Тогузунчу матн
Үчүнчү: Ким пайгамбарга баш ийип, Аллахты жалгыз деп билсе, Аллах жана Анын элчисине душман болгон адамды, ал эн жакын тууганы болсо да, дос тутуусу дурус болбойт. Анын сөздүн далили болсо:Оо, Мухаммад! Сен Аллахка жана ахирет күнүнө бекем ыйман келтирген адамдарды эч качан, Аллахтын жана Анын пайгамбарынын душмандарын дос тутканын көрбөйсүн, эгер ал душмандар алардын аталары, перзенттери, ага-инилери жана тууган - туушкандары болсо да! Дал ушулардын жүрөгүнө Аллах ыйманды жазып койгон жана Өзүнүн Руху менен кубаттаган адамдар! Аларды Кыяматта түбүнөн дарыялар агып турган, анда түбөлүк калчу бейиштерге киргизет. Аллах алардан ыраазы болду, алар дагы Аллахтан ыраазы болушту! Мына ушулар - Аллахтын жамааты! Уккула: Аллахтын жамааты гана женишке жетет. Сура Мухаммад: 22
ШАРХ
Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
Үчүнчү маселе “Валаь жана бароь” тууралуу (достук жана душмандык түшүнүгү)
Үчүнчү маселе: “Валаь жана бароь” тууралуу (достук жана душмандык түшүнүгү) тууралуу болуп, бул да окуп үйрөөнүүбүз, ишенүүбүз, амал кылуубуз, важиб болгон маселелердин бири болот. “Ким пайгамбарга баш ийип…”, ал кишинин буюруктарына моюн сунса, кайтарганынан кайтса деген маанини түшүндүрөт. “Аллахты жалгыз деп билсе…”, ал ибадатты жалгыз Анын Өзүнө гана арнайт, Аллахтын душмандарын дос тутпайт. Бул сөздөр менен автор رحمه الله ушул маселеге амал кылуу үчүн, өз каалоосу эрктүүлүгү менен Шарият далилдерине ылайык шыктандыруусу болот. Сага айткандай, сен Роббинди жалгыз деп билдин, жалгыз Анын Өзүнө сыйындын, Анын пайгамбарына баш ийгенинден кийин, бул төмөнкү өтө маанилүү, улуу маселеге кайдигер болбой амал кыл! Ал маселе мындай: Момун жана мувахид, Аллахтын Элчисине ﷺ баш ийүүчү инсан, “Аллах жана Анын элчисине душман болгон адамды, ал эн жакын тууганы болсо да, дос тутуусу дурус болбойт”. Балким алар өз атасы, перзенттери болсо да, андай адамдардан бүтүндөй үзүлүп, жана аларды душман деп билиши лаазым болот. Анткени, Аллах Тааля мындай адамдар менен өз ара ортодогу мамилелерден жана достошуу болууга тыйды. Чыныгы жакындык динге байланышат. Урук-туугандыктагы жакындыкка байланышпайт. Кала берсе, мусулман киши сенден алыс жашаса да, ал сенин Аллах жолундагы тууганын болот. Ага инин каафир болсо, да, алар сенин диндеги душманын болот.
Валаь жана бароь далили (Достук жана душмандык түшүнүгү)
Аллах жана Анын Элчисине душман болгон кишини, дос тутуу болбостугуна далил. Аллах Таалянын Сөзү:“Оо, Мухаммад! Сен Аллахка жана ахирет күнүнө - ошондой эле Аллах, ахиретте даярдап койгон сооп-сыйлыктарга жана азаптарга чыныгы сүрөттө - ыйман келтирген коомдун, Аллах жана Анын пайгамбарына каршылык кылган кишилер менен - мындайча айтканда, Аллах жана Анын пайгамбарына каафир жана күнөөкөр болуп, аларга душман болгон кишилер - Кала берсе, алар өздөрүнүн аталары же уулдары же ага-инилери же тууган-туушкандары болсо да - аларды дос туткандарын көрбөйсүн…”, Бул экөөсү эч качан бирикпейт жана пенде качан гана, ыйманы талап кыла турган амалдарды жасаганда гана, Аллахка жана Ахирет күнүнө чыныгы ыйман келтирген болот. Момун кишини дос тутуу жана аны жакшы көрүү, каафир кишини жаман көрүп, душман тутуу, ыймандын негизги талаптарынан болот.
