April 18, 2020

Экинчи матн

БИРИНЧИСИ: ИЛИМ. АЛ ДЕГЕНИ АЛЛАХТЫ, АНЫН ПАЙГАМБАРЫН ЖАНА ИСЛАМ ДИНИН ДАЛИЛДЕР МЕНЕН ТААНЫП БИЛҮҮ

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Ошол 4-маселенин биринчиси: Илим

Ушул маселелердин биринчиси: "Илим". Илим бул: "Хидаятты" (Туура жолду) далилдер менен таанып билүү же башкача айтканда Илим - Аллахты, Анын пайгамбарын, Ислам динин таанып билүүнү камтыйт. Автор ушул маселелерге өзгөчө үндөп багыттап жаткан себеби, бул меселелер Ислам дининдеги эн маанилүү негиздеринен болуп саналат жана аларсыз дин толук болбой калат. Мүрзө - кабырда пенде ушул маселелер боюнча сурака алынат. Эгер пенде Аллахты, Анын пайгамбарын, Ислам динин далилдер менен таанып билсе, анын дини жарактуу болот. Бир гана Роббиге сыйынуу жана Ага ачык-айкын далилдер менен жакындоо болушу үчүн, пенде Ислам Шариятынын мыйзамдарын, Ыйман негиздерин, харам-иштерден алыс болуу жана мамилелерде болгон нерселерде эмне ваажибке алып барса, ошол дагы ваажиб болот экендигин билип, важиб-иштеринде дайыма сөссүз илим негизинде толук аткаруу милдет болот. Имам Ахмад رحمه الله айтты: "Инсандын дини тоолук бүтүндөй болушу үчүн, ага сөссүз илим-далил алуу милдет болот" Мисалы кайсыл нерселер? деп андан сурашкан. Ал болсо Солат-намаз, сыям-орозо, ушул сыяктуу ибадаттарды билбей калуунун эч бир аргасы жок деп, жооп берген. Бирок ар бир киши муктаж, илимге талап кылуусу милдет кошумчасы, ал ваажиб-кифая мисалы: Мурас-илими, майит адамдын сөөгүн жуу кепиндөө жана жаназа солат-намазын аткаруу сыяктуу идимдерди болгону айрым кишилер үйрөнсө жетерлүү болот жана башкалары болсо күнөөкөр болушбайт.

Аллах Тааланы таанып билүү

Окуп үйрөнүү бизге важиб болгон илим, "Аллах Тааланы таанып билүү". Аллах Тааланы таанып билүнүүнүн мааниси: Пенде Роббисин Өз Китебинде Өзүн Сыпаттаган Сифаттар жана Анын пайгамбары صلى الله هليه و سلم Аны сыпаттаган Ысымдар, Сифаттар жана иш-аракеттери менен билип таанып алат. Аллах Тааланы таанып билүү, дин иштеринин эн манилүү маселеринин бири болот. Аллахты таанып билбөө бул динге байланыштуу иштердеги кайдигерлик жана кош көнүлдүк болуп саналат. Ибн Кайим رحمه الله айткан: "Аллах Тааля, Аны чыныгы улуулабаган, тааныбаган, Сифаттары менен сыпаттабаган кишини Аллах Өзү айыптады—-Мадарижус-Саликиин 2/495. Качан инсан Өз Роббисин тууралуу илимге ээ болсо, ошондо гана акыйкат диндин үстүндө болот. Ошондуктан пайгамбарлардын (аларга Аллахтын салаваты-саламдары болсун) дааваттарынын негизги максаты, Аллахтын Ысымдарын, Сифаттарын, жана иш-аракеттерин таанытууга багытталган. Ибн Кайим رحمه الله айткан: "Илахий дааваттын-ачкычы, Улуу Роббини таанып билүү"—-ас-Саваькул-мурсала:1/151. Кимде-ким Аллахтын жолуна түшүп жеткирүүчү болсо, Аны таанып билүү жолуна түшкөн болот. Канчалык жүрөгүндө Роббини улуулоо болсо, ошончо Аллахты таануу өлчөмү ылайык болот. Ким Аллахты таанып билсе, Аллах аны жакшы көрүп калат. Ибн Кайим رحمه الله айткан: Кимде-ким Аллахтын Ысымдарын, Сифаттарын жана иш-аракеттерин таанып билип калса, аны албетте Аллах Өзү жакшы көрүп калат—-—Мадарижус-Саликиин:3/17. Аллах Тааляны таанып билүү жана Ага гана сыйынуу, эки дүйнөнүн бактылуулугуна себеп болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айткан: Таттуулук жана кубанычтуулук, сүйүнүч, эн сонун убакыт, аны сөз менен түшүндүрүү мүмкүндүгү болбогон ырахат, ар кандай айып кемчилдиктерден таза, Аруу Аллах Тааланы таанып билүү, Анын жалгыздыгын ырастоо жана Ага ыйман келтирүү менен орундалат—-Фатава шейхул-Ислам: 28/31

