Экинчи матн
БИРИНЧИСИ: ИЛИМ. АЛ ДЕГЕНИ АЛЛАХТЫ, АНЫН ПАЙГАМБАРЫН ЖАНА ИСЛАМ ДИНИН ДАЛИЛДЕР МЕНЕН ТААНЫП БИЛҮҮ
ШАРХ
شيخ صالح الفوزان
Шейх Солих аль-Фаузан хафизахуЛлоху
Китептин автору رحمه الله айткан: «Биринчиси, Илим». Бул жерде ″илим″ дегени Шарият илимин айтып турат, анткени аны бизге окуп үйрөнүү важиб болуп жатат. Бул суроо-маселелерди ар бир мусулман окуп үйрөнүү зарыл: эркек жана аял, эркин жана кул-малай адам жана бай жана кедей, падыша жана бечара үйсүз адам. Ар бир мусулман үчүн ушул 4-маселелерди окуп үйрөнүү зарыл болот.
Улямалардын ″Важиб аль-’айн″ деген терминдин атап коюушу
[Важиб аль-‛Айн – дегени жалпы баарына жана эрктүү аткаруу жоопкерчилик милдет.
Экинчи түрү аткаруу милдетчилиги – бул ″важиб аль-кифайа″.
Важиб аль-Кифайа – дегени аткаруу милдетчилиги жөндөмдүлүгүнө карай болот, балким аткаруудан баш тартуу абалга карай байланыштуу акталынат. Башкача айтканда, эгерде айрым мусулман жамааты же бир адам аткаруу милдеттемелерди өздөрү моюнга алып аткарса жетерлүү болот, ал эми эгерде эч кимиси аткарбаса, анда ар бириси күнөө жүгүн алат, ким ушул аткаруу милдетин аткара алса, бирок аны жакшы себепсиздиктен аткарган жок].
″Важиб аль-’айн″ — дегени, ар бир мусулман үчүн аткаруу милдети амалы сөссүз болушу керек. Мисалы, эркек жана аял үчүн беш убакыт солат-намазын аткаруу, эркектер үчүн жамаат солат - намазын мечитте аткаруу жана ошондой эле сыяктуу өкүмдөр. Бунун баары аткаруу милдет жана ар бир мусулман үчүн окуп үйрөнүү зарыл болот. Ошол себептен, шейх айткан: ″…бизге окуп үйрөнүү важиб…″. Ал: ″…айрымдарыбызга бизге окуп үйрөнүү важиб…″ деп айтпады. Демек, ар бири мусулман 4-суроо маселелерди окуп үйрөнүү важиб болот. Бул илим ушундай дейсин, баары окуп үйрөнүүсү бөтөнчүлүксүз болбошу керек. Илим болсо, эки түрлүү болот:
1 — Ар бири илимди окуп үйрөнүү милдет.
Бул жерде сабатсыздыктан акталуу эч кимде жок болот. Бул ушундай илим дейсин, ансыз дин туура чыныгы болбой калат. Мисалы, Ислам 5-түркүк жөнүндөгү илим. Ислам түркүктөүндө болсо бул эки күбөлүк, солат-намазды аткаруу, закятты берүү, Рамадан айында сыям-орозо тутуу жана Аллахтын үйүнө ажылык кылуу, мусулман үчүн наадандыкта калуу уруксат эмес, тескерисинче аларды окуп үйрөнүү милдет болот. Эки күбөлүктү окуп үйрөнүүнүн мааниси – бул болсо ’акъиданы окуп үйрөнүү болот. Мусулман ’акъиданы жашоо-амалы үчүн окуп үйрөнүүсү керек. Мусулман ага эмне каршы болуп жатканын, четтелүү үчүн окуп үйрөнүүсү керек, бул эки күбөлүк аябай керектүү болот. Ошондой эле солат-намаздын түркүктөрүн, шарттарын жана андагы важибаат жана сунуш-макталуу амалдарды окуп үйрөнүү болушу керек. Бул иш-амалдарды деталдуу окуп үйрөнүү керек. Жөн эле солат-намазды окуп койуу жана солат-намаз өкүмдөрүн билбестен аткаруу болбошу керек. Кантип ушул амалды инсан кылат жана анда эч текесин билбей аткарат? Кантип солат-намазды өтөйт, эгер ал өзү өкүмдөргө наадан болсо? Ар бир бул солат-намаз өкүмдөрүн жана солат-намазга байланыштуу буза турган амалдарды окуп үйрөнүүсү керек. Жана ошондой эле закятка, сыям-орозого, ажылыкка байланыштуу өкүмдөрдү окуп үйрөнүү лаазым болот, эгерде инсан ажылыкты аткарууну кааласа, ал анда ажылыктын өкүмдөрүн жана умра өкүмдөрүн эрежесин үйрөнүшү керек. Бул мыйзамдаштырылган ибадаттарды так аткаруу үчүн окуп үйрөнүлүп изилденет. Бул илим бөлүмүндө эч кимиси сабатсыздыктан акталбайт да, анткени ал-илим ар бир мусулманды жоопкердүү милдет кылат.
2 — Кошумча болгон илим жөнүндө үммөт, кайсыл болгон жалпы жерден Шариат өкүмдөрүнө муктаж болот. Бунда ар бириси муктаж болбойт, мисалы, соода, эл менен болгон мамиле, мурас, тукум куучулук, осуят өкүмдөрү, нике жана жаза өкүмдөрү сыяктуулар. Бул илим үммөт үчүн болушу керек, бирок ушуларды үммөтөн болгон ар бириси окуп үйрөнүү лаазым эмес. Эгерде улямалардын бири аны-илимди окуп үйрөнүп алса, ал үммөт үчүн жетерлүү болот. Буну ″важиб аль-кифайа″ деп айтат. ″Важиб аль-кифайа″ - бул ушундай милдет дейсин, эгерде аны үммөтөн болгону бирөөсү аткарып койсо, калгандары андан бошотулуп кетет. Бирок эгерде эч кимиси милдетти аткарбаса, анда бүткүл үммөткө күнөө болот.
Үммөттүн ичинен ушундай инсандар керек дейсин, алар болсо ушул илимди окуп үйрөнүп алышат, ал эми үммөт болсо аларга муктаж болот. Бирок ар кимисине баптар-маселелерди түшүнүп алуу сага милдет деп айтылбашы керек, анткени баары аларда жөндөмү жок. Бул жерде илимди окуп үйрөнүү жөндөмчүлүгү бар болгондорго тиешелүү болсун, анткени Үммөттүн ичинен бирөөсү окуп үйрөнө алса, анда милдет аткарылды деп саналат. Биринчи илимди алып көрсөк, ар кимиси ал жөнүндө суракка алынат, анткени бул илимде жок амал кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан шейх айткан: ″…бизге окуп үйрөнүү важиб…″ жана мусулмандарга важиб же айрымдарга важиб деп айтпады. Тескерисинче шейх айткан: бизге окуп үйрөнүү важиб кандайча десинер ар бирибизге Важиб аль-‛Айн- болду.
Уландысы бар......