July 3, 2020

Жыйырма төртүнчү матн

Хошиянын далили болсо, Анын Сөзүнөн: Алардан коркпогула, Менден гана корккула!

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Хошия ибадат (Илимдин негизинде коркуу)

Хошия негизи коркуу маанисинде болуп, айырмасы хошия “хоуфдан” өзгөчөрөөк болот. Анткени хошия, Аллах Тааляны таанууга байланыштуу. Аллах Тааля айтты:

 إِنَّمَا يَخْشَى اللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ الْعُلَمَاءُ

Аллахтан улямалар чыныгы коркуу менен коркушат. Сура Фатыр: 28

Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Аллахтан хошия-коркуу Аны таанууга байланыштуу болот. Хошия-Аллахты таануу өлчөмүнө карап болот”--Ат-Тибьян: 88-бет. Хошия, Рожаны-үмүттү да өз ичине камтыйт. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Хошия дайыма рожаны үмүттү да өз ичине камтыйт. Эгер мындай болбосо, ал үмүтсүздүккө айланып калат болчу. Кудум рожа-үмүт, хоуфту-коркууну лаазым туткандай, коркуу болбосо өзүн аман сезгендей, аманчылыкка айланып калганы сыяктуу. Аллахтан коркуп, Андан үмүттөнгөн адамдар, Аллах мактаган илим ээлери болуп саналат”--Ал-Фатава: 7/21.

Хошиянын ибадат экендигине далил

Хошия-коркуу Аллахтан башкага арнап болбой турган улуу ибадат. “Хошиянын далили болсо…”, Хошиянын ибадат экенине далил… Аллах Тааля айтты:

فَلَا تَخْشَوْهُمْ وَاخْشَوْنِي

Алардан коркпогула, Менден гана корккула! Сура аль-Бакара: 150

Аллах Өзүнөн гана коркууну буюрду. Анткени Андан коркуу ар бир  жакшылыктын башаты болот. Ким Аллахтан коркпосо, Ал күнөө деген иштерден тыйылбайт жана Анын буюруктарына моюн сунбайт. Ибн Кайим  رحمه الله айтты: “Эч бир киши Аллахтан коркуусуз, Ал байланышып-байланууга буюрган нерсеге байлануусу эч качан мүмкүн эмес. Качан жүрөктөн коркуу кетсе, байланышты байлоо да үзүлөт”--Уддатус-собириин: 48-бет.

Хошиянын мөмөсү

Ким Роббисинен корксо, Аллах анын  жүрөгүнө жашоо берет жана ал насаат, ибраттардан пайда алат. Аллах Тааля айтты:

سَيَذَّكَّرُ مَنْ يَخْشَىٰ

Насаатты Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат. Сура аль-Аля: 10

Жана айтты:

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبْرَةً لِمَنْ يَخْشَىٰ

Албетте, мында (Роббисинен) корккон пенделер үчүн чон сабак бар. Сура ан-Назиат: 26

Аллахка болгон кичи пейилдүүлүктүн белгиси, Андан корккон кишиде көрүнөт. Аллах Тааля айтты:

اللَّهُ نَزَّلَ أَحْسَنَ الْحَدِيثِ كِتَابًا مُتَشَابِهًا مَثَانِيَ تَقْشَعِرُّ مِنْهُ جُلُودُ الَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ ثُمَّ تَلِينُ جُلُودُهُمْ وَقُلُوبُهُمْ إِلَىٰ ذِكْرِ اللَّهِ

Аллах эн мыкты сөздөрдү бири-бирине окшош жана (аяттарды) кайталанып келген Китеп сүрөтүндө түшүрдү. Ал китептен (аны окугандан жана уккандан) Роббисинен кроккон пенделердин терилери титирейт. Анан терилери жана жүрөктөрү Аллахты эстегенге жумшап калат. бул Аллах Хидаят (Туура Жолду) бергени. Сура аз-Зумар: 23

Хидаят хошияга жеткирүүчү ортомчу. Аллах Тааля айтты:

