April 30, 2020

Экинчи матн

БИРИНЧИСИ: ИЛИМ. АЛ ДЕГЕНИ АЛЛАХТЫ, АНЫН ПАЙГАМБАРЫН ЖАНА ИСЛАМ ДИНИН ДАЛИЛДЕР МЕНЕН ТААНЫП БИЛҮҮ

ШАРХ

شيخ صالح الفوزان

Шейх Солих аль-Фаузан хафизахуЛлоху

Уландысы...

Дүйнөлүк илимдерди алып көрсөк өнөр-жайдай, арифметикадай, математикадай, инженердиктей булардын баары мубах илим болот. Бул илимди алып окуп үйрөнүү уруксат этилет, эгерде үммөт бул илимге муктаж болуп калса, анда важиб болуп калат. Бирок бул илим Куран ва Суннадай максаттуу илим эмес. Аллах Тааля илим ээлерин мактагандыгын пайгамбар صلى الله هليه و سلم айткан: Улямалар пайгамбарлардын мураскорлору болот». Абу Дауд, 3641; ибн Мажах, 223; ат-Тирмизи, 2682. Сахих Хадис. карагын. «Сахих аль-Жами’», 6297. Бул жерде Шарият илим тууралуу айтылып жатат.

Эгерде кимде-ким дүйнөлүк илимди билбесе, ага эч кандай күнөө болбойт. Эгерде кимде-ким аны окуп үйрөнсө, ага болсо мубах-уруксат болот. Эгерде ал үммөт үчүн илимди пайда алып келсе, ал үчүн акы төлөнүп сыйлыктанат. Эгер адам илимди билбестен өлсө, ал жөнүндө Кыямат Күнүндө аны суракка албайт. Бирок адам өзгөчө шарьйи илимди сөссүз түрдөгү билбестен өлсө, ал жөнүндө Кыямат Күнүндө аны суракка алат. Эмне үчүн окуп үйрөнбөдүн? Эмне үчүн сураган эмессин? Эми ким мүрзө-кабырда: ″Менин Роббим – Аллах, менин диним – Ислам, Мухаммад болсо – менин пайгамбарым صلى الله هليه و سلم деп айтса″, ал кутулат! ага болсо айтылат: ″Кайдан буну билип алдын?″ Ал айтат: ″Мен Аллахтын Китебин окудум жана аны үйрөндүм″.

Эми илимден бурулуп кеткен кимсени алып көрсөк, качан ал мүрзө-кабырда суралганда, ал айтат: ″Мен билбеймин! Мен элдердин айткан неселерин уккан элем, мен деле айткан элем″. Аны болсо мүрзө-кабырында от тегеректеп-кысып-каптайт, анын кабыргалары ушундай кысылат дейсин, кысымдуу болот, ал адам андын ичиндеги тозоктун эн анында болот. Чындыгында, ал билген эмес жана окуган эмес. “Сен билбедин жана окубадын деп ага айтылат (Аллахтын Китебин)!”. аль-Бухари, 1338; Муслим, 2870; Абу Дауд, 4753.

Ал болсо, илимди албады жана ал болсо, илим ээлеринен артынан эрчибеди. Ал өз жашоосунда банкрот-жоготуучу болду жана балээ таап алды. Аллах бизди ушундайдан сактасын!

Анын сөзү болсо, илим дегени бул бизден болгон жамаат жана жалгыз болгондордон талап кылына турган шариат илими болушу керек. Аллахты жана Анын Ысымдарын, Сифаттарын таанып билүү жана Анын укугу бизге болгондугун таанып билүү. Жалгыз бир гана Ага сыйынуу болушу жана эч бир ага шерик кошпош керек. Пенденини эн биринчи важиб-милдети – бул Өз Роббисин Азза ва Жалляны жана Ага кандай сыйынуу таанып билүүсү болушу керек.

БИРИНЧИСИ: ИЛИМ. АЛ ДЕГЕНИ АЛЛАХТЫ, АНЫН ПАЙГАМБАРЫН:

Анын сөзү болсо, «…ал дегени Аллахты таанып билүү…» ― кантип пенде Өз Роббисин таанып билип алат?! Анын белги-аяттарынан жана Анын махлукааттарынан аркылуу Аны таанып билип алат. Анын белги-аяттарынан күн жана түн жана Анын махлукааттарынан күн жана ай. Бул түшүндүрмө келет ин ша Аллаху.

Анын бар болгон бүткүл нерсе-белгилемелери менен жана Куран-аят-белгилемелери менен аркылуу Аллахты таанып билип алсан болот. Качан Куранды адам окуп жатканда, ал болсо асмандарды жана жерди жаратканын жана асмандардагы, жердеги баардык болгон нерселерди Өзүнө баш ийдиргендигин Аллах Субханаху ва Тааляны таанып билип алат. Ал тирилтет жана өлтүрөт, Ал ар бир нерсенин үстүнөн үстөм Кудуретүү Ээси, Ал болсо – Рахман, Рохийм. Куран болсо адамды Аллахты Азза ва Жалляны тааныштыртат. Ал болсо, бизге жалпы неьматтарды тартуулап берди. Ал болсо, бизди жаратты жана бизге ырыскы берди. Качан сен Куранды окуганда, Өз Роббинди, Анын Ысымдарын, Сифаттарын жана иш-аракеттерин таанып билип аласын.

Качан сен бар болгон нерселердин үстүнөн терен назар салганда, Сен Өз Роббин Субхана ва Тааля бар экенин билип аласын, Ал болсо – бүткүл жаратылышты жаратты, ааламды болсо Өзүнө баш ийдиртти жана Анын даанышмандыгы жана илиминдеги эрежеси менен жаратылышты мажбурлап койду. Бул болсо, Аллах Азза ва Жалля боюнча илим.

«…АНЫН ПАЙГАМБАРЫН…» ― Мухаммад, صلى الله هليه و سلم жөнүндө, кеп болуп жатат, анткени ал болсо, Аллаху Азза ва Жаллянын динин жеткирүүчүсү. болду. Ал болсо, Аллах менен биздин ортобузда рисаля-жиберме-кабарды жеткирүүдө ортомчу болду. Сөссүз аны, ким экенин таанып билүү керек, ал өзү ким, анын тукум-уругун жана анын шаарын таанып билүү керек. Ал эмне менен келгенин жана ага кандай вахий-кабар башында келгенин сөссүз таанып билүү керек. Жана ал кантип Мекке жана Мадинада Аллахка даават-чакырык кылган. Элчинин صلى الله هليه و سلم жок дегенде кыска өмүн-баянын билиши керек.

Аллахтын Элчиси – бул Мухаммад ибн ’Абдуллах ибн ’Абд уль-Мутталиб ибн Хашим ибн ’Абди Манаф*, анын урматтуу тукум-уругу Ибрахим ага тынчтык болсун чейин жетип барат. экен. Ал пайгамбарлыкка чейин кантип жашаган жана кантип ага Аллах Азза ва Жаллядан вахий-кабар келгенин жана ага пайгамбарлык صلى الله هليه و سلم келгенден кийин эмне кылды, ошол жөнүндө сен билиши керексин. Бул болсо, анын өмүн-баянын окуп үйрөнүп алсан болот. Мусулман үчүн, Аллахтын Элчисин صلى الله هليه و سلم жөнүндө сабатсыз болушу туура эмес. Аны сен билбестен туруп, кантип сен ошол адамдын артынан ээрчийсин?! Бул  акылга сыйбаган нерсе болот.

Уландысы бар....