June 8, 2020

Он биринчи матн

Эгер: “Инсандын билүүсү важиб-милдет болгон үч негиз эмне болот?”, деп сенден суралса, “пенде Роббисин, динин жана пайгамбар Мухаммадты صلى الله هليه و سلم  таанып билүүсү”, деп жооп бер.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Билүү важиб болгон үч негиз

Ар бир мукалляф - (милдетүү, акылдуу, балагатка жеткен) ар бир эркек жана аял улуу “үч негизди” билип алуусу важиб. Пенде, кабырында биринчи сурала турган сурагы, “үч негиз” тууралуу болуп, эгер ушул нерселерден суралганда бекем туралса, анда кутулуучулардан болот. Эгер ушул негиздер жообунда адашса, балекетке жолугуучулардан болот. “Эгер: “Инсандын билүүсү важиб-милдет болгон үч негиз эмне болот?”, деп сенден суралса…”, Ар бир мукалляфтын билиши жана анын талабына ылайык амал кылуусу важиб болгон “үч негиз” эмне? - деп суралса, мындай деп жооп бер: Биринчи негиз: Пенде Роббисин таанып  билүүсү болушу керек. Бул негиздердин негизи болуп, Аллахка илим менен чыныгы ишеним менен ибадат кылуу болушу керек. Субханаху ва Тааляны, Өзүнүн Китебинде жана Пайгамбарынын тилинде, Өзүнү сыпаттаган бирлигин, иштерин, ысымдарын жана сыпаттарын таанып билүү болушу керек. Экинчи негиз: Пенде аны менен пенделигин, билдире турган, динин таанып билүүсү болушу керек. Бул дин менен Аллах бизге аткарылуусу важиб кылган иштерди аткаруу, жана тыйылуусу важиб кылынган иштерден тыйылуу болушу керек. Үчүнчү негиз: Пенде өз пайгамбары Мухаммадты صلى الله هليه و سلم таанып билүүсү болушу керек. Ал киши динди жеткирүүдө, Аллах менен биздин ортобузда ортомчу болду. Биз үчүн Аллах Таалянын буюрук жана тыйууларын билүүдө, пайгамбар صلى الله هليه و سلم келтирген жолдон башка жол жок болушу керек. Автор رحمه الله пайда толугураак болуусу жана окуучунун кызыгуусун ашыруу үчүн, ушул  “үч негизди” алгач, жалпы түрдө кыскача баяндады. Бир аздан сон аларды ар бирин, толук түрдө баяндайт. Анткени алгач, жалпылап кыскача түрдө билип алса,ал сөздөрдү бекем түрдө өздөштүрсө, кийин анын маанилерин кененирээк түшүүнүгө умтулуу пайда болот.

Маанилүүлүгү 

Үч негиз - диндин бардык тармагын өзүнө камтыйт. Роббин ким? Кайсыл динин? Пайгамбарын ким?, деген үч нерсе тууралуу пенде мүрзө-кабырында суралат. Буга ишенбеген, үч негиз далаалат кылган нерселерге амал кылбаган пенде, ушул суроолор жообун куруу тил менен билип коюуусу, пендени кабыр азабынан куткарып кала албайт. Балким, аларды билип, ишенип, “үч негиз” далаалат кылган нерселерге амал кылуусу гана, кабыр азабынан пендени куткарат. Пенде мына ушуга ылайык гана, кабырында ушул суроолор каршысында бекем тура алат. Аббас ибн Абдулмутталиб (андан Аллах ыраазы болсун) кабар берген хадисте,  “үч негиз” тууралуу айтылган. Ал киши, Аллахтын элчисинин صلى الله هليه و سلم мындай дегенин уккан экен. “Аллахты Роббим, Ислам диним, Мухаммад элчим деп ыраазы болгон киши, ыймандын даамын татат”--Сахих-Муслим: №34 Аббас ибн Абдулмутталиб (андан Аллах ыраазы болсун) кабар берген. Ким мына ушул үч негизге ыраазы болсо, азанчы намазга азан айткан убакта, “Ашхаду анна Мухаммадан Росулуллох” деп айткандан сон, чыныгы ишеним менен ушул күбөлүк сөзүн айтса, өткөн бардык күнөөлөрү кечирилет. Аллахтын элчиси صلى الله هليه و سلم айтты: “Ким азанчынын үнүн уккан убакта “Ашхаду ан лаа илаха иллаЛлооху вахдаху ла шариика лаху, ва анна Мухаммадан абдуху ва росуулух, родыйту билЛаахи Роббан ва биМухаммадан росулан ва билИслами динан-Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, күбөлүк беремин, Ал жалгыз, Анын шериги жок, Мухаммад Анын пендеси жана элчиси деп күбөлүк беремин, Аллахты Роббим, Мухаммадты пайгамбарым, Исламды диним деп ыраазы болдум деп айтса, күнөөлөрү кечирилет”--Сахих-Муслим: №386, Саьд ибн Аби Ваккас андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Шейх АбдулЛатиф ибн АбдурРахман ибн Хасан رحمه الله айтты: Ушул үч негизге ыраазы болуу, диндин негизги борбору саналып, илим жана ишенимге байланыштуу акыйкаттар анын айланасында айланат”--Ад-Дурарус-Сания: 8/355.