وَأَهْدِيَكَ إِلَىٰ رَبِّكَ فَتَخْشَىٰ

Жана мен сени (жалгыз шериксиз) Роббине баштоомду каалайсынбы? Анан сен (Аллахка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элен. Сура ан-Назиат: 19

Ал Аллахтын кечиримин жана пазилетин алып келет. Аллах Тааля айтты:

إِنَّ الَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ بِالْغَيْبِ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ كَبِيرٌ

Кайыптагы Роббисинен  корккон адамдарга (Аллах Тааля тарабынан) кечирим жана чон сыйлык (бейиш) бар. Сура аль-Мулк: 12

Ал бейиш нээмат-жакшылыктарына жеткирет. Аллах Тааля айтты:

جَزَاؤُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ جَنَّاتُ عَدْنٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۖ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَشِيَ رَبَّهُ

Роббисинин алдында алардын сыйлыктары анда дайым жашоочу бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллах ыраазы болду, алар да Аллахтан ыраазы болушту. Бул сыйлыктар Роббисинен корккон адамдар үчүн! Сура аль-Баййина: 8

Чыныгы аалым ким?

Адамдардын Аллахтан чыныгы түрдө көбүрөөк коркуучулары, Аллахты жакшы таанып билгендери болот. Чыныгы аалым Аллахтан корко турган киши болот. Аллах Тааля айтты:

إِنَّمَا يَخْشَى اللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ الْعُلَمَاءُ

Аллахтан улямалар чыныгы коркуу менен коркушат. Сура Фатыр: 28 

Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Аллахтан корккон ар бир киши аалым”--Ал-Фатава: 7/17. Аллахтан коркуу илимдүүлүгүнө жетиштүү болот. Аллах кечирет деп алданып калуу карангылыкка (илимисиздикке) жетиштүү болот”--Мусаннаф Ибн Аби Шайба: №34532. Аллахтан коркуп, Анын буюруктарын аткаруу жана тыйгандарынан тыйылуу менен Ага баш ийген ар бир инсан аалым болот. Аллах Тааля айткандай:

أَمَّنْ هُوَ قَانِتٌ آنَاءَ اللَّيْلِ سَاجِدًا وَقَائِمًا يَحْذَرُ الْآخِرَةَ وَيَرْجُو رَحْمَةَ رَبِّهِ ۗ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ ۗ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُولُو الْأَلْبَابِ

Же болбосо (ушул мушрик) Роббисинин ырайымынан үмүткер болуп, ахиреттен коркуп түн ичинде (намазда) турган, сажда кылган абалдагы (Аллахка) моюн сунуучу киши менен тен боло алабы? Айт: “Билимдүү адамдар менен билимсиз адамдар тен боло албайт. Чынында (Аллахты жана ахиретти) акылдуу адамдар гана эскеришет” Сура аз-Зумар: 9

Азиз урматтуулук Аллахтан коркууда

Ким Роббисинен корксо, калайык - калктар арасында азиз, урматтуу болуп, бактылуу жашоодо жашайт. Ушундай экен Роббинди көз алдында сезип, Анын азабы жана жазасынан тынч болуп калуудан этият бол. Андан коркуу үчүн, Ага ибадатты көбөйт. Субхану ва Тааля коркууга татыктуу Зат болуп, Ал бир гана Өзүнөн гана коркууга буюрду жана Андан  башкадан  коркуудан кайтарды. Аллах Тааля айтты:

فَلَا تَخْشَوْهُمْ وَاخْشَوْنِي وَلِأُتِمَّ نِعْمَتِي عَلَيْكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ

Алардан коркпогула, мен силерге нээматтарымды толук кылып берүүм үчүн жана Туура жолго багыт алуунар үчүн Менден гана корккула! Сура аль-Бакара: 150

Махлуктардын, махлуктан коркуусу жана моюн сунууга татыктуу болбогон нерсеге моюн сунуусу кордук. Сен бир гана Роббинден корк! Эн улуу ибадаттардын бири “Хошия”. Аны Аллахтан башкага арноо ширк болот.