Төртүнчүсү : Даават жолунда жеткен зыяндарга сабыр кылуу
Даават жолунда адамдар тарабынан жете турган зыяндарга сабыр кылуу.
Төртүнчү маселенин важибы болсо, Улуу Аллах Таалянын жолундагы, зыяндарга сабыр кылуу. Негизинен дааватчынын амал майданы адамдардын жүрөгү болот. Жүрөктөр болсо, адамдар сыяктуу түрдүү болуп жана бири-биринен айырмаланып турат. Ким Ислам динине амал кылып, адамдарды ага даават кылса, өтө чон бир ишти өз мойнуна милдет алган болуп, Аллахка даават кылып, пайгамбарлардын жол катарын алган болот. Адамдардын нафси калоолору, жалган ишенимдери Аллахка чакыруучу менен ортосунда каршы тосмо болуп калганда, алар болсо, ага зыян зулум бериши мүмкүн. Мындай абалда, алардын кылган зулум-зыяндарына, ал сабыр кылууменен ажр-сооп алууну күтүп жатат.
Имам Малик رحمه الله айткандай: «Бул иште (Аллахтын динине чакырууда) сыноолорго дуушар болбогон кишиге кыялданбагыла»--Ал-Фатава: 4/50 . Сабыр – зыян жеткен орундарда тынчсызданбай жүрөктүн бекем туруусу болот. Жалпысынан дин сабырга муктаж. «Сабр» деген сөзүнүн мааниси бул «тыйылуу», «Тосулуу», «камоо» маанилерин камтыйт. Сабыр- нафсини сабырсыздыкка түшүп калуудан, тилди ар кандай арыздануулардан, кийимин айыруудан, жүздү тырмоодон ушул сыяктуу иштерден тыйылуу болот экен. Анын акыйкаты болсо – кабыл алынбаган жана ылайыксыз иш жасоодон тосуп туруучу сулуу кулк мүнөз болот. Ал нафсий күчтөрдөн бир күч болуп, нафсинин онолуусу жана туура-жарактыгы менен болот.
Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: «Хидаятка илим менен жетишет. Хидаятта дайыма бекем болуп турууга сабыр менен жетишет—Ал-Фатава: 10/40. Таваккулдун (Тобокел) негизи болгон сабыр жана якин (чыныгы ишеним) менен динде аманаткөйлүккө жетишет. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: «Кимге сабыр жана якин берилген болсо, Аллах аны динде имам (жолбашчы) кылат—Ал-Фатава: 2/215. Аллахтын жолунда даават кылууда зыяндарга дуушар болот, динге чакырганда ошол жолдо бекем болушу керек, анткени бул өзгөчө сыноо болот. Кала берсе, дааватчыга зыян жеткирүү инсан табиятында бар нерсе болот. Аллах Тааля Өз элчисине айтты:
وَلَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِكَ فَصَبَرُوا عَلَىٰ مَا كُذِّبُوا وَأُوذُوا حَتَّىٰ أَتَاهُمْ نَصْرُنَا ۚ وَلَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَاتِ اللَّهِ ۚ وَلَقَدْ جَاءَكَ مِنْ نَبَإِ الْمُرْسَلِينَ
Сенден мурунку Пайгамбарларга деле «жалганчы» деген жалаа жабылган. Жана алар бул жалааларга, заалымдыктарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Сура Аньам:34
Мушриктердин сөздөрү жана амалдары пайгамбарларга зулум зыян кылышкан. Улуу Аллах Тааля айтты:
وَلَقَدِ اسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍ مِنْ قَبْلِكَ فَحَاقَ بِالَّذِينَ سَخِرُوا مِنْهُمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Оо Мухаммад! Алардын шылдындоосунан чөкпөгүн. Сенден мурунку Пайгамбарларды деле шылдындашкан. Кийин алардын башына шылдындаган нерселери балээ болуп түшкөн. Сура Аньам:10
