык көрсөтүп турат, анткени алар ырайымдуулукта болушу үчүн шейх дуа кылып сурады.
Пайгамбар صلى الله هليه و سلم айткан: «Кен Ырайымдуу Ээси Ырайымдуулардын үстүнөн ырайым кылат, жер бетиндегилерге ырайымдуу болгула, асмандын үстүндөгү ээси силерди да ырайым кылат» (бул хадис Абу Дáуд, Тирмизи ж.б.. Шейх аль-Альбани аны сахих деп далилдешкен (Сахих хадистердин № 925 катар тобу)).
Улямалар айтышты:«Илим болсо ырайымдуулуктун үстүндө себеби болуп негизделген, жана бул илимдин натыйжасы болсо бул дүйнө турмушта да жана ахиретте да акыркы чон максаттына жеткире турган ырайым болот».
Ошондуктан шейх буну жумшак жагынан карап белгилеп айтып кетти: ««БИЛГИН АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ САГА БОЛСУН! — илим алып жаткандарга дуа кылды алар үчүн ырайым сурады, анткени илим берүүчүлөрдүн жана илим алуучуулардын мамилелери ырайымдуулуктун негизинде курулушу керек — бул ырайымдуулук ар биринен талап кылынышы керек.
Шейх айтты: «БИЗГЕ 4-МАСЕЛЕНИ ОКУП ҮЙРӨНҮҮ ВАЖИБ БОЛУП ЖАТАТ... Бул жерде важиб дегени, эки түрдүү важиб маанини камтыйт. Биринчиси: «Важиб аль-’айни» т.а. ар бир мусулман үчүн жүктөлгөн амалга милдеттеме аткарылышы керек. Маселен Таухид, солат-намаз, сыям-орозо ж.у.э.с. Экинчиси: «Важиб аль-кифаи» т.а. Эгерде айрым мусулмандар жүктөлгөн амал милдеттемени аткарып коюшса, башка мусулмандар бул милдеттемеден бошотулушат. Мисалы жаназа-солат-намазы ж.у.э.с.. Так эле ошондой илим иштер-маселелер болуп жатат. Илимде да ушундай бар дейсин, ар бир мусулман үчүн жүктөлгөн амалга илим алышы милдеттеме т.а. (важиб аль-’айни) болот, жана ушундай илимдер бар дейсин, айрым гана мусулман үчүн жүктөлгөн амалга илим алышы керек болуп калат.
Эми биринчи суроону алып карап чачыратып көрсөк, бул дегени үч суроону билип алуу: Пенденин Өз Роббисин таанып билүүсү, Пенденин Өз динин жана Анын Элчисин صلى الله هليه و سلم таанып билүүсү, алардын баары болсо ар бир мусулман үчүн (важиб аль-'айни) болот, эми ушундай маселелерге карапайымча көз-көрлүгү менен ээрчүү (таклид) баарына тыюуу салынат. Ар бир мусулман үчүн үч негиздерди: Аллах, дин жана пайгамбар صلى الله هليه و سلم жөнүндө бир гана илим-далилдер менен милдети болсун, анткени анда Курандан жана Суннадан бекем далил болушу керек. Улямалардын белгилүү сөз - айтуу бар ыйман-ишеним маселелерде көз-көрлүгү менен ээрчүү (таклид) болсо, ал жараксыз болот. Ошондуктан бул суроо-маселелерди далилден чыга тургандай болуп биздин ыйман-ишенибиз катуу болушу керек.
Далил – бул бир гана Куран же Сунна, же жөн эле сахабалардын сөзү, же «ижмаъ» (улямалардын жалпы бир пикири), же «кияс» (салыштырмаларды салыштыра турган жол) эле эмес, бирок ал өтө көлөмдүү болуп калат. Далил эмне экенин жакында, ин ша Аллах сүйлөшөбүз.
Улямалар айтышат, Ахли Сунна уаль Жамаъанын ыйман-ишеним маселелерде таклид кылуу (көз-көрлүгү менен ээрчүү) тыюуу салынат. Так эле ошондой адашкан фиркалар да ашариялар, матуридиялар жана философтор ыйман-ишеним маселелерде таклид кылуу тыюуу салышат. Бирок эн биринчи ахли-сунна-уаль-жамаъанын важибы башка адашкан фиркалардын эн биринчи важыбынан тоолук айырмаланат. Ахли-сунна-уаль-жамаъанын таклид кылуу маселеси тигилерден да тоолук айырмаланат. Матуридийлердин жана ашарийлердин эн биринчи важибы бул – назар, кароо. Ошондуктан алар үчүн, эгерде өз көздөрү менен тиктеп карамайынча жана ойлонмоюнча ыймандары жараксыз болуп калат экен. Алар назар салуу деген маанини биз бар болгон нерселерди назар салыш керекбиз дешет. Ошентип алар асманды, жерди, айбанаттарды, дениздерди ж.у.э.с. назар салуу аркылуу Аллахты бар экенин айтышат.
Бирок ахли-сунна-уаль-жамаъа, сөссүз далилди карап алышы керек дешет. Бул далил «матлюуа» (окула турган) т.а. Куран ва Сунна текст-аяттарынан болушу керек. Адашкан фиркалар болсо, жок биз бар болгон нерселерге назар салып ойлонуш керекбиз дешет. Ахли-сунна-уаль-жамаъа болсо, биз далилди (Курандан ва Суннадан) караш керекбиз, жөн эле бир-нерсе өкүм - хукм чыгарып алыш үчүн эмес, болгону биз эмне кылып жаткандыгыбыз жана ыйман-ишенибиз кандай бул келип чыккан далилге чак болобу деп билип алыш керекбиз. Жана башка маселелерде инсан Исламда жок экендигинде эсепке алыш керекбиз дешет. Мисалы бир гана Аллах татыктуу сыйынууга жана башкалар татыктуу эместиги боюнча илими болушу керек. Ушул адамда ушундай илим-маселеде сөссүз далили болушу керек жана ал өз өмүр жашоосунда жок дегенде бир жолу билип алышы керек.
Ошол себептен инсан далилди билген сон, өзү динге кирет. Ошондуктан биздин улямалар жөнөкөй адамдарды мечиттерде окутуп үйрөтүшкөн жана аларды үч негиздердин матндарын жаттоого мажбурлашкан, себеби дегенде ал улуу маанилүү иш болуп жатат.