May 16, 2020

Алтынчы матн

Билгин! Аллахтын Ырайымы сага болсун. Ар бир мусулман эркекке жана аялга үч маселени үйрөнүп билүүсү жана аларга амал кылуусу важиб-милдет болот.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Автор رحمه الله төрт-маселени бандаган эле жана аларды окуп үйрөнүүшүбүз важиб милдет болгон, эми болсо "үч маселени" окуп үйрөнүү важиб экенин баяндоого киришти. Билгин! Аллахтын Ырайымы сага болсун... дегени, Мен, Аллахтан сага Аллахтын-Ырайым болушу жана сен ушул маселелерди жакшылап билип, түшүнүп алышына дуа кылып сураймын деген маанини камтыйт.

Билип, амал кылуу важиб-милдет болгон үч маселе

Ар бир мусулман эркекке жана аялга үч маселени окуп үйрөнүп билүүсү жана аларга амал кылуусу важиб-милдет болот... дегени Эркек, аял болсун ар бир акылдуу, балагат жашына жеткен--мукалляф ушул үч маселени билип жана аларга ишенүү, милдеттүү түрдөгү важиб болот. Алардын:

  1. Таухид Рубубия
  2. Таухид Улухия
  3. Ал-валя ва ал-баро--достук жана душмандык

Автор رحمه الله мындай деди: "Ислам диндин акыйкаты ушул. Бирок сен ушул сөздөргө токтолуп, аларды өз ичине алган илимди жана амалды талап кыл. Муну билүү үчүн алардын ар бирине илим менен токтолуун зарыл болот—Ад-Дурарус-сания: 1/117. Ушул "үч маселе" далалат кылган иштерге амал кылуу керек. Анткени бул баяндала турган маселелер диндин эрежеси, ишенимдин негизи болот.