Пайгамбарды صلى الله هليه و سلم таанып билүү

Пайгамбарды таанып билүү: Окуп үйрөнүү бизге важиб болгон дагы илим бул мукалляф-Балагатка жеткен акылдуу инсандын билиши Аллахтын Пайгамбарын Мухаммад صلى الله هليه و سلم таанып билүү. Ал инсан Аллах менен биздин ортобузда динди жеткирүүдө ортомчу болду. Ал инсанды таануу - ал зат Аллах Тааля тарабынан алып келген хидаят жана чыныгы динди кабыл алууну ага моюн сунууну милдеттендирет.

Ислам динин таанып билүү

Мукалляф үчүн, Ислам дининдеги Куран жана суннадан алынган далилдер менен таанып билүү важиб болот. Анткени Аллах Таалянын махлукааттары ушул дин аркылуу менен Ага гана сыйынуу болот, алардын жаралышынын максаты, бул дин себептүү болот. Аны таанып билүүсү амал кылышы бейишке кирүүгө себеп жана аны таанып билбесе, ага бактылуулукту жоготуу жана тозоко кирүүгө себеп болот. Ибн Кайим رحمه الله : Инсандын толуктугу эки негиздин үстүндө: акыйкатты жалгандан ажыратып билүү жана акыйкатты жалгандан үстөм коюуу менен билинет. Дүйнө, ахиретте Аллахтын назарындагы махлуктардын ордулары да, мына ушул эки иштеги айырмачылыктары менен айырмаланат деп айткан—-АлЖавабул-кафий 99-бет. Аллахты, Анын Пайгамбарын, динин таанып билүү дегени: Пенде мүрзө-кабырда болгондо эн биринчи сурала турган сурактардан болот. Барро ибн Азиб андан Аллах ыраазы болсун кабар берген хадисте келгендей: Момундун-ыймандуу пенденин мүрзө-кабырына эки периште кирип келип аны отургузушуп ага: Сенин Роббин ким? деп сурашат. Ал болсо Менин Роббим Аллах деп жооп берет. Сенин динин кайсы? Диним Ислам деп жооп берет. Силерге пайгамбар болуп жиберилген инсан тууралуу эмне демекчисин? деп сурашат. Ал инсан Аллахтын Элчиси صلى الله هليه و سلم деп жооп берет—-Ахмад: Муснад: №18557. Ким мына ушул негиздерди далилдер мене окуп билсе, мүрзө-кабырда эки периштенин суроосуна жооп берүүдө, бекем болуштугуна татыктуу-гарантия болот. Сахих-хадисте келгендей, куффарлар ошол кезде: ХА-ХА-А-АХ, ХА-А-АХ, деп айтышат—-Ахмад: Муснад: №18557.

Эгерде сабатсыз инсан, Аллахтын жалгыздыгына ишенип, Аллахтан башка сыйыныла турган обьект-заттарды жалган деп билип, жадагалса далилди билбесе да мусулман болот. Буга шейх Абдулла ибн АбдурРахман Аба Баттийин رحمه الله : Ар бир инсан үчүн, Таухидти жана Ислам түркүктөрүн далилдерин билүү важиб, мында таклид дурус болбойт. Бирок, далилдерди билбей турган сабатсыз инсан, эгерде Өз Роббисин Аруу, Улуу жалгыз деп жана Мухамаммдты صلى الله هليه و سلم пайгамбар деп, өлүмдөн кийин кайра тирилүүгө жана Бейиш, Тозокко бар экенине ишенип, ширкий иштер-амалдарды жалган, адашуу деп билсе, эч бир шек-күмөнсүз бекем ишенсе, эч бир далилди айта албаса, ал мусулман болуп саналат. Анткени жалпы мусулмандарга далилдер үйрөтүлсө да, көбүнчөсү маанисин түшүнө алышпайт—-Ад-Дурарус-Сания: 4/339.

