June 10, 2020

Он үчүнчү матн

Эгерде: “Роббинди эмне менен таанып билдин?”, деп сенден суралса, “Анын белгилеринен жана махлуктарынан тааныдым” - деп айткын. Анын белгилеринен боло турганы: Түн менен күндүз жана Күн менен Ай болот.

ШАРХ

Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим

Роббинди таанып биле турган далилдер

“Эгерде: “Роббинди эмне менен таанып билдин?”, деп сенден суралса…”, Сен сыйынган Роббинди, Жаратуучунду эмне далилдер жана белгилер менен таанып билдин, деп суралса… “Анын белгилеринен жана махлуктарынан тааныдым” - деп айткын. Өзүнүн бирлигине,Таухид Рубубия, Таухид Улухиядагы далил катары белги кылып койгон, Анын белгилеринен гана тааныдым. Ал жоктон бар кылган, Өзүнө далили боло турган, белги коюп турган, Анын махлуктары аркылуу таанып билдим. Ааламдагы ар бир нерсе, кала берсе эн майда нерселер да, Анын Жалгыздыгына далили болот. Ырдын мазмуну:Ааламдагы сызып коюлган ар бир белгилерге ой-жүгүрт,Ар бир жаралган нерсенин белгиси, улуу Падышадан жиберилген кат сыяктуу. Эгер ошол сызылган белгилерге ой-жүгүртө алсан, Анда билип кой! Аллахтан башка бардык нерсе жалган деп жазылган. Аалам тууралуу ой - жүгүртүү, ыйманды көбөйтүп, жүрөктү Аллахка байлайт. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Аллахтын кудурет белгилери жана тан калычтуу чеберчилиги тууралуу ой - жүгүртүү жана бул белгилер аркылуу жүрөктүн Аллахка байлануусу, дем алган убакттагы, демдин эн жакшысы болот”--Мифатаху дарис-саьада 1/221. Түн менен күндүз алмашып туруусу, бул экөөнүн бир убакта бирикпөөсү, дайыма бири бирин кууп жүрүүсү жана ортодо эч бир тосмо болбогон абалда бири - бирине жетпөөсү, анысы келсе, мунусунун кетүүсү, анын жалгыздыгына далаалат кылган, көзгө көрүнгөн белгилерден болот. Аллахтын бирлигине, ааламдарды башкаруучусу экендигине далили боло турган белгилердин бири, ааламдын чырагы, жарыткычы болгон Күн. Дагы бир белги, түн карангылыгын жарытуучу Ай. Бул экөөсү махлуктарды айран-тан калтыруучу, өтө тан калычтуу белги болуп, бири чыкса, экинчиси батат. Чындыгында бул экөөсүнүн жүрө турган жолу, өтө тан калычтуу болуп, өтө чебердик менен сызып коюлган сыяктуу, алдыга да өтүп кетпейт, арта да калбайт, бири экинчисине жете албайт. Субхану ва Тааля айтты:

لَا الشَّمْسُ يَنْبَغِي لَهَا أَنْ تُدْرِكَ الْقَمَرَ وَلَا اللَّيْلُ سَابِقُ النَّهَارِ ۚ وَكُلٌّ فِي فَلَكٍ يَسْبَحُونَ

Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздүн озуп кете албайт. Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт. Сура: Ясин: 40.

Экөөсү тен Аллах Тааля белгилеп койгон багыттан чыгып кете албайт.

ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ

Бул кудуреттүү Билүүчүнүн тагдыр кылганы болот. Сура: Ясин:38.

Күндүн көлөмү өтө чон болуусуна карабай, баткан убакта Арш астында сажда кылат. Абу Зар андан Аллах ыраазы болсун айтты: “Бир” күнү Аллахтын элчиси صلى الله هليه و سلم айтты: күн батар убакта сахабаларына “Бул күн кайда барарын билесинерби?”, деп сурады. Алар “Аллах жана Анын элчиси билүүчүрөөк”, деп айтышты. Ошондо Аллахтын элчиси صلى الله هليه و سلم айтты: “Чындыгында ал Арш астындагы ордуна жеткенге чейин жүрүп барат. Андан сон улуу Аллах Тааля сажда кылат. Ага качан: Көтөрүл, келген тарабына кайт!”, деп айтылганга чейин сажда абалында тура берет. Кийин чыга турган тарабынан - чыгыштан чыгат. Мындай кийин да, Арш астындагы орун - очогуна жүрүп барат. Андан сон Улуу Аллах Тааляга сажда кылат. Качан ага: “Көтөрүл, келген тарабына кайт!”, деп айтылганга чейин сажда абалында тура берет. Кийин чыга турган ордунан чыгат. Ал мына ушундай абалда, адамдар андан бир нерсени жат санабаган кадимки эле көрүнүштө улана берет. Качан бир күн келип, күн дагы жүрүп, Арш астындагы орун - очогуна барган кезде, Ага “Көтөрүл, батыш тараптан чыгып тан аттыр!”, деп айтылат. Ошондо күн батыштан чыгып келет” Аллахтын элчиси صلى الله هليه و سلم ушул нерсе качан болорун билесинерби?, Бул мурда ыйман келтирбеген же ыйманы болуп туруп, жакшылык жасабаган кишинин ыйманы пайда бербей кала турган убакта болот”, деди--Муттафакун алайхи: Бухарий: №4802, Муслим: №159, Тирмизий: №3225. Ахиретте күн оролуп, нурсузданып калат. Ибн Жарир ат-Табарий رحمه الله :

إِذَا الشَّمْسُ كُوِّرَتْ

Күн оролуп (нур жоголуп) калганда. Сура: Таквир: 1.

 Аятынын тафсиринде: Башкача айтканда бири-бирине оролуп коюлат, ошондо күн нурун жоготот”, дейт--Тафсирут - Табарий: 30/65.