June 18, 2020

Он тогузунчу матн

Хадисте: “Дуа ибадаттын өзөгү”. Анын сөздүн далили болсо:Силердин Роббинер: “Мага дуа кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)” деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет. Сура: Гаафир: 60

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Дуа ибадат

Автор رحمه الله ибадаттын бир нече түрүн жалпы сүрөттө баяндагандан кийин, алардын далилдерин баяндоого киришти. Ал эми Ислам, ыйман жана ихсанга байланыштуу далилдерди “экинчи негизде” толук түрдө баяндайт. Алгач ибадаттардын негизи болгон дуа тууралуу баяндоодон баштады. Хадисте: “Дуа ибадаттын өзөгү...” деп айтылган. Дуа ибадат Хадисте: ибадат түрлөрүнөн экендигине далил болчу, имам Тирмизий кабар берген хадисте: №3371, Анас ибн Малик андан Аллах ыраазы болсун бул хадис дайыф-алсыз болуп саналат. Аллахтын элчисине ﷺ дуа муктаждыктарды Аллахтан суроо, Аллах калк-калайыктарга буюрган ибадаттын баш мээси жана негизи экенин кабар берген. Башка бир имам Абу Дауд кабар берген хадисте, бул дуанын маани-манызы дагы да, айкыныраак айтылган. Анда келүүсү боюнча, Аллахтын элчисине ﷺ “Дуанын өзү бул ибадат” деген--№1479, Нуьман ибн Башир андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Жана дуанын өзү ибадат экенин ырастаган. Пайгамбарлардын дааватынын негизи, жүрөктөрдү Аллахтын Өзүнөн гана муктаждыктарды суроого багыттоо эле. Аллахтан башка эч ким кадыр болбогон иштерде, башкаларга дуа кылуу, алардан өз муктаждыгын суроо, бардык амалдарды өчүрүүчү чон ширк болот. “Ад-Дурарус-Санияда” айтылгандай: “Бардык улямалардын бир пикирге келүүлөрүнө көрө, ким өзү менен Аллах ортосунда ортомчулар коюп, аларга дуа кылып, жалынып-жалбарып, аларга таянган болсо, каафир болот”--Ад-Дурарус-Сания: 1/196. Дуадагы ширк, адамдар арасында эн көп кездеше турган ширктин бир түрүнөн болот. “Ад-Дурарус-Санияда” айтылат: Заманыбызда эн көп кездеше турган ширктин бир түрлөрүнүн бири, өлүктөрдөн өз муктаждыктарын кандыруу, жардам суроо, аларга жүздөнүп, жалынып-жалбарып дуа кылуу. Бул болсо ааламдагы ширктин келип чыгуусунун негизги тамыры эле. Дуадагы ширктин чон ширк экендигине баарысы бир пикирде---Ад-Дурарус-Сания: 1/199. Дуанын ибадат экенине жана аны Аллахтан башкага арноо ширк экендигине далил…Анын сөздүн далили болсо:

وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ

Силердин Роббинер: “Мага дуа кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)” деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет. Сура: Гаафир: 60

Аллах сактасын! Алар бул дүйнөдө Аллах аларга важиб кылган ибадаттарды таштагандары себептүү, ахиретте алар үстүнө азап, кордук болот. Акылдуу инсан жакшы билет, кайгы-капа жана балээлерден Аллахтан башкасы арылта албоосун, анткени ал гана буга Кудуреттүү Зат деп ишенет. Субхану ва Тааля айтты:

إِنَّمَا أَمْرُهُ إِذَا أَرَادَ شَيْئًا أَنْ يَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ

Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши “Бол”! деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат. Сура: Ясин: 82.

Аллахты таштап махлукка дуа кылуу жана жардам сурануу болбойт. Анткени анын өзү алсыз, ооруйт, өлөт, өзүнө бир пайда келтирип алууга же өзүнөн бир зыянды арылтууга да кадыр эмес. Ушундай экен, башкалар кандай кадыр болсун?! Аллах Тааля айтты:

 وَالَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ مَا يَمْلِكُونَ مِنْ قِطْمِيرٍ

(Оо, мушриктер!) Аллахтан башка силер дуа кылып жаткан кудайларынар чел кабыктай нерсеге да ээ эмес. Сура: Фатыр: 13.

Сен Аллахтын бир Өзүнө дуа кыл. Өз муктаждыктарынды Андан гана сура, албетте Ал жооп берет. Күнөөлөрүнөрдү кечирүүсүн сурасанар, Ал албетте кечирет. Кичи пейилдүүлүк менен чын жүрөктөн Ага гана дуа кыл, Ал сага жооп берет. Ким Өз муктаждыктарын Аллахтан гана сураса, Ага гана дуа кылса, жүрөгүн бир гана Аллахка байласа, Аллахтан башка сыйынуучу заттардан жүз бурса, ошол адам чыныгы муваххид-жалгыздоочу болуп саналат.