June 20, 2020

Жыйырманчы матн

Коркууга далил, анын сөздүн далили болсо: Албетте, ошол (силер жолуккан жана силерди коркуткан) - шайтан. Ал силерди, өзүнүн досторунан мушриктерден коркутууда. Алардан коркпогула. Эгер момун болсонор, Менден гана корккула! Сура: Аали Имрон: 175

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Аллахтан коркуу бул ибадат болот

Коркуу-жүрөккө байланыштуу эн маанилүү ибадаттардан болот. Ал ар бир кишиге важиб болгон ибадаттын эн улуу түркүгү болуп саналат. Аллахка динди калыс-ыклас менен кылуу, коркуу менен гана иш жүзүнө ашат. Хоуф-коркуу “Келечекте боло турган бир көнүлсүздүк себептүү, жүрөктүн оорусу жана тынчсыздануусу деп аталат”--Мадарижус-Саликиин: 1/513, Булгатус-салик лиакрабил масалик лис-совий: 4/438. Чыныгы мактоого ылайык коркуу, сени Аллах харам кылган иштерден тоскон коркуу кармап турат. Коркууга байланыштуу, бири-бирине маанилеш сөздөр: Хоуф, важал, хошият, рохбат ортосунда аларда бир нече айырма бар. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Важал, хоуф, хошият, рохбат бири-бирине жакын сөздөр, маанилеш-синонимдер эмес болот--Мадарижус-Саликиин: 1/512. Мындайча айтканда маанилери ар түрдүү. “Хоуф” менен “важалдын” айырмасы ушул - хоуф келечекте бир нерсенин болуусунан, жүрөктөн коркуп, тынчсыздануусу жөн койбойт. Кишинин бир айдан кийин, ага жетиши күтүлүп жаткан ачтык коркуусуна окшогонду айтсак болот. “Важал” - ошол учурда пайда болгон бир кабатырлуу иш себептүү, жүрөктүн тынчсыздануусу, жана титирөөсү болот. Арстанды көрүп жүрөгү коркуудан зырылдап кеткен адам сыяктуу. Көзү түшкөн убакыттагы жүрөктүн коркуудан тынчсыздануусу важал деп аталат. Демек, жүрөктүн келечекте күтүлүп жаткан бир кабатырлык себептүү тынчсыздануусу “хоуф” болуп саналса, башына ошол учурда түшүп турган көнүлсүздүктөн тынчсыздануусу “важал” экен. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Ал эми важал - Султанды же кылмышына жараша жазаланган ар бир кишини эстеген убакта же көргөндө жүрөктүн зырылдап жаруусу болот”--Мадарижус-Саликиин: 1/513 Хошия жана рохбат ортосундагы айырма кийинчирээк өз ордунда келет. “Коркууга далил...”, Коркуу ибадат, Аллахтан башкага болуусу, дурус эмес экендигине далил. Аллах Таалянын Сөзү:

Албетте, ошол (силер жолуккан жана силерди коркуткан) - шайтан. Ал силерди, өзүнүн досторунан мушриктерден коркутууда. Алардан коркпогула. Эгер момун болсонор, Менден гана корккула! Сура: Аали Имрон: 175

Субхана ва Таалядан коркуу, жүрөктүн ондолуусунун эн негизги себептеринин бири болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Коркуу, үмүт, сүйүүдөн башка бир нерсе менен, Аллахтын чектеп койгон чегинен, Ал харам кылган иштеринен сактанып болбошу жана ага байлануучулардан болуп байланбады. Жүрөк качан мына ушул үч нерседен бош болсо, кийин ондолуусу үмүт кылынбай турган даражада бузулат. Качан ушулардын бирөөсү алсыздаса, ыйманы ага карап, дал ошончолук даражада алсыздайт”--Ал-Фатава: 15/21. Пайгамбарлар адамдар арасындагы Аллахтан эн коркуусу күчтүү адамдар болушкан. Нух пайгамбар өз коомуна айтты:

يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Оо, менин коомум! Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла! Силер үчүн андан бөлөк кудай жок! Эгер көнбөсөнөр мен силерди улуу Күн (Кыямат) азабына жолугуп калышынардан коркомун! Сура: Аьраф: 59

Шуьйб алайхи салам коомуна айтты:

وَإِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ مُحِيطٍ

Силердин үстүнүнөргө ороп алуучу күндүн азабы түшүүсүнөн коркомун. Сура: Худ: 84

Аллах Тааля пайгамбарыбызга ﷺ  мындай деди:

قُلْ إِنِّي أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّي عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Айткын: Эгер (мен ширк келтирүү) менен Роббиме күнөөкөр болсом, Улук Күндүн азабынан коркомун. Сура: Аньам: 15