Илимди талап кылуу

Аллахты, Анын пайгамбарын, Ислам динин таанып билүү үчүн, илимди издөөгө аракет кылуу, эн улуу ибадат болуп саналып, нафил ибадаттардан абзел. Зухрий رحمه الله Аллахка болгон ибадаттардан эн абзели ибадат деп айткан—-Абу Нуайм: Хилятул-авлия: 3/365.

Имам Ахмад رحمه الله Илимге талап кылуу дегени - ниэти туура болгон инсан үчүн, амалдардын эн абзели болуп калат деп айткан—-Бухутий: Шарх мунтахал - ирадат: 1/236. Илим пайгамбарлардын мурасы жана жүрөктөрдүн нуру. Улямалар бул Аллахтын жамаатынан, Аллахка эн жакын, Андан чыныгы коркуучу жана даражасы эн бийик адамдар. Амалдардын эн улуусу бул илимди талап кылуу. Имам Ахмад رحمه الله айткандай: Илимге эч нерсе тен келе албайт—-Ибн Муфлих: Ал-адабуш-шарьийя: 2/45. Ибн Кайим رحمه الله айткан: Шарият илими - Жүрөктөрдүн тиричилиги, көздөрдүн нуру, көнүлдөрдүн шыпаасы, акылдардын бакчасы, рухтардын лаззаты-таттуулугу, жалгыздар үчүн үлпөт, жолун таппай арсар болуп, ара жолдо карагандарга жол көрсөтүүчү, ал сөздөрдү, амалдарды жана абалдарды өлчөй турган тараза, аны менен аркылуу Аллах Тааляны таанытса болот жага Ага гана сыйындыртса болот, Аллахты эстетет, Таухид чыныгы ырасталып даназаланат, улууланат, ал аркылуу жолоочулар жол багытын тартышат жана байланышышат, анын эшигинен максат кылуучулар кирет, аны менен шарият өкүмдөрү билинет, халял харамдан ажыратылат, аны менен аркылуу туугандык мамилелер тикеленет. Илимге байланыштуу болсо - амал анын эрчүүчүсү, жол баштоочусу болот, амал болсо анын артынан эрчүүчү, ал чоочундукта-шерик, жалгыздыкта мамилеш, жалгыз убакта үлпөттөш, күмөндөрдү ачыктап, андан арылтуучу, анын кенин колго кириткен киши үчүн өтө чон байлык деп айткан—Мадарижус-Саликийн: 2/469. Адамдардын илимге болгон муктаждыгы, жеп-ичүүдөн караганда күчтүүрөөк. Имам Ахмад رحمه الله Адамдар жеп-ичүүдөн караганда илимге көбүрөөк муктаж. Анткени инсан жеп-ичүүгө күнүнө бир жолу муктаждыгын сезет, илимге болсо ар бир дем алган деминин санынча муктаж—-Мадарижус-Саликийн: 2/470. Илим талап кылуу Аллах жолундагы жихадтан абзел. Ибн Аббас андан Аллах ыраазы болсун Илим жолунда эрте-кеч илим талап кылып чыгуу, Аллахтын назарында Аллах жолундагы жихадтан карагнда, абзел деп айткан—-Ал-Фирдавс бимаьсурил-хитаб: 3/109, №4303. Имам Ахмад رحمه الله Илим үйрөнүү жихадтан жана башка амалдардан караганда абзел болот деп айткан—Ал-Мардавий: Ал-Инсаф: 2/162. Имам Абу Ханифа жана Имам Малик Аллахтын аларга ырайымы болсун Ыктыяр кылына турган эн абзелдүү ишке бул нерсе илимди алуу жана үйрөнүү болот деп айтышкан—-Минхажус-Сунна: 6/75. Ибн Кайим رحمه الله Улямалардын сыяларына бир гана шухадалардын-Аллахтын жолунда согушта мужахидтер-өлгөндөр кандары тен келе алат деп айткан—Ал-Фирдавсия: 157-бет. Илимге болсо убакыттарды сарптоого эн ылайык жана өмүрдү арноого эн арзый турган амал болот. Имам Нававий رحمه الله Илим менен алектенүү нафил солат-намаз, сыям-орозо, тасбих жана ушул сыяктуу дене - мүчөгө байланышкан амалдар менен алектенүүдөн караганда абзел экенине саляфтар-мурункулар бир пикирге килишишкен деп айткан—Ал-Мажмуь: 4/6. Али ибн Абу Толиб андан Аллах ыраазы болсун Илим менен жашагын анын ордун баса турган эч бир нерсе жок, бардык адамдар өлүк, бир гана улямалар тирүү болот деп айткан—Ал-Хатиб ал-Багдадий: Ал факих вал-мутафакких: 2/151.