Мушриктер кээ бир пайгамбарларды өлтүрүшкөн. Аллах Тааля айтты:
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَقَفَّيْنَا مِنْ بَعْدِهِ بِالرُّسُلِ ۖ وَآتَيْنَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ الْبَيِّنَاتِ وَأَيَّدْنَاهُ بِرُوحِ الْقُدُسِ ۗ أَفَكُلَّمَا جَاءَكُمْ رَسُولٌ بِمَا لَا تَهْوَىٰ أَنْفُسُكُمُ اسْتَكْبَرْتُمْ فَفَرِيقًا كَذَّبْتُمْ وَفَرِيقًا تَقْتُلُونَ
Ар дайым бир пайгамбар силердин каалоолорунарга жакпаган нерсени (динди) алып келсе, силер (дин-ыйманга келүүдөн) текеберленип жана ал пайгамбарларды бир бөлүгүн жалганчы деп, айрымдарын өлтүрө бересинерби?! Сура Бакара: 87
Пайгамбарлардын ишин уланткан кишиге да, пайгамбарларга жеткен зулум-зыяндар да, аларга да жетет. Аллах Тааля айтты:
وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوًّا شَيَاطِينَ الْإِنْسِ وَالْجِنِّ يُوحِي بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ زُخْرُفَ الْقَوْلِ غُرُورًا ۚ وَلَوْ شَاءَ رَبُّكَ مَا فَعَلُوهُ ۖ فَذَرْهُمْ وَمَا يَفْتَرُونَ
Ошондой эле, биз ар бир пайгамбарга адам-шайтан жана жин – шайтандардан душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бири-бирине (жалганга жуурулган) бал сөздөрдү шыбырашат. Сура Аньам:112
Даанышман, Таква болсон, сабырдуу болсон, душмандын айлакерликтери сага зыян жеткире албайт. Аллах Тааля айтты:
إِنْ تَمْسَسْكُمْ حَسَنَةٌ تَسُؤْهُمْ وَإِنْ تُصِبْكُمْ سَيِّئَةٌ يَفْرَحُوا بِهَا ۖ وَإِنْ تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا لَا يَضُرُّكُمْ كَيْدُهُمْ شَيْئًا ۗ إِنَّ اللَّهَ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطٌ
Эгер силерге бир жакшылык жетсе, бул аларды капа кылат. А эгер силерге бир жамандык жетсе муну менен сүйүнүшөт. Жана эгер силер таква болсонор жана кафирлердин айла-амалдарына сабыр кылсанар, алардын айлакерлиги силерге эч кандай зыян жеткиришпейт. Анткени Аллах алардын иштерин Камтуучу. Сура Аали Имран:120
Аллахка чакыруучу киши сыноолорго жолукпай койбойт. Бир киши имам Шаьфийден : Оо Абу Абдуллах! Киши үчүн кайсы бири абзел болот, тамкин (үстөм болуп бекем) болуубу же сыноолорго дуушар болуусубу?», - деп сурады. Шаьфий رحمه الله «Сыноого учурабай-жолукпай туруп, (динде) бекемделбейт. Кала берсе, Аллах Нухту, Иброхимди, Мусаны, Исаны, Мухаммадты (алардын баарысына Аллахтын салават-саламдары болсун) сыноолорго дуушар кылды. Качан сабыр кылышканда, аларга бекемдик берди. Эч ким оор машакаттардан кутулуп каламын деп ойлобосун-деп жооп берди—Ал-Фаваид: 407-бет. Ким сабырга адаттанса, душманы андан коркот. Ал эми кимге сабыр кылуу оор болсо, андан душманы ага карай азгырууга умтулат. Мына ушундай экен, мусулман өз нафсисин тыйып, сабырга бекем тутуп, Аллахтын сообуна ишенсе, зыяндар ага жетүүсүнө көнүл бурбайт. Момун кишисинин түйшүгү өзүнө буюрулган иштерди жасап, кайтарылган иштерден тыйылып, жана өзүнө тагдыр кылынган нерсеге сабыр кылуусу керек. Эгер инсан сабырсыздык кылса, Аллах харам кылган иштерге түшүп калуусу же Аллах важиб кылган нерсени таштап коюуусу мүмкүн болот.