July 2, 2020

Жыйырма үчүнчү матн

Рогбат, Рохбат жана хушуьнун далили болсо, Анын Сөзүнөн: Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. Жакшылыктардан үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуа кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичи пейил пенделер болгон.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

“РОГБАТ” - УМТУЛУУ (Аллахтын алдындагы нерселерге кызыгып, умтулуу) ибадат. Рогбат умтулуунун жана рожа үмүттүн ортосундагы айырма.

Рогбат-умтулуу - жакшы көрүлгөн бир нерсеге жетүүнү талап кылууну түшүндүрөт. Рогбат-умтулуу рожа-үмүт ортосундагы айырма: Рожа-үмүт болсо, ал эми Рогбат-умтулуу талабын түшүндүрөт. Мисалы ким бейишке кирүүнү үмүт кылса, анын бул үмүт рожа деп аталат. Ким бейишти солих-жакшы амал менен талап кылса, анын мына ушул талап кылуусу жана ошол жолдо аракеттенип, умтулуусу рогбат деп аталат. Демек, ар бир умтулууда, үмүт бар болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Рогбат менен рожа ортосундагы айырма ушундай - рожа үмүт болсо, рогбат умтула талап кылуусу болот. Рогбат, рожанын мөмөсү. Анткени, бир нерсени рожа үмүт кылса, аны талап кыла баштайт. Рогбаттын умтулуунун рожага үмүткө карата орду, кудум качкандагы коркуу сыяктуу болот”--Мадарижус-Саликиин: 2/55. Аллах Тааля Өз пайгамбары  Мухамадты ﷺ  рогбат умтулууга буюруп мындай деди:

وَإِلَىٰ رَبِّكَ فَارْغَبْ

Жана Роббине умтул! Сура аш-Шарх: 8

Рохбат ибадат Рохбат - азабынан  коркуу

Рохбат - коркула турган нерседен качуунун натыйжасында пайда болгон коркунуч. Ал амалга байланган коркуу. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Рохбат жагымсыз нерседен качууда, кунт көнүлү менен тырышчактык кылуу. Ал жүрөктүн өзүнө жагымдуу нерсени талап кылуудагы умтулуу маанисиндеги, рогбаттын умтулуунун тескериси болот”--Мадарижус-Саликиин: 1/512. Рогбат умтулуу жана рохбат коркуу сабырдын үстүнө курулат. Рохбат кишини сабырга үндөсө, рогбат болсо, шүгүргө багыттайт. Рогбат умтулуу жана рохбат коркуу ибадаттары пендеден анын күнөөлөрү өлчөмүнчө четтенип, ыйманын көбөйүүсүнө карап көбөйөт. Пенде Аллахтын уруксат - каалоосу менен, мына ушул ибадат өлчөмүнчө ийгиликке жетишет. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Эгер Аллах пендесине жакшылыкты кааласа, анын бардык күч-кайратын, Аллахка рогбат умтулуу жана рохбат коркуу кылууга сарптоочу кылып койот. Бул экөөсү ийгиликтин курамынан. Жүрөктөгү рогбат жана рохбаттын өлчөмүнө карай ийгиликке жетишет.

Хушуь Аллахтан башкага арнап болбой турган ибадат

Хушуь жүрөк менен баш ийип, кичи пейил болуу

Хушуь - Аллахтын улуулугуна моюн сунуп, кичи пейилдүү болуу. Ал жүрөктө жана мүчөлөрдө болот. Хушуь, хузуьга-баш ийип багынууга өтө жакын. Айырмасы, хузуь-баш ийип, багынуу дене мүчөлөрүндө болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Хушуь - Аллах Тааля хузуь-баш ийип, багынуу. Тынч амандык менен жүрөк, мүчөлөр менен Аллахка баш ийүү менен болот”--Ал-Фатава: 28/31. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Хушуьнун орду жүрөк, анын мөмөсү мүчөлөрдө көрүнөт”--Мадарижус-Саликиин: 1/521. Жүрөк Аллахка хушуь баш ийип, кичи пейилдүү болгон сайын, Ага пенделиги толугураак боло берет. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Калайык - калктардын пенделигинин толугураагы, Аллахка баш ийип, кичи пейилдүүлүктө эн толук болгону менен ишке ашат”--Мадарижус-Саликиин: 2/300. Аллахтын пенделерине болгон пазилети, ким Аллах алдындагы нерсеге умтулуп, үмүт кылса, ага анын ажр-сообу берилет. Ким Аллахтын азабынан чындап корксо, Аллах ага амандык берет. Кимдин жүрөгү жана мүчөлөрү Аллахка кичи пейилдүү болсо, жашоодо урматтуу болуп жашайт, махлуктардын бирөөсүнө ийилбейт.

Рогбат, Рохбат жана Хушуь ибадат экенине далил

“Рогбат, Рохбат жана хушуьнун далили болсо…”,  Аллахтын алдындагы нерсеге умтулуу, Аллахтын азабынан коркуу, жалгыз Аллахка кичи пейил болуп, баш ийүү, ибадат түрлөрүнөн экенине далили, Аллах Таалянын пайгамбарлар жана солих-жакшы заттар тууралуу мактоо менен айткан орундагы төмөнкү сөзү:

إِنَّهُمْ كَانُوا يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَيَدْعُونَنَا رَغَبًا وَرَهَبًا ۖ وَكَانُوا لَنَا خَاشِعِينَ 

Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. Жакшылыктардан үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуа кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичи пейил пенделер болгон. Сура аль-Анбиййа: 90

Бул алардын Роббисинин толук түрдө  таанууларынын себеби эле. Мына ушул аяттына көрө, ушул үч түрдү иш - Аллах алдындагы ажр-соопторго рогбат Аллахтын Рохбат - азабынан коркуу жана Аллахка хушуь кичи пейилдүүлүк  хузуь баш ийип, багынуу эн улуу ибадат түрлөрүнөн экендигине далаалат кылат. Ким алардан бирин, Аллахтан башкасына арнаса, ал мушрик болот.