Макталган илимден максат Шарият илими

Илимге болгон максат мукалляф өз дининдеги Шарият илими менен важиб-амалдары аткарып жашашы керек. Анткени бир гана ушул илим, Аллахтан коркууну пайда кылат:

إِنَّمَا يَخْشَى ٱللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ ٱلْعُلَمَٰٓؤُا۟ۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ غَفُورٌ

Аллахтан бир гана улямалар, чыныгы коркуу менен коркушат. Сура Фатыр Аят 28

Ибн Кайим رحمه الله Илим менен жалгыз Аллахтын өзүнө гана сыйынылып, макталынды. Ага даназалуу мактоо айтылып улууланды. Исламдын пазилети башка диндерден караганда, илим менен билинди. Жана халял менен харамдын ортосун ажыраткан илим болду — деп айткан—Мифтахус-дарис-саьда: 1/314. Аллахка жана Анын Бейишине багыттоочу жол бул бир гана Куран ва Сунна болот. Пенделердин дүйнө турмушундагы жана ахиреттеги ийгиликтери, жакшылыктары Аллахты таанып билүү менен гана болот. Жакшылыктардын жок болушу, азап-балээлердин астында болуп калышы - сабатсыздык жана илимден бейкапар болушунун себеби болот. Ибн Кайим رحمه الله Аааламдын талкаланып бузулушу бул сабатсыздык себеп болот, эми өсүп өнүгүүсүнө себеп - бул илим болот. Кайсыл бир шаарда же аймакта илим тараса, ал жерде жашаган элде, жамандык аз болот. Кайсыл жерде илим жоголсо, ошол жерде жамандык жана бузукулук таралат деп айткан—Иьламул- муваккиьин: 2/257. Ушундай экен, акылдуу инсан өмүрүн жана убакыт сааттарын пайдалуу илим талап кылуу менен өткөрүүсү зарыл болот.

Экинчиси: илимге амал кылуу

Маселенин экинчиси: Илимге амал кылуу

Экинчи маселенин важибы «Илимге амал кылуу» . Анткени амал болсо, илимдин мөмөсү жана бекемчиликте себеп болот. Өткөнкүлөрдүн бири айтат: «Биз хадисти жат алууда, жана ошол аркылуу менен амал кылышыбызда жардам алчыкбыз»--Ал-Хатиб-Багдадий: Иктизоил-илмил-амал:90-бет. Ким окуп үйрөнгөн илимине амал кылса, Аллах анын илимин сактайт жана ага билбеген башка илимдерди тартуулап берет. Кала берсе, илимге амал кылуу ыймандын чонойушуна да себеп болот. Аллах Тааля айтты:

وَالَّذِينَ اهْتَدَوْا زَادَهُمْ هُدًى وَآتَاهُمْ تَقْوَاهُمْ

Аллах туура жолдогулардын хидаятын арттырып аларга таквалык берет.

