Жетинчи матн
Биринчиси: Аллах бизди жаратты жана бизге ырыскы берди жана жөн эле бизди таштап койбой, тескерисинче пайгамбарды жиберди. Ким ага баш ийсе, ал бейишке кирет, ким ага терсаяктык кылса, ал тозокко кирет. Анын Сөзүнүн далили:
إِنَّا أَرْسَلْنَا إِلَيْكُمْ رَسُولًا شَاهِدًا عَلَيْكُمْ كَمَا أَرْسَلْنَا إِلَىٰ فِرْعَوْنَ رَسُولًا
فَعَصَىٰ فِرْعَوْنُ الرَّسُولَ فَأَخَذْنَاهُ أَخْذًا وَبِيلًا
Чындыгында Биз Фираунга Муса пайгамбарды жибергенибиз сыяктуу, силерге да үстүнөрдөн күбөлүк берүүчү, Мухаммад пайгамбарды жибердик. Ошондо Фираун пайгамбарга каршы чыкты эле. Биз аны катуу азап менен алып койдук. Сура Муззамил: 15-16
ШАРХ
Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
Биринчиси: Үйрөнүүбүз милдет болгон үч маселенин бири Таухид Рубубия, ал дегени "Аллах бизди жаратты..." Ал бизди жоктон бар кылды. Аны Өзү айткандай:
هَلْ أَتَىٰ عَلَى الْإِنْسَانِ حِينٌ مِنَ الدَّهْرِ لَمْ يَكُنْ شَيْئًا مَذْكُورًا
Инсандын үстүнөн, ал жара электе доорлордун нечендеген мезгилдери өткөн. Анда инсан эскериле турган нерсе эмес эле. Сура Инсан: 1 Аллах Тааля айткандай:
لَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ فِي أَحْسَنِ تَقْوِيمٍ
Чындыгында Биз, инсанды эн сонун келбетте жараттык. Сура Тин: 4
"Бизге ырыскы берди"... Ар түрдүү нээмат - жакшылыктар берип, бизди ач-жыланач таштабады. Балким Өзү жараткан ар бир жандууга ырыскы берип, анын кепилдигин, Өз кепилдигине алды. Аллах Тааля айтты:
وَمَا مِنْ دَابَّةٍ فِي الْأَرْضِ إِلَّا عَلَى اللَّهِ رِزْقُهَا وَيَعْلَمُ مُسْتَقَرَّهَا وَمُسْتَوْدَعَهَا ۚ كُلٌّ فِي كِتَابٍ مُبِينٍ
Жер түбүндө суу түбүндө жана аба мейкиндигинде кыбырагандыгын баарысынын ырыскысы, Аллахтын кепилдигинде турат. Сура Худ: 6
Аллах Тааля жалгыз Ырыскы Берүүчү болуп, бизге эсепсиз ырыскы берди. Аллах Тааля айтты:
وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنْسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ
مَا أُرِيدُ مِنْهُمْ مِنْ رِزْقٍ وَمَا أُرِيدُ أَنْ يُطْعِمُونِ
Мен жин жана инсанды Бир гана Өзүмө ибадат кылуулары үчүн жараттым. Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын. Сура: Зарият: 56-57
"жөн эле бизди таштап койбой"... кандай абалда болбосун бизди эч бир нерсеге буйрук кылбай, эч бир нерседен кайтарбай, көнүл сыртында максатсыз, керексиз нерсе катары таштап койбоду. Аллах Тааля айтты:
أَفَحَسِبْتُمْ أَنَّمَا خَلَقْنَاكُمْ عَبَثًا وَأَنَّكُمْ إِلَيْنَا لَا تُرْجَعُونَ
Оюнарда Биз силерди максатсыз жөн эле (буюрусуз, кайтаруусуз) жаратыптырбызбы жана бизге сурак бергени кайтып келбейт бекенсинер? Сура Муьминун: 115. Аллах Тааля айтты:
أَيَحْسَبُ الْإِنْسَانُ أَنْ يُتْرَكَ سُدًى
Инсан өзүн дүйнөдө беймаксат таштап коюлган деп ойлойбу?! Сура: Кыямат: 36
Субханаху ва Тааля бизди акыйкат эмнелигин, ал кайсыл жерде экенини, ага кандай жетишүү мүмкүндүгүн билбей турган жана эмне жасарын билбеген абалда таштап койбоду. "Тескерисинче пайгамбарды жиберди"... Аны менен женил жана оной болгон Куранды түшүрдү. Пайгамбар ага жолдоп, анын ортомчулугу менен Куранда болгон акыйкатка жана туура Жолго жолдонуп, анда буюрулган иштерди жасоого жетишебиз. "Ким ага баш ийсе, ал бейишке кирет"... Анткени пайгамбарга баш ийүү, бул Аллахка баш ийүү болот. Аллах Тааля айтты:
تِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ ۚ وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ يُدْخِلْهُ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
Эми, ким Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунса, Аллах аны түбүнөн дарыялар агып турган Бейиштерге киргизет. Жана анда түбөлүк калат. Бул чон-жениш! Сура Ниса: 13.
