Он сегизинчи матн
Анын Сөздүн далили: Бардык мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка кудайларга дуа кылбагыла! Сура: Жин: 18
Ким бул ибадаттардын бир түрүн, Аллахтан башкасына арнаса, ал мушрик, каафир болот. Анын Сөздүн далили: Ким (анын кудай экенин) далил жок туруп Аллахка кошуп дагы бир кудайга дуа (ибадат) кылса, анын эсеби (жазасы) Роббисинин алдында! Албетте, каафирлер (тозоктон) кутулбайт! Сура: Муьминун: 117
ШАРХ
Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
“Анын Сөздүн далили: Бардык мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка кудайларга дуа кылбагыла! Сура: Жин:18”
Намаз окула турган орундар же сажда мүчөлөрү Аллахка таандык болот. Алар менен Аллахтан башка эч кимге дуа кылбагыла. Ким болуусуна карабастан эч кимди, эч нерсени Аллахка шерик кошпогула. Жердин баарысы, жалгыз Аллахтын мүлкү болгондон кийин, жер жүзүндө ибадатты бир гана Аллахка арнагыла.
Ибадаттардын бир түрүн, Аллахтан башкага аргаган кишинин өкүмү
“Ким бул ибадаттардын бир түрүн, Аллахтан башкасына арнаса…”, Автор رحمه الله санап өткөн ибадат түрлөрүнөн бир түрдү, же алардан башка бир ибадат түрлөрүн, Аллахтан башкага арнаса, мисалы: Аллахтан башка эч ким кадыр болбогон иштерде, тирүү кишиге же өлүктөргө кайыптарга, бут-санамдарга же дарак, таштарга, дуа кылып аларга жалынып-жалбарып, алардан үмүт кылып, же коркуп, же өз муктаждыгын, онунан келтирүүдө же кайгы - капасынан арылууда, алардан тиленсе, “ал мушрик, каафир болот...” Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Мусулмандар Ислам дининен өздөрү анык билген нерсеге көрө бир пикирге келишкен, пенденин Аллахтан башкасына сыйынуусу, дуа, жардам суроосу, тобокел кылуусу дурус болбойт. Ким Аллахка жакын периштеге, же Аллах Тааля тарабынан жиберилген пайгамбарга, сыйынса же дуа кылып, андан жардам сураса, ал мушрик болот--Ал-Фатава: 3/272. Ширк менен каафирлик ортосундагы айырма ушул - каафирлик жалпы түрдө айтылганы мына: Ар бир мушрик, каафир болот, ал эми ар бир каафир мушрик эмес болот. Ким мүрзө-кабырды айланса, же Аллахтан башкасына сыйынса, ал мушрик жана каафир деп аталат. Ким динден бир нерсени маскара кылса, ал каафир, бирок мушрик деп аталбайт. Анткени бул жаман-иши менен Аллахка шерик кошподу, балким анын динди маскара кылуусу каафирлиги болуп жатат. Бирок ахиретте каафир жана мушриктин бара турган жайы бир болот. Экөөсү тен, тозокто түбөлүк калышат. Аллах сактасын. Аллах Тааля каафирлер тууралуу мындай деди:
إِنَّ اللَّهَ لَعَنَ الْكَافِرِينَ وَأَعَدَّ لَهُمْ سَعِيرًا
Аллах каафирлерге наалат айтты жана аларга тозокту даярдап койду! Сура: Ахзаб: 64.
Мушриктер тууралуу болсо мындай деди:
إِنَّهُ مَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ وَمَأْوَاهُ النَّارُ ۖ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ
Кимде-ким Аллахка шерик кошчу болсо, Аллах ага бейишти арам кылат жана жайы тозок болот. Өзүнө зулум кылуучуларга жардамчы (аларды тозоктон куткаруучу) болбойт. Сура: Маида: 72
Анын каафир болуусуна далил
“Далил...” Ибадаттардын бирин, Аллахтан башкага арнаган кишинин каафир жана мушрик болуусуна далил, “Анын Сөздүн далили: Ким (анын кудай экенин) далил жок туруп Аллахка кошуп дагы бир кудайга дуа (ибадат) кылса…”, Мындайча айтканда ким ибадат түрлөрүнөн бир түрүн, же Аллахтан башкага арноосуна далили жок туруп, ибадатты Аллахтан башкага арнаса, мисалы: Өлүктөргө же бут-санамдарга, же таштарга, же башка бир нерселерге дуа кылса, аларга жалынып-жалбарса… “Далили жок туруп”, деген сөзүнөн максат, Аллахтан башка бир нерселерге сыйынган адамдардын далилдери бар экен деген маани түшүнүлбөйт. Балким муну кайсы бир кишинин ширкти доо кылуусуна эч кандай далил болбостугун ырастоо максатта айтылган. Алардын ибадаттары далил менен эмес, балким нафси - каалоого ээрчүү жана адашуу менен жасалган. Ким ушундай жасаса, Аллах Таалянын төмөнкү эскерткен азабына ылайык болот. “Анын эсеби (жазасы) Роббисинин алдында…”, Бул эми Кыямат күнүндө аны түбөлүк тозоко ташталуусу менен аяктайт. “Албетте, каафирлер (тозоктон) кутулбайт..”, Алар дүйнөдө да ахиретте да кутулушпайт. Алар Ислам дининен чыккан каафирлер болот. Ушул аят, Аллах менен кошо башка нерселерге ибадат кылган кишинин каафир болуусуна ачык-айкын далил болот, буга мисал алардын ибадаты периштегеби же пайгамбаргабы, мүрзө-кабыргабы же башкабы, айырмасы жок, баарыбир ширк болот.