أُولَٰئِكَ كَتَبَ فِي قُلُوبِهِمُ الْإِيمَانَ
Мына ошолордун жүрөгүнө, Аллах ыйманды бекемдеп койгон - аларды (динде) бекемдеп койгон. Алардын ыймандары титиребейт, ага шек-күмөндөр таасир көрсөтпөйт.
وَأَيَّدَهُمْ بِرُوحٍ مِنْهُ
Жана Өзүнүн Руху менен кубаттаган адамдар! - Өзүнүн вахийси, илахий жардамы жана роббаний жакшылыгы менен - кубаттаган. Аларга бактылуулукту жазып, алардын ыймандарын зыянаттуу кылып койгон. Аллах Тааля аларга болгон жардамын “рух” деп атады. Анткени алардын жашоосу мына ушуну менен болот.
وَيُدْخِلُهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا
“Аларды Кыяматта түбүнөн дарыялар агып турган, анда түбөлүк калчу бейиштерге киргизет…” Түбөлүк орун - очок болгон көз көрбөгөн, кулак укпаган, инсан затынын кыялына келбеген нээмат бар. Ушул нээматтарга кошумча, бейиштердин астынан дарыялар агып турат. Алар бул бейиштерде ырахат - жыргалчылыктар менен түбөлүк калат.
رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ ۚ أُولَٰئِكَ حِزْبُ اللَّهِ ۚ أَلَا إِنَّ حِزْبَ اللَّهِ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
Буга кошумча эн негизгиси, “Аллах алардан ыраазы болду, алар дагы Аллахтан ыраазы болушту!” Алар Аллахка душман болгон тууган - туушкандарын Аллах үчүн жаман көрүшкөн эле. Мунун ордуна, Аллах аларга Өз ыраазылыгын түшүрүп, ырахат - жыргалчылыктар менен ыраазы кылды. “Мына ушулар - Аллахтын жамааты…” Аллахтын чыныгы пенделери, Анын достору жана Өзү тарабынан урматка татыктуу, Анын жер жүзүндөгү жардамчы болгон заттары болот. “Уккула: Аллахтын жамааты гана женишке жетет…”, Дүйнө жана ахиретте улуу жана түгөнгүс бактылуулукка, женишке жетишүүчүлөр болот.
Достук, душмандыкты ырастап, өздөштүргөн кишинин сыйлыгы
Ким бароьну (Аллахтын душмандарына душмандык кылууну) ырастап, өздөштүргөн абалда, иш жүзүнө ашырган болсо, Аллах Тааля аны бир нече иштер менен сыйлоосунун кабарын берди.
- Анын жүрөгүнө ыйман топтолуп жана анда бекемделүүсү анык болот: Дал ушулардын жүрөгүнө Аллах ыйманды жазып койгон.
- Аллах аны нур жана хидаят менен кубаттосу анык болот: Өзүнүн Руху менен кубаттаган адамдар! Рух деп атаганы, анткени пенденин таза жашоосуна себеп. Бул иш менен бирге, баарынан мурда бул дүйнөдө сооп-сыйлык берилүүсү бар болот.
- Бейишке киргизилүүсү анык болот: “Аларды Кыяматта түбүнөн дарыялар агып турган, анда түбөлүк калчу бейиштерге киргизет”.
- Субханаху ва Таалянын ыраазы болуусу анык болот: “Аллах алардан ыраазы болду”. Бул болсо ашыкча нээматы. Башка бир аятта Аллах тааля айтты: “Аллахтын ыраазылыгы бардыгынан улук” Сура: Тауба:72
- Пенденин ахиретте бейишке кирүүсү жана анда көргөн сый-урматы себептүү ыраазы болуусу болот: “алар дагы Аллахтан ыраазы болушту “.
