June 9, 2020

Он экинчи матн

“Эгер: “Сенин Роббин ким?” - деп сенден суралса…” ”Менин Роббим Аллах! Ал мени жана бүткүл ааламдарды, Өз нээматтары менен тарбиялаган. Ал менин сыйынылуучу затым болот. Мен үчүн андан башкага сыйынууга татыктуу затым жок”деп айткын. Анын Сөздүн далили:

الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

"Бардык алкыш - мактоолор бүткүл ааламдардын Роббиси Аллахка таандык. Сура: Фатиха: 2. Аллахтан башка ар бир нерсе аалам болуп, мен да мына ошол ааламдын бириси боломун.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Биринчи негиз: Пенде Өз Роббисин таанып билүүсү

Мындан сон автор رحمه الله “үч негиздин” ар бирин негизин өзүнчө баяндоого киришип, алгач ал “биринчи негизди” баядоодон баштады. “Биринчи негиз” - пенде Өз Роббисин таанып билүүсү болушу керек. Автор رحمه الله айтты: “Эгер: “Сенин Роббин ким?” - деп сенден суралса…” Мындайча айтканда: Сенин Роббин, сыйынылуучу Затын, Жаратуучун, Ырыскы берүүчү ким болот?” - деп сенден суралса… “Айткын: менин Роббим Аллах” Роббим, сыйынылуучу Затым - Аллах, мен Андан башкасына сыйынбаймын, түрдүү ибадаттардан эч бирин, Андан башкасына арнабай, рукуь, сажда, курбандык, назир, таваф бир гана Аллах үчүн болот. Анан кантип мен Ага, каафир болоюн, кантип анан, Андан башкасына сыйынайын?!. Ал Зат “Мени нээматтары менен тарбиялаган...” Ал мени жоктон бар кылган, мени көмүскө жана ачык-ашкере нээматтары менен тарбия кылган, кайгы - капалардан арылткан, мага мол-нээматтарды берип, үстүмө көп жакшылыктар жаадырган. Аллах Тааля айтты:

وَإِنْ تَعُدُّوا نِعْمَةَ اللَّهِ لَا تُحْصُوهَا ۗ إِنَّ اللَّهَ لَغَفُورٌ رَحِيمٌ

Эгер Аллахтын нээматтарын санасанар бүтүрө албайсанар. Сура: Нахл:18

“Мени жана бүткүл ааламдарды, Өз нээматтары менен тарбиялаган…” Аларга Өзүнүн түгөнгүс нээматтарын тартуулаган. Субханаху ва Тааля айткандай:

وَمَا مِنْ دَابَّةٍ فِي الْأَرْضِ إِلَّا عَلَى اللَّهِ رِزْقُهَا وَيَعْلَمُ مُسْتَقَرَّهَا وَمُسْتَوْدَعَهَا ۚ كُلٌّ فِي كِتَابٍ مُبِينٍ

Жер бетинде (суу түбүндө жана аба мейкиндигинде) кыбыргандын баарысынын ырыскысы Аллахтын кепилдигинде. Ал алардын жатар жерин дагы бараар жерин дагы билет, бардыгы ачык-айкын Китепте (лавхул-Махфузда жазылган). Сура: Худ: 6.

Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Робби - дегени тарбиялоочу, Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Жардам берүүчү, Туура жолго баштоочу, бул Ысым - суранууга жана жардам тилөөгө акылуураак, татыктуураак ысым Робби болот.”--Ал-Фатава: 14/13. Чындыгында инсандын үстүнөн ал жара электе нечендеген замандар өткөн, анда инсан эскериле турган нерсе эмес болчу.

هَلْ أَتَىٰ عَلَى الْإِنْسَانِ حِينٌ مِنَ الدَّهْرِ لَمْ يَكُنْ شَيْئًا مَذْكُورًا

Инсандын үстүнөн (ал жара электе) доорлордун нечендеген мезгилдери өткөн. Анда инсан эскериле турган нерсе эмес, ал жок эле. Сура: Инсан: 1.

Инсан жок эле, андан сон, Аллах Тааля аны жоктон бар кылды. Анын Өзүнө гана сыйынуусу үчүн, ага ырыскы берди. “Ал менин сыйынылуучу затым болот…”, Ибадаттын түрлөрүнүн бардыгын Ага гана арнаймын. “Мен үчүн андан башкага сыйынууга татыктуу зат жок...”, Мен үчүн Андан башка моюн суна турган, же башка ибадат түрлөрүн ага арнай турган, Андан башка сыйынуулуучу затым жок. Роббим мага сыйынылуучу Зат катары жетиштүү, Ал гана сыйынууга татыктуу зат. “Анын Сөздүн далили…” Аллах Тааля сага жана бардык махлуктарга нээмат - жакшылыктарын эсепсиз, мол жаадырган экендигине далил… “"Бардык алкыш - мактоолор”-улуулоо, жана жакшы көрүү менен бирге бардык мактоолор - бүткүл ааламдар - инсандар, жиндер, периштелер жана башка махлуктар болот. Роббиси - Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Башкаруучусу - Аллахка - бир гана сыйыныгууга татыктуу Зат Аллах таандык”. Сура: Фатиха: 2. “Аллахтан башка ар бир нерсе аалам болуп…”, Инсандар, жиндер, тоо - таштар, дарактар болсун, бул ааламдагы бардык нерсе аалам болуп, баарысынын Жаратуучусу Аллах. Аалам деп аталуусуна себеп, Жаратуучунун, жоктон бар кылуучунун, ээсинин белгиси деп билдирет. “Мен да мына ошол ааламдын бириси боломун…” Мен да, сен да, бардык махлуктар катарында, мына ушул ааламдын жана ушул чон махлуктун бир бөлүгүбүз болуп саналабыз. Бардык муктаждыктарыбызды ишке ашырууда, кайгы - капаларыбыздан арылууда, Аллахка муктажбыз. Ал жаратууда, ырыскы берүүдө, башкарууда жалгыз. Ибадатка бир гана Анын Өзү татыктуу. Ыклас сөзүнүн мааниси ушундай болот.