Жыйырма биринчи матн
Үмүттүн далили, Анын сөздүн далилинде болсо: Ким Роббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын Шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Роббисине ибадат кылганда (Ага) эч нерсени шерик кошпосун! Сура Кахф: 110.
ШАРХ
Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
Үмүттүн ибадат экендигине далил
“Үмүттүн далили…”, рожа-үмүт Аллахтан башкага арнап болбой турган ибадат экендигине далил… Аллах Таалянын Сөзү:
فَمَنْ كَانَ يَرْجُو لِقَاءَ رَبِّهِ فَلْيَعْمَلْ عَمَلًا صَالِحًا وَلَا يُشْرِكْ بِعِبَادَةِ رَبِّهِ أَحَدًا
Ким Роббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын Шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Роббисине ибадат кылганда (Ага) эч нерсени шерик кошпосун! Сура Кахф: 110.
Анын суна турган жер - соопторунан үмүт кылып, Анын Шариятына ылайык амал жасап, Аллахка пенделик кылууда эч нерсени Ага шерик келтирбесин. Амалына кожо уксун, кожо көрсүн, аралатпай, ибадатты Жаратуучусунан башка тарапка арнап жибербесин. Балким бардык амалдарды калыс-ихлас менен Аллах үчүн жасасын. Ким ихлас менен ээрчүүнү (Шариятка ээрчүүнү) өз ара бириктирсе, өзү үмүт кылган жана издеген нерсеге жетет. Кимде ушул сыпат болбосо, зыянга жолугат, Кожосуна жакындоо жана Анын ыраазылыгына жетүүдөн куруу калат. Аллах Тааля “үмүттү” Өзүнө арноону буюруп мындай деди:
مَا لَكُمْ لَا تَرْجُونَ لِلَّهِ وَقَارًا
Силерге эмне болгон, Аллахка улуулукту каалабайсынарбы? Сура Нух: 13
Мусулман киши өз-ой пикирин, каалоо - кыялдарын Аллахка байлайт. Аллах Тааля айтты:
إِنْ تَكُونُوا تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمُونَ ۖ وَتَرْجُونَ مِنَ اللَّهِ مَا لَا يَرْجُونَ ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
Эгер силер азап чеккен болсонор, алар деле силер сыяктуу азап чегишти. Экинчиден силер Аллахтан, алар үмүт кылбаган нерсени (бейишти) үмүт кылып жатасынар. Аллах Билүүчү, Даанышман. Сура ан-Ниса: 104.
Аллахтан үмүт кылуу инсанды пайгамбардан өрнөк алууга үндөйт. Аллах Тааля айтты:
لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِمَنْ كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ وَذَكَرَ اللَّهَ كَثِيرًا
(Оо момундар) силер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгү бар. Бул үлгүлөр Аллахтан жана Ахирет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп - көп зикр кылгандар үчүн даярдалган. Сура аль-Ахзаб: 21.
Ким Аллахтын пазилетинен үмүткөр болбосо, Анын кабар берген азабынын каарына дуушар болот. Улуу аллах Тааля айтты:
إِنَّ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا وَرَضُوا بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَاطْمَأَنُّوا بِهَا وَالَّذِينَ هُمْ عَنْ آيَاتِنَا غَافِلُونَأُولَٰئِكَ مَأْوَاهُمُ النَّارُ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Бизге жолугууну үмүт кылбай (ишенбей) дүйнө жашоосуна гана ыраазы болуп, ошого жөлөнүп, жүргөндөр жана Биздин аяттарыбызга көнүл бурбай койгондор… Алардын жазасы - тозок, кылмыштарына жараша! Сура Йунус: 7-8.
Үмүт ибадат
Үмүт жүрөккө байланыштуу ибадат болуп, кыялданган нерсеге жетишүүнү каалап, үмүт менен ага умтулуу болот. Рожа-үмүт менен таманний-кыялдануу ортосундагы айырма ушул - рожа-күч аракет сарптап, аябай сонун жакшы түрдө тобокел кылуу менен болот. Таманний-кыялдануу болсо, жалкооолук менен куруулай кыялдануу болот. Рожа кишини амалдарга багыттайт. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Рожа руху болбогондо, жүрөктөр жана мүчөлөр ибадаты бекер болуп, жана Аллах ысмы көп айтылган кечилдердин үжүрөлөрү, насронийлердин чиркөөлөрү, яхудийлердин ибадатканалары жана мусулмандардын мечиттери талкаланган болор эле”--Мадарижус-Саликиин:2/42. Чыныгы рожанын акыйкаты-рожа менен коркуу биргелекте болуусуболушу керек. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Рожанын чыныгы акыйкаты, “рожа” менен “коркуу” бирге болуусу. Ошондо пенде өзүнө буюрулган ишти, ыйман нуру менен соопту рожа кылып аткарат, тыюуу салынган ишти болсо, ыйман нуру менен азабынан коркуп таштайт”--Мадарижус-Саликиин: 1/502.