Махлуктардын эн мыктысы жана эн бийиги, ал Аллахка эн жакыны жана пенде болуп толук даражада аткаруучусу болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: "Толуктук: дегени Аллах жана Элчисине баш ийүүдөгү көмүскө жана ачык-ашкере түрдөгү толуктук аткарат--Ал-Фатава: 10/546. Пайгамбарлар жиберилүүсүнөн максат, аларга баш ийүү жана аларга Аллах Тааля тарабынан алып келген нерселерде ээрчүү болот. "Ким ага терсаяктык кылса, ал тозокко кирет..." Эн чон бактысыздык, пайгамбарга صلى الله هليه و سلم күнөөкөр болуу болот. Аллах Тааля айтты:
وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَإِنَّ لَهُ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا
Ким Аллах жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр болот. Ал жерде түбөлүк калышат. Сура Жин: 23
Аллахтын Элчиси صلى الله هليه و سلم айтты: Үммөтүмдүн баарысы бейишке кирет, болгону баш тарткандар ага (бейишке) кирбейт. Андан оо, Аллахтын Элчиси, бейиштен ким баш тартат?, Ким мага баш ийбесе баш тарткан болот"-деп жооп берди--Сахихул Бухарий: 6/2655, №6851, Абу Хурайра андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Пайгамбарга күнөөкөр болуудан кайтарууга далил, Аллах Таалянын сөзү:
إِنَّا أَرْسَلْنَا إِلَيْكُمْ رَسُولًا شَاهِدًا عَلَيْكُمْ كَمَا أَرْسَلْنَا إِلَىٰ فِرْعَوْنَ رَسُولًا
فَعَصَىٰ فِرْعَوْنُ الرَّسُولَ فَأَخَذْنَاهُ أَخْذًا وَبِيلً
"Чындыгында"...-Оо, Мухаммад صلى الله هليه و سلم үммөтү - Биз Фираунга - эн улуу пайгамбарлардан бири болгон Мусаны (ага тынчтык болсун) Аллах менен сүйлөшкөн Муса пайгамбарды, жибергенибиз сыяктуу, силерге да үстүнөрдөн күбөлүк берүүчү, Мухаммад пайгамбарды жибердик. Ошондо Фираун пайгамбарга каршы чыкты эле. Биз аны катуу азап менен алып койдук..." Мындайча айтканда, аны жана бардык аскерлерин сууга чөктүрүп жибердик, алардын эч бири кутулуп калалбады. Кийин болсо, Кыямат Күнүнө чейин мүрзө- кабыр азабына дуушар болушту. Аллах Тааля айтты:
فَوَقَاهُ اللَّهُ سَيِّئَاتِ مَا مَكَرُوا ۖ وَحَاقَ بِآلِ فِرْعَوْنَ سُوءُ الْعَذَابِ
النَّارُ يُعْرَضُونَ عَلَيْهَا غُدُوًّا وَعَشِيًّا ۖ وَيَوْمَ تَقُومُ السَّاعَةُ أَدْخِلُوا آلَ فِرْعَوْنَ أَشَدَّ الْعَذَابِ
Ал эми Фираун менен анын элин коркунучтуу азап ороду. Аларга Фираун менен элине эртели - кеч тозок көргөзүлүп турат. Ал эми, Кыямат болгондо, бир добуш: "Фираун элин катуу азапка киргизгиле!" деп айтылат. Сура: Гафир: 45-46.
Пайгамбарларга күнөөкөр болгон алардын буюругуна каршылык кылган адамдын акыбети ушул. Мухаммад صلى الله هليه و سلم үммөтү да өз пайгамбарына күнөөкөр болуудан этият болсун. Болбосо, аларга да Фираунга жана анын элине жеткен азап келүүсү мүмкүн. Анткени Аллах Тааля Фираунду жана элин катуу азапка дуушар кылды. Ибн Касир رحمه الله айтты: "Эгер Пайгамбарынарды жалганга чыгарсанар, силер балекетке (азапка) Фираун жана анын элинен да көрө ылайыктуурак болосунар. Анткени силердин пайгамбарынар صلى الله هليه و سلم Муса ибн Имрандан (ага тынчтык болсун) көрө улуурак, абзелирээк, шарапаттуу зат болуп саналат— Ибн Касир: Тафсирул-Куран: 4/395. Субханаху ва Тааля айтты:
مَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً ۖ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Эркек болобу же аялбы, ыйманга келип, андан кийин солих-жакшы амалдарды жасаса, Биз аны бул дүйнөдө таза-пакиза жашатабыз жана алардын акыреттик соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сооптор менен кайтарабыз. Сура Нахл: 97. Шейхул-Ислам رحمه الله : "Эн бактылуулуктун негизи бул Аллах жана Анын Элчисине болгон ыйман деп айтты--Ал-Фатава: 20/193.