Пайгамбар ﷺ намаз окуганда, аны көз жашынан айынан, көкүрүгүндө казан кайнагандагы үн сыяктуу үн чыгат болчу--Сунанун-Насайий: №1214, Абу Муторриф андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Пенде канчалык Аллах Тааляны жакшы таанып билсе, Андан болгон коркуусу, күчтүүрөөк болот. Аллахка болгон коркуунун азаюусу, пенденин өз Роббиси тууралуу таанып билүүсүнүн аздыгы себебинен келип чыгат. Адамдардын эн билүүчүлөрү, Аллахтан эн коркуучулары болушат. Ким Аллахты таанып билсе, Андан уялуусу, коркуусу, жана Аны сүйүүсү көбөйөт. Таануусу канчалык көбөйсө, уялуусу жана сүйүүсү, ошончолук даражада көп болот. Коркуусу илимине жана таануусуна карап өлчөнөт. Пайгамбар ﷺ  айткандай: “Аллахка ант! Мен адамдардын ичиндеги Аллахтын эн билүүчүсү, жана Андан эн катуу коркуучусумун--Сахихул-Бухарий: 20/16, Айша андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Жана айткан: “Эгер мен билген нерселерди билгенинерде эле, аз күлүп, көп ыйлап, төшөктөрдө аялдар менен лазаттанбай, Аллахка ыйлап тоо-таштарга чыгып кеткен болор эленер”--Муснад: 21555, Сунанут-Тирмизий: №2312, Абу Зар андан Аллах ыраазы болсун кабар берген.

Аллахтан коркуунун пазилети

Аллах Таалядан коркуу, Ага болгон баш ийүүнүн бир жолу. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Аллах Таалядан коркуу, Аны таанууну лаазым туттурса, Аны таанып билүү, Андан улуулап коркууну лаазым кылат. Андан коркуу болсо, ага баш  ийүүнү милдеттиндирет--Ал-Фатава: 2/24. Жүрөктүн онолуусу Аллахтан коркуу менен гана болот. Абу Сулайман ад-Дароний  رحمه الله айтты: “Кайсы бир жүрөктү коркуу таштаса, ал балекетке жолугуп талкаланат”--Мадарижус-Саликиин: 1/513. Коркуу шахваттарга ээрчип кетүүдөн тыйат. Иброхим ибн Суфьян رحمه الله айтты: “Жүрөктөргө коркуу орносо, алардагы шахваттардын ордун күйдүрүп жиберет жана андан дүйнөнү айдайт--Мадарижус-Саликиин: 1/513. “Жүрөктөрдөн коркуу айрылса, тууралыктан адашат. Зуннун  رحمه الله айтты: “Адамдар Аллахтан коркуудан айрылбаса, алар туура жолдо болушат. Качан аларда коркуу жоголсо, туура жолдон адашышат”--Мадарижус-Саликиин: 1/513. Роббисинен коркуучу пендеге, Роббиси Өзүнүн аят-белгилерин көрүү, түшүнүү нээматын сунат.

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِمَنْ خَافَ عَذَابَ الْآخِرَةِ

Чынында бул (айтылгандарда) ахирет азабынан корккондор үчүн үлгү-сабактар бар. Сура: Худ:103. 

Ахиретте ага бейиштер ачылат.

وَلِمَنْ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِ جَنَّتَانِ

Ал эми Роббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондрого эки бейиш бак берилет. Сура: Рахман: 46. Аллах Тааля айтты:

وَأَمَّا مَنْ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِ وَنَهَى النَّفْسَ عَنِ الْهَوَىٰفَإِنَّ الْجَنَّةَ هِيَ الْمَأْوَىٰ

Ал эми Роббисинин алдында (сурак берип) туруудан коркуп, өзүн (харам) каалоо - кумарлардан тыйса, анын орду бейиште! Сура: Назиат: 40-41.

Кимдин жүрөгүндө Аллахтан коркуу айбаты үстөм болот жана аны кордоодон аларды тосот.

Ибадаттын түркүктөрү

Ибадаттын түркүктөрү коркуу, үмүт жана сүйүү. Пенде ибадаттын үч түркүгүн ар бирини өзүндө өздөштүрүп калыптандыруусу милдет. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Кээ бир саляфтар айтышты: Кимде-ким Аллах Тааляга бир гана сүйүү менен сыйына турган болсо, ал зындык (акмак). Ким Аллахка коркуу менен гана сыйынса, ал харурий (хавариж). Ким Аллахка үмүт менен гана сыйынса, ал муржиьа. Ким Аллахка ибадатын үч түркүгү болгон сүйүү, коркуу, үмүт менен гана сыйынса, ал чыныгы момун. Мына ушул үч нерсени Аллахтын төмөнкү сөзү өз ичине камтыган.