Үмүттүн түрлөрү
Үмүт үч түрдө болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Рожа үч түрдүү болуп, эки түрү макталган, бир түрү айыпталып, жамандалган. Алгачкы эки түрү-Аллахтын нуру менен Аллахка моюн сунуп, сообунан рожа кылып, амал кылган кишинин рожасы болот. Жана экинчиси бир күнөөнү жасап, кийин тооба кылып, Аллах Тааланын кечириминен, жакшылыгынан, берешендигинен рожа кылган киши. Үчүнчүсү: Сүткорлук жана күнөөлөргө чөккөн кишинин кыялы болуп, ал эч кандай амал кылбаган абалда, Аллахтын ырайымынан рожа кылат. Муну азгырык, куруу кыял, жалган рожа деп атагандан башка нерсе эмес”--Мадарижус-Саликиин: 2/36. Кимдин рожасы күчтүү болсо, солих-жакшы амалы көбөйөт. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Рожа көбөйүп, күчтөнгөн сайын, анын ээси амал кылууга аракетчил боло баштайт. Кудум, жерге урук сепкен киши, түшүмгө канчалык рожа күчтүү болсо, жерине ошончолук көп берет”--Ал-Фаваид: 129-бет. Рожа пендени Аллахка карай жол алууга үндөйт, жолду ага кооз көрсөтүп, ал аркылуу жүрүүгө кызыктырып, жана аны бекем кармоого себепчи болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Эгер рожа болбосо, Аллахка карай эч ким жүрбөгөн болор эле. Коркуунун жеке өзү пендени аракетке келтире албайт. Балким, аны сүйүү аракетке келтирет, коркуу аны тергеп жемелейт, рожа болсо, аны үндөйт”--Мадарижус-Саликиин: 2/50.
Үмүт качан күчтүү болот?
Аллахты таанып билүү күчтүү болсо, рожа да ошончолук күчтүү болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Рожанын күчү-Аллахты таануу, Анын Ысым-Сифаттарын билүү күчүнө карап күчтөнөт--Мадарижус-Саликиин: 2/42. Үмүт пенде үчүн, Роббисинен рожа кыла турган нерселерге жетүүнүн себептеринен ийгилик болот. Пенденин Аллахтын сообунан рожа кылуусу, Рообисине толук түрдө өзүн моюн сундуруусу, аны Өз ырайымына алуусу жана күнөөлөрүн кечирүүсү, амалдарында айып-кемчилдиктер болуусуна карабастан, жакшы амалдарын кабыл кылуусу, жамандыктардан кечип жиберүүсү пенденин үмүткөр болгонунан болот. Анын үмүтүнүн кубаты, ага мына ушундай абалда толук түрдө моюн сунууну алып келди. Бул нерсени үмүтсүз эч качан элестетип болбойт. Рожа жашоонун талабы болот. Субхану ва Тааля пенделеринин Өзүнөн үмүткер болууларын жана Өз Пазилетинен суроосун жактырат. Анткени Ал чыныгы Акыйкат, Берешен, Падыша суралуучулардын эн берешени, берүүчүлөрдүн эн молдуу чексиз берүүчүсү болот. Берешен Аллахка эн жагымдуу нерсе, Андан сурануулары жана үмүткер болуулары болушу анык болот. Пенденин Аллахтын пазилетине жана ырайымына болгон үмүткерлиги канчалык күчтүү болсо, анын Аллах Тааляга болгон пенделиги да, ошончолук күчтөнөт. Бул эн улуу ибадат ушул болот.