- Аллах аларды Өзүнө таандык кишилери жана кутулуучу пенделеринин жамаатына кошуп, урматтосу болот: “Мына ушулар - Аллахтын жамааты! Уккула: Аллахтын жамааты гана женишке жетет”.
Шейх Саьдий رحمه الله “Тайсирул - Каримил - Маннан” деген тафсир китебинде 787-бетинде мындай айтты: “Кимдир бирөө, Аллахка жана ахирет күнүнө ыйман келтиргенин доо кыла турганы бар! Ошону менен бирге, Аллахтын душмандарын дос тутса, ыйманды артына таштап жиберген адамдарды жакшы көрсө, анын бул ыйманы курук доо болуп, анын акыйкаты жок болот. Анткени ар бир иш үчүн, аны ырастай турган далил болушу зарыл. Куруулай доонун өзү пайда бербейт жана мындай доо ээси ыйманында, чынчыл деп ырасталбайт.
Валаь жана бароь манилүүлүгү (Достук жана душмандык түшүнүгү)
Валаь жана бароь (Достук жана душмандык түшүнүгү) диндеги манилүү, улуу негиздердин бири болот. Шейх Мухаммад ибн Сулейман ан-Нажди رحمه الله айтты: “Адам Аллахты жалгыз деп билсе, ширкти таштаса да, эгер ал мушриктерди өзүнө душман деп билбесе жана аларга душмандыкты, жек көрүүнү ачыктап, ашкере кылбаса, анын Исламы туура болбойт--Ад-Дурарус-сания: 8/331. Таухид сөзүнүн чыныгы мааниси да ушул.Бул Таухид менен Аллахка моюн сунуу жана ошондой эле ширктен, мушриктерден кол үзүү Исламдан болушу керек. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: Бароь (жүз буруп, душман деп билүү) Валаь (дос тутуу)нун каршысы. Бароьнун негизи: кол үзүп жүз буруу болсо, валаьнын негизи жакшы көрүүсү болот. Мындай деп айтылуусунун себеби, Таухидтин акыйкаты, - бир гана Аллах үчүн жакшы көрүү жана Аллах жакшы көргөн нерсени жакшы көрүү болот. Демек, Аллах үчүн жакшы көрүү жана бир гана Аллах үчүн жаман көрүү Таухидтин акыйкаты болот--Ал-Фатава: 10/465. Мусулман киши Аллах жакшы көргөндү жакшы көрүп, Аллах жаман көргөндү жаман көрүп аткарышы керек. Аллах каафирди жаман көрөт. Аллах Тааля айтты:
إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْكَافِرِينَ
Аллах каафирлерди сүйбөйт. Сура: Рум:45
Каафир Аллахтын жана момундардын душманы. Аллах Тааля айтты:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمْ أَوْلِيَاءَ تُلْقُونَ إِلَيْهِمْ بِالْمَوَدَّةِ وَقَدْ كَفَرُوا بِمَا جَاءَكُمْ مِنَ الْحَقِّ
Оо ыйман келтиргендер! Менин жана өзүнөрдүн душманынарды дос тутпагыла! Силер аларга достук (катын) жиберип жатасынар. Алар силерге келген акыйкатка каафир болушкан! Сура: Мумтахана: 1
