June 30, 2020

Жыйырма экинчи матн

Тобокелдин далили болсо, Анын Сөздүн далили: Жана эгер момун болсонор, Аллахка гана тобокел кылгыла. Сура Маида:23. Ким Аллахка тобокел кылса, Анын Өзү жетиштүү болот. Сура: Таляк: 3

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Таваккул (тобокел) ибадат.

Таваккул (тобокел) - иштерди чыныгы түрдө Аллахка тапшыруу жана бардык иштерде Аллахка таянуу, алсыздыкты ачык - ашкерлеп, Ага моюн сунуу менен болот. Тобокел да ибадат түрлөрүнөн бири болуп саналат, балким ал эн улуу ибадаттардан жана Таухидтин эн бийик орундарынын бири. Шейх Сулайман ибн Абдуллах ибн ан-Нажди رحمه الله айтты: “Тобокел-Аллахка калыс-ихлас кылуу менен аткарылуусу важиб болгон важиб амал. Анткени, ал эн абзел саналган ибадаттардан жана Таухидтин эн бийик орундарынын бири болот. Аны момундар арасынан кээ бири гана толук түрдө аткара алат. Бейишке эсепсиз жана азапталбай кире турган жетимиш мин кишинин сыпатына ылайык, алардын арасында, мына ушул тобокел сыпаты да бар. Ошондуктан Аллах Тааля Куранда өтө көп аяттарда, намаз үчүн эн зарыл саналган, даарат жана гусулга буюрудан көрө да, көбүрөөк жолу тобокелге буюрду. Балким, аны ыйман жана Исламдын шарттарынан бири деп эсептеди. Мунун мааниси ушул, ал болбосо ыйман жана Ислам да болбойт--Тайсирул-азизил-хамид шарх китабит-Таухид: 417-бет. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Тобокел диндин жарымы, экинчи жарымы болсо, инаба (тооба кылып кайтуу). Дин истианат (жардам суроо) болсо, инабат (кайтуу) ибадат да болот. Анын орду эн кем камтуучу, бардыгынан кен бир орун ордун алат”--Мадарижус-Саликиин: 2/113.

Тобокелдин туткан орду

Тобокел орду, инабаттан (тооба кылып кайтуудан) алдынкы орунда. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Тобокелдин орду, инабаттан (тооба кылып кайтуудан) алдынкы орунда. Анткени, инабат (тооба кылып кайтуу) орундалуусу үчүн тобокел кылат. Тобокел шарттуу себеп, инабат (тооба кылып кайтуу) болсо, максаты болот”. Аллах Тааля тобокелди Өзүнүн сүйүүсүнө жетишүүнүн себеби кылды. Аллах Тааля айтты:

إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَوَكِّلِينَ

Аллах тобокелчилерди сүйөт. Сура Али Имран: 159

Тобокел ээсининин Исламынын дурустугуна далил, Субхану ва Тааля айтты:

وَقَالَ مُوسَىٰ يَا قَوْمِ إِنْ كُنْتُمْ آمَنْتُمْ بِاللَّهِ فَعَلَيْهِ تَوَكَّلُوا إِنْ كُنْتُمْ مُسْلِمِينَ

Муса айтты: “Оо комум! Эгер Аллахка ыйман келтирген жана мусулман болсонор, (ыйман милдетин аткаргыла жана) Аллахка тобокел кылгыла! Сура Йунус: 84

Тобокелдин акыйкаты

Тобокелдин акыйкаты - жүрөктүн Аллахка байлануусу жана ошону менен бир убакытта себептерди карманып, себептердин өзүнө таянып калбоосу экенин маанисин билдирет.  Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Тобокелдин сыры жана акыйкаты - жүрөк жалгыз Аллахтын Өзүнө гана таянып, себептерди карманып, жүрөк себептерге таянып калуудан бош болгон абалда болсо зыяны жок болот. Ошондо эле жүрөк башкага таянып, ага ишенген абалда “Аллахка тобокел кылдым”-деп айтып коюунун пайдасы жок. Тилдин тобокели башка, жүрөктүн тобокели бүтүндөй эле башка болот”--Ал-Фаваид: 164-бет. Тобокелдин өздүк орду - себептери, анын толуктугу Аллахка таянуу. Ибн Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Тобокелдин өздүк орду - себептери, анын толуктугу Аллахка тобокел кылуу. Бул кудум дыйкан жерди айдап урук себип, андан сон өндүрүп өстүрүүдө Аллахка тобокел кылганы сыяктуу болсо, ал тобокелдин акысын өтөдү дегени болот”--Задул-Маьад фий хадйи хойрил-ибад: 2/364. Тобокел менен бирге себептерди алуу важиб болот. Бирок, аларга таянып калбоо керек. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Себептерди жокко чыгарган кишинин тобокели туура болбойт, бирок себептерди өзүнө таянып калбоо жана жүрөктүн себептерге болгон мамилесин үзүү тобокелдин толуктугунан болот. Ошондо жүрөктүн абалы Аллах менен болуп, себептер менен эмес. Пенденин абалдагы иш-аракети болсо, себептерди аткаруу менен болот”--Мадарижус-Саликиин: 2/120.