أُولَٰئِكَ الَّذِينَ يَدْعُونَ يَبْتَغُونَ إِلَىٰ رَبِّهِمُ الْوَسِيلَةَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ وَيَرْجُونَ رَحْمَتَهُ وَيَخَافُونَ عَذَابَهُ ۚ إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ كَانَ مَحْذُورًا

Алардын өздөрү Аллахка дуа кылышып, Ага кимиси жакыныраак (сүйүүктүүрөөк) болууга жол издешет. Ырайымынан үмүт кылышып, азабынан коркушат. Чынында Роббиндин азабынан сак болуу зарыл. Сура: Исра: 57

Сүйүүктүүрөөк болууга жол издөө - Аллахка жакындоого себеп болуучу, чакыруучу пенденин Роббисине болгон сүйүүсү болушу керек. Андан сон мунун артынан үмүт жана коркуу тууралуу айтты. Анын пенделеринин жана олуяларынын жолу ушул--Бадаиьул-Фаваид: 3/11. Сүйүү-коркууну, жана үмүттү алып келет. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Ар бир сүйүүгө коркуу жана үмүт шериктеш болот. Жакшы көрүүчүнүн, жүрөктө сүйүүсүнүн орноосуна карап, анын коркуусу жана үмүтү күчөп барат”--Мадарижус-Саликиин: 2/43

Коркуунун үч түргө бөлүнүүсү

Коркуу үч түргө бөлүнөт. Биринчи түрү - “Сырдуу түрдө коркуу”. бул Аллахтан башкадан, бут-санамдардан же тогуттардан коркуу болуп, алар тараптан бир зыян жетүүсүнөн коркот. Бул чон ширк. Маселен: Эгер мен мүрзө-кабырга дуа кылбасам, анын ээсинен мага зыян жетет же ал мени жазалайт деп коркуу сыяктуу болот. Аллах Тааля Худ коомунун өз пайгамбарына айткан сөзүн, кабар берип айтты:

إِنْ نَقُولُ إِلَّا اعْتَرَاكَ بَعْضُ آلِهَتِنَا بِسُوءٍ ۗ قَالَ إِنِّي أُشْهِدُ اللَّهَ وَاشْهَدُوا أَنِّي بَرِيءٌ مِمَّا تُشْرِكُونَ

Биз “сени кудайларыбыздан бири жинди кылып коюптур” дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. (Худ) айтты: Мен Аллахты күбө кыламын жана силер да күбө болуп койгула: Мен алысмын, силер шерик кылып жаткан кудайынардан. Сура: Худ: 54

Худ коому Аллахтан башкага сыйынган иляхтары-сыйынган заттары аларга бир зыян жеткирүүсүнөн коркушат эле. Аллах Тааля айтты:

أَلَيْسَ اللَّهُ بِكَافٍ عَبْدَهُ ۖ وَيُخَوِّفُونَكَ بِالَّذِينَ مِنْ دُونِهِ ۚ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ

Пендесине Аллахтын Өзү жетиштүү эмеспи?! (Оо Мухаммад) Алар сени Аллахтан башкасы менен коркутушат. Аллах кимди адаштырып койсо, аны эч ким Туура Жолго баштай албайт. Сура аз-Зумар: 36

Бул аяттын кыскача түшүндүрмөсү: Курайш каафирлери пайгамбар ﷺ “Сен биздин сыйынылуучу заттарыбызды айыптаганын себептүү алар сага зыян беришип коюшпаса эле”, деп коркутушканда, ушул аят түштү. Мазарга сыйынгандар жана ушул сыяктуу бутпарастар абалы дал ушундай. Алар өздөрү сыйынган бут-санамдарынан коркушат жана муваххидтер, алардын өз сыйынылуучу заттарына сыйынууну, жокко чыгарышканы себептүү жана муваххид ибадатты Аллахка калыс-ихляс менен кылууга чакырышса, алардын башына иляхтары тарабынан келе турган балээлер, жамандыктар менен коркутушат. Бул чындыгында Таухидке каршы келет. Аллахтан башкага дуа кылса, же Аллахтан  башкадан коркууда да ыймандан айрылат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ким жакшы көрүүдө же коркууда жана үмүт кылууда Жаратуучу менен махлукту тендештирсе, ал мушрик болот--Ал-Фатава: 27/339. Экинчи түрү: “Инсан кээ бир адамдардан коркуусу себептүү, өзүнө важиб болгон нерсени таштоосу”. “Фатхул-Мажид” да айтылгандай: Бул харам жана бул Таухидтин толуктугуна каршы келүүчү ширк түрлөрүнөн. Аллах Тааля айткандай:

إِنَّمَا ذَٰلِكُمُ الشَّيْطَانُ يُخَوِّفُ أَوْلِيَاءَهُ فَلَا تَخَافُوهُمْ وَخَافُونِ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

