June 16, 2020

Он жетинчи матн

Аллах Тааля буюрган Ислам, ыйман, ихсан, сыяктуу ибадат түрлөрүн жана дагы дуа, коркуу, үмүт, тобокелдик кылуу, рогбат (соопторго умтулуу), рохбат (Аллахтын азабынан коркуу), инаба (тооба кылып кайтуу), истиьана (жардам суроо), истиьаза (коргонуу суроо), истигосо (кыйын жагдайда жалынып-жалбарып жардам суроо) жандык сойуу, назр кылуу жана башка ушул сыяктуу Аллах буюрган, ибадат түрлөрүнүн бардыгы Аллахка таандык.

Ибадаттардын ар кандай түрдө болуусунун пазилети

Пенделер Аллахка жакындоолору үчүн, Аллах аларга ар түрдүү ибадаттарды Шариятта белгиледи, Анын пенделерине болгон пазилети болот. Анткени, киши бейишке ошол ибадаттардын кайсы бири себептүү кирерин билбейт. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Кимдин бул дүйнөдө, Аллах ыраазы болгон, жакшы көргөн амалдарынын түрү көп болсо, тиги дүйнөдө амалдары себептүү  таба турган, ырахат-жыргалчылыктары да түрдүүчө болуп, амалдарынын түрдүүлүгүнө жараша көп болот. Тиги дүйнөдөгү жыргалчылыктардын түрдүү болуусу, жана алар менен ырахаттанып, кубануусу, бул дүйнөдөгү амалдарынын көптүгүнө жана түрдүү-түркүнө болуусунун өлчөмүнө карап болот. Субхану ва Тааля Өзүнө сүйүктүү жана сүйүксүз, амалдардын ар бирине ылайык, бирөөнүн жаза, сыйлыгы бири-бирине окшобогон, жазаларды, сыйлыктарды, ырахат-жыргалчылыктарды, оорутуучу азаптарды даярдап койду. Ошондуктан бейиш ээлеринин   ырахат-жыргалчылыктары жана тозок ээлеринин оорутуучу азаптары ар түрдүүчө баарына даярдалган. Бейиштеги нээматтар, ырахат-жыргалчылыктар, менен тозоктогу азаптар пенделердин амалдарына жараша ар түрдүү болот. Аллах ыраазы боло турган бардык иштерге, кол уруп, ар биринен үлүш-насибеси болгон кишинин ырахат-жыргалчылыгы, ал жакшы иштердин бир гана түрүн жасап, ошону менен гана насибелүү болгон кишинин ырахат-жыргалчылыгы бирдей эмес болот. Ошондой эле, Аллах жаман көргөн бардык иштерге кол уруп, ал жаман иштердин бирини жасап, насибелүү болгон кишинин азабы менен тен болбойт--Ижтимаьул-жайшул-Исламия: 77-бет. Пенденин Аллахка болгон кулдугу канча көп болсо, анын Аллахтын алдындагы даражасы да, ошончолук бийик даражада болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Махлуктун кулдугунун толуктугу, Аллахка болгон кулдугун чыныгы ишке ашыруусунда болот. Пенденин кулдугу, Аллахтын алдында өтө көбөйгөн сайын, анын кулдук толуктугунун көбөйүүсүнүн натыйжасында, анын даражасы бийик болот--Ал-Фатава: 10/176.