Мажбур түрдөгү жана ыктыярдуу түрдөгү тобокел 

Тобокел түрүнө карасак эки түр бар экенине билсек болот   

  1. Мажбур (аргасыз) түрдөгү тобокел. Аллахтын уруксаты менен бул тобокелден жениш кечикпейт.   
  2.  Ыктыярдуу түрдөгү тобокел. 

Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Тобокел кээде мажбур, аргасыз түрдөгү тобокел болот. Бул абалда пенденин алдында тобокелден башка эч кандай мүмкүнчүлүгү калбай калат. Себептердин мүмкүнчүлүгү калбай, баш калкалоосуз калып, өтө катуу алсыз оор абалга түшүп, эми мага “Аллахтан өзгө баш калкалай турган таянган жерим жок” деп ойлоп калган киши сыяктуу. Чындыгында бул адамда кыйынчылыктан арылуунун жана мусибаттын женилдөөсүнүн аргасы болбойт. Кээде болсо, ыктыярдуу тобокел болот. Бул максатына жетүүдө, себеби болгон абалдагы тобокел. Эгер ошол себеп кылууга буюрулган, уруксат берилген себептерден болсо, аны таштаганы үчүн күнөөкөр болот. Эгер себепти жасап, Аллахка тобокел кылбаса, тобокелди таштаганы үчүн күнөөкөр болот. Анткени, үммөт келишими жана Куран далили боюнча бул важиб. Важиб экөөсүн тен аткарып, экөөсүн бириктирүү менен болот. Эгер себеп харам иштерден болсо, аны жасоо харам болот, бул кишинин  акысында тобокел кылуудан башка себеби калбайт. Тобокел максатка жетүүдө жана жамандыктан арылууда эн күчтүү себептердин бири болуп, кала берсе жалпысынан эн күчтүү себеп. Эгер себеп, мубах иши болсо, карайсын, аны жасоон, тобокелди алсыздатабы же алсыздатпайбы? Эгер алсыздатса жана жүрөгүндү бөлүп, эрктүүлүгүндү сустатса, аны таштоо жакшыраак. Эгер алсыздатпаса, аны жасаган жакшы. Анткени өкүмдарлардын Өкүмдар болгон заттын даанышмандуулугу себепти, себептин артынан келе турган натыйжага байлоону талап кылды. Сен Анын даанышмандуулугун көнүлсүз санаба”--Ал-Фаваид: 163-бет.

Тобокелдин бөлүктөрү

Тобокелчилик: Дүйнө иштериндеги тобокел жана дин иштериндеги тобокел болуп экиге бөлүнөт. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Аллахка тобокел кылуу эки түрдө болот:       

  1. Пенденин муктаждыктары орундалып, онунан келип жана дүйнө насибелерине ээ болууда же өзүнө жагымсыз болгон иштерден жана дүйнөлүк мусибаттардан арылууда, Аллахка тобокел кылуусу болот.        
  2. Аллах жакшы көргөн жана ыраазы болгон иштерде, мисалы ыйман, ишеним жихад, Аллахка чакырууда жүрөктөн тобокел кылуу. Бул эки түрдүн ортосунда, Аллахтан башкасы, эсебине жете албай турган эсепсиз пазилеттер бар. Пенде качан экинчи түрдөгү тобокел менен Аллахка чыныгы түрдө тобокел кылса, Аллахтын Өзү биринчи түрдөгү тобокелге жетиштүү болот. Качан Аллахка биринчи түрдөгүдөй тобокел кылса го, экинчи түрдөгү тобокелди жасабай койсо, мында да, Аллах Өзү жетиштүү болот, бирок, ал пенде Аллах жакшы көргөн жана ыраазы болгон иштерде Ага тобокелчи кишинин акыбетине жетише албайт. Аллахка болгон эн улуу тобокел - хидаятта, Таухидте калыс-ихластуу болуу менен Аллахтын элчисине толук ээрчип, жалган ээлери менен күрөшүүдө тобокел кылуу. Бул пайгамбарлардын алайхи салам жана аларга ээрчүүчүлөргө таандык болгон тобокел болот--Ал-Фаваид: 163-бет.