Албетте, ошол (силер жолуккан жана силерди коркуткан) - шайтан. Ал силерди өзүнүн досторунан (мушриктерден) кокутууда. Алардан коркпогула. Эгер момун болсонор, Менден гана корккула! Сура Али Имран: 175

Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Аллахтын душманынын айлакерлигинин бири, момундар анын досторуна каршы күрөшпөсө, аларды жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарбоосу үчүн, момундарды өзүнүн аскерлери жана достору менен коркутат. Аллах Тааля муну шайтандын айла-амалы, азгырыгы жана коркутуусунан деп кабар берди жана бизди андан коркуудан кайтарды”--Фатхул-мажид шарх китаб-таухид 396-бет.Үчүнчү түрү: “Инсандын жырткыч айбандан, оттон, чөгүп кетүүдөн коркууга окшогон табигый коркуусу”. Пенде бул үчүн айыпталбайт. Аллах Тааля Мусага алайхи салам айткандай:

فَخَرَجَ مِنْهَا خَائِفًا يَتَرَقَّبُ ۖ قَالَ رَبِّ نَجِّنِي مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

Муса, аландап коркуп: “Оо, Роббим! Мени заалым коомдордон куткара көр” деген бойдон (шаардан) чыгып кетти. Сура аль-Касас: 21

Бирок, Аллах Тааля күнөөкөрлөрдү эскерткен азап убадасынан коркуу, ыймандын эн улуу даражасы.

وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِرُسُلِهِمْ لَنُخْرِجَنَّكُمْ مِنْ أَرْضِنَا أَوْ لَتَعُودُنَّ فِي مِلَّتِنَا ۖ فَأَوْحَىٰ إِلَيْهِمْ رَبُّهُمْ لَنُهْلِكَنَّ الظَّالِمِينَوَلَنُسْكِنَنَّكُمُ الْأَرْضَ مِنْ بَعْدِهِمْ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَافَ مَقَامِي وَخَافَ وَعِيدِ

Каафир болгондор Пайгамбарларына: “Силерди жерибизден чыгарып жиберебиз, же болбосо, (ата-бабадан калган, эски) динибизге кайтасынар! (Экөөнөн бирин тандагыла)” - дешти. Андан сон, Роббиси Пайгамбарларга: Биз сөссүз заалымдарды (каафирлерди) жок кылабыз. Жана алардан кийин (мурас калган) жерге силерди жашатып койобуз! Бул (убада Кыяматта) Биздин алдыбызда (эсеп берип) туруудан жана (күнөөлүүлөргө арнаган) убадаларымдан корккон адамдар үчүн деп вахий-кабар кылды”. Сура Ибрахим: 13-14.

Кантип адамдардан болгон коркуудан арыласын?

Аллахка толук баш ийүү, жана бардык иштерди Аллахка тапшыруу адамдардан коркууну жоготот. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Коркууну кетире турган нерсе, Аллахка толук моюн сунуу. Анткени, ким Аллахка толук моюн сунса, жана өзүн ага толугу менен тапшырса, өзүнө жеткен нерсе ар качан жетпей калуусу мүмкүн эмес, жана өзүнө жетпеген нерсе, ар качан жетмек эмес деп ишенген болсо, өзүнө Аллах өлчөп, жазып койгон нерсе гана жетет деп билсе, жүрөгүндө махлуктардан болгон коркууга орун калбайт”--Мадарижус-Саликиин: 2/31. Ким бул дүйнөдө Роббисинен корксо, ахиретте коркуудан саламат болот. Ким бул дүйнөдө бейкапарлыкка берилген болсо, ахирет тынчтыгынан куруу калат. Аллах Тааля пенделери үчүн, эки коркууну эч качан бириктирбейт. Бул дүйнөдө Аллахтан коркуу болот же бул дүйнөдө Аллахтан коркпогон инсан үчүн, ахиретте катуу коркуу болот. Ким Роббисинен корксо, эч ким аны коркута албайт. Балким анын жүрөгү тынч, дене-мүчөлөрү тынчтык табат. Кимдин Аллахтан  коркуусу чыныгы болсо, ал пенде Аллахка карай умтулат. Аллах менен дайыма бирге болгондо ырахат таба турган нафс, кандай жакшы болот! Күнөөлөрдү таштабаган киши, Аллахтан чыныгы коркуучу киши болуп саналбайт. Ар бир Аллахка күнөөкөр инсан жахил, ар бир Аллахтан коркуучу инсан-аалым жана Аллахка баш ийүүчү болбойт. Ушундай экен, сен бардык абалында, Роббиндин көрүп туруусун сезе билгин жана Анын азабынан корк, ошондо дүйнө, ахиретте бактылуу инсан болосун. Бир махлуктан корксон, андан жатсырайсын жана качасын. Бирок, Аллахтан корксон, Ага карап умтуласын, Ага жакындаганга аракет жасайсын.