Экинчи матн
Экинчиси: илимге амал кылуу
ШАРХ
Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
Маселенин экинчиси: Илимге амал кылуу
Экинчи маселенин важибы «Илимге амал кылуу» . Анткени амал болсо, илимдин мөмөсү жана бекемчиликте себеп болот. Өткөнкүлөрдүн бири айтат: «Биз хадисти жат алууда, жана ошол аркылуу менен амал кылышыбызда жардам алчыкбыз»--Ал-Хатиб-Багдадий: Иктизоил-илмил-амал:90-бет. Ким окуп үйрөнгөн илимине амал кылса, Аллах анын илимин сактайт жана ага билбеген башка илимдерди тартуулап берет. Кала берсе, илимге амал кылуу ыймандын чонойушуна да себеп болот. Аллах Тааля айтты:
وَالَّذِينَ اهْتَدَوْا زَادَهُمْ هُدًى وَآتَاهُمْ تَقْوَاهُمْ
Аллах туура жолдогулардын хидаятын арттырып аларга таквалык берет.
Сура 47: Мухаммад - Аят: 17
Имам Шавканий رحمه الله айтты: «Аларга ыйманды, илимди жана диндеги көрөгөч түшүнүктү көбөйтөт»--Фатхул кодир: 5/35. Бактылуу инсан, илим жана амалды ишке ашыра билген киши болот. Нававий رحمه الله айтты: «Даанышмандык дегени: көрөгөчтүү түшүнүк жана таза нафси менен акыйкатка амал кылуу болот жана анын каршысында болгон бар нерселерден сактануу максатын карманат жана ал, Аллахты таанууну өз ичине камтыган илим болот. Даанышман болсо, мына ушуларды өз ичине камтып эсепке алган киши—Шарх Нававий ал Сахих Муслим: 2/33. Эгер инсан Аллахтын важибтарын сактап, сүннөт жана витр сыяктуу нафил ибадаттарды лаазым тутуп, Куран окуп, эрте танда истигфар айтуу менен илимине амал кылса, жана мечитте зикр кылып отурууга белгилуу бир саат өзүн мажбурласа, бул ал үчүн эн жакшы убакыт, танкы намаздан кийин, күн чыкканга чейинки болгон убакыт. Пайдасыз отуруштардан, бейкапарлыктан, гыйбатчылардан жана майда сөз адамдардын отуруштарынан алыс болсо, тилин керексиз болбогон сөздөрдү сүйлөөдөн сактаса, илимге амал кылуу себебин жасаган болот. Кимде-ким үйрөнгөн илимине амал кылбаса, илимден жана таква лазаттынан куруу калат. Ал алган илими, амалы менен болбосо, аны наадандардын арасында кошуп болушу Аллахтын коркунучу бар. Фудайл ибн Ийяд رحمه الله айтты: Ааалым алган илимине амал кылмайынча илимсиз бойдон кала берет. Качан ал амал кылса гана, аалым болот—Ибн Асакир رحمه الله айтты: Тарих Мадина Димашк: 48/427. Ким илимин амал кылбаса, анын алган илими Кыямат Күнү ага каршы көрсөтмө зыян болот. Пайгамбар صلى الله هليه و سلم Кыямат Күнү пенде өмүрүн кандай өткөргөндүгүн, илимин кандай, эмнеге колдонгондугун, мал – мүлкүн кайдан таап алгандыгын жана кайсыл жерлерге сарп кылгандыгын жана денесин кайсыл иштерге карытып жумшагандыгын туурасында суралбай туруп, бир кадам таштай албайт экен деп айтты—Сунанут-Тирмизий: №2417, Тирмизий Абу Барза ал-Асламий андан Аллах ыраазы болсун хасан, сахих хадис деген. Илими болуп туруп ага амал кылбаган киши жахил-наадандан жаманыраак болот жана Кыямат Күнү Тозоктун отунунда боло турган үч кишисинин бириси болот—Бул үч кишисинин бириси: Аллах жолунда күрөшкөн киши, экинчиси: илим үйрөнгөн киши, үчүнчүсү: мал-мүлкүн жакшы жолдорго сарп кылган дөөлөтүү киши болгон. Алар өз иштеринде Аллахтын ыраазылыгын көздөбөгөндөрү себептүү, Тозокко түшүүлөрү туурасында хадисти Имам Муслим «Сахихинде: №1905 Абу Хурайрадан андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Ибн Раслян رحمه الله : Илимге амал кылбаган аалым бутпарастан алдын азапка дуушар болот деп айткан—Ибн Раслян: Аз-Зубад: 1-бет. Кайсыл бир маселени билген киши, жадагалса мейли аалым болбосо да, ошол билген маселеси боюнча, ага да каршы көрсөтмө-далил болот. Пайгамбар صلى الله هليه و سلم айтты: «Куран сенин пайдана же зыянына сага далил болот—Сахих Муслим: №223 Абу Малик Ашьарийден андан Аллах ыраазы болсун кабар берилген. Ким илимсиз абалда амал кылса, ал насроний-христиандарга окшошкон болот. Ким билип туруп амал кылбаса, ал яхудий-еврейлерге окшошкон болот. Илими аз болсо да, ага амал кылган киши аалым болот. Шарият илимин талап кылына турган болгон максат, бул Аллахтан коркууну пайда кылуу жана Жаратуучуга жакындаштыруучу болгон нерсе бул алган илимин амалы менен жооп бериши керек.