June 15, 2020

Он алтынчы матн

Ибн Касир رحمه الله айтты: “Бул нерселерди жараткан Зат гана, сыйынууга татыктуу болот.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Ибн Касир - Фида Исмайил ибн Амир  رحمه الله айтты: “Бул нерселерди жараткан Зат гана сыйынууга татыктуу зат — Ибн Касир: Тафсирул-Куранил-Азийм: 1/88. Жер, асманды, ал экөөсүнүн ортосунда болгон бардык нээматтарды, инсандар жана башка махлуктарды жоктон бар кылган, Жаратуучунун Өзү гана ибадатка татыктуу экендиги анык болот. Андан башкасынын бардыгы алсыз, ибадатка татыксыз махлуктар болот. Субхану ва Тааля айтты:

 وَالَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ مَا يَمْلِكُونَ مِنْ قِطْمِيرٍإِنْ تَدْعُوهُمْ لَا يَسْمَعُوا دُعَاءَكُمْ وَلَوْ سَمِعُوا مَا اسْتَجَابُوا لَكُمْ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكْفُرُونَ بِشِرْكِكُمْ ۚ وَلَا يُنَبِّئُكَ مِثْلُ خَبِيرٍ

(Оо, мушриктер!) Андан башка силер дуа кылып жаткан кудайларынар чел кабыктай нерсеге да ээ эмес. Эгер аларга дуа кылсанар дуанарды укпайт. Эгер (кыялдарынарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. Ошондуктан. кыямат Күнү аларды (Аллахка) шерик кылганынарга нааразы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллах) сыяктуу кабар бере албайт! Сура: Фатир: 13-14.

Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Пайда жана зыян жеткирүүгө кадыр болгон зат гана чыныгы сыйынылуучу зат болот. Сыйынылуучу зат пайда, зыян жеткирүүгө кадыр болуусу керек. Ошондуктан Аллах Тааля Өзүнөн башкага сыйынгандардын, пайда жана зыян берүүгө ээ болбогон нерселерге сыйынууларын жокко чыгарды--Бадаиул-Фаваид: 3/1.