Сура 47: Мухаммад - Аят: 17

Имам Шавканий رحمه الله айтты: «Аларга ыйманды, илимди жана диндеги көрөгөч түшүнүктү көбөйтөт»--Фатхул кодир: 5/35. Бактылуу инсан, илим жана амалды ишке ашыра билген киши болот. Нававий رحمه الله айтты: «Даанышмандык дегени: көрөгөчтүү түшүнүк жана таза нафси менен акыйкатка амал кылуу болот жана анын каршысында болгон бар нерселерден сактануу максатын карманат жана ал, Аллахты таанууну өз ичине камтыган илим болот. Даанышман болсо, мына ушуларды өз ичине камтып эсепке алган киши—Шарх Нававий ал Сахих Муслим: 2/33. Эгер инсан Аллахтын важибтарын сактап, сүннөт жана витр сыяктуу нафил ибадаттарды лаазым тутуп, Куран окуп, эрте танда истигфар айтуу менен илимине амал кылса, жана мечитте зикр кылып отурууга белгилуу бир саат өзүн мажбурласа, бул ал үчүн эн жакшы убакыт, танкы намаздан кийин, күн чыкканга чейинки болгон убакыт. Пайдасыз отуруштардан, бейкапарлыктан, гыйбатчылардан жана майда сөз адамдардын отуруштарынан алыс болсо, тилин керексиз болбогон сөздөрдү сүйлөөдөн сактаса, илимге амал кылуу себебин жасаган болот. Кимде-ким үйрөнгөн илимине амал кылбаса, илимден жана таква лазаттынан куруу калат. Ал алган илими, амалы менен болбосо, аны наадандардын арасында кошуп болушу Аллахтын коркунучу бар. Фудайл ибн Ийяд رحمه الله айтты: Ааалым алган илимине амал кылмайынча илимсиз бойдон кала берет. Качан ал амал кылса гана, аалым болот—Ибн Асакир رحمه الله айтты: Тарих Мадина Димашк: 48/427. Ким илимин амал кылбаса, анын алган илими Кыямат Күнү ага каршы көрсөтмө зыян болот. Пайгамбар صلى الله هليه و سلم Кыямат Күнү пенде өмүрүн кандай өткөргөндүгүн, илимин кандай, эмнеге колдонгондугун, мал – мүлкүн кайдан таап алгандыгын жана кайсыл жерлерге сарп кылгандыгын жана денесин кайсыл иштерге карытып жумшагандыгын туурасында суралбай туруп, бир кадам таштай албайт экен деп айтты—Сунанут-Тирмизий: №2417, Тирмизий Абу Барза ал-Асламий андан Аллах ыраазы болсун хасан, сахих хадис деген. Илими болуп туруп ага амал кылбаган киши жахил-наадандан жаманыраак болот жана Кыямат Күнү Тозоктун отунунда боло турган үч кишисинин бириси болот—Бул үч кишисинин бириси: Аллах жолунда күрөшкөн киши, экинчиси: илим үйрөнгөн киши, үчүнчүсү: мал-мүлкүн жакшы жолдорго сарп кылган дөөлөтүү киши болгон. Алар өз иштеринде Аллахтын ыраазылыгын көздөбөгөндөрү себептүү, Тозокко түшүүлөрү туурасында хадисти Имам Муслим «Сахихинде: №1905 Абу Хурайрадан андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Ибн Раслян رحمه الله : Илимге амал кылбаган аалым бутпарастан алдын азапка дуушар болот деп айткан—Ибн Раслян: Аз-Зубад: 1-бет. Кайсыл бир маселени билген киши, жадагалса мейли аалым болбосо да, ошол билген маселеси боюнча, ага да каршы көрсөтмө-далил болот. Пайгамбар صلى الله هليه و سلم айтты: «Куран сенин пайдана же зыянына сага далил болот—Сахих Муслим: №223 Абу Малик Ашьарийден андан Аллах ыраазы болсун кабар берилген. Ким илимсиз абалда амал кылса, ал насроний-христиандарга окшошкон болот. Ким билип туруп амал кылбаса, ал яхудий-еврейлерге окшошкон болот. Илими аз болсо да, ага амал кылган киши аалым болот. Шарият илимин талап кылына турган болгон максат, бул Аллахтан коркууну пайда кылуу жана Жаратуучуга жакындаштыруучу болгон нерсе бул алган илимин амалы менен жооп бериши керек.