Ибадаттын эн улуу түрлөрү

Автор  رحمه الله жалгыз Аллахтын Өзүнө гана сыйынуу важиб экенин баяндагандан кийин, эми ибадат түрлөрүнүн кээ бирлерин баяндоого киришти:“Аллах Тааля буюрган…” Аллах Тааля пенделерине буюрган жана ушул себептүү аларды пенде деп санаган, ибадат түрлөрүнүн түрү көп болот. Автор  رحمه الله  ибадаттын жети түрүн, буга мисал иретинде келтирди. “Ислам, ыйман, ихсан, сыяктуу ибадат түрлөрүн...” Бул үч ибадат диндеги мартаба - даражалардын эн улуусу, ибадат түрлөрүнүн ичиндеги эн маанилүүсү болот. Мына ошондуктан автор алгач, мына ушуларды баяндоо менен баштады. Ислам: Өзүнүн намаз, орозо, сыяктуу аркандары-түркүктөрү менен ибадат болушу керек. Ыйман: Өзүнүн көмүскөлүү иштери менен, Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, ахиретке, тагдырдын жаман, жакшылыгына ыйман келтирип, ишенүү менен болот. Ошондой эле коркуу, сүйүү, үмүт сыяктуу жүрөккө байланышкан иштердин бардыгы ибадатка таандык болуп, балким ибадаттын эн бийик, улуу түрлөрүнөн болот. Ислам даражасы дин чөйрөсүнүн ичиндеги эн кенирисинен болот. Исламдан кийин, ыйман даражасы келет. Ал Ислам чөйрөсүнөн тарыррак болгон чөйрө. Дин чөйрөлөрүнүн ичиндеги, эн тар болгон чөйрө - ихсан даражасы. Ихсан чөйрөсүндө Аллахтын өтө аз сандагы пенделери болот. Буга бир гана Аллах тандаган пенделери жетишкен, эн улуу жана эн таза даража. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Жүрөктүн абалдары жана амалдары мисалы: Аллах жана Элчисине болгон сүйүү, Андан коркуу, тобокел кылуу, шүгүр келтирүү, Ага тооба кылып кайтуу, Ага гана амалды ыклас менен жасоо сыяктуу, адамдар бири - бирлеринен айырмаланган амалдар бар, алардын өлчөмүн, Азза ва Жаллядан башка эч ким билбейт--Ал-Фатава: 7/409.

Ибадаттын түрлөрү

Аллах Тааля буюрган ибадат түрлөрүнүн кээ бирлери… “Дуа” - (Аллах Таалядан өз муктаждыктарын суроо), “коркуу”, (Аллахтан гана коркуу), “үмүт” (Аллахтын алдындагы ажр - үмүт кылуу), “таваккул” (Аллахка тобокел кылып, иштердин баарысын Ага гана тапшыруу), “рогбат” - (Аллахтын алдындагы соопторго умтулуу), рохбат - (Аллахтын азабынан коркуу), “хушуь” - (жүрөк менен баш ийип, кичи пейил болуу), “хошия” - (илимдин негизинде коркуу), “инаба” - (тооба кылып кайтуу), “истиьана” - (жардам суроо), “истиьаза” - (коргонуу суроо), “истигосо” - (кыйын жагдайда жалынып-жалбарып жардам суроо) “жандык сойуу”, “назр кылуу…” “жана башка ушул сыяктуу Аллах буюрган, ибадат түрлөрүнүн бардыгы Аллахка таандык…” Мисалы: Ата-энеге жакшылык кылуу, тууган-урук менен жакшы мамиледе болуу, конокту сыйлоо, жакшы кулк-мүнөздөр сыяктуу Аллах Тааля сүйүп, ыраазы боло турган амалдардын баарысы ибадат болот.  Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ибадат дегени Аллах жакшы көргөн, ыраазы болгон, көмүскө, ачык-ашкере бардык сөздөр менен иштерди өз ичине камтыган жалпы бир ысым менен аталат”--Ал-Фатава: 10/149. Ибадат баш ийүүнүн бардык түрлөрүн өз ичине камтыйт. Мисалы иретинде, толук сүйүү, улуулоо, үмүт кылуу, коркуу сыяктуу болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Пенделик толук кичи пейилдүүлүктү, толук сүйүүнү, сүйүлө турган затты ыраазы кыла турган иштерди жана аны ыраазы кылган толук баш ийүүнү өз ичине камтыйт. Эми бул жогорку чектелген чектин, эн акыркы чеги болт--Мадарижус-Саликиин: 3/441. “Ибадат түрлөрүнүн бардыгы Аллахка таандык…” Ибадаттын бардык түрлөрү Аллах Тааляга таандык болуп, алардын бирөөсүнү да, Аллахтан башкага арнаганы болбойт.