Үмүттө ширк келтирүү
Ким бир гана Аллах кадыр болгон, күнөөнү кечирүү же оорусуна шыпа суроо сыяктуу иштерде, Аллахтан башкадан үмүткер болсо, мына ушул ибадатты Аллахтан башкага арнагандыгы үчүн, чон ширкке түшкөн болуп саналат. Анткени ал, Аллахтан башкасы кадыр болбогон ишти, Аллахтан башкасына арнап, андан үмүткер болуп, үмүт ибадатын Аллахтан башкага арнады. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Үмүт бир гана Аллахка байлануусу лаазым, эч бир махлукка, эч бир пенденин күч-кубатына жана иш-аракетине байлануусу дурус эмес. Үмүттү Аллахтан башкага арноо бул ширк саналат. Кала берсе Аллах Тааля ага себептерди жасап койгон болсо да, себептин өзү эч бир нерсе кыла албайт. Балким, ага бир жардамчы болуп, аны (үмүттү) бир тыйа турган тосмо болбостугу зарыл. Ар бир гана Аллахтын каалоосу менен гана болуп калат--Ал-Фатава:10/256.
Аллахтан башкадан үмүткер болуу кордук
Ким бир пендеден үмүткер болуп ага байланса, жүрөгү Аллахка болгон пенделиктен бурулуп, жүрөгүндөгү байланууга жана үмүткерлик өлчөмүнө карап, Аллахтан башканын пендесине айланып, ага ийилип калса, ал ага кордугун билдирет. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Кайсы бир пенде өз үмүткерлигин жана тобокелдигин Аллахтан башкага байлап арнаса, албетте ошол тараптан үмүтсүздүккө жолугат. Аллахтан башкасынан жардам сураса, албетте кордукка жолугат. Аллах Тааля айтты:
وَاتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ آلِهَةً لِيَكُونُوا لَهُمْ عِزًّاكَلَّا ۚ سَيَكْفُرُونَ بِعِبَادَتِهِمْ وَيَكُونُونَ عَلَيْهِمْ ضِدًّا
Алар өздөрүнө кубат жардамчы болот деген ойдо Аллахтан башка нерселерди кудай кылып алышкан. Жок, андай болбойт. Кыяматта кудайлары алардын өзүнө сыйынганынан таанышат жана аларга каршы чыгышат. Сура Марьям: 81-82
Ким үмүтүн пендеге байласа кор болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Ким Аллах менен бирге, башка бирөөнү жакшы көрсө, ал ошону менен бирге азапталат жана ким Аллах менен бирге башкадан үмүт кылса, ал тараптан кордук дуушар болгон сыяктуу болот, ким Аллахтан башка бир нерседен корксо, ошол нерсе анын үстүнө башчы кылынат. Бул нерселер тажрыйбадан өткөн иштер болуп, далилге муктаждыгы жок”--Мифтаху даарис-саьада: 2/256. Демек, пенде өз үмүтүн бир гана Аллахтын жалгыз өзүнө байлоосу милдет экен. Калайык-калктардын табиятында алсыздык орногон, алар өзгөлөргө пайда келтирүүдөн, алардагы зыянды арылтуудан алсыз. Мындай болсо, башкаларга пайда же зыян жеткирүүдө албетте алсыз болушат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Бир киши бир махлуктан үмүткер болсо, же ага тобокел кылса, албетте ал тууралуу күмөнү курулай болуп чыгат--Ал-Фатава: 10/257. Алардын артынан ал кордук жана үмүтсүздүктөн башка нерсеге ээ болбойт. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Качан пенде махлуктарга байланып, анан өзүнө бир пайда жеткирүүлөрүн же бир зыяндан арылуусун алардан үмүт кылса, чынында алар тарабынан кордук көрөт жана максаты ишке эч качан ишке ашпайт. Аларга муктаждыгы түшкөн убакта, пайда берүүсүнөн үмүткер болуп, аларга кызмат кылат, мал-дүйнөсүн сарптайт, бирок алар алсыздыктары себептүү же жүрөктөрү андан бурулганы үчүн, эч кандай пайда жеткире алышпайт. Эгер чындап муктаждыгын Аллахка билдирсе, жана динди калыс-ихлас кылган абалда Андан жардам сураса, Аллах албетте анын дуасына жооп берип тилегин орундап, зыяндан арылтат, ырайым эшиктерин ага ачат”--Ал-Фатава: 10/650. Ушундай экен ой-кыялдарды каалоо-тилектерди, үмүттөрдү эч качан Аллах Таалядан башкага байлаба. Болбосо, үмүтсүздүккө түшүп, ушул улуу ибадатта тапканын сурануу кордугу болот. Аллахтын берешендигинен жана мол-көл нээматтарынан үмүткер болуп, муктаждыгындын орундалуусун, кайгы-кападан арылууну Аллахтан гана сура. Мына ушул нерсе, даражаларды көтөрөт нафсини кордойт, ушуну менен тилек максаттар орундалат, улуу ибадат рожа-үмүт ибадаты орундалат.