Сегизинчи матн
Экинчиси: Аллах Тааля Өзүнө арнала турган ибадатта башка бирөөнү, Өзүнө болгон жакын периштени жана Өзү тарабынан жиберилген пайгамбарды - шерик кылынуусуна ыраазы болбойт. Анын сөздүн далили:
"Бардык мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка менен бирге сыйынылуучу заттарга дуа кылбагыла! Сура: Жин:18
ШАРХ
Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
Экинчи маселе Таухид улуухия
"Экинчиси: Аллах Тааля Өзүнө арнала турган ибадатта башка бирөөнү, Өзүнө болгон жакын периштени жана Өзү тарабынан жиберилген пайгамбарды - шерик кылынуусуна ыраазы болбойт..." Биринчи маселе, Таухид Рубубия Таухид Улуухия үчүн багыттоочу жана аябай керектөөчү болуп — аны үйрөнүп билүүбүз жана ишенүүбүз важиб болгон үч маселенин экинчиси болот. Аллах Тааля сени жараткан Жаратуучу, сага ырыскы берген, Ырыскы берүүчү болуусу менен бирге, ушуну да билгин, Ал ибадатта Өзүнө башка бирөөнү шерик, тендеш болуусуна ыраазы болбойт, муну тескерисинче өтө жаман көрөт. Ибадатта ага шерик кылынуучу нерсе жөнөкөй махлуктардан болуусу ал жакта турсун, балким Өз алдындагы жакын болгон периштеби же адамдар ичинен тандалып, жиберилген пайгамбар болобу, айырмасы жок. Анткени алар, эч бир сыйынууга татыктуу эмес. Аллахтын Элчиси صلى الله هليه و سلم айткан: Аллах Тааля силерден үч нерсеге ыраазы болуп, үч нерсени жакшы көрбөйт. Ага гана ибадат кылып, Ага бир нерсени шерик кошпой, баарынар Аллахтын жибине (динине) бекем кармап бөлүнбөсөнөр ыраазы болот. Ар кандай маанисиз сөздөрдү сүйлөп, көп суроо берип жана малды пайдасыз сарптоонорду жактырбайт--Сахих Муслим: 3/1340, №1715, Абу Хурайра андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Аллах Тааля пендеси каафир болсо, ыраазы болбостугун кабарын берди. Аллах Тааля айтты:
إِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ عَنْكُمْ ۖ وَلَا يَرْضَىٰ لِعِبَادِهِ الْكُفْرَ ۖ وَإِنْ تَشْكُرُوا يَرْضَهُ لَكُمْ
Эгер каафир болсонор, билип койгула Аллах силерден беймуктаж. Ал пенделеринин каафир болуп кетишине ыраазы болбойт. Ал эми Өзүнө ихлас менен ибадат кылып, шүгүр келтирсенер, ушуга силерден ыраазы болот. Сура: Зумар:7
Аллах Тааля пенделерине Ислам динине ыраазылыгын, ал динди Өзү үчүн гана, калыс-ихлас менен арноосуна ыраазы болорунун кабарын берди. Аллах Тааля айтты:
الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِينًا
Бүгүн силерге дининерди толук кылып, нээмат жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Ислам динин, дин болуусуна ыраазы болдум. Сура: Маида:3
Субханаху ва Тааля махлуктардын ичинде эн абзели болгон, периштелерди же пайгамбарларды, Өзүнө ибадатта шерик кылынуусуна ыраазы болбосо, эми алардан башкаларды шерик кылынуусуна эч качан ыраазы болбойт. Ибадат бир гана Аллахтын жалгыз Өзүнө арналганда жарактуу болот. Ал Зат жаратууда, ырыскы берүүдө жана башкарууда кандай жалгыз болсо да, ибадатта да, кудум ушундай шериксиз сыйынууга татыктуу болгон Зат болушу керек. Мусулман киши эки ишти бириктирди. Ал, Аллахты Жаратуучу, Ырыскы берүүчү жана Башкаруучу деп ишенет жана ошону менен бирге солат-намаз, забх-курбандык, назр, ант жана башка түрдөгү бардык ибадаттарга татыктуу зат, жалгыз Аллах деп билип, Аллахтан башка арналып жаткан ибадатты жалган деп ишенет.
وَأَنَّ الْمَسَاجِدَ لِلَّهِ فَلَا تَدْعُوا مَعَ اللَّهِ أَحَدًا
"Бардык мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка менен бирге сыйынылуучу заттарга дуа кылбагыла! Сура: Жин:18
"Далил - Аллах Тааля Өзүнө ибадатта башка бирөөнү ким болуусуна карабастан шерик кылынуусуна ыраазы эместигине далил - Анын сөздүн далили: "Албетте мечиттер - намаз окуй турган орундар же сажда кыла турган мүчөлөр - Аллахка таандык - башка эч кимге таандык эмес. Мечиттер же сажда кылына турган мүчөлөр менен - Аллахка кошо бир нерсеге - периштеби, пагамбарбы, олуябы же башкабы, аларга дуа кылып, сажда кылбагыла! Аларга ибадат дуасы менен, сурануу дуасы менен дуа кылуу, чон ширк жана кечирилбей турган күнөө болот. Тооба кылса, Аллах Өзү кааласа кечирет. Аллах Тааля айтты:
إِنَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ ۚ
Албетте, Аллах Өзүнө бир нерсени шерик кылынуусун кечирбейт. Мындан башкасын каалаган пендеси үчүн кечирет. Сура: Ниса:48
Субханаху ва Тааля жалгыз. Ал Өзүнүн пенделеринин үстүнөн Өкүмдар, Кудуреттүү Зат. Ибадатты Андан башкага арнаса же ибадатта алсыз бир махлукту, Ага шерик кошсо, эч качан ыраазы болбойт.