Тобокел качан күчтүү болот?

Качан пенденин Таухиди күчтүү болсо, ошондо анын тобокели да күчтүү болот. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Пенденин тобокели анын Таухиди дурус болмоюнча туура болбойт. Негизи тобокелдин акыйкаты, Таухидтин тууралыгында гана болот. Жүрөкө ширк илешсе анын тобокели, оорулуу жана ылайкаланган сыяктуу болот. Тобокелдин тууралыгы, Таухидинин тууралыгына карап бааланат. Пенде качан Аллахтан башкага жүздөнсө, ушул жүздөнүү себептүү анын жүрөгүнөн бир бөлүгүн алып коюлат. Жана ошончолук бөлүктүн өлчөмүнчө Аллахка болгон тобокели азаят. Кээ бирлердин “тобокелчилик бардык себептерди толук таштоо менен болот” деп ойлоп калуулары ушундан келип чыккан. Бул сөз туура. Бирок себептерди жүрөктөн алып таштоо лаазым, мүчөлөрдү эмес. Тобокел жүрөктөн себептерди таштап, себептерди дене мүчөлөр менен бекем карманса гана толук болот. Мындайча айтканда себептер жүрөктөн үзүлгөн, мүчөлөргө байланган болот”--Мадарижус-Саликиин: 2/120.

Тобокел жүрөккө байланыштуу ибадат, аны Аллахка арноо керек

Тобокел жүрөккө байланыштуу ибадат болуп саналат. Эгер Аллахтан башка эч ким кадыр болбой турган иштерде, Аллахтан башкага таянса, бул чон ширк болот. Эгер тирүү падышалар сыяктуу кишилерге, Аллах аларды кадыр кылып койгон ырыскыда же зыяндан арылууда ушул сыяктуу иштерде таянып калса, бул кичине ширк болот. “Тобокелдин далили болсо…” Тобокелдин Аллахтан башкага арнап болбой турган ибадат экендигине далил..., Анын Сөздүн далили: Жана эгер момун болсонор, Аллахка гана тобокел кылгыла. Сура Маида:23. Чыныгы момун болсонор, иштеринерди бир гана Аллахка тапшыргыла, башкаларга эмес. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Бир шартка байланган нерсе, ошол шарт табылбаган убакта жок болот. Бул тобокел жоголгон убакта, ыймандын жок болуусуна далаалат кылат. Кимдин тобокели жок болсо, ыйманы жок. Аллах Тааля айтты:

وَعَلَى اللَّهِ فَتَوَكَّلُوا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

Жана эгер момун болсонор, Аллахка гана тобокел кылгыла. Сура Маида:23 Жана дагы айтты:

وَمَنْ يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ

Ким Аллахка тобокел кылса, Анын Өзү жетиштүү болот. Сура Талак: 3

إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ الَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ اللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَإِذَا تُلِيَتْ عَلَيْهِمْ آيَاتُهُ زَادَتْهُمْ إِيمَانًا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

Чынында, ыймандуу адамдарга Аллахты эстетилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда, ал аяттар  алардын ыймандарын көбөйтөт. Жана алар Роббисине гана тобокел кылышатю Сура: Анфал: 2.

 Бул болсо момундардын мына ушундай сыпаттар менен  сыпатталгандар менен чектелүүсүнө далил болот--Мадарижус-Саликиин: 2/129.

