Бешинчи матн
Бухарий رحمه الله айткан: ЖЫЙНАК: Сөздөн жана амалдан мурун бул илим, Анын Сөздүн далили болсо:
فَاعْلَمْ أَنَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ
Билгин, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу сыйынылуучу-зат жок, Өзүндүн күнөөлөрүн үчүн жана момун эркек, аялдар үчүн Аллахтан кечирим сура! Сура Мухаммад: 19. Сөздөн жана амалдан эн мурун бул илим менен баштоо болду.
ШАРХ
Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
Илим амалдан мурун болот
Инсан адашып, Роббисинен алыстап кетпөөсү үчүн, илимди, амалдан алдын талап кылуусу зарылдыгынан келип чыгып, имам Абу Абдуллах Мухаммад ибн Исмайил ал-Бухарий رحمه الله өз сахихинде мындай деди: "Илим" - бул максат болсо, Шарият илими жана аны талап кылуусу болот, "сөздөн" ага чакыруудан мурун "Жыйнак... жана амалдан эн мурун" деген маанини камтыйт. Бул маселенин далили, Аллах Таалянын төмөнкү Сөзүндө:
فَاعْلَمْ أَنَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ
Билгин, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу сыйынылуучу-зат жок, Өзүндүн күнөөлөрүн үчүн жана момун эркек, аялдар үчүн Аллахтан кечирим сура! Сура Мухаммад: 19 Бухарий رحمه الله ЖЫЙНАК: "Сөздөн жана амалдан эн мурун бул илим менен баштоо болду". Анткени инсан бир нерсени билсе, анык далил жана илим менен амал кылат. сабатсыздык менен жасалган ар бир иш, өз ээсине зыян алып келет. Ибн Кайим رحمه الله айтты: "Илим амалдын имамы жана жол башчысы, ал эми амал болсо, ага ээрчүүчү болот. Ар кандай амалдарда илимдин артынан жүрбөгөн жана ага ээрчибегени болсо, ал өзүнө пайда келтирбей, тескерисинче ал өзүнө гана зыян алып келет. Саляфтардын бирөөсү айткандай: "Ким Аллахка сабатсыздык менен ибадат кылса, пайдасынан көрө бузукулугу (бузуусу) көбүрөөк болот--Мифтаху дарис-саьада: 1/85. Демек, илимдин мартабасы амалдын туура болуусу үчүн шарт кылынды. Бул экөөсү (сөз,амал) илимсиз көнүл умтулуу болбойт. Илим болсо амалдан, сөздөн мурун турат, анткени илим амалды ондой турган ниетти түздөйт.