Экинчи матн
БИРИНЧИСИ: ИЛИМ. АЛ ДЕГЕНИ АЛЛАХТЫ, АНЫН ПАЙГАМБАРЫН ЖАНА ИСЛАМ ДИНИН ДАЛИЛДЕР МЕНЕН ТААНЫП БИЛҮҮ
ШАРХ
شيخ صالح الفوزان
Шейх Солих аль-Фаузан хафизахуЛлоху
Уландысы...
Анын сөзү болсо, «…ал дегени Ислам динин таанып билүү…» Ислам – бул пайгамбар صلى الله هليه و سلم алып келген дин. Ислам – бул Аллахтын дини Азза ва Жалля болсо, аны пенделерине буйруган. Ошол диндин артынан ээрчүү сага буйрук болгон жана сенден талап кылынат. Бул динди таанып билүү сөссүз болушу керек. Ислам – бул бүткүл элчилердин дини! Ар бир элчинин дини, мааниси менен караганда жалпы-Ислам болгон, ар бир инсан, элчилердин артынан ээрчүүсү, албетте мусулман болот, Аллах Азза ва Жаллянын астында, ал Ага баш ийүүчү жана Ага мувахид-жалгыздоочу болот. Бул Исламдын мааниси жалпы болот, ал динди бүткүл элчилер алып келген. Ислам – бул дегени Таухид менен моюн сунуучулукта, Ага макулдуулукта Ага баш ийүүчүлүктө, ширктен жана мушриктерден кол үзүүчүлүктө болуу деп аталат. Эми өзгөчө Исламдын маанисин алып көрсөк,– ал ушундай дин дейсин, Аллах Өз пайгамбарына Мухаммад صلى الله هليه و سلم жөнөткөн. Анткени, Элчи صلى الله هليه و سلم дан кийин, андан тышкаркы башка дин эч жөнөтүлбөйт. Исламда анын صلى الله هليه و سلم дын артынан ээрчигендери менен чектелинет. Мухаммад صلى الله هليه و سلم алып келген динден кийин, анын صلى الله هليه و سلم артынан ээрчимейинче бир да яхудий-еврей же бир да насаро-христиан: ″Мен - мусулманмын″ деп айтуу мүмкүн эмес. Ислам бул дегени пайгамбар صلى الله هليه و سلم жиберилген дин жана анын артынан ээрчүү десек болот. Аллах айтты: «Айт (оо, элчи): "Эгерде силер Аллахты сүйсөнөр, анда менин артыман ээрчигиле, ошондо Аллах силерди сүйөт"». Сура али ’Имран, аят 31. Мына ушул Ислам! Анда жалпы жана өзгөчө мааниси бар.
Анын сөзү болсо, «…ал дегени ДАЛИЛДЕР…» ― эч бир көз көрлүк-наадан-карапайымча ээрчүү эмес (такълид), болгону бир гана Курандан ва Суннадан далилдер, мына ушул Илим болот!
Ибн уль-Къаййим ″аль-Кафийа аш-Шафийа″* китепте айткан: «Илим – бул дегени Аллах, Анын Элчиси айтты, жана сахабалар айткандары, алар болсо илимге ээ болушат. Пайгамбар менен баланчанын пикири ортосунда болгон акмактын каршы пикири илим эмес болот». *[Бул китепти башкача айтканда ″Нуния″ ибн уль-Къаййим]. Мына ушуну илим болот. Илим дегени бул Куран ва Сунна болот. Эми улямалардын сөздөрлөрүн алып көрсөк, алар болсо, Аллахтын жана Анын Элчисинин صلى الله هليه و سلم сөздөрлөрүн түшүндүрүп жана чечмелеп беришет, кээде алардын сөздөрүндө каталар болот. Улямалардын сөздөрлөрү далил эмес болот, негизи далилдер бул Курандагы аяттар жана пайгамбар صلى الله هليه و سلم хадистери болот. Эми улямалардын сөздөрүн алып көрсөк, ал болгону түшүндүрүчүү жана чечмелөөчү болот, анткени ал өзү далил болбойт. Бул биринчи маселе жана ал негиз болуп берет, ошол себептен шейх رحمه الله андан негиз деп баштады, акыйда-ишенимге, негиз-пайдубал окутууну жана таалимди бир гана Аллахка Азза ва Жалля чакыруудан башталганын басым кылып белгиледи. Дайыма ’Акъидадан баштоо болушу керек, анткени ал биринчи негиз жана пайдубал болот.