Тобокелчинин сыйлыгы

Ким өз иштеринде Аллахка таянса, Анын Өзү ага жетиштүү Аллах Тааля айткандай: “Ким Аллахка тобокел кылса”-дин жана дүйнө иштеринде Ага таянса, “Анын Өзү жетиштүү болот”, Талак: 3.  Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Аллах кимдин жетиштүү коргочуусу болсо, душман ага карай умтулбайт. Качып кутулуунун мүмкүнчүлүгү болбогон ысык, суук, ачтык, чанкоо сыяктуулардан башка зыяндар ага жетпейт жана аны менен максатына жеткире турган нерселер аркылуу да зыян бере албайт. Сыртында зыяндуу болуп көрүнгөн, бирок чындыгында жакшылык болгон нерсе менен, аны жеткирүү себептүү, бирөөдөн кегин ала турган зыяндын ортосунда айырма бар”--Бадаиул-Фаваид: 2/465. Аллах кимге жетиштүү болсо, анын иштери женил болот жана бирөө аны өзү каалагандай азгыра албайт. Шейхул-Ислам  رحمه الله айтты: “Бир гана Аллахтан жардам суроо, Ага тобокел кылуу, Ага жалынып-жалбарып дуа кылуу, пендеге күч багыштоо менен анын иштерин женилдештирет. Ошондуктан кээ бир салафтар айтышкан: “Ким эн күчтүү адам болууну кааласа, Аллахка тобокел кылсын”--Ал-Фатава: 10/32. Аллахка Тааля тобокелчиге сыйлыгын баяндап, ошол пендеге Өзү жетиштүү болуусунан башка нерсени айтпады. Башка бир ибадатка сыйлык катарында:

فَهُوَ حَسْبُهُ

“Анын Өзү жетиштүү болот” деп айтканы келген эмес. Бир гана Аллахка тобокелчиге гана айтылган. Бул болсо, тобокелдин кадыр өтө бийик, өтө маанилүү, пазилеттүү улуу ибадат түрлөрүнөн саналары жана пайда келтирип, зыяндан арылуунун улуу себептеринен экенине далил болот. Мына ушундан сон, аяттын уландысында Аллах Тааля айтты:

وَمَنْ يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ

Ким Аллахка тобокел кылса, Анын Өзү жетиштүү болот. Ал Өз ишин аягына чыгарат. Сура Талак: 3

Өзү каалаган ишинен Аны эч ким алсыз кыла албайт.  Шейхул-Ислам  رحمه الله айтты: “Иштердин эн пайдалуусу Аллахка тобокел кылуу, Анын жетиштүү Зат экенине чыныгы ишеним менен Ал тууралуу жакшы ойдо болуу. Бул болсо, өз ырысыкысында камсанаган киши, Аллахка гана дуа кылуусу милдет экендигин билдирет”--10/662.

Чыныгы тобокел

Напси каалоонун ырахаты, анын ишин жаратуучусуна тапшыруу. Роббиси анын абалынан Кабардар, ага Ырайымдуу, андан зыянды арылтууда Кудуреттүү. Анын мусибат-балээсине ажр-сообун берүүчү жана мусибатта жоготкон нерсесин ордуна, көп жакшылыкты сунуучу берешен Зат экенин эске алса, пенденин Жаратуучусуна болгон ишеними артат. Аллахка болгон тобокели чыныгы болсо, Аллахтын буюругу менен кыялдар акыйкатка айланат. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Кимдин бир нерсеге жетишүүдө Аллахка тобокели чыныгы болсо, мында ага макталуу акыбет болот. Эгер жаман көрүлгөн, ачууга ылайык иш болсо, тобокели себептүү жетишкен нерсеси зыян болот. Эгер мубах иш болсо, эгер аны менен Аллахка ибадат кылууда, андан жардам албаса, ал үчүн тобокел кылган ишиндеги пайда эмес, тобокелдин өзүндө болгон пайда келип чыгат”--Мадарижус-Саликиин:2/114. Мына ушундай экен жамандыктардан, фитналардан сактануу, ырыскынын келүүсү, бейишке кирүү жана тозоктон кутулуудагы талапка ылайык, Шарият уруксат берген себептерди жасоо менен бирге жүрөгүндү Аллахка байла. Махлукка байланып калуудан этият бол. Анткени ал зыяндан арылтууда алсыз, берешен сунууда колу жука кедей. Махлукта бир түрдөгү күч-кудурет болсо да, Аллах аны кадыр кылган иштерде бүтүндөй ага таянылбайт. Балким Аллахка таянылат. Ким өзүнүн аброюна таянса, кор болот. Ким акылына таянса, адашат. Ким мал-дүйнөсүнө таянса, ал кембагал болот, ким адамдарга таянса, ал аягында тажайт. Демек, Аллахтын Өзүнө гана таян. Ал гана бардык иштеринде сага жетиштүү. Муктаждыктарынды Ага көндөлөн кылсан жана иштериндин ачкычын Ага гана тапшырсан, Ал Зат бардык иштеринде сага жетиштүү болот. Аллах Тааля тууралуу жакшы ойдо бол. Бардык иштерде Ага гана тобокел кыл, ошондо эн улуу ибадаттардын бирин аткарган болосун. Аллахка тобокел кылынган иште эч качан кордук болбойт.