Улямалардын осуяттары
Макталган илимден максат Шарият илими
Илимге болгон максат мукалляф өз дининдеги Шарият илими менен важиб-амалдары аткарып жашашы керек. Анткени бир гана ушул илим, Аллахтан коркууну пайда кылат:
إِنَّمَا يَخْشَى ٱللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ ٱلْعُلَمَٰٓؤُا۟ۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ غَفُورٌ
Аллахтан бир гана улямалар, чыныгы коркуу менен коркушат. Сура Фатыр Аят 28
Ибн Кайим رحمه الله Илим менен жалгыз Аллахтын өзүнө гана сыйынылып, макталынды. Ага даназалуу мактоо айтылып улууланды. Исламдын пазилети башка диндерден караганда, илим менен билинди. Жана халял менен харамдын ортосун ажыраткан илим болду — деп айткан—Мифтахус-дарис-саьда: 1/314. Аллахка жана Анын Бейишине багыттоочу жол бул бир гана Куран ва Сунна болот. Пенделердин дүйнө турмушундагы жана ахиреттеги ийгиликтери, жакшылыктары Аллахты таанып билүү менен гана болот. Жакшылыктардын жок болушу, азап-балээлердин астында болуп калышы - сабатсыздык жана илимден бейкапар болушунун себеби болот. Ибн Кайим رحمه الله Аааламдын талкаланып бузулушу бул сабатсыздык себеп болот, эми өсүп өнүгүүсүнө себеп - бул илим болот. Кайсыл бир шаарда же аймакта илим тараса, ал жерде жашаган элде, жамандык аз болот. Кайсыл жерде илим жоголсо, ошол жерде жамандык жана бузукулук таралат деп айткан—Иьламул- муваккиьин: 2/257. Ушундай экен, акылдуу инсан өмүрүн жана убакыт сааттарын пайдалуу илим талап кылуу менен өткөрүүсү зарыл болот.