Валаь жана бароь (Достук, душмандык түшүнүгү) Аллахка болгон сүйүнүнүн толуктугуна далаалат кылат. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: Аллах жана Анын Элчисине душман болгондорду жаман көрүп, Анын жолунда жихад кылуу, Аллах жана Анын пайгамбарына болгон жакшы көрүүнүн толуктугунун белгиси болот--Ал-Фатава: 8/361. Эгер ыйман жүрөктө күчтөнсө, момундарга болгон валаь (достук) жана каафирлерге болгон бароь (душман тутуп, жүз буруу) да күчтөнөт. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Эгер жүрөктө болгон ырастоо, илим Аллах жана Анын элчиси үчүн жакшы көрүү күчтүү болсо, бул Аллахтын душмандарын жаман көрүүнү важиб кылат”--Ал-Фатава: 7/522. Эгер пенде валаь жана бароьго (Достук, душмандык мамилесине) кайдигер,кош - көнүлсүздүк менен мамиле кылса, азапка татыктуу болот. Аллах Тааля айтты:
لَا يَتَّخِذِ الْمُؤْمِنُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَلَيْسَ مِنَ اللَّهِ فِي شَيْءٍ
Момун адамдар (өздөрү сыяктуу) ыймандууларды коюп, каафирлерди дос тутпасын! Ким ушундай иш жасаса - анын Аллах менен арасы ачык! Сура: Аали Имрон: 28
Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Дос тутуу жүрөк иштеринен болот. Аллахка болгон ыйман, Аллахты жана Анын пайгамбарын дос тутууну талап кылат. Бул болсо, Аллах жана Анын элчисине душман болгондорду дос тутууга карама-каршы келген иш. Ыйманга эмне нерсе каршы болсо, ыйман болгон себептүү, айыпты жана азапты өзүнө лаазым кылат--Ал-Фатава: 10/753. Дене менен мушриктерден бурулуп алуунун өзү, бароь - душман тутуп кол үзүү үчүн жетиштүү болбойт. Балким аны менен бирге жүрөк менен да жек көрүү важиб болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Иброхим пайгамбар (Аллахтын тынчтыгы болсун) өзүнүн мушрик коомунан жана алардын сыйынылуучу заттарынан бароьну (кол үзүп жүз бурууну) жарыялоосу, ушунчалык эле, мамилени үзү болгон эмес, балким аларды жек көрүп душман тутуу деген нерсе, келип чыккан болчу--Ал-Фатава: 14/224. Аларды жаман көрүү душман деп билүү, алардан жана алар сыйынып жаткан сыйынылуучу заттардан кол үзүп, жүз бурууну жарыялоо менен бирге, экинчи бир тараптан, Ислам айыпсыз каафирди (ЗИММИЙ, МУАХИД - келишимдин негизинде) жана амандык берилген каафирди өлтүрүүнү, анын мал-мүлкүн тартып алууну же ага зулум кылууну, кол салууну арам кылган. Пайгамбар ﷺ айтты: “Ким муахидти өлтүрсө, бейиштин жытын жыттабайт. Кала берсе, анын жыты кырк жылдык аралыктан келип турат”--Сахихул Бухарий: 2/409, №3166 Абдуллах ибн Амр андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Балким аны жаман көргөн абалда даанышмандуулук, акылдуулук менен Аллахтын дининен чакыруусу лаазым болот. Пайгамбар ﷺ мушриктерге мына ушундай түрдө мамиле жасады. Ислам дини валаь жана бароь боюнча адилеттүү дин. Анда айыпсыз каафирлерди өлтүрүүгө жол бербейт. Ислам дининде каафирлерге карата чектен чыгып, динден чыга турган даражада достошууга уруксат бере турган, шалакы түрдөгү көз караш жок. Мусулман киши бул ибадатты валаьны ишке ашырууда ифрат жана тафрит (чектен чыгуу менен, кош-көнүлдүктүн) ортосунда туруусу менен бирге, Шарият илими келтирген нерселер нуру менен нурлануусу зарыл болот.
Мушриктерди жакшы көрүү эки түргө бөлүнөт
1 Таваллий
Таваллий бул: Ширкти жана мушрикти жакшы көрүү. Момундарга каршы каафирлерге жардам берүү же каафирлердин жениши менен кубануу же мусулмандардын каршысына өз ара көмөктөшүү болот. Бул болсо, чон каафирлик болот. Аллах Тааля айтты:
وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ
Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек ал - ошолордрон! Сура: Маида :51
Багавий رحمه الله айтты: “Каафирлер менен достошуусу момундун ыйманы бузулат”--тафсирул-Багавий: 4/312. Шейх Мухаммад ибн Сулайман ан-Нажди رحمه الله муну Исламды бузуучу амалдардын катарына кошуп айткан: Исламды бузуучу амалдардын катарына кошуп айткан: Исламды бузуучу амалдардын сегизинчиси: “Мушриктер менен өз ара көмөктөшүү жана мусулмандардын каршысына жардам берүү болот”. Далил, Аллах Тааля айтты:
Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек ал - ошолордрон! Сура: Маида :51
Мувалат
Мувалат достошуу жана дос тутуу маанисинде болуп, ал душман тутуунун карама-каршысы болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Достошуу душмандыктын карама-каршысы болот. Валаь-достошуу жакшы көрүү жана макулдук менен дал келүүнү өз ичине алса, душмандык болсо жек көрүүнү жана каршылык кылууну өз ичине камтыйт--Ал-Фатава: 5/510. Мунун негизги белгиси - мушриктерди дүйнө аркылуу сүйүү болот, бирок алар менен өз ара жардам берүүдө көмөктөш болбойт. Бул чон күнөөлөрдөн болуп саналат. Аллах Тааля айтты:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمْ أَوْلِيَاءَ تُلْقُونَ إِلَيْهِمْ بِالْمَوَدَّةِ وَقَدْ كَفَرُوا بِمَا جَاءَكُمْ مِنَ الْحَقِّ
Оо ыйман келтиргендер! Менин жана өзүнөрдүн душманынарды дос тутпагыла! Силер аларга достук (катын) жиберип жатасынар. Алар силерге келген акыйкатка каафир болушкан! Сура: Мумтахана: 1
Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Кээде киши-тууган-туушкандык же муктаждык себебинен, мушриктер, каафирлер менен достошуусу пайда болот. Бул анын ыйманынын кемчилдикке учуратат турган күнөө болуп саналат, бирок муну менен каафир болуп калбайт. Хатиб ибн Балтаьда ушундай иш болуп өткөн эле”--Ад-Дурарус-сания: 8/422.
Мувалят жана таваллий ортосундагы айырма
Таваллий жана мувалят ортосундагы айырма ушундай: Тавалий динден чыга турган чон каафирлик, мувалят болсо, чон күнөө болуп саналат. Шейх Абдуллах ибн АбдулЛатиф мувалят жана таваллий ортосундагы айырма тууралуу суралганда мындай жооп берген: “Таваллий динден чыга турган каафирлик болот. Каафирлерди коргоо, аларга мал-мүлк, дене-мүчөсү, өз пикири менен көмөк көрсөтүү буга мисал болот. Мувалат болсо, чон күнөөлөрдөн болуп, аларга сыя даярдап, калемин учтап, камчысын алып берүү сыяктуу болот--Ад-Дурарус-Сания: 8/422.
Мушриктерге байланышкан мувалят жана таваллий көрүнүшү
Мувалят жана таваллийнини бир нече түрдөгү көрүнүштөрү бар болуп, Шейх Мухаммад ибн Сулайман ан-Нажди رحمه الله ушундай түрдө баяндады. Субхана ва Тааля каафирлер менен мувалятташуудан (достошуудан) кайтарып мунун катуу каралады. Ким аларды дос тутса, алардын бири болуп калуусунун кабарын берди. Ошондой эле, мына ушул маселеге байланыштуу пайгамбардан ﷺ бир нече хадистер келген. Пайгамбар ﷺ пайгамбар берди: “Ким бир коомду жакшы көрсө, Кыяматта алар менен бирге болот”--Ал-Мустадрак: №4294, Ас-Сунанул-кубро: №18643, Али ибн Аби Толиб жана Абдуллах ибн Амр ал экөөсүнөн Аллах ыраазы болсун кабар беришкен. Хаким, Байхакий. Жогоруда биз баяндап өткөн Куран ва Сунна жана саляфтардан келген асарлардан бир нече иштер түшүнүлүп, ким аларды жасаса, айтылган аяттарга байланышы болуп, тозоко түшүп калуу коркунучу болот. Аллахтан Анын ачуусун келтирген жана оорутуучу азапка дуушар кыла турган иштерден сактоону сурайбыз. Алар төмөндөгүчө:
Алардын:
1: Жалпы достук.
2: Жеке жакшы көрүү жана достук.
3: Бир аз жакындап бурулуу
وَلَوْلَا أَنْ ثَبَّتْنَاكَ لَقَدْ كِدْتَ تَرْكَنُ إِلَيْهِمْ شَيْئًا قَلِيلًاإِذًا لَأَذَقْنَاكَ ضِعْفَ الْحَيَاةِ وَضِعْفَ الْمَمَاتِ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ عَلَيْنَا نَصِيرًا
Эгерде биз Сени туура жолдо бекем кылбаганда, аларга бир аз жакындашып калмаксын. Анда эгер алардын калоолорун ээрчигенинде биз сага ушул жашоодо да өлүмдөн кийинки жашоодо да удама - удаа азаптарды таттыраар эле. Кийин биздин азапка каршы эч бир жардамчы таппай калаар элен. Сура: Исро:74-75Махлуктардын эн улуусу жана Аллахка эн жакын болгон зат, Пайгамбарга صلى الله هليه و سلم ушундай айтылган болсо, башкаларга эмне деп айтабыз?!
4. Аларга жагынып, макул болуу. Аллах Тааля айтты:
وَدُّوا لَوْ تُدْهِنُ فَيُدْهِنُونَ
Сен алар менен макул болсон, алар да сени менен келишип алууну каалашат. Сура: Калам: 9
5. Алардын ой - пикирлерине баш ийүү. Аллах Тааля айтты:
وَلَا تُطِعْ مَنْ أَغْفَلْنَا قَلْبَهُ عَنْ ذِكْرِنَا وَاتَّبَعَ هَوَاهُ وَكَانَ أَمْرُهُ فُرُطًا
Биз жүрөгүн Өзүбүздү эскерүүдөн бейкапар кылып койгон жана өз каалосуна гана ээрчиген адамга моюн сунба! Анын бардык иштери текке кетүүчү! Сура: Кахф: 28 Аллах Тааля айтты:
وَلَا تُطِعْ كُلَّ حَلَّافٍ مَهِينٍ هَمَّازٍ مَشَّاءٍ بِنَمِيمٍمَنَّاعٍ لِلْخَيْرِ مُعْتَدٍ أَثِيمٍعُتُلٍّ بَعْدَ ذَٰلِكَ زَنِيمٍ
Сен моюн суна бербегин: көрүнгөн эле кадырсыз анткорго, адамдардын арасын бузуу үчүн ушак таратып жүрүүчү шылдынчыларга, чектен чыккан күнөөкөр, жакшылыкка бут тосуучуларга, орой жана андан сон атасынан дайыны жок тексиз адамдарга! Сура: Калям: 10-13.
6. Ислам амирлеринин алдына кирүү жана алар менен отурууда аларды жакын алуу.
7. Иштерде алар менен кенешүү.
8. Аларды мусулмандардын иштеринен бир ишке мансаптуу кылуу. Амирлик, кызматчылык, катчылык болсун, кандай иш - кызмат болуусунан айырмасы жок.
9. Момундарды таштап, алар менен сырдаш болуп, аларга жакын болуу.
10. Алар менен мамилеш болуп, зыярат жана барды-келди кылуу.
11. Аларга ачык жүз менен сылык мамиледе болуу.
12. Жалпы сүрөттө, сый-урмат көрсөтүү.
13. Аларды аманаткөй деп билүү,кала берсе Аллах аларды кыянатчы деди.
14. Аларды иштерине аз болсо да көмөк көрсөтүп, зулумдарын жазууда калем учтап, сыя даярдап берүү сыяктуу.
15. Алардан кенеш суроо.
16. Алардын каалоолоруна ээрчүү.
17. Алар менен достошуу жана өз ара үлпөттөшүү.
18. Алардын иштерине ыраазы болуп, аларга окшошууга аракет кылуу жана алар кийе турган кийимдерди кийүү.
19. Улуулай турган сөздөр менен аларга кайрылуу, урматтуу хаким (даанышман), сыяктуу “баланчсы төрага” деп медицина илиминде атагы чыккандарды “баланча аким” деп атоо сыяктуу.
20. Алардын жашап турган жеринде, алар менен бирге жашап туруу.
Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Ким мушрик менен бирге болсо, жана аны менен бирге жашаса, ага окшоп, аны менен бир түрдө болот--Сунан Аби Давуд: 3/93, №2778, Самуродан андан Аллах ыраазы болсун кабар берилген. Муну билген сон, “Мужаадаля” сураасында айтылгандай, бул сыяктуу иштерди өз тууган - туушкандары менен жасайбы же башкалар менен болобу, айырмасы жок. Сырткы көрүнүштө аларга окшошууга аракет кылуу, ички көрүнүштө аларды дос тутууну жана жакшы көрүүнү алып келет. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Сырткы көрүнүштө окшошуу, ички көрүнүштөгү бир түрдөгү достукту жана жакшы көрүүнү алып келет. Жана ички көрүнүштө аларды жакшы көрүү, сырткы көрүнүштөгү жакшы көрүүнү пайда кылат. Бул иштерди сезимдер жана тажрыйбалар далилденген--Ад-Дурарус-Сания:8/154. Каафирге сырткы көрүнүш менен мамиле кылынат, жүрөктөн аны жакшы көрүп, ага боорукерлик кылбайт. Сырткы көрүнүштө ага окшошууга аракеттенбейт. Ыйман - Аллах жана Анын элчисин жакшы көрө турган кишилерди дос тутуп, аларды жакшы көрүүнү талап кылгандай, Аллах жана Анын элчисине душман болгондорду душман тутууну да важиб кылат. Ким каафирлерди дос тутса, ыйман милдеттемелеринен бир милдетти, таштаган болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ыйман болуусу үчүн, чын жүрөгүнөн Аллах жана Анын элчисин жакшы көрүүсү, жана Аллах жана Анын элчисинин душмандарын жаман көрүүсү зарыл болот--Ал-Фатава: 7/147.
Фасыктарга (бузукуларга) байланыштуу валаь жана бароь (дос, душмандык түшүнүгү)
Каафирлерди жаман көрүү милдет болгондой, бузукуну да бузукулугу үчүн жаман көрүү милдет болот. Бирок, ыйманынын өлчөмүнө карап, ага карата достук мамилеси болуусу лаазым. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Бардык түрдөгү таква кишилерди жакшы көрүп, дос тутуу жана бардык түрдөгү каафир, мунафиктерди жаман көрүү важиб болот. Мусулман бузукуну ыйманынын өлчөмүнө карап, дос тутат, бузукулугунун өлчөмүнө карап туруп жаман көрөт--Ал-Фатава: 28/578. Демек момун киши Аллах жана Анын элчисине душман болгондорду душман тутуусу жана жаман көрүүсү важиб болот. Бирок, бул ага насаат кылууну жана аны акыйкатка даават кылуудан тыйбайт. Момун киши Аллахтын досторун жакшы көрөт, жакшы иштерде алар менен өр ара көмөктөшөт, Аллахтын душмандарын болсо, кала берсе Аллахка чакырып жаткан убагында да жаман көрүп, Аллах үчүн душман тутат. Ким Аллах жаман көрө турган адамдарды, Аллах үчүн жаман көрсө, Аллах анын ордуна, андан башкага болгон өтө бир чон жакшы көрүүүнү алмаштырып берет. Иброхим алайхи салам атасын жана коомун кафир болгону себептүү таштаган. Аллах алгач, Исмаийл, кийин болсо Исхак менен анын көзүн кубандырды. Бардык пайгамбарлар Иброхимден алайхи салам ал кишинин зуррууятынан-тукумунан болду.
فَلَمَّا اعْتَزَلَهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ ۖ وَكُلًّا جَعَلْنَا نَبِيًّا
Качан (Иброхим) аларды жана Аллахтан башка алар сыйынган жалган иляхтарын таштап кеткен сон, биз ага Исхак менен Якубду бердик жана экөөсүн тен Пайгамбарлардан кылдык. Сура: Марьям: 49.