Төртүнчү матн
Имам Шаьфий رحمه الله айтты: Эгер Аллах жараткандарга далил катары, бир гана ушул сураны түшүргөндө, мына ушунун өзү жетиштүү болмок.
ШАРХ
Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
Аср Суранын ордусу
"Аср" сурасында, инсан заты зыяндуулукта экени, бир гана Аллах Тааля сыпаттаган киши гана, бул зыянга кирбөөсү тууралуу эскертти. Ал өзүнүн илимий күчүн, Аллахка болгон ыйманы, амалдагы күчүн баш ийүүлөр менен күчөйтүргөн киши болуп, бул анын өзүндөгү толуктуктун мыктылыгына далалат кылат. Андан сон ал башкаларды да насаат-осуят кылуу менен, өзүнөн башкаларды да толуктуктун мыктылыгына жетиштирет. Булардын баарысынын негизги тамыры сабыр болуп, бул толуктуктун мыктылыгынын эн чокусу болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: Акылдуулардын баарысы айтышкан, ырахатка ырахат менен кененчиликке, кененчилик менен жетишип болбойт. Ким лазаттарды абзел көрсө, лазаттардан куруу калат--Шифаул--алийл: 250-бет. Акылын иштеткен киши, бул сураны укса, же окуса өзүн зыяндуулуктан куткарууга аракет кылат. Бул албетте жогоруда айтылган 4-сыпат менен сыпатталуу менен ишке ашат. Демек, бул сура мусулман кишинин жашоосунда өзүнө жол кылып ала турган, 4-эрежени өз ичине камтыган улуу сура экен. Имам Абу Абдуллах Мухаммад ибн Идрис Шаьфий رحمه الله . Бул сура тууралуу мындай деди: Ибн Касир رحمه الله тафсиринде 1/63 Шаьфийден ушул мазмунду башкачараак сөз менен келтирген: "Эгер адамдар бул сурага ой-жүгүрткөндө, мына ушунун өзү аларга жетиштүү болмок" деп, кабар берген. "Ат-Тибьян"да 53-бет, Мифтаху дарис-саьада 1/58, "Ал-Истикома"да 2/259, "Уддатус-собирийн"да 60-бет Шаьфийден: "Эгер бардык адамдар бул сураны ойлоп көрүшсө, бул аларга жетиштүү болор эле" деген сөз менен кабар берген. Эгер Аллах Тааля адамдарга далил катары... аларга үзүр жана шылтоого орун бербей, аларды алдындан эскертип коюу үчүн, Курандан "бир гана мына ушул" улуу жана сөздөрү кыска мааниси өтө кенен болгон "сураны түшүрсө ушунун өзү" динди жана солих-жакшы амалдарды бекем кармоого, Аллахка даават кылуу жана бул жолдо сабырдуу болууга динди бекем кармоо үчүн жетиштуу болмок. Кала берсе бул сура, инсан толуктугунун бардык даражаларын өз ичине камтыган. Ибн Кайим رحمه الله айтты: "Толуктук - дегени инсан өзүн толук тутуп, өзгөлөрдү да толуктукка жетиштиртет. Бул сура кыска болуусуна карабастан, Куран сураларынын ичинде жакшылыктардын баарысын өз ичине камтыган сура--Мифтаху дарис-саьада: 1/58. Бул сура пендеге куш кабар берүүчү жана эскертүүчү. Пенде ушул сурага токтоп, анда айтылган маселелер менен өзүн таразалап көрсүн. Ибн Рожап رحمه الله айтты: Бул сурага пенделер аны менен өз амалдарын өлчөп, пайда зыяндарын билип алуусундагы таразасы болот"--Латоифул-